Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:24

Саясат

Партиялар таскагы, шайлоо дүбүртү

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясий партиялар негизги күчтөрүн топтоштуруу жана саясий майданга бирге аттануу маселеси менен алек. 29-июлда “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эл арманы” партиялары кошулганын жарыялады.

Талдоочулар Кыргызстандагы партиялар негизинен үч топтун – социалист-демократтардын, либералдардын жана улутчулдардын айланасына чогулуп жатышканын белгилөөдө.
Текст көлөмү - +
Серепчилер саясий партиялардын биригүү же болбосо жакындашуу жараяны кадимки партиялык типология боюнча гана эмес, Кыргызстанга таасир этүүнү каалаган ири державалардын геосаясий кызыкчылыгына жараша да жүрүп жатат деп белгилешүүдө.

“Эл арманы” саясий партиясы жоюлуп, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулду. Мындай чечим аталган эки партиянын саясий кеңештеринде каралып, кабыл алынган.

Аталган партиянын төрагасы Адахан Мадумаров тутунган позициялары окшош партиялардын биригиши жана бир багытта күчтөрдү топтоштуруу аракети негизги зарылдык деп эсептейт:
Адахан Мадумаров

- Бул табийгый көрүнүш. Мезгилдин талабы болду. “Эл арманы” партиясы менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бир партиялык тизме менен, бир муштумдай түйүлгөн күч болуп жакынкы шайлоолорго бараары боюнча чечим кабыл алынды. Күчттүү партиялар мамлекеттик түзүлүшкө, башкаруу формасына, экономикалык өнүгүүгө жана социалдык саясатка болгон көз караштарына карата биригип, саясий күрөшкө чыкса менимче максатка ылайык болоор эле.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Эл арманы” саясий партиялары күчтүү президенттик башкарууну колдоп, экономикалык жөнгө салуудагы мамлекеттин ролунун жогору болушу үчүн аракет кылаарын жарыялаган. Адахан Мадумаров аталган негизги позиция сакталып калгандыгын жана  партия саясий-иделогиялык нугу боюнча мелүүн солчул консервативдик багытты тутуна тургандыгын ырастады:

- Биздин партия оңчулдарга кирбейт, солчулдарга кириши мүмкүн. Сол канатка жакыныраак. Ошондуктан биз муну жакында расмий түрдө жарыялап чыгабыз. “Эл арманы” менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын программалары жана жоболору аябай жакын. Биз демократ болобуз деп Европа мамлекеттерин карап кетпейбиз. Биздин көз караш тышкы саясат боюнча ЖККУ, ЕврАзЭШ, ШКУ менен кызматташтыкка артыкчылык берүүдө болот.

Ошол эле учурда  Кыргызстанда батыштык баалуулуктарды тутунган саясий-идеологиялык багыттагы партиялар дагы жок эмес. Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда буга чейин катталган саясий партиялардын саны жүз кырктан ашты. Талдоочулар алардын көпчүлүгү учурда тутунган позициялары боюнча үч негизги лагерге – социалист-демократтардын, либералдардын жана улутчулдардын айланасына чогулуп жатышкандыгын белгилешет.

Серепчи Турат Акимов мындан сырткары партиялар Кыргызстанда геосаясий кызыкчылыгы бар сырткы күчтөрдүн таасири аркылуу биригиши да байкалып жаткандыгына токтолду:
Турат Акимов

- Кыргызстан кичинекей өлкө. Анын саясий элтиасы өз элинин кызыкчылыгына туура келген саясий идеяларды жарата албайт. Ошондуктан алар сырткы күчтөрдүн басымы астында, ошолорго таянуу менен өздөрүнүн саясий чабалдыгын бекемдегенге аракет кылышууда. Мына ошондуктан азыр саясий партиялардын көпчүлүгү кайсы бир геосаясий таасирдин астында күчтөрүн бириктирүү, өз ара жакындашуу аракеттерин көрүп жатышат. Бул жараян шайлоо жакындаган сайын улам күчөп олтурат.

Ар кайсы багыттагы жана түрдүү көз караштагы саясий партиялардын ортосунда алдыдагы парламенттик шайлоону чыр-чатаксыз өткөрүү боюнча келишимге келүү демилгеси көтөрүлгөнү менен бул багытта саясий күчтөрдүн мунасага келишкени байкалбайт.
 
Адахан Мадумаров шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо жана саясий туруктуулукту сактоо боюнча келишимге келүү демилгеси атаандаштар тарабынан колдоо таппагандыгын белгиледи:

- Баарыбыз чогуу олтуруп, улуу улуттук ынтымак келишимине кол койолу дегенбиз. Бирок буга саясий лидерлердин ички дымагы жол бербейт экен. Баары өзүн-өзү кочкор сезет да. Бир мисал, кучакташып алып тигил үч партия бийликке барды эле эмне болду. Эки жумадан кийин тытышып, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп туруп алышты. Ошондуктан алар биздин мамлекеттеги саясатчылардын бир ынтымака келип, биригүүсүнө кызыкдар эмес.

