Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:10

Саясат

А.Власов: Кыргызстанда күчтүү лидер жок

ЖККУ ролу боюнча суроолорго Москва Мамлекеттик университети алдындагы аналитикалык-изилдөө институтунун бөлүм башчысы, КМШ өлкөлөрү боюнча адис Алексей Власов жооп берди.

x
Текст көлөмү - +
- ЖККУнун алкагында Кыргызстанга берилчү жардам дагы деле кечеңдеп атат. Мунун артында эмне турат деп ойлойсуз?

- Маселе Кыргызстанга кандай форматтагы жардам керек экендигинде. Мисалы, кеп гуманитардык, экономикалык жардам тууралуу болуп жатса, андай жардамдар эки тараптуу да, көп тараптуу да келишимдердин негизинде берилип жатат.

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунан сырткары деле Кыргызстандагы кырдаалдын турукташуусун каалаган ЕККУ, ШКУ жана башка да уюмдар тарабынан бир канча жардамдар берилип жатат. Эгер Кыргызстандын ички саясий стабилдүүлүгүн жөнгө салуу багытындагы жардам жөнүндө сөз болуп жатса, аны интеграциялык уюмга кирген бардык эле өлкөлөр камсыздай албайт. Бул жөнүндө президент Дмитрий Медведев да Ереванда өткөн бейформал саммитте белгиледи.

Ал эми декабрь айына ЖККУну реформалоо боюнча долбоорду даярдоо чечиминде Кыргызстандагы тажрыйба аталган уюмдун ишмердүүлүгү эске алынат деп ойлойм. Биринчиси, ЖККУга мүчө өлкөлөргө сырттан кол салуу, экинчиси, социалдык стабилдүүлүк, этностор аралык жаңжалга байланыштуу. Бул жерде уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирисинин өтүнүчү менен кандайдыр бир күч колдонуу маселесинде юридикалык, формалдык жагдайларды кароодо чоң иштер турат. Бул жерде абдан так укуктак база талап кылынат. Азырынча бул база жок, ошондуктан жардамдардын кечеңдеши боюнча маселе чыгып жатат.

- ЖККУ июнь айында түштүктөгү этностор аралык жаңжалдан кийин атайын жана техникалык каражаттарды, тик учак бөлөрүн билдирген. Мен ушул жардамдар туралуу сурап жатам.

- Бул жерде белгилүү бир маселелер бар. Жардамга берилген атайын каражаттар каякка, кандай максатта колдонулат? Азыркы тапта кырдаал толук турукташа элек, ошол эле тапта жаңы бийлик толук мыйзамдаша элек, менимче, өлкөгө атайын техникаларды берүү туура эмес. Ошондуктан саясий чечим кабыл алынды, бирок ЖККУнун жетекчилиги Кыргызстанда кырдаал дээрлик турукташып калды деп эсептегенде гана жогоруда айтылган маселе аткарылат.

- Демек бул жардамдар берилбей да калышы мүмкүнбү?


- Ал жардамдар берилет, бирок маселе качан экени белгисиз болуп жатканын айтып жатам. Менимче, мөөнөтү жагынан дагы кармалышы ыктымал.

- Кыргызстан бийлиги ушул тапта ошондой жардамга муктаж экенин айтып жатат. Эмнеге керек учурда маселенин чечилиши кечеңдеп атат?


- Мисалы, ЕККУнун полиция күчтөрүн жөнөтүү боюнча чечим Кыргызстандын ичинде бир топ кызуу талкууну, ага макул болбогон да көз караштарды жаратып жатат. Ошондуктан кандайдыр бир чечим кабыл алуудан мурда Кыргызстандын ичиндеги кыдаалды толук түшүнүш керек. Менимче сырттан караган көз караш дайыма эле туура боло бербейт. Ошондуктан бул жердеги жакшы принцип зыян алып келбейт. Азырынча бардык чечимдер декларациянын деңгээлинде кабыл алынып жатат. Качан гана ЖККУнун жетекчилиги - Орусия же Казакстан - Кыргызстанда эмне болуп жатканы жөнүндө толук маалымат алганда гана сөздөн ишке өтүшөт.

- Айрым эксперттер ЖККУну кагаз жүзүндөгү эле уюм болуп калды деп сындап жатышат. Сиз ушундай пикирлерге кошуласызбы?

- Мен ушундай пикирин билдирип жаткан эксперт Аркадий Дубновго кайсы бир деңгээлде кошулуп кетет элем. Маселе бул уюм канчалык реформаланат. Менимче, ЖККУнун реформалоо мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Бирок бул НАТОго окшоп калат дегенден алыс болуш керек. Бул жерде аскерий багытта көп тармактуу кызматташуусу каралат. ЖККУга кирген, жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндө актуалдуу болуп турган сырткы коркунучтан коргонуу, терроризм менен күрөшүү жана өзгөчө кырдаал түзүлгөн жагдай эске алынат деп ойлойм. Бул үчүн убакыт талап кылынат.

- Айрымдар ЖККУнун Кыргызстанга берилчү жардамдын артында саясий өңүтү бар деп айтышууда. Сиздин бул багытта оюңуз кандай?

- Ооба, мен бул пикирлерге кошулам. Мунун эки жагдайы бар. Биринчиси, Казакстан менен Орусия ЖККУнун алкагында эмес өз алдынча да жардам көрсөтүп жатат. Бирок ошол эле учурда кызматташуу маселесинде Кыргызстанда учурда бийлик башында тургандардын кимиси менен иштешүүнү эки өлкө тең билбей турат. Тышкы байланышта жоопкерчиликтүү, ыңгайлуу жана күчтүү, жарк эткен бийлик башчысы жок болуп жатат. Кыргызстандын өзүндө ушундай бийлик башчысы же башчылары пайда болгондо гана Астана жана Москва Бишкек менен ачык жана айкын шартта сүйлөшө баштайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сейит каяктан: Туран
30.08.2010 15:41
Күчтүү лидердин азыркы заманда кереги жок, аны кудайдай көрүп анан качып кетсе артынан шыбап отура беребиз. Кыргызстанда лидер деп билимдүү, саясатта, кесибинде мыкты адис болсо, ишине өтө жоопкерчиликтүү, патриот, башкаруучулук жөндөмү бар болсо азыркы замандын жетекчиси деп аталат. Андайлардан элибиз эч качан куру калган эмес. Власовдун түшүнүгүндөгү күчтүү лидер деген АКШнын, РФнын ж.б. айтканын элине жеткизип, зөөкүрлүк менен элди башкарса, алардын айтканын аткарып турган киши керек.

кимден: Пендеси кудайдын каяктан: Москва
29.08.2010 21:15
Келе турган гум жардамды эл сурап жатканы жок.Эл учун жардам алуу карангы.эл жардамсыз деле канча жылдап жашап келе жатат.Жардамды тиленип суранып омочогу узулуп жаткан чиновниктер алкымын жайып.Карапайым эл анын жузун да корбойт.Буга дейирки канчалаган акчаларды жеп ташташты Элдин убалы тийип алкымынар айрылсын ылайым

кимден: Бактыгул
29.08.2010 17:34
Власовдун Кыргызстанда кучтуу лидер жок дегенине толук кошулам.Жаны келген окмот деле олко башына келди,бирок эмне кылаарын билбей дендиреп калгандай болду.Тезирээк бир иретке келсе жакшы болот эле,бирок тилекке каршы тескерисин коруп жатабыз.Кудайдын куттуу куну бир уройду учурган кабарларды окуп,угуп конулубуз чогот.Саны бар сапаты жок партиялар.Эптеп эле бийликке келсе.Оф,оф кандай абалга келип такалдык,олко башындагылардын ач коздугунон.Адам болуш аста-аста,айбан болуш бир паста.Олконун ушул келген абалына кара.Элдин зары.мээнети,коз жашы урсун элди ушул абалга келтиргендерди!

кимден: WWW
29.08.2010 09:44
Жараткан ар бирибизге ыйман бере көр! Шайлоону таза, аман-эсен өткөрүп алалы! Роза Исаковнага, Жантөрө Жолдошовичке, Алла кубат берсин! Элибизге сабырдуулук бере көр!
Лидерлер бир пикирге келишсе жакшы болмок, абалды өздөрү сезип турушат. Көз арта турган эч нерсе жок. Иллюзия кетти....
Бирок, лидерлер да кам көрүүгө, асыроого, ишенимге жана сүйүүгө муктаж.

кимден: narmat каяктан: batken
28.08.2010 15:17
kuchtuu jark etken liderler bar.emne putinden murda je medvedevden murda alardy el taanibayt ele.kiyin ele chyga kaldylar go.Bizde anday korunbogon liderleribizden syrtkary ele korungon liderleribiz tolup jatat.Misaly Tekebaev,Madumarov jb.

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
28.08.2010 14:39
Кыргыздар бироодон жардам куттпой эле ушу орустардын ойдо томон созун уккпай эле озубуз эле эптеп кризистен чыксак болот ал учун бизге биримдик жана которумдуулук керек ...Москва не сразу строилась ...андыктан биздин Кыргызстан акырындап онугот.


кимден: Патриот KG каяктан: Орусия.
28.08.2010 14:27
А.Власов "кучтуу лидер жок" дептир. Андай эмес, Кыргызстанда кучтуу лидерлер бар. Же жалганбы?, 50дон ашык партия лидерлери алдыдагы чон казатка аттанууда. Эмне, озун кучсуз лидер катары караган адамдар шайлоого аттанабы? Бир гана кошумчалай кетчу нерсе, алардын кучтуу саясий эрктери жок.

кимден: ШАА каяктан: Ак-Өргөө
28.08.2010 14:19
Бергендер бергенин койбоду, же биздин алдым- жуттумдар алып тойбоду. О түбүң түшкүр гум жардам, карапайым кыргыз үчүн муң жардам.

кимден: чыныгы адам каяктан: ош
28.08.2010 12:53
Власовко айтаар элем силерге ушундай убактылуу өкмөттөй жетекчилер керек болгон ошон үүчүн сиздердин дагы салымыңыздар бар. Бир жакшына иштеген президенти кубалаттыңар наалат ким ушул ишти жасаган болсо.Өмур бою Кыргыз элине жамандык кылгандарга наалат айтып өтөбүз.
рахмат азаттыка чагылдырсанар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Бишкек
28.08.2010 09:23
Эмне үчүн карызы бар адамдай болуп жардамды эртерээк бербейсиңби дер аларды коркуткансып жатабыз?! Менимче өзүбүз жасаганды өзүбүз мойнубузга алып, бизнес чөйрөсүн (ишкердикти) эртерээк колдоо керек.Криминалды токтотуу зарыл.Ушундай последствие болорун "убактылуулар" алдын-ала билүүсү керек эле.Кышында мындан да оор борун айтышууда. Ага да чыдайбыз. Бирок экономиканы көтөрүү боюнча катуу иш алып барбасак болбойт!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)