Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:15

Саясат

Дүйнө, кулатылган президент жана айласыздык...

7-апрелдеги кандуу окуядан кийин оппозиция лидерлери Убактылуу өкмөт куруп, өлкө түштүгүнө качкан Курманбек Бакиев президенттик ыйгарым укуктарын таштабасын, бирок сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтууда.

К. Бакиев 13-апрелде Жалал-Абадда өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат
Текст көлөмү - +
Кыргызстандын чет элдик өнөктөштөрү азырынча Убактылуу өкмөттү ырасмий таанууга шашпай, К.Бакиевден да оолак карманышууда.

Убактылуу өкмөт өлкөдөгү бийликти көзөмөлдөп турганы менен кулатылган президент Курманбек Бакиев өлкө түштүгүндө колдоо табуу айласын жасап, Жалал-Абад шаарында 3000 ашуун адам катышкан митинг уюштурууга жетишти. Де-факто өлкөдөгү бийликти Убактылуу өкмөт жүргүзүп, парламентти, өкмөттү таркатып, кала берсе баш мыйзамды да жоюп, К.Бакиевди кармоо чечими чыкканы менен де-юре ал дале президент. Бирок Убактылуу өкмөт 7-апрелде митингге чыккандарды атуу башталганда эле президент баш болгон бүтүндөй мамлекеттик система мыйзамдан тышкары калганын айтышууда.

Ушундай кырдаалда Кыргызстандын чет элдик өнөктөштөрү да Убактылуу өкмөттү ачык таанууга барбай турушат. Ошол эле маалда эл аралык өнөктөштөр арасында К.Бакиевди колдогондор да болгон жок. Ар кандай такталбаган маалыматтардан кийин Кыргызстандагы АКШ элчилиги К.Бакиевге баш калка берүү планы жок экенин айтса, Казакстандын Ички иштер министрлиги мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган издөөдөгү адамдар Казакстандын аймагында жок экенин билдиришти.

Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу келишкен Бириккен улуттар уюмунун жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү да тараптарды диалогго чакыруу менен гана чектелишүүдө. Убактылуу өкмөт менен жолуккан соң БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Ян Кубиш мырза Жалал-Абадда К.Бакиев менен да жолугуп, жөн гана тынч жол менен маселени чечүүгө чакырды. Ал эми К.Бакиевдин БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн алып келүү сунушу колдоо таппады.

Соңку жылдары АКШда баш калкалап келген мурдагы банкир Акылбек Жумабаевдин айтымында, Кыргызстандын четтеги өнөктөштөрү эми эч качан К.Бакиевди колдоп, анын кулаган бийлигин реанимациялоого жардам бербейт. Андыктан, эл аралык коомчулук Убактылуу өкмөткө адилет мамлекеттик система курууга көмөк кылып, иштешүүгө даяр болуп калды:

- Албетте, ар бир мамлекеттин Кыргызстандагы элчиликтери жана атайын органдары өз өкмөтүнө Кыргызстан тууралуу такталган жана туура маалыматтарды берип турушчу. Бул мамлекетти кимдер, кандай башкарып атканын айтып турушчу. Ошол себептүү ар бир мамлекет К.Бакиевди колдоордон мурда анын ким экенин карашат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө, өнүккөн коомдордо, батышта К.Бакиевдей адамдарга салым кошуудан жийиркенишет. Анткени ал жакта диктатордук, кандуу режимдерге кол сунуу абдан терс көрүнүш болуп саналат.

Жарандык коомчулук өкүлдөрү болсо 80 ашуун адамдын өмүрүн жеген окуядан соң бийликке келгендер калыс мамлекеттик системасы бар, толук сөз эркиндиги, адам укуктары сакталган өлкө курууга милдеттүү экендиктерин айтып, алардын бул жолдон четтешине жол бербей тургандыктарын айтышууда. Бул максатты орундатууга жарандык коомчулук эл аралык уюмдарды да тартуу аракетин көрүшүүдө.

Көз карандысыз эксперт Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, байкаган кишиге эл аралык коомчулук Убактылуу өкмөттү колдоп атат. Ал эми бийликтен четтеген президент К.Бакиевдин коопсуздугу чындап эле коркунучта. Анткени, аны башка мамлекеттер кабыл албачудай түр көргөзүп, өзү куралын таштабай турат:

- Дипломатияда бардык эле иштер ачык текстте айтылбайт. Байкап көрсөңөр, Орусиянын, Европанын , АКШ өкүлдөрүнүн Убактылуу бийлик менен жолугушуп, айтылып аткан жылуу сөздөр алардын позициясын тастыктап атат. Демек алар Убактылуу өкмөт менен иштей беришет.

Убактылуу өкмөт өз кезегинде К.Бакиевди кол тийбестигинен ажыратып, аны кармоо иш-чарасын баштаары менен 13-апрелде ал кайсы бир талаптары аткарылса, кызматтан кетерин айткандыгы тууралуу маалыматтар таркап кетти. Бирок К.Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев “Азаттыкка” андай маалыматтар жалган экенин билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз кулуну каяктан: Ош
16.04.2010 14:38
Кыргыз элимди бирдике,ынтымака чакырып жана да татыктуу кучтуу
Ажо тандоого чакырам.

кимден: Дина каяктан: Бишкек
14.04.2010 21:50
Бакиевчилер, элдин сотунан качып кутулсанар дагы, Кудайдын сотунан качып кутула албайсынар. Кудайдын каргышына калгандар кырылып, жок болушат!!!

кимден: Кабыл каяктан: Өзгөн
14.04.2010 21:41
Урматтуу Р.Отунбаева! Бүгүн түштүктө кырдаал бир топ оорлоп кетти. демилге Бакиев тарабына ооп баратат. Учурда бакиевчилер күндөн-күнгө таасирин улам күчөтүүдө. Бакиевди кармоо боюнча операцияны ыкчамдатпасаңар алар тез арада түштүктү ээлеп алышы мүмкүн. Аларда мыкты куралданган күчтүү колдор бар. Ошондой эле тез алар тарапка ооп кетүүчү адамдар дагы эле чоң чечүүчү кызматтарда отурушат. Убактылуу бийликке, силерге ишенип революциянын жеңишин тарттырып жибербейли.Ошондуктан бакиевди кармоо боюнча чечкиндүү чаралар көрүшүңөрдү талап кылабыз!

кимден: Курманжан каяктан: Чет эл
14.04.2010 20:59
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат. Кечке чейин актантып отургузуп койбой, тезиреек кармаш керек аны. Колу менен кылгандарын мойну менен тартканга учуру келди Бакиевдин. Орус гезиттери жазып атпайбы: Бакиев мамлекеттик казынаны какшытып кетиптир, деп. Акчанын күчү менен дагы кандай интригаларды ойлоп табат бул киши, минтип жайына койсо.
Тайваньдын мурдагы президентин дагы уй-булолук коррупцияга малынганы учун эли турмого камап койду. Азыр ал, зэктердин арасында как миленький журот, журналисттерге кол булгалап коюп.
Кыргызстан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган президенттерди кантип кулатыштын гана үлгүсүн эмес, аларды кандай жазалаш керек экендигинин да үлгүсүн көрсөтүшсүн!

кимден: muha каяктан: bishkek
14.04.2010 19:47
baarybyz bir jakadan bash ,bir jenden kol chygaralykda mekenibizdi saktap kaluudaky besh nerseni unurtpailyk.
1-tilibizdi,
2-dinibizdi,
3chek arabyzdy.
4-saltybyzdy,
5-taryhybyzdy biz bir mamleketpiz oshol ozubuzdfun mekenibizdi tynchtykta bolunboi saktap kalabyz buiursa el meken uchun tuuraby elim tynchtyk uraanynn koldoibuz!!!!!!

кимден: ПАТРИОТ каяктан: КЫРГЫЗСТАН
14.04.2010 17:52
Буткул КЫРГЫЗ ЭЛИН БИР КАРМАГЫЛА деп суранам жаны Окмоттон!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.04.2010 17:31
Ссср кыргыздын кыйын адамдарын чыккынчы деп кулака тартып калганын депрессия кылып атып избранный адамдардан аксап калганбыз.Кийин кара тамандын балдары орустарга как роботтой иштеп журуп конуп калганбыз.орустарга 70-жыл кул болгонбуз.айланайын кыргызым эми орустарды саясатка аралаштырбайлы.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: 5
14.04.2010 17:15
Акаевди качты деп атып Боке өзү чыз койду.ич ара согушту баштагысы бар,бовойт деп атып.Атаке кызга ботеке эр дегендей аны тезирээк кармаш керек.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
14.04.2010 16:35
Аты-жону жазылбаган адамга айткым келет: Негизи компьютердин мандайына отуруп алып, сайрай беруу бардык адамдын колунан келет. Азыркы Республикадагы кырдаалды жонго салуу эле оной бекен. Уйундо эки балан урушуп кетсе арачалай албай кандай шайын оойт. Жалал-Абаддагы элдик курултайдын отпой калышы мыйзам ченемдуу корунуш. Эгерде ошол жерден убактылуу бйилик окулдору Б.Бакиевдин жактоочуларына каршы иш кылышса ок атышуулар болуп кетмек. Себеби, Экс-президенттин кищилери ошондой абалды пайда кылуу учун интригаларды жасап жатканы айдан ачык корунуп турбайбы. Окмот мучолору эн туура кылышкан. Кетип калуу менен бир топ адамдын омурун сактап калышты да. Эгер ок атышуу болуп кетсе дагы канча адам курман болот эле? Курултай болоорун алар дагы билишет. Балким алдыга микрофон талашкан адамдарды коюп коюп , арт жагында куралдарын кармап кутуп туршкандыр, сен экообуз аны кайдан билебиз. Ошон учун калп эле уйундо отуруп алып кыйын боло бербей, барбайт белен ошол курултайга. Эми тынчып келаткан элдин ортосуна от жакпай, акыл калчап коруп, анан жазсан деп коптон-коп суранат элем, боордошум.

кимден: Кыргыз диаспорасы. каяктан: Россия
14.04.2010 16:04
Биз мекенден алыста жүргөн кыргыздарбыз.
Кыргызстанда болуп жаткан кан төгүүлөр, саясий оюндардын жыйынтыгы.
Эгерде азыркы жагдай оңолбосо, кыргыздар уруу, урууга бөлүнүп,
эгемендүү кыргыз мамлекетинин тагдыры реалдуу коркунучка кагылышы мүмкүн!
Убактылуу бийлик, ар бир кадамын таразалап жасаш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)