Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Басма сөз

"Дело №...": Саясий качкындар тизмеси

Эдил Байсалов 2007-жылкы шайлоодо шайлоо бюллетенин интернетке көчүрүп жарыялап жибергендиги үчүн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон.

Эдил Байсалов 2007-жылкы шайлоодо шайлоо бюллетенин интернетке көчүрүп жарыялап жибергендиги үчүн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон.

24.02.2010
Шайлообек Дүйшеев

"Дело №..." гезитинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Кубанычбек Кадыровдун “Азаттыкка” берген маеги көчүрүлүп тартууланды. Макаланын алдына мына ушул күндөрү өз өлкөсүнөн сыртта баш калкалап жүргөн кыргыз атуулдарынын тизмеси жарык көрдү. Биз да аларды атай кетели.

УТРК журналисти Кайрат Биримкулов. 2007-жылы катуу токмок жегенден кийин Кыргызстанды таштап чыгып кеткен. Ал өзүнүн сабалганын Кыргыз темир жолуна байланыштуу көрсөтүүнү экранга чыгаргындыгынан көргөн. Азыр Швейцарияда жашайт.

Таласты таштап кеткендер – Улугбек Осмонов, Лира Тантабаева, Шумкарбек Жумакеев, Азимкан Жунушалиев. Талас облусундагы Жерүй жана Андаш алтын кендерин ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев кыдырып барганда машинасына таш ыргыткандарды уюштургандар деп камакка алынарда качып кетишкен. Улугбек Осмонов уулу менен жана Лира Тантабаева Швециядан баш калканч алышкан. Калган эмигранттардын дареги редакцияга белгисиз.

Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, укук коргоочу Эдил Байсалов. 2007-жылкы шайлоодо шайлоо бюллетенин интернетке көчүрүп жарыялап жибергендиги үчүн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон. Байсаловго шайлоого тоскоолдук кылган жана мамлекетке өтө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген деген айып кюолган. Азыр ал Швецияда жашайт.

“Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова. Президент Курманбек Бакиевдин үкаларынын бири киши өлүмүнө алып келген жол кырсыгына катышы болушу мүмкүн деген жалган макала жарыялаган деп күнөө коюлгандан кийин Кыргызстанды таштап кетүүгө аргасыз болгон. Азыр Швейцарияда жашайт.

“Репортер-Бишкек” гезитинин штатсыз кабарчысы, Жашылдар партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Хабира Мажиева. 2008-жылы үйүнө кирип келген эки эркек гезитке чыккан макаланын фактыларын каяктан алгандыгын айтып берүүнү талап кылышкан. Мажиева Швецияда өтө турган эларалык жыйынга катышуу үчүн жөнөп кетип, ошол бойдон башпаанек сурап калып калып калган.

Акаев доорундагы аткминерлердин көрүнүктүүлөрүнүн бири, 2005-жылкы революциядан кийин Бишкек шаар башчысынын милдетин аткарган жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп турган Равшан Жээнбеков. АКШнын Массачусет университетинин технологиялык институтуна окууга кирген. 2008-жылы ага Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы болуп иштеп турганда кызмат абалынан пайдаланган деген айып тагылып, эларалык издөө салынды деп жар салынгандан кийин АКШда калып калган.

Оппозициядагы ишкер Өмүрбек Абдрахманов. “Бириккен фронттун” жигердүү мүчөлөрүнүн жана 2007-жылдагы апрель митингин уюштургандардын бири. Митинг таратылгандан кийин камакка алынып, биз күн абакта отуруп чыккан. 2008-жылы анын аялынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу финансы полициясы кылмыш ишин козгогондо Абдрахманов башпаанек сурап Америка Кошмо Штаттарына кайрылган. Азыр ошол жакта.

Парламенттин мурдагы депутаты, мурдагы чекисттердин бири Кубатбек Байболов. 2008-жылы саясый ишмердүүлүгүн токтоткондугун ачык жар салып, 2009-жылы АКШга көчүп кеткен.

Парламенттин депутаты, Социал-демократиялык партия лидерлеринин бири Бактыбек Бешимов.

Вашингтондогу Жонс Хонкин университетиндеги Борбор Азия жана Кавказ институтунун студенттерине лекция окуп атып Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу жашыруун чыгып кеткендигин жарыя кылган. Кийинчерээк: “Мени жок кылабыз деп коркуткандыктары үчүн өлкөмдү таштап кетүүгө мажбур болдум” деп билдирген. Азыр АКШда жашайт.

Аскер чалгынчысы, коопсуздук кызматынын ветераны жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Сыргак Абдылдаев. 2009-жылдын март айында 30 жерине бычак сайылып, эки колу талкаланып, канын көп жоготкон жеринен ооруканага түшкөн. Айгып чыккандан кийин Кыргызстанды таштап кеткен. Азыр Швецияда жашайт.

“Дело №...”
гезити мындан тышкары Бишкекте муздак суу менен ктүтүк аркылуу кетчү таштанды сууларга да баа кымбаттаганын, кымбаттоо 4 күндөн кийин же 1-марттан тартып ишке кирерин, буга чейинки тариф бааларынын өсүшүнө байланыштуу азык-түлүк баалары да өскөндүгүн кабарлады.

Ушул эле гезит: “Бишкектин көчөлөрүндө түнкүсүн жүргөндөн коркпойсузбу?” деген суроо менен кайрылды.

Акыйкатчы Турсунбек Акун:
-Мен түнкүсүн жүргөндү аябай жакшы көрөм. Коркпойм.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова:
- Албетте коркунучтуу. Бишкек түнкүсүн эле эмес, күндүз да опурталдуу.

Юрист Юрий Белегорцев: - Кээде корком. Өзүм шаардын чет жагында жашайм, Бирок шаар өтө коркунучтуу.

Врач Татьяна Свешникова: - Мен догдур катары айтсам уруп-сабоолордун, зордуктамайлардын баары түнкүсүн болот. Милийсалар кылмыштуулук азайды деген кагаз тапшырган менен зордук-зомбулуктун айынан ооруканага түшкөндөрдүн саны өтө көп.

Пенсионер Лира Драгунова: - Кантип коркпойсуң. Чаламандын чак түшүндө сабап, өлтүрүп кетип аткан өлкөдөн, албетте корком.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: - Корком, корккондо да аябай корком. Эң эле коркконум бандиттер менен милийса. Анткени так ошолор кармап алып, ур-токмокко алып, акча өндүрүшөт.

Котормочу Ирина Карелина: - Бирөөлөрдүн коштоосуз көчөгө чыккандан корком. Шаар ичи кылмышка толтура. Анын үстүнө ким бирөө кол салганда милийса жардамга келет деп ишенүүгө болбойт. Коомчулукта да милйисага ишеним жок.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Акыл каяктан: Бишкек
27.02.2010 14:15
Бирок Эдил суротко тартып мыйзамсыз иш кылды,аны моюнга алышы керек.СДПКга 15 млн.сом штраф илинген ушундай ойлонбой иш кылгандан Эдил!

кимден: Эдил каяктан: Бишкек
26.02.2010 00:41
Эдил Байсаловдун сүрөткө бюлетендерди тартып алды, кылмыш кылды деп күйгүзбөгүлөчү, андан көрө Бакиевдердин ичип жегенин жазбайсыңарбы.

кимден: Жашасын каяктан: Бишкек
26.02.2010 00:37
Жашасын саясий качкындар, силерден кыргыз эли чоң үмүт тилекти күтөт, ал эми Бакиевдерден толк жок.

кимден: Жаштар каяктан: Ысык-Көл облусу
26.02.2010 00:35
Ысык-Көл областынын жаштары өзүбүздүн агабыз Кубанычбек Кадыровдун маегин окуп абдан ыраазы болуудабыз, Кубанычбек агабыз Кыргызстанда жүргөндө бизди жаштарды колдоп көп-көп жакшы иштерди жасап жүрдү эле, бирок үй-бүлөнүн куугунтугунда аргасыздан чет жерде жүрөт, бирок ал жерде жөн жатпастан Кыргыз элин ойлоп жакшы колго аларлык иштерди жасап жатыптыр, эмне демекчибиз ишке ашсын, баарыңар биригип Бакиев бийлигин кетирсеңер жакшы болот эле. Кубанычбек байке Сизге үмүтүбүз чоң.

кимден: Биримдик каяктан: Тоң
26.02.2010 00:21
Жердешибиз КР ЖК депутаты Кубанычбек Кадыров Швецияда дагы жөн жатпай азыркы Бакиев бийлигине каршы чыгып, чындыкты айтып жатканы бизди кубандырат, ошол маегине биздин губернатор Кыдык Исаевди дагы кошуп койсо жакшы болмок. Кубанычбек туура айтып жатат "аны камоо туралуу президент өзү буйрук берген" деп, аны элдер деле айтып жатышат, аны жашырганда эмне. Эдил Байсалов дагы кыргыздын кыйын жигиттеринин бири, Кубанычбек экөө ошол жерден биригишип Кыргыз эли үчүн жакшы иштерди жасайт деген үмүттөбүз.

кимден: Курултай каяктан: Бишкек
26.02.2010 00:11
Баш калкалап чыгып кеткендерин туура эле көрөм, себеби бул бети жок бийликтин колунан баары келет, Бакиев баш болгон Ак-жолдун депутаттары төш болуп баары баш калкалап чыгып кетишсе жакшы болот эле... Баса саясий куугунтукталып жүргөндөр Курултайга чакыруу алыштыбы???

кимден: Кыргыз каяктан: Каракол
26.02.2010 00:02
Саясий качкындар деп темасы туура эмес болуп калыптыр, үй-бүлөнүн куугунтугунда жүрүшөт деп атасаңар жакшы болмок, булардын баарысы өз эрки менен жыргаганынан кетишкен жок да, буларды Бакиев бийлиги түздөн-түз кийилигишүүсү менен кетишти да. Кетишпегенде буларды Кыргызстандан жок кылып коюшмак, жөн эле ДТП болду кылышып. Арасынан жердешибиз Кубанычбек Кадыровдуку даана саясий куугунтук десек жарашат, себеби ал Бакиев жана биздин губернатор Кыдык Исаевдин бийлигине ачык эле каршы чыккан да.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
24.02.2010 14:14
Саясий эмес качкындар тизмеге адашып кирип калыптыр го.
Эдилди мен саясий качкын дебейт элем. Ал туура эмес иш кылып мыйзамды бузуп, мамлекеттик казынага зыян келтирип качып кетти.
Бюллетенди сүрөткө тартып шайлоонун алдында интернетке чыгарыш кылмыш болбогондо эмне.
     

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)