Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:13

Саясат

Президенттик кеңешме бийлик маселесин чече албайт

Президенттик кеңешме мамлекет башчы өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу адамды аныктай албайт. Конституциялык Соттун чыгарган корутундусунда президенттик кеңешме –кеңешүүчү орган болгондуктан президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо укугуна ээ эмес экендиги айтылат.

Текст көлөмү - +
Башмыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча президенттин долбоорунда 20-октябрдан кийин башкаруу системасында орун алган өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу, президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңеш аркылуу тандоо жоболору бар. 21-январда Конституциялык Соттогу жараянда Башмыйзам долбоорун коргоого алган адилет министри К. Абдиев жаңы редакцияда демократиялык багыттагы жаңы жоболор киргизилген деп ырастады:

-Азыр күчүндөгү Башмыйзамда “президент ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин ЖК төрагасы, анын да мүмкүнчүлүгү болбосо өкмөт башчы аткарат,” деп жазылып турат. Президент сунуштап жаткан Конституциянын долбоорунда Президенттик кеңешменин ичиндеги көпчүлүктүн ичинен тандап алуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп жатат.

Конституциялык Соттун түштөн кийинки чыгарган корутундусуна ылайык жалпысынан Конституциялык Сот Башмыйзамга президент тарабынан киргизилген өзгөртүүлөргө берди. Бирок Башмыйзамдын 52-беренесине киргизилген “президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу адам президенттик кеңешме аркылуу аныкталат” деген өзгөртүүнү башкача редакциялоо сунушу киргизилди.

Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова
корутундуга төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

-Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту Башмыйзамдын 46-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык түзүлгөн президенттик кеңешме өзүнүн макамы боюнча кеңешүүчү орган болуп саналат. Анын чечими сунуштама мүнөздө болорун жана аны президент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болорун эске алып, президенттик кеңешме президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган орган боло албайт деген жыйынтыкка келди.

Конституциялык Соттун корутундусунда Президенттик кеңешменин ордуна президенттин милдетин аткаруучу адамды аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон коллегиялык орган түзүү сунушталган.

Конституциялык Соттун бүгүнкү корутундусу президент тарабынан сунушталган өзгөртүүлөргө каршы чыккан жери жок, алар болгону Президенттик Кеңешменин аталышын же формасын өзгөртүүнү сунушташты деген пикирин саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттыкка” билдирди:

-Президент айткан сунушун Конституциялык Сот “коллегиялуу орган аныктасын” деп буруп койду. Негизи болсо мурункудай эле калды. Азыр билесиздер, саясатта абал кандай экенин. Ошондуктан, президент өзгөртүүнү киргизип, аны өткөрүүнү көздөп жатканы, ал кайсы жагына, кандай жыйынтыкка келе жатканы да түшүнүктүү болуп турат.


КР Башмыйзамына өзгөртүүлөр киргизилбей туруп, 20-октябрда президент баштаган мамлекеттик башкарууну реформалоо алкагында Конституциянын бир катар беренелери бузулгандыгын оппозиция ошол тушта эле белгилеп чыккан. “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Конституцияны бузду деген доомат менен Конституциялык Cотко кайрылган. Конституциялык Cоттун бүгүнкү чечимине карата пикирин билдирген Ө. Текебаев бийлик Башмыйзамга өзгөртүү киргизем деген күндөн тартып жаңылганын, аны эми түшүнүп отурганын айтат:

-Ким жетелеп алып келип, кайсы жерде жыйналат, кандай болот деген суроолор жоопсуз турат. Анткени бул президент күтүүсүздөн милдеттерин аткара албай калган учур болуп жатпайбы. Ошондуктан, тиешелүү механизмдер көрсөтүлбөй, талашты түзөт дагы, кош бийликти пайда кылат. Оппозиция өзүнчө бир кишини президент шайлап алса кандай болот? Мурда деген конкреттүү көрсөтүлүп турган, президенттин милдетин ЖК төрагасы же болбосо өкмөт башчы аткара алат деп. Бул деген күтүүсүз кырдаал, жагдай президенттин үй-бүлөсүн жакалаганын көрсөтүп турат. Мына ошентип шашкандан алар конституциялык реформаны да кандай жасарын билбей, баш-аламан жасашты. Конституциялык реформадан мурун Башмыйзамды биротоло бузуп, мыйзамсыз иш-аракет кыла баштады. Мына эми президент өзү киргизген долбоор дагы туура эмес чыгып калды деп, президентке дээрлик баш ийген Конституциялык Сот дагы көрсөтүп отурат. Тарых көрсөткөндөй кайсы куралчан адам Өкмөт үйүн кайтарса, аягында бийликке ошол ээ болуп келген. Азыр ошол куралчан адам президенттин үйүн, үй-бүлөсүн кайтарып атат. Демек, бул куралчан адамга келечекте президенттин милдетин аткаруучу адамды да тапшырып берип атпайбы. Бүгүнкү баш-аламандык бул куралчан адамга үй-бүлө мүчөлөрүнүн да ишеничи кеткендигин көрсөтүп турат.

Өмүрбек Текебаев Конституциялык Сот бийликке кеңеш берүүчү орган эмес экенин да белгилеп кетти.

Президенттин милдетин аткаруучу адамды аныктоо укугуна ээ орган кандай түзүлөт, эмки кеп ошондо.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тенирберди каяктан: Нарын
22.01.2010 17:30
Эч болбосо бир нукум иш кылды окшойт Конституциялык деген сот. Убактылуу болсо дагы БАКСтардын тилеги таш кааптыр.
Кокус Президент милдетин аткара албай калса, анда Зайнидин мырзага бак конот го. КСнын чечимине миң ыраазы болуп, Кудайдан таажы тилей бер Заке!!!

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Азырынча Москва шаары
22.01.2010 15:36
kuvan, силер эмненин башын оорутуп жатасың.Ичкиликтер сага эмне кылды? Мен да ичкиликмин. Мен да азыркы бийликтин кылган иш-аракеттерине каршымын. Антип урууга бөлбөй эле кой, ансыз деле кыргыз кыйналып турганда. Ичкиликтерден деле жакшы,таза инсандар:Исхак (Полот хан), Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев ж.блар. Андан көрө келгиле бир ууч кыргыз бир бүтүн болуп Кыргызстандын келечеги жакшы болуусу, бизден кийинки урпактарга Кыргыз хандыгын эмес өнүккөн Кыргыз республикасын өткөрүп берүүгө аракет кылбайлыбы?! Бир-эки адам каршылык кылып эчтекени чече албайт. Жалпы журтршы болсо ошондо гана маселе чечилет.
Ал эми Конституциялык соттун ушунусуна да рахмат деп туралык.

кимден: Балта каяктан: Нарын
22.01.2010 14:19
Тешебай ака, бул жерде түндүк, түштүк деген маселе болбош керек. Бир бүтүн кыргыз эли болуп туруп, бирибиз уят болуп калдык, бирибиз уяткардык деген болбойт. 2005-жылы жалпы кыргыз эли (түндүк, түштүгү биргеликте) коррупцияланган бийликтин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыгып, ошол бийликти кулаткан. Ал эми Бакиев ошол элдин үмүт, тилегин таш каптырып, кылган иштери менен мурдагы бийликтен да ашып түшүп жатат. Жада калса кол астындагы Консот да эмне кылаарын билбей, ал норманы башкача редакцияда бергиле деп сунуштады. Бирок ким билет, балким бул кезектеги дагы бир оюндур, ишениш кыйын.

кимден: Тешебай каяктан: Ош
22.01.2010 11:07
Өмүбек акам бекеринен 18 жыл депутат болбоптур. Конституцияны, саясатты семичкедей чагат. Бакиевди шайлап алып түштүк эли чооң уят болдук, ал эчтекеге жарабай калды. Жаман айгыр энесине тап дегендей, Ысмаил аканы да 8 жылга кестирип ийди. Ак чөп башыбызда, түндүктүк туугандар дагы бир шанс бергиле деп, Өмүрбек аканы эле шайлап алсак, Бакиевдердин да коррупциянын да сазайын жүдаа берет.

кимден: Циник
22.01.2010 07:58
Коомдук Ордону кыйратып салгансып эми курултай түзүп атат. Элди алдоо да акыркы максат.

кимден: немис каяктан: Германия
22.01.2010 03:46
Конституциялык сот эмне кыларын билбей, далбастап турганы байкалып турат.( Кыскача "Консот" деп койолу). Консот бийликке кеңеш берген орган эмес экен. Консот эптеп далбастап атып Президентке бир кыйшык жоопту берип койушту. Негизи Консот болгондон кийин, так жана даана жооп бериш керек эле, негизги законго тайанып туруп. Кыргызстандын Консоту көз карандысыз бийлик бутагы болуш керек эле. Консот Президентке көз каранды экени билинип турат, себеби Бакиевдин каарынан коркуп атышат го. Эгерде Консотубуз Президентке көз каранды болсо, анда бул бийлик бутагынын кыргыз мамлекетине кереги жок десек болот экен да. Анда Кыргызстан демократиялык багыттагы мамлекет болгону кайсы?

кимден: кылым каяктан: москва
22.01.2010 02:21
Өмүрбек Текебаевдин пикири менен толук кошулам.Ушул убакта өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы Кыргызстанга? Бакиевдин үй-бүлөлүк кызыкчылыгы. Өмүрбек Текебаев сиз менен кантип байланышсак болот?

кимден: kuvan каяктан: kg
22.01.2010 00:21
Salam Kyrgyzdar!!! emi dat desender da ichkilikter omyr boiu beilikte tyra beret,biz el ozubuz ozgorsok anan okumot ozgorot,Kipchak Bebars Han Egipette beilep tyrgan,bul bizdin Han da osholordun urusundan dep oiloium,
men tyshynboium Opazitsiya bolup tyryp Okumot jumush berse Ozubyzdyn dostordy satip beilikke ketip kalip jatabiz,beilik jumush berse jakshi berbese kizganabiz,ishten tyshyrso kaira Obazitsia bolobuz,eger jazaa berse tygan yrykty jeinap mitin kilabiz,anda kimdi gunoloibyz kaira ele Han jaman.biz ozubuz jaman.Akaiev dele jakshi bolchu,i Bakiev dele jakshi,biz jaman,zaman buzuldu deibiz zaman emes teskerisinche bizdin Namaz okulbai kalip kalip jatat,kudaidin karizin bersek bardik jumush onolot,biz Namaz okup Hanga hidaiyat den-sooluk ishige oomat syrasak oshondo onolobyz.azirki kezde 12-ishkana achildi ani ech kim korgon jokbu?Okumot areket kilip jatat.Men Okumotko da i Opozisiaga da koshulbaim.men jonokoi ele kyrgyzdin jigitimin.
s/u
kuvan

кимден: Салибай каяктан: Москва
22.01.2010 00:06
Өмүрбек агайдын сакайып кеткенин көрүп сүйүнүп отурабыз, үй-бүлөбүз менен. Адам үмүт менен жашайт экен. Өмүрбек аман-эсен болсо, биздин да үмүтүбүз ишке ашып, демократиялуу Кыргызстанга кайтсак деген жакшы ой менен Москванын суук күнүн кечирдик.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине