Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:15

Саясат

Р. Отунбаева: Кыргызстандын Чеченстанга айланып калуу коркунучу бар

Президент Роза Отунбаева Ош облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын лидерлери менен, ошондой эле массалык тополоң окуялардан катуу жапа чеккен айылдардын тургундары жолугушуп, алардын арыз-муңун укту. Мамлекет башчысы жолугушуу учурунда эл ынтымакташып кризистен чыгып кетпесе, Кыргызстанды Чеченстанга айлануу коркунучу күтүп турганын эскертти.

Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндөгү жолугушуулар
Текст көлөмү - +

 

Президент Роза Отунбаева Ош шаарында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан чаралар, тополоңдо жабыркагандарга жардам берүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртуу жаатында бийликтин аракеттери туурасында маалымат берди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук маселелерине токтолгон Роза Отунбаева ЕККУнун түштүк аймагына киргизилчү куралсыз полиция тобун Кыргызстан каржылабай турганын, алар тартип коргоо кызматкерлерине кеңеш берип, абалга мониторинг жүргүзүү иши менен алектенерин белгиледи.

Ош шаарында жаштар менен болгон жолугушуу учурунда өлкө башчысы июнь айындагы түштүктөгү коогалаңды атайын комиссия иликтей баштаганын, бийликти бөлүүгө аракеттенген сырткы күчтөр дале бар экенин айтты:

Азыр биригип парламенттик шайлоого жетпесек чайналып отуруп калабыз. Анда Кыргызстан Чеченстанга айлынып калышы ыктымал. Партизандык согушка бир кадам калды,”-  деди Р.Отунбаева.

Өз кезегинде жаштар ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршы болгонун билдиришти. Жаштар кыймылынын лидери Сонун Жунусбаев жаштардын артында эч кандай саясий күч жок экенин, алар ЕККУ полиция күчтөрүнүн башка да өлкөлөргө киргизилген тажрыйбасынан чочулап жатышканын айтты.

Роза Отунбаева июнь айындагы коогалаңда жоголуп, дайыны чыкпай жаткандардын туугандары менен дагы жолугушту. Дайынсыз жоголгондордун туугандары тополоңдо каза болгондорду апрель окуяларында шейит кеткендер менен тең кароо өтүнүчүн билдиришти. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө коммуналдык төлөм, айрым салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү, элдеги курал-жарактарды алуу, башаламандыкты уюштурган кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу, дайынсыз жоголгондор жана каза болгондордун жакындарына компенсация берүү талабын коюшту.

Роза Отунбаева өкмөттүн толук курамы Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарын тынчсыздандырган бардык көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышкандыгын белгиледи.

Жолугушууга президенттен сырткары вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, ички иштер министри Кубатбек Байболов, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: АлтынБек каяктан: Алмата
01.08.2010 07:33
Ар несени айтип элди алдап ЕККУ полицсиясын эптеп киргизиш учун кылып атат.Кайдагы Чеченстан андан да отуп кетти го.Бари буттуго озугуздун куч органдарына айлыгын кобойтуп мыктыларын туштуко жонотуш керек.Акаев амерканын базасын киргизди.Бакиев хипике киребиз дегенде зорго эл токтотту эле.Р Отунбева ЕККУну киргизем деп кыйнады.

кимден: (экс)Полковник КГБ каяктан: КГБ СССР
31.07.2010 22:10
Президентибиз Роза Исаковнанын айтканын колдойбуз. Кыргызстанды Чеченстанга айландырып жиберуу оп оной. Ал учун факторлор:
- геополитикалык жагдайыбыз-биз аркылуу Орто Азия бара берсе буткул Евроазияны контролго алса болот;
- калкыбыз-кыргыз калкы дунуйо жузундо шарлап журот, революция кезинде мобилный экенин корсотту, илешме-ураан
чыкырсан илешип кете берет;
- жерибиз коруктуу, кени байлыкка толо, аны издеп табыш керек. баарын космостон корушуп турат эмеспи;
- наркотрафикке ынгайлуу багыт:
- тоолорубуздун чокулары-ал жакка радарларды орноштурса Оруссия, Кытай, Индия сыяктуу колтойгон мамлекеттерди андуу жагы оп оной болу калат.

кимден: патриот каяктан: Ош шаары
31.07.2010 20:25
Кудай сактасын гоо эми бизде абал турукташа баштаганда бул эмне дегени я?Чеченстан менен кантип ушул Ош окуясын байланыштырып болот?Тооба кылгылачы?

кимден: Ахилес каяктан: Кыргызстан
31.07.2010 19:33
Ош коогаланын оштуктар гана жакшы тушунот. Бишкектеги чондор жакшы тушунбой жатканда ОБСЕ тушунмок беле. Оштуктар КТРден суйлогон "акылдууларга" ишенбейт, оштуктар коргон козуно ишенет. КТРди красанар ОБСЕ кирсе тим эле укмуш болот дегендердин дээрлик баары башка улуттагылар. Азчылыкка караганда копчулуктун укугу жогору болушу керек. Оштуктар тополонду Бакиевдер эмес УОтун колдоосуна ээ болуп копкон "лидерлер" баштаганын кордук. Бизди эми алдай албайсынар.

кимден: уланбек каяктан: турция
31.07.2010 15:17
эми кыргызстан эмнеге чеченстанга айланып калмак эле. биз эмне башка бир мамлакетке каршы боштондук курошу кылып жатабызбы. бизде азыр югославиядагы сценарий болуп жатат. аа чеченстан болсо россияга каршы согушкан. калп эле элди уу дуу кылып коркута берген деле болбой да.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.07.2010 14:10
bakasin bilbeim amerikanetster aitiwat maga kyrgyzdar siler el-jerinerdi saktap kalgila dep. kyrgyz mamleket bolgondon kiin kyrgyzcha suilogulo dep. 'you got to learn how to appreciate it' dewet. mankurt bolboilu kyrgyzdar. baardigi oz kolubuzda

кимден: Aslan каяктан: Kg
31.07.2010 13:18
Biz kimbiz? Kyrgyz kim bolgon? Emneden korkosuz biz kyrgyz jigitteri turganda! Kalaiyk kalkym ozungordu arzan baalabagyla. Urmattuu Roza Isakovna sizge kairylaar elem. OBSEnin politsiasyn kirgizboo jolun kaira karap korsonguz. Rahmat.

кимден: жарык каяктан: Ош
31.07.2010 11:54
Чечендер бир топ жыл согушуп андан сон адам сое башташкан эле, бизде 2-куну эле адамды мууздап сойгондор, тируу орттогон корунуштор болду. Чеченстандан да ото жаздадык...

кимден: jan каяктан: turkiye
31.07.2010 11:28
eey siz otunbaeva. emen adamdardyn prihikasin jakshi bilip kaldinizbi.
korkukutp orkutuup alardin koodonondo bolom dep jurgondoy koronosuz.
eger anday bolso tuura emes korunush.
je kelechekti suylogon bakshi bolup kettinizbi. anday dep da oylobos ele.
siz uluu, sapattu diplomatsiz. dpilomattar anday dep korkoutpayt. oshol sozdordu (partizandin sogush bir kadam aldibizda turat..j.b.u.s.) ayta berbeniz.

chechenderden dini faktor bar. bizdi azirincha dini sogush bolo elek. siz jasay turgan jmusj azirki uchurda ekonomikani kotoruu. ushul mamaleinin strategiyasin oylop, paydaluu mehanizm ishtep chiginiz.
eldi korkutup oltura berbey al jerde.

кимден: Анара каяктан: Семей
31.07.2010 10:59
Эми туштуктогу тополонду токтотобуз деп айтылган менен ким уюштурганын тапаса анда кандай тынчтык орнойт?Биз ким экенин билебиз деген чиновниктер ошолорду кармап эл алдында жоопко тартыш керек да,эгер тынчтык болбосо Сентябрга барган студенттер кандай кун корушот?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)