Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:17

Саясат

БЭК: Ачкачылык акциялары токтотулбайт

Сегиз жылга кесилип, абакта жаткан генерал Исмаил Исаков кыргыз элине, саясий үзөңгүлөштөрүнө жана тарапкерлерине кайрылуу жасап, ачкачылык акциясын токтотууну өтүндү. Бул арада анын боштондугун талап кылган ачкачылык акциясына дагы эки киши кошулуп, нааразылык чара токтотулбасын билдиришүүдө.

Текст көлөмү - +

Генерал талапкерлерин ачкачылыкты токтотууга чакырды

И. Исаковдун кайрылуусу 19-январда жазылган. Анын мазмунун кечээ абакта жаткан генерал менен жолугушуп чыккан А. Бекназаров бүгүн коомчулукка жарыя кылды. Адвокаттын айтып бергени боюнча кайрылууда И. Исаков өзүнүн камактан бошотулушун талап кылып, ачкачылык акциясына барып жаткан тарапкерлеринен иш-чараны токтотууну суранган:

- И. Исаков кайрылуусунда минтип айтыптыр: “Бүгүнтөн тартып, мындан ары да ачкачылыкты токтотууңуздарды, эч кандай мыйзам бузууга барбооңуздарды суранам. Андан көрө менин камалышым – саясий буйрук экенин, жасалма иш менен камоо болгондугун, менин иш-аракеттерим коррупцияга каршы, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу, сиздердин турмушту жакшыртууга болгон аракет экендигин ар бир коргоо комитеттеринде, айыл-кыштактарда, райондордо элдин, окуу жайларда студенттердин арасында жайылтып, түшүндүрүп берүүңүздөрдү өтүнөм”.

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен жарыяланган ачкачылык акциясынын демилгечиси болгон БЭК иш-чаралар токтотулбай, күрөш улантыла берерин билдирүүдө.

Оппозициянын нааразылык чараларын токтотуу ниети жок

Бүгүн Исаков болсо эртең дагы башка бирөө камалат. Ошондуктан саясий акциялар токтобойт.Д. Чотонов
“Ата Мекен” партиясынын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Чотонов Исмаил Исаков гана эмес, бийликтин саясий куугунтугуна туш болгон бардык адамдар толук акталмайынча акциялар токтотулбастыгын айтат:
Бишкекте ачкачылык жарыялагандар. 13-январь, 2010-жыл.

- И. Исаковду коргоо комитети да, оппозициялык кыймыл да ачкачылык акцияларын токтотпой, уланта берүүнү чечтик. Анткени бүгүн баарынын көзү жетип турат, азыр И. Исаков болсо, эртең дагы башка бирөө камалат. Ошондуктан, саясий акциялар токтобойт, мындан ары дагы башка кадамдар жасалат.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго кызмат абалынан пайдаланып, офицерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурган, 8-мартта аскердеги аялдарга майрам уюштурган, коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди уулуна берип койгон деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан генерал-лейтенанттык чининен ажыратылып, 8 жылга кесилген. Сот И. Исаковго козголгон кылмыш иштеринин ичинен майрамдар үчүн акча бөлгөнү мыйзам бузууга жатпайт деген чечим чыгарган.

Бирок ошол эле сот 2 бөлмөлүү батир И. Исаковдун башка жакта жүргөн уулуна эмес, коргоо министрлигинде 8 жылдан бери иштеген офицерге берилгенин, андан да тышкары ал батирди И. Исаков өзү министр болуп турган учурда кайрадан уулунан алып, көп балалуу аскер кызматкерине бергендигин эсепке алган эмес. Муну баса белгилеген анын тарапкерлери И. Исаков азыркы үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы чыкканы үчүн бийлик тарабынан куугунтукталды деп бекемдеп келет.
Бул иштерди саясатка байлоонун кереги жок.
Б. Абдырасаков

Ошентсе да Исмаил Исаковго жана башка сот жообуна тартылып жаткан оппозициялык ишмерлердин ишин саясатка байлоого болбойт, бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жатат деген пикирлер да жок эмес. мындай пикирдегилердин бири “Ак жол” партиясынын парламенттеги өкүлү Бейшен Абдырасаков:

- Ар ким мыйзамдын алдында бирдей, ал президент болобу, министр болобу, депутат болобу же карапайым адамдар болобу, мыйзамды бузса, тиешелүү жоопкерчилигин тартышы керек. Кыргызда сөз бар, “колуң менен кылганды мойнуң менен тарт” деген. Ошондой эле иш бул дагы, муну саясатка байлоонун эч кереги жок. Андан көрө экономиканы көтөрүүгө көптөп киришкенибиз оң болмок.

Ошентип И. Исаковду жана башка саясий камактагыларды бошотуу талабы менен башталган саясий ачкачылык уланууда. Бүгүн Бишкекте беш киши, Сопу-Коргондо 9 киши ачкачылык кармап жатышат. Сопу-Коргондогу И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров генерал толук акталып чыкмайынча нааразылык иш-чаралары токтотулбасын “Азаттыкка” билдирди.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аида каяктан: Ош
21.01.2010 10:28
"Акжол" фракциясынын депутаттары Бейшен Абдырасаковго окшоп сүйлөшпөсө президенттин алдында депутат болгондугун актай албай калышпайбы, аларды түшүнсө болот. Бийликке оппозициялык көз карашта жүргөндөр заматта эле "Акжол" партиясына мүчө болуп депутат болуп отуруп калышты. Алардын ысымдары айтпаса да баарына маалым. Азыр кантип эл аралап, басып жүрүшөт уялбай дейм да. Мындайларды "курсактын кулу" деп коюшат. Буга окшогон депутаттардын көптүгүнөн Кыргызстан оңолбой жатат. Исаковго окшогон кыйын чыкмалар саясий репрессия курмандыктары болуп жаткандыгын сокур киши да сезип-билип турат. Исаковду канчалык каралабагыла, көө жаппагыла баары бир ак бойдон калат.

кимден: Abdulaziz каяктан: Egipet
21.01.2010 02:06
Menin oiumcha bul biyliktin tura emes kylyp atkany sebebi isakao ishtep turganda oto kop ozgorush boldu myndai ish kylgan adam ar daiym biylik tarabynan jemelenet.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине