Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:10

Кыргызстан

Диний кырдаал кооптуубу?

ЖКнын “Ак жол” жана СДП фракциялары өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулап, анда ар кандай диний агымдардын көбөйүшү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурары айтылды.

x
Текст көлөмү - +
"Ак жол" фракциясына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев маалымат берип, бүгүнкү күндө өлкө аймагында ар кандай багыттагы 30 чукул диний уюмдар иш жүргүзөөрүн, 350дөн ашуун чиркөө жана сыйынуу үйлөрү, 2 миңдей мечит бар экендигин билдирди.

Анын айтымында, республикада 2126 диний уюм расмий каттоодон өткөнү менен чындыгында алардын саны мындан дагы жогору.

“Айрым диний уюмдар экстремистик маанайдагы иш аракеттерге өтүп мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына коркунуч туудуруп, кооптуу жагдай жаратууда. Кыргызстанга жылына ар кайсы чет өлкөлүк диний борборлордон жүзгө жакын миссионерлер келишип, мыйзамсыз диний үгүттөрдү жүргүзүшүп, жаңы жагдайдагы көйгөйлөр пайда болду”, - дейт Осмоналиев.

- Эгерде 1991-жылга чейин бир дагы миссионер болбосо учурда бир жарым миңден ашуун миисионерлер бар. Жылына алтымыш-жетимиштен миссионер келет. Мурдагы мыйзам боюнча ошол келген миссионерлерге милдет, укуктар колдонулбаптыр. Азыркы жаңы мыйзамда диний уюмдардын мүчөлөрү 300 адам болуш керек деген чектөө киргизилгени жакшы болду. Буга чейин 15-16 жыл мурда келген миссионерлер бул жактан үйлөнүп, бала-чакалуу болуп эч нерсеге жооп бербей өздөрнүн миссиясын аткарып жүргөндөр толуп кеткен да. Эми ошонун инерциясы токтой элек. Бирок биз бир жылдын ичинде 9 миссионерди өлкө аймагынан чыгардык.

Каныбек Осмоналиев белгилегендей, Кыргызстанга ислам дини боюнча Түркия, Араб өлкөлөрү, Пакистандан, протестант багытындагы АКШ, Түштүк Корея, Улуу Британиядан миссионерлердин келүүсү көбөйгөн.

Анын айтымында, учурда 5 миңден ашуун евангелисттер расмий каттоодон өткөн. Алардан кийин баптисттер, жетинчи асман адвентисттери, иеогово, иуда жана буддисттер турат.

Айрым депутаттар Кыргызстандагы элдин 80 пайыздан ашууну ислам динин тутканы менен башка диний ишенимдерге өтүп кетип жаткандардын саны көбөйгөнүн, бир үй-бүлөдө үч диний агымга кирген фактылар кездешип, анын арты кайгылуу окуялар менен аяктагынын да белгилешти.

Ислам динине жамынып алып, тетири үгүт жүргүзүп даабат кылгандар, эсремисттик маанайдагы үгүт жүргүзгөндөргө мыйзамдын чегинде чара көрүлбөсө мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурат дейт депутат Эрнест Акрамов.

- Бүгүн экстремисттик кагаздарды тараткандар, эртең курал-жаракты таратышат. Бул эмнеге алып барат? Бул бийликти басып алууга алып барат.

Акрамов буга түштүк аймагындагы чек аралардан өтүп келген куралчан топторду мисал келтирди.

Бир катар депутаттар Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы башка диний уюмдар сыяктуу үгүт иштерин активдүү жүргүзө албагандыгынан улам жергиликтүү кыргыз улутундагылардын протестант багытындагы диндерге өтүп жатышат деген пикирлерин билдиришти.

Депутат Алишер Сабиров Мекеге баруучу зыяратчылардын ажы башчыларынын арасында Хизб-ут Тахрир менен байланышы бар адамдар дагы кошулганын айтып, диний иштер боюнча мамкомиссияны ушул маселени көзөмөлгө алуусун өтүндү.

Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов болсо депутаттардын коюп жаткан дооматтары негизсиз экендигин, ажы башчылар арасында хизбутчулар бар дегени чындыкка коошпостугун, Мусулмандар диний башкармалыгы өлкөдө диний абалдын туруктуулугу үчүн иштиктүү аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

-Мамлекеттин коопсуздугун сактоого бардыгыбыз жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Муфтияттын жаман иштеп жаткандыгынан булар көбөйдү, анан алардын жакшы иштеп жатканынан азайды деген туура эмес.

Ал эми теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзубраимов тарых барактарында бардык чыр-чатактар, кандуу согуштар ар кандай диндердин ортосундагы талаш-талаштардан улам чыгып келгенин белгилеп, Кыргызстандагы диний кырдаал өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирбейт деп эч ким кепилдик бере албастыгын билдирди.

Анын айтымында, ар кандай диний уюмдардын ишмердүүлүгүн күчтүү мыйзамдар, укук коргоо органдары же жазалоо жолу менен токтотууга болбойт.

- Өкмөт муну мектептерден баштап университеттерге чейин тизгиндей турган дин таануу сабагын киргизүү керек. Ар кайсы диндердин тарыхын жакшы билген бала өзү баамдап, кайсы динди тутарын иликтеп алат. Себеби мамлекет секулярдуу, динден бөлүнгөн. Дин башка, саясат башка деп ээн эркин таштап салганда проблемалар чыгат. Анан аны кантип чечебиз деген баш оорулар чыгат. Муну жөнгө салыш керек.

Дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин эркиндигине арналган жылдык доклады жарыяланган соң Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон диний эркиндик Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча декларациясында аныкталган принцип экенин эске салып, диний эркиндик америкалыктардын эле насил-наркы эмес, бул адамзаттын универсалдуу асыл-наркы катары кабылданарын айтты.

Докладда Өзбекстан, Иран, Кытай, Сауд Аравиясы, Мянма, Зимбабве, Түндүк Корея жана Судан диний эркиндикти кысмактап жатканы үчүн сынга алынып, Орусия бийлиги айрым конфессияларга, атап айтканда, Иегов күбөлөрү мазабына өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген күч катары карашары камтылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Асхат каяктан: Бишкек
11.11.2009 16:15
Диний кырдаал коопту деген сөздө чындык бар экенине кошулам. Бирок бул маселени кооптуу деген сөздүн чыгышына билимсиздигибиз жол берген. Биз бардык диндерден кабардар болсок, элибизге буларды жеткирип угузган болсок анда бизде коркунуч туулмак эмес. Ким кайсыл динди, же кайсыл агымды кааласа ошону тандап жашоосун кечирмек.

кимден: Asan каяктан: Bishkek
29.10.2009 19:01
Дин тануу сабагын киргизуунун мезгили эбак эле келген, бирок сабактын программасын кеңири талкууга салуу керек. Дин тануу билими менен диний билимдий айырмалай билишибиз керек. Экинчи маселе өлкөдөгү диний кырдаалдын курчушу. Диний кырдаалдын курчушунун себеби, бизде бул маселени түшүнгөнү да түшүнбөгөнү да, депутаты да чиновниги да, молдосу да атеиси да, кыскасы баары бул маселеге кийгилишүүсүнүн натыйжасында бул кырдаал курчугандан курчуп баратат. Дин агенттиги өлкөдөгү диний кырдаалды, мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени, диндер ортосундагы мамилени көзөмөлгө алып бул багытта саясат жүргүзгөн орган болуш керек. Бүгүнкү күндө дин агенттигинин башындагылардын дин жөнүндө билими эмес түшүнүгү барбы, мисалы Осмоналиев мырза билишимче математик...Анын жардамчылары,эксперттеринин деле бул багытта билимдери жетишээрсиз. Ошондуктан бүгүнкү күнү бул маселени саясатка айландырбай, бир тараптуу эмес, эксперттик көз караш менен чечүү керек

кимден: Аида каяктан: Бишкек
29.10.2009 15:14
Чынында Кыргызстанда диний абал курчуп баратат. Бул дааватчылардын аракеттери үй-бүлөлөргө да өз таасирин тийгизип жатат. Менин күйөөм акыркы эки жылдан бери өзгөрүлүп кетти. Баскан турганымды күнөө деп, жоолук салынып, оронуп жүрүш керек деп тынчымды алчу болду. Эгер мындай боло берсе кандай болот?

кимден: Ким
29.10.2009 14:57
А какая религия кроме Ислама угрожает жизни людей?
Угроза исходит от Ислама только.

кимден: Абдуразак каяктан: Студент
29.10.2009 06:59
Ассалму алейкум. Силер качан өз башыңар менен иш кыласыңар?

кимден: Болот каяктан: Москва
29.10.2009 03:32
Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу реалдуу,ачык,илимий негизделген маалымат күнү бүгүнкүгө чейин айтылбай келет.Себеби
талкуунун баардыгы үстүртөн, негизги коркунуч багытын жылмалоо
иретинде жүргүзүлүүдө. Ал эми эң кооптуу багыт ислам дини тарабынан келе жатканын көбү
билсе да билмексен. Айрымдары исламды пайдаланып акча тапса,
башкалары саясий курал катары пайдаланууда.Экстремистик ислам
негизги исламга байланышы жок деген жомокту негиздеп жүрүшөт, Иш
жүзүндө исламдын идеологиясында биз экстремизм деп жүргөн негиздер
жатпайбы, Аны айткандан азыр баары коркот.Иран ислам революция-
сынын тарыхын карап көрсөңөр,ахвал дал биздикиндей өнүккөн.
Эми минтип,жанагы Осмоналиев деген неме мектепке диний негиз
сабагын киргизебиз дейт.Кийин,ушуга окшогондордун саатынан ондо-
гон жылдар зарлап сакалчандардын диктатурасынан чыкпай калып
жүрбөйлү.Чукулдап калдык,сак болбойлубу?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)