Ошол эле учурда социал-демократтар партиясы саясий күчтөр ортосунда парламенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү боюнча макулдашуу демилгеси четке кагылды деген маалыматты жокко чыгарды. Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Асылбек Жээнбеков саясий күрөштүн эрежелерин кармануу боюнча жигиттик келишим анын аткарылышына кызыкдар татыктуу атаандаштар менен гана жүргүзүлүшү керек деп эсептейт:
Асылбек Жээнбеков

- Бир мамлекетте жашагандан кийин албетте саясий күчтөрдүн ортосунда диалог болушу керек. Кечээги 7-апрелдеги окуя дагы ошол бийлик менен башка саясий күчтөрдүн ортосундагы диалогдун жок болгондугунан болду. Бакиев учурунда эч кандай диалог болгон эмес. Биз Кыргызстандын кызыкчылыгы, анын келечеги жөнүндө таза ою бар партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, диалогго барууга дайыма даярбыз. Анан кийин кечээ эле министр болуп, парламенттин төрагасы болуп туруп мамлекеттеги туура эмес иштерге аралашкан адамдар, Бакиевдердин саткынчылык саясаттына ачык каршы чыга албагандар бүгүнкү күндө биз башкарууга кайрадан аралашабыз деп умтулуп жатышат. Биз ошондойлор менен эмнени сүйлөшөбүз.

Буга чейин Бириккен элдик кыймыл саясий партиясынын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров шайлоого катыша турган саясий партиялардын жетекчилери менен өз ара ынтымак келишимин түзүү боюнча жыйынды Суусамыр жайлоосунда уюштуруу демилгеси менен чыккан.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: 86868 каяктан: Бишкек
31.07.2010 11:04
7 апрельден кийин бийлике илинбей калган лидерлер акыл менен иш кылгыла. Силер калп эле ызы-чуу салып жатасынар, 7 апрельге чейин эмне унчукпай жаттынар эле? Амбицияга алдырып жатып кыргызсаныбызды жоготчу жагдайга алып келгени жатасынар.

кимден: nurti каяктан: USA
31.07.2010 05:27
chon dep sanalgan olkolordo partiya tuzulso 4 je 5 ele bolot. alakanday kyrgyzstanda 140 ashkan bolso, anda bilbeym . .. .. .. .

кимден: sawa каяктан: Hamburg
31.07.2010 02:44
Tuura aitasyn danbagar

кимден: кайрат каяктан: россия
30.07.2010 22:56
мадумаров алга.кыргыз эли сиз менен.

кимден: БЕК каяктан: ЖАЛАЛАБАТ СИТИ
30.07.2010 22:54
кимден:данбагар каяктан: москва СЕН жазган пикир, тексти жактан алганда тынчтык ураанына чыкырганын, туура! жазыпсын. Бирок бул АДАХАН МАДЫМАРОВКО айтылгандай болуп калыптыр. ушуга кандай дейсин? Экинчиси эгерде шайлоо таза отпой, бийлик жагынан бузулса,бурмаланса, АТА-МЕКЕН, СДПларга окшогон партияларга колдоо корсотуп, коз бойомочулук болсо шайлоо ыплас жолдор м/н отсо анда эмне кыласын? МИГРАНТ балдарды топтоп келесинби? Же жоку???
ишин,е ийгилик

кимден: Акын каяктан: Кадамжай
30.07.2010 22:21
Адахан азаматсын! Эми Ата Журт менен да бириксенер 50 проценттен коп добуш силердики.

кимден: Асылбек каяктан: Лейлек
30.07.2010 19:11
Мен да толугу менен кошулам Данбагарга...рахмат Данбагар омурун узун болсун!мен ушуну жазалбай олтурган болчумун.

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
30.07.2010 18:33
Ашыкча создун кереги жок, бул жерден Данбагар Москвадан аябай туура айтыптыр, созуно кошулам жана колдойм!

кимден: Данбагар каяктан: Москва
30.07.2010 17:44
Урматтуу саясый лидерлер!
Сиздерге , Москва шаарындагы эмгек мигранттарынын коомдук башталыштагы уюмунун кайрылуусунун негизинде кайрылып жатам!
Мамлекетти куруудагы саясый багытыңар ар кандай экендигин түшүнөбүз! Бирок, мамлекет бирөө, көк бөрү кылып жатып, өлкөнү жок кылып албагыла.Эсиңерге келип, мемарандум кабыл алгыла. Лидерлер шайлоодо утулуп мыйзамсыз чыр чыгарса,коомдон изолациялагыла.Эгерде, мамлекетти сактабай, бийлик үчүн кан тогулгон күрөш баштасанар ,эмгек мигранттары силерди эсиңерге келтирүүгө бардык мүнкүнчүлүктөрүн жумшаарын билип алгыла.
Ээн сайдын доңузундай боло бербей,саясый лидерлер акылыңарга келгиле! Силерден башка да , Мекенди башкараар кыргыздын кыраандары жетиштүү, копчулугу мекенден сыртта.Мемарандум кабыл алгыла! Эсиңердин баарында,этегиңерди жапкыла!
Кыргыз эли,жери биз үчүн - ыйык.Мекен -биздин өмүрдөн артык!

Онлайн шерине