Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:12

Саясат

Референдумга даярдыктар башталды

Учурда бардык аймактарда участкалык шайлоо түйүндөрүн түзүү, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат. Эл аралык байкоочулардын алгачкы тобу өлкөнү кыдырып, даярдык иштерине көз салууда.

Учурда Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталууда.
x
Учурда Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталууда.
Текст көлөмү - +
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын билдиришинче, 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга карата өлкөдө 2300гө жакын участкалык шайлоо комиссиясы түзүлөт. Учурда участкалык шайлоо комиссия мүчөлүгүнө саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүп жатышат. Алардын сунуштары 4-июнга чейин кабыл алынып, 5-6-июнда тактоо иштеринин жыйынтыгында участкалык комиссиялардын курамры аныкталат.

Ал эми чет жерлерде шайлоо түйүндөрүн уюштуруу боюнча тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иш чаралар жүргүзүлүүдө. Бул арада референдумдун жүрүшүнө көз салчу эл аралык байкоочулардын тобу Кыргызстандын аймактарына жөнөп кетишти.

-Азыр Кыргызстанга чет мамлкекттик байкоочулар келип жатат. Бардыгы 300дөй эл аралык байкоочу келет. Алардын отузу БШКга катталып, узак мөөтөттүк байкоо салчу 14 байкоочу республиканын региондоруна тарап кетти, - деди БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова.

Мындан тышкары "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы жергиликтүү байкоочуларды даярдап жаткандыгын билдирди. Уюмдун жетекчиси Динара Ошрахунованын маалымдашынча, 35 адам өлкөдө узак мөөнөттүк байкоолорду жүргүзүү үчүн, ал эми миң киши референдум күнү өлкө боюнча бардык шайлоо түйүндөрүндө көз карандысыз байкоолорду жүргүзүүгө даярдалды. Бул уюм учурда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жана каттоо боюнча кызматташууну пландаштырууда.

- Шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча Биз БШКнын төрагасы менен сүйлөшкөнбүз. Азыр күтүп жатабыз. Эгерде биз каражат тапсак, ар бир областтагы 10 шайлоо участкасына барып, үйлөрдү кыдырып, тизмени тактайбыз. Алардын жыйынтыгын БШКга беребиз. Ага жараша БШК өзү чечими кабыл алсын. Биз кийин парламенттик шайлоого карата жакшы даярданыш үчүн, кайра ушундай жол менен тизмеге мониторинг жүргүзүп, тактап чыгышыбыз керек, - дейт Динара Ошрахунова.

Убактылуу өкмөттүн ушул жумадагы жыйынында ички жана тышкы миграциянын шартында адыдагы референдумга катыша турган өлкө жарандарынын санын тактоо бир топ оорчулуктарды пайда кылып жатканы белгиленген болчу:

- Референдум өтө оор саясий кырдаалда өтүп жатат. Анын үстүнө жай мезгилинде саясий активдүүлүк төмөн болот. Мындай шартта ар кандай фальсификациялык көрүнүштөргө жол бербөө үчүн кырдаалдан кантип чыгыш керек? Кырдаал татаал. Ошондуктан, биз жергиликтүү органдар тизме түзүп жатканда ким Россияда, ким башка өлкөдө, ким өз участогунан Кыргызстандын башка шаарларына чыгып кеткен жана референдумга келе албайт? Ушуларды тууган-уруктарынын кагаз жүзүндө көрсөтмөсү менен тастыктап, тизмеде ошол шайлоочулардын тушуна өзгөчө белги коюп, алардын шайлоо участогунда жок экенин тастыктоо керек. Кыргызстанда иш жүзүндө канча шайлоочу калганын биз 20 күндүн ичинде тактап чыгышыбыз керек, - деп айткан Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев.

БШКдан билдиришкендей, референдумду өткөрүү боюнча өкмөттөн 133 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ошондой эле учурда эл аралык уюмдар да каржылык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Эгер акча каражаты жетиштүү деңгээлде боло турган болсо, анда референдумда бармакка белги коюу (маркировка) кайрадан пайдаланылышы мүмкүн.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акнур каяктан: Орто Сай
02.06.2010 11:44
Урматтуу кыргыз элим! Жаркын келечек учун жакшысын тандайлычы.. Туура!
Бирок азыркы рефрендумда тандоого мумкундук берилген жок! Кыргызга баягы озунун тануулаганын откоргон "Левтиндин" оюну сунушталууда! Баш мыйзамына элдин талап0сунуш кирбеди, орусча жазыла салынып кыргызга танууланып жатат! Бшк да болсо акаевдин адамдары отурат! Зордук жана алдоо болсо анда кайдан демократия! Демократия бул тандоого болгон мумкунчулук! Убактылуу окмот мучолору эл тандасын! Мумкундук бер!
Рефендумда андай мумкундук алынган!

кимден: Оштук каяктан: Ош
31.05.2010 15:21
Эй УО догулар силер бийлик болуштургонду, акча талашканды коюп Кыргызстанды сактап калууну ойлосонор. Ал жакта бийлик, акча талашып атасынар, Баткенде Озбекстан Сохко армиясын киргизип атыптыр. Бул деген сес корсотуу экенин билесинер да........

кимден: Нур каяктан: Каракол
31.05.2010 10:43
Кыргызмын мен улутумду сатпаймын !
Кыргызмын мен мекенимди сактаймын !
Мекендештер бал сөздүгө алдатпагыла идеасы күчтү адамды тандайлык бизиде чындап айтканда бычака саптуу жигиттер аз болуп атат. Жакшылап тандайлы бизде баары келгенде элим, жерим деп айтып койуп анын арты эмне болуп калды .Биз сыймыктана турган экс президентта жок болуп калбадыбы . Келгиле боордоштор жаркын жашоо келечегине бирге умтулалы .Эч убакта унутпагыла биз МАНАС атанын урпактарыбыз ! Кыргыз болсоң көктө жанган жылдызсың !

кимден: Бек каяктан: Bishkek
31.05.2010 02:02
Урматтуу кыргыз элим! Жаркын келечек учун жакшысын тандайлычы..Биздин олкону да чын дили менен ойлоп онуктуро турган адамдар да болсо керек..

кимден: кубаныч каяктан: москва(ноокат)
31.05.2010 00:52
Шайлоонун калыс,ийгиликтүү өтүшүн чын жүрөктөн каалар элем,бирок даярдалган "баш мыйзам" чала бышкан кам шорпо болуп калды окшойт. Кабыл алган калың журттун ичи өтүп,кыйналбасак эле болду ылайым.

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине