Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:11

Саясат

Жол тоскондорго кылмыш иши козголду

Мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковду камактан бошотууну талап кылгандар бүгүн Сопу-Коргондо ачкачылык акциясын улантышты. Кечээ (14-январда) кечинде жергиликтүү күч органдары Ош-Эркеч-Там жолун бойлой тигилген боз үйлөрдү чечип, нааразычылыкка чыккандарды күч менен тараткан.

Жол тосуу акциясы, Сопу-Коргон, 14-январь, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +

Алайдагы соңку кырдаал боюнча аймакта болгон кабарчыбыз Жанарбек Акаев “Азаттыктын” кечки түз обосунда кеп салып берди.


- Жанарбек айтсаңыз, кырдаал кандай? Биз алган маалыматтарга караганда, кылмыш иши козголду деп атат. Канча адамга кылмыш иши козголду?

- Чындыгында Алайдагы нааразылык акциясы кечээ күнкүгө караганда бүгүн абдан эле солгундап калды десек болот. Себеби кечээ 400дөй адам чыккан болсо, бүгүн болгону 20га чукул гана адам нааразылык акциясын өткөрүштү, ачкачылык жарыялашты. Кылмыш иши боюнча айтып кетсем, мен азыр эле Алай райондук милициянын жетекчиси Сыргаев мырза менен байланыштым. Ал бул маалыматты тастыктап, кылмыш иши факты боюнча козголгондугун айтты. Бирок канча адам экендигин айткан жок, негизинен Ош-Эркеч-Там жолун бууган көпчүлүк аялдарга козголгонун айтты. Окуяга катышкандардын айтымында, И.Исаковдун төрт бир тууганына да кылмыш иши козголгон.

- Кылмыш иши кайсы берене менен, эмне негизде козголуп атат?

- Азыр бул кылмыш иш боюнча тиешелүү органдар так маалымат берүүдөн баш тартып атышат. Бирок негизинен “мыйзамды бузду” деген гана маалыматты берип атышат. Азырынча кандай беренелер менен козгогондугу боюнча так маалымат берише элек. Бирок негизинен жолду торогондугу үчүн абдан катуу жазалайбыз дегендей айтып атышат бийлик органдары. Милиция айрыкча нааразылык акцияларын уюштуруучуларга, Исаковду коргоо комитетинин жетекчилерине, мүчөлөрүнө, анан айрыкча жол тоскон аялдарга кылмыш иши козголорун тастыктады.

- Жанарбек, сиз кабарчы катары эл аралап жүрөсүз, элдин Исмаил Исаковдун камалышына жана нааразычылык акциясынын минтип уланып жаташына ой-пикирлери кандай?

- Чындыгында Алай районунун беш-алты айылын кыдырып чыктым эки күндөн бери, Алай районун эли Исаковдун камалышын абдан кабатырлануу менен кабыл алышып, милициянын соңку күч колдонуу аракетине абдан кыжырданып жатышат. Ошон үчүн алар акцияны токтотпойбуз деп атышат. Өзгөчө президент Бакиевге, парламент депутаттарына кайрылуулары жоопсуз калганына да абдан катуу тынчсызданышты. Ошондуктан мындан ары бийликке кайрылуудан баш тартыша турган болушту. Ошол эле учурда нааразылык акциясын токтотпойбуз деп атышат, жакынкы күндөрү мүмкүн болушунча атчан, жөө жүрүш акциялары менен улантабыз деп жатышат.

- Рахмат сизге.

Видео тасма.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Элдар каяктан: Москва
24.01.2010 04:02
ЭЭй кыргыздарым дагы деле бириб-бирибиздин гошубузду жегенди токтото элекпиз. Убагында Исаков коргоо министри болуп турганда онолгон эле кыргыз армиясы, аны же эч ким билбейби? жол тособуз деп бечара калк кыйналды, жол ачабыз деп менин милицияда чогуу иштеген мурдагы коллегаларым кыйналыптыр.

кимден: Abdulla каяктан: chet el
18.01.2010 13:13
Kechirip koyos Aske.Kuday degenderdi kordogon adamdarga albette Allahtin azabi bolot;bularga tarih jakshi dalil.Bul adam ubaginda tash-boor bolgon.Menin maksatim Isakovtun bashina tushkon bashka chinovnikterge da sabak bolsun demekmin.Biylikte jurgon uchurda da kuday dep,kozunu may baspay,kuday degenderge tiyishpey jurushsun.Allahtin oz jolunda jurgondorgo korduk korsotkondorgo bul duynodo jana akirette azabi chon.!!!

кимден: nur каяктан: алма ата
18.01.2010 12:49
Азаматсыңар алайлыктар.Чындык үчүн .Алымбекти Курманжан датканы Камчыбекти коргоп келген эл Исаковду да коргоп алат.Тарыхты карасаң боло Бакиев жана анын Служебныйлары эбегейсиз зор армиясы бар мыкты куралданган Орус падышасына кетмен күрөк менен туруп эсептешкенге мажбурлаган .Мен деп турган Кокон хандыгы Алай менен эсептешпей Алымбекти жок кылабыз деп эмне болгон.Кечеги Ош окуясы Март окуясы эсиңерден чыктыбы Алай келет дегенде баары качканы Кектешкенин кое бербеген эл Тарткыла колуңарды уулу элден ОМОНуңар менен коркута албайсыңар бул элди

кимден: Aske
17.01.2010 18:45
Абдалла, Кудай деген киши сиздей болсо, дининиз жакшы эмес окшойт. Кырсыкка кабылган адамды табалаган адамды сыйласа болобу?

кимден: Динара каяктан: Бишкек
17.01.2010 17:13
Бийлик кылмыш ишин козгойбуз деп элди коркутуп алды. Элибиз кантип оз оюн билдиришин да билбей калды. Кыргыз элин жарыксыз калтырып сууну сатып элди жакырчылыкка алып келген БАКИЕВДЕРГЕ кылмыш ишин козгош керек.

кимден: Дуйшон каяктан: Ноокен
16.01.2010 18:12
Жанагы Сыдыков деген Аксакалдык сөзүн айтып койбойбу Исаков Бекназаров убагында анын жолдоштору болуп жүрүшпөдү беле Масалиевдин баласы мне унчукпайт Досбол үн катпайт булар өз жүзүн көргөзүп жатат булардын ичинен мурун эле Бекназаров таза жүрчү эле эл тарапта

кимден: Эрнест каяктан: Бишкек
16.01.2010 18:01
элге кыйын болду Эл деген саясатчыларга андан бетер кыйын болду бириксек жеңебиз

кимден: Эрмек каяктан: ТАЛАС
16.01.2010 17:03
исаков министр катары дагы депутат катары дагы эл үчүн иштеди алай эли туура кылат башка жол жок анан кара жолду тосуп турат

кимден: Abdulla каяктан: Chet el.
16.01.2010 12:24
Isakov emi kuday dep kaliptirgo tuugandar.Biylikte turganda Kuday degenderdin shorun kurutkan bolchu,namaz okup,iyman jolunda jurgondorgi,Medreselerge oto kisim korsotkon bolchu.Akirinda Kudaydin da kaari bolot ekengo minday adamdarga. Emi kuday dep kalganin karasanar...?!!!

кимден: Лариса каяктан: Ош
16.01.2010 12:18
Исаковдун атасынан калган үйүн карагылачы! Эгерде ал министр болуп турганда жеп-ичкен болсо ушул эскирген тамды оңдоп коер эле го! Исаковдун үйүн карап, эми колунан кошомат кылуудан башка эч нерсе келбеген Акжолчулардын үйүн салыштырып көргүлө! Уят Бакиев мырза! Сиз дагы эки жылга жетпей качасыз, өзүңүзгө жакшы жайды эмитен карай бериңиз!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине