Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:47

Кыргызстан

Президент мураскорун даярдай баштадыбы?

Президенттин мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча акыркы жүрүштөрү менен кошо кийинки мөөнөт үчүн мураскорду тандоо башталганы айтылууда.

x
Текст көлөмү - +
Эгер президент койгон тапшырмаларды ийгиликтүү аткарса, жаңы эле премьерлик орунга отурган Данияр Үсөнов мураскор катары президенттин көзүнө илиниши да ыктымал.

Курманбек Бакиев ушул тапта президенттик экинчи мөөнөтүн аткарууда. Баш мыйзамга ылайык бир адам Кыргызстандын президенти катары эки мөөнөткө гана шайлана алат. К. Бакиев өзү деле экинчи мөөнөтү бүткөн соң шайлоого барбай турганын, баш мыйзамды өзгөртпөсүн айтканы бар.

Айрым саясат талдоочулардын баамында, президент өзүнүн соңку реформалык жүрүштөрү менен өзүнө мураскор даярдап жатканын даана билдиргендей болду.

Маселен, экономист Талант Кемеловдун пикиринде, Курманбек Бакиевдин учурдагы негизги милдети кандай гана болбосун экономикалык секирик жасап, өсүшкө жетишүү болуп турат. Дал ошол себептен улам премьер-министрлик орунга “кризис менежер” катары таанылган саясатчы, ири ишкер Данияр Үсөновду алып келди. Эгер өзүнө берилген тапшырманы ийгиликтүү аткарып, экономикалык жылыштарды жасап, президентке берилгендигин далилдесе, ал дагы мураскор болуу ыктымалдуулугун жогорулатмакчы. Эгер өлкөдө учурдагы реформалардын алкагында жылыштар боло турган болсо, карапайым эл К. Бакиев тандаган мураскорго токтолушу ыктымал:
Талант Кемелов

- Чынында Д. Үсөновду премьер-министр болот деп күткөн эмес элек. Бирок аны президенттин ишенимдүү кишилеринен экенин билип жүрөбүз. Ошол сыяктуу ал бир күнү президенттин мураскору болуп деле чыга келиши мүмкүн. Ал үчүн президенттин ишеничин дагы да болсо акташы керек. Ошону жаңы кызмат ордунда көрсөтөт го. Мунун бизнесте тажрыйбасы абдан чоң да. Бирок бул киши мамлекеттик кызматта азыркыга чейин өзүн көрсөтө элек.


Кээ бир саясатчылардын баамында, кийинки президенттик шайлоодо К. Бакиевдин мураскору боло турчу адамдар мурда эле иргеле баштаган. Ага ылайык, андай мураскор президенттин өзүнүн эле жакын чөйрөсүнөн чыгышы толук ыктымал.

Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, эгер жаңы куралган өкмөт өлкө экономикасын өргө тартып, эл турмушу жакшырып кете турган болсо Кыргызстан Азербайжандын жолу менен кетиши да ыктымал. Ага ылайык президент уулу Максим Бакиевди да мураскер катары сүрөп коюшу мүмкүн. “Жашоо-турмуш оңоло баштаса Максим Бакиевдин кыргызча билбегени деле тоскоолдук болбойт. Тилди алдыдагы 1-2 жылда эле суудай сүйлөп чыга келет”,- дейт ал:
Марс Сариев

- Эгер байкаган болсоңуз, Максим Бакиевдин жубайы кыргыз кызы. Кыргыз тилин деле үч жыл аралыгында бир заматта үйрөнүп алат. Саясат деген саясат да. Бат эле суудай сүйлөп кетет. Мен келин кыргыз болгондо эле шектене баштагам, акырындан даярдана баштады деп. Азыр деген негизи акчалуу тармактардын бардыгы бир эле кишинин айланасына топтоло баштабадыбы. Мындай болгондо эл деген чалкасынан кетет да. Ошондуктан биринчи элдин жашоосун оңдош керек. Эл унчукпагандан кийин элитабыз унчугалбай эле калат. Анткени алардын аброю жок.

Талдоочу Марс Сариевдин баамында, президент Данияр Үсөновду премьер-министр катары көпкө деле кармабашы мүмкүн. Анткени ал мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдон айырмаланып, амбициясы алда канча күчтүү.

“Ошондуктан жаңы өкмөттүн башында бир топ кара жумуштарды аткарып, өз функциясын аткаргандан кийин аны да кызматтан алышат”,- дейт М. Сариев. Андыктан, амбициясы чоң экендиги белгилүү премьерди К. Бакиев мураскор катары тандоо мүмкүнчүлүгү да азыраак дешет. Талдоочулардын пикиринде, азырынча булардан башка мураскор болчулар байкалбагандай.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Акила каяктан: Баткен
26.10.2009 14:27
Аай,айланайындар!Башканы коюп биринчи Манасты тактап алалы!!!

кимден: Ойчул каяктан: Кыргызстан
26.10.2009 11:58
Ар кайсыл нерсени айта берген менен, азыркы өкмөт да, Данчик да Кыргызстанды өргө тарта албайт өңдөнөт, Максим мураскор болушу мүмкүн деген да болбогон кеп. Менин оюмча, президент ыңгайлуу мураскор калтыра албай калса, кетеринде - Өнүктүрүү фонду аркылуу - көбүрөөк акча жыйнап кетүүнү көздөп атат окшойт, Президент болбосо да баласы...Баары бир президент мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргызстанда калбачудай сезилет... Кыргызстанда кала турган болсо өз бийлигин күчөөтүүнүн ордуна оппозиция менен тил табышып, баардык күч аракетин элдин жашоосун оңдогонго жумшамак да, баары бир бийликтин баарын өзү башкарып турчу эмес беле? Чудинов да, Айтибай Тагаев да саясат менен иштери жок айдаган жака баш көтөрбөй баса берген , ыңгайлуу адамдар эле го .... Ай КЫРГЫЗДАР ӨЗ МАМЛЕКЕТИБИЗГЕ ,ӨЗ ЖАШООБУЗГА КАЙДЫГЕР МАМИЛЕ КЫЛУУБУЗ КАЙДА АЛЫП БАРАТ БОЛДУ ЭКЕН БИЗДИ.........?!!?

кимден: Баки каяктан: Баткен
26.10.2009 09:50
Мураскерликке бир гана талапкер бар, ал Максим Бакиев. Россиядан, Азербайжандан биздин эмнебиз кем??? Дагы бир нерсе, реформа менен бирге эле Контитутцияга да өзгөрүү киргизилиши мүмкүн, Президенттик мөөнөт 7-жылга созулуусун да эсепке алуу керек.

кимден: usa каяктан: usa
26.10.2009 05:28
salam KYrgyz elim oilonboton aldyga karap areket jasasanar bolo prizdenttin emne jardamy tiidi sizderge?andan koro kantip akcha tabuunu oilop jashtarga tuura jol korsotkonu areket jasagyla.oshondo Kyrgyzstanga akylduu jakshy bir lider kelet.

кимден: Mirlan каяктан: Kazakstan
25.10.2009 21:27
Kyrgyzda Salam aleikum dep soz bawtait degendei, men dagy kyrgyz jurt4uluguna, dege ele kyrgyz ulutundagylarga salam aitam.
Aitylgan sozdorgo, oilorgo tang kaldym, bizde jawtar kele4ekke dayar ekenin. Silerge 4ong rahmat.
Bilbeim tagyn, 4udinov ketkeni maga 4o4ulatkan jok, anan D. Usonov ajoobuzga jakyn, owol u4un any dagy synap jataby deim, any biznes 4oirosundo aty 4ykkany m.n, sayasata dagy ele aksap kele jatat. Kiyinki kele turgan muraskor boluwuu menin oyum4a kumonduu. Kyrgyz kyzy aitkan sozuno iwene albai jatam, ozu men es tartkandan beri tatyktuu kyrgyzdyn ajoolorun korbodum, ozumo suroo berem men olgu4oktuu bolobu owondoi men ideal tutkan ajoo. Birok kyrgyzdar birikse, Allah al jerge adilettuu baw4y nasip kylat eken dep.

кимден: mmmmmmm
25.10.2009 20:33
Usenovdun shailanyshy bul ishtei turgan mykty adam, akaev ubagynda baalabai kuugan myna men aldym,korso akaev ish bilgi emes turbaiby dep, kotorup jatat, eng negisgisin aityp ketishim kerek , kyinki shailoobu je muraskor dep ele keip jatabyz, kaisy jaka bolot ,kyrgyzdyn chekesinen kemirip jep jatsa, aga chein, bul tunduktu kazak menen kytaiga, osh tarapty ozbeke menen tajik tarapka anan GES kambar-ata degen syaktuu iri ishkanalardy Rossiyaga,Kumtordu Kanadaga 49 berip koidu bolush kerek.oshon uchun Manas bizdiki dep jatkany beker emes.

кимден: нурик каяктан: Анкара
25.10.2009 17:16
Талант сен саясатты өзүң түшүнбөйт окшойсун. Бакиевди кризис-мризис уруп ойнобойт. Кыргызстанда жыйырма жылдан бери кризис. Усоновдун колунан эч нерсе келбейт, баарын үйбүлө чечет.

кимден: Anarbek каяктан: Bishkek
25.10.2009 12:01
El jurt a deybiz, bu deybiz jany shailoogo cheyin dagy koooop bar. Andan koro el ozun ondosun, bash bat ele onolot. El ozun tartipke salsyn, bash bat ele jolgo kelet. Emne uchun desener Handy Han kilgan el.

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Европа
25.10.2009 05:20
Кыргызда "болот экен" деген имиш туура болуп калчу эле :) Бирок мунун таң калгыдай эмнеси бар экен? Россия, Азербайжан практикасында муну жасап койду. Бул кадамдын эки жакшы жагы бар:
1) Президенттин иш мөөнөтү бүтүп бара жатканда алда кандай иштердин болуп кетишинин алды алынат, "менчи, менчи" деп көзү кызарган, өздөрүн Президенттин ордунда түшүндө көрүп, өңүндө самап жүргөндөрдүн интригалары дээрлик жокко чыгарылат да, элдин да кулагы тынч, кетип жаткан Президенттин да нерви тынчыраак болот. 2) Идеалдуу учурда, Президенттин үлгүрбөй калган иштерин аягына чыгарышы керек ал адам.
Албетте, эми жаман эки жагы да бар, ошолор тууралуу: 1) Демократиялык шайлоо принциби бузулат (анда жөн эле Шайлоо кодексине "Президент кийинки Президентти озу дайындайт!" деп киргизип коюшсун). 2) Президентке жакын эмес чөйрөдөгү потенциалдуу кандидаттарга мүмкүнчүлүк чектелип, тең укуктуу шайлоо, шайлануу укугу тепселенет. 3) Элдин тандап алуу-укугучу? Мурда формалдуу болсо да пайдаланымыш этип келе жаткан ал да тепселенет.
Дагы бир тентек ой: Президент элдин жүзү, а президент боло турган адамдын жүзү жылуу болсо дегим келип турат аялдык кылып. Бирок билем "жадырап турган Президенттен" эмнени көрдүң дей турганынар аранардан арбын чыгат.

кимден: Бек каяктан: Ала Тоо
25.10.2009 03:45
Максим Бакиев президент боло алмак беле. Ал президент болсо, анда Бакиевдердин династиясы орногону ошол. Мен ойлойм кыргыз эли андайга жол бербейт. Эмки президент жаш, коррупцияга колу булганбаган, чет өлкөдө окуган билим тажрыйбасы бар, англис тилинде шыдыр сүйлөгө, патриот адам болуш керек.

Темир Сариев, Адахан Мадумаровдор да кийинки президентикке даяарданып отурушат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive