Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:17

Саясат

Тосулган жол күч менен ачылды

14-январда кечке жуук, саат алтылар чамасында Ош – Эркеч-Там жолун тосуп турган 500гө жакын адамды атайын даярдыктагы жүзгө жакын милиция кызматкерлери күч менен жолдон чыгарышты. Андан кийин нааразылыкка чыккандар менен жолугушканы Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров барды.

Текст көлөмү - +
Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган Ош-Эркеч-Там жолунун Алайдын Сопу-Коргон айылына жакын бөлүгүн бойлото төрт боз үй-тигип, нааразылык билдирип турушкан эл 14-январда түштөн кийинки үч жарымда жол тосушкан. Алар мындай кадамга мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду камактан бошотуу талабына бийликтен эч кандай жооп болбогон соң барышып, президент Курманбек Бакиевден Алайга келишин да талап кылышты.

Жол тосулган эки сааттай убакта бул жерге эки тараптан жүзгө чукул оор жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калышты. Бул жерге келген Ош облус губернаторунун орун басары менен Алай акиминин чогулгандарды ийге келтирүү аракетинен майнап чыккан жок. Ушундай кийин атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери жол тоскондорду күчтөп четке чыгарышты. Минтип күчтөп жол ачуу учурунда үч аял жапа чегип, эс-учун жоготуп койду.

Натыйжада жол ачылып, топтолгон автоунаалар кое берилди. Бирок нааразы эл тараган жок. Топтолгон эл менен жолугушуу үчүн азыр ал жерге Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров барды.

Губернатор элди маселени мыйзам жолу менен чечүүгө чакырып, жол тосуу туура эместигин айтуу менен элди тарап кетүүгө үндөөдө. Бирок чогулган элдин тарай турган түрү жок. Алар облус жетекчисине биздин өкүлдөрдү президент Курманбек Бакиев кабыл алсын деген талапты койду. Облус жетекчиси мындай талапты өйдө жакка жеткирээрин, бирок президенттин аларды кабыл алаар-албасы үчүн жооп бере албастыгын айтты.

Облус жетекчиси кеткен соң Сопу-Коргондо нааразылык акциясына чыккан элди укук коргоо органдарынын кызматкерлери “эртең келгиле, сүйлөшөбүз”,-деп таратып жиберип, алар кеткенден кийин эки автобус менен 30га чукул милиция кызматкерлери келип төрт боз үйдү чечип киришти. Боз үйдү кайтарып калышкан он чакты адам анын уук-керегесин сындырбай чечүүсүн өтүндү.

Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанарбек Акаев билдирди. Анын айтымында, нааразылык акциясына чыккандар эртең бүгүнкүдөн дагы көп чогулуп келишерин билдиришкен. Ушул тапта Сопу-Коргондо сууктун күчү -15 даражадан ашат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кайранэл каяктан: орусия
17.01.2010 22:45
Ассаламу алейкум туугандар.Кыргыздын көпчүлүгү патриоттук сезимибизди жоготуп баратабыз. Орусияда жаш кыздырыбызды ар элдин эргулдары бузуп кетип жатат, төрөт үйлөрүндө балдарын таштап кетип жатат.Ханыбыз жерибизди такыр кылып, көзгө көрүнгөн азаматтарды четтен кыйратып бийликти менчигине өткөрүүнү көздөп жатат. Ойгонгула, Каримовдун бийлиги келерине аз калды....

кимден: nur каяктан: алма-ата
17.01.2010 20:27
Алманбет Бакир Бакиева же корупционерлерден же анын балдарынансынар го. Козунорду ачкыла эмне болуп жатат. Эл аралык аренада КР аброю калбай калды.
Казакстан КР граждандарын кууп кыйнап кордой баштады кунуно жуздогон адамдарды департ кылып КР граж жумуш иштоо эркинен ажыратты а биздикилер алардын укугун коргоо ордуна каркыраны понсионатты берип эли свети жок олтурса электр энергияга аванс алып койдук деп кыйкырып журушот.
Рассияны айт Путин Семейный бизнес болуп жатат деп кредиттен баш тартты озбектерчи электро союздан чыгып КР менен эсептешпей койду.
Каз, Узб, Турк, Кытай газ боюнча проектке кошпой койду. АКШны айтпаса да тушунукту

кимден: Нарынбек каяктан: Россия
17.01.2010 18:00
Элине жараша ханы болот дегендей. тилеке каршы Алмамабет жана Бакир сыяктуулар Кыргызстандын келечегне кайдыгерлер .(пас адамдар.) Адам баласынын айырмачылыгы ( башка жаныбарлардан) Акылы .тили менен жашоо шартын илгерлетуу аракети болуп келген .Бугунку кунда Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабагандар .ар-кандай аракет кылууда . Алай эли .биз чет элде жургондор сиздер мененбиз.

кимден: Бакир каяктан: Кадамжай
17.01.2010 02:59
Алмамбет туура айтат. Эми генерал Исаков министрликтин уйун баласына мыйзамсыз откоруп берген сон, анын жазасын соссуз алыш керек да.
2 комнат уйго 8 жыл берди дегендерге тан калдым.
Бишкекте 2 комнат уй канча турарын билесинерби?
Кол менен жасаганды моюн менен тартыш керек. Качанга дейре жол тосмой боло берет.
Исаков кыргыздын бир жараны. Бакиевдин да статусу ошондой.
Эми болду да. Жамал айткандай кечке эле наалый беребизби. Орто кылым эмес го.

Дуйнодо кыргыздан башкасы жол тосуп бийликти утур эле кетире бербейт. Куловго окшоп ортозаар саясатчы Исаковду улуттук баатыр кылып жибердинер го. Исковдун сотто уй балама кантип отконун тушунбойм дегенин "Дело №"ден окудунарбы.
Бир уйду откоруп алып, билмексен болуп анткорлонгонуна жол болсун.
ИСАКОВ саясаттан кетсе, кыргыздын уучу кур эмес, толтура азаматтар, иштешет. Исаков кетсе акыр заман болмок беле? 2-3 айда бошойт. Уйду кайрып берет, болду да.
Бакиев кетсе кайра келип алат. Ушундай айлампа болуп калбадыбы. Дуйного кулку болгондон башкага жарайбызбы деги.

кимден: koldyk kyz
16.01.2010 05:18
Алмамбет. USA сыяктуулар, силер эл бийлик үчүн эмес, акыйкаттык үчүн, адилеттик үчүн какшаган суукта зар какшап турганын түшүнбөй жатасыңар же түшүнгүңөр келбейт. Силер тилиңер менен какшап, какшыктап жүрө бергиле, аңгычакты тилди кыскарткан тоталитардык режим келеп калат, азыр келип калбаса еле.

кимден: asel каяктан: kyrgyzstan
16.01.2010 00:41
Urmattuu Almambet baike!!!!(taryhchy) Siz eldi kakshyktagandyn orduna, byiliktegilerdi soz yrgytsanyz bolmok... Eldin maksaty prezidentti ketiruu emes, chyndykty, adilettuuluktu talap kylyp jatat. Bul sozunuzdon siz akylynyzdyn tomondugun bildirdiniz, tyshynygynyz anchalyk ele kem eken!!!

кимден: asil каяктан: kg
15.01.2010 20:29
Убагында Акаевди анын кызы Берметти ээрчишкен, азыр БКС анын уулу Максты \пацанды\ ээрчишкен оздорун алайлык санашкан Султанов менен Келдибековго умуттонбой эле койгула. Кээ бир кыргызга бийлик, байлык берсен коздорун тез эле май басып ак менен караны ажырата албай калат деген туура экен.

кимден: ЖАМАЛ каяктан: БИШКЕК
15.01.2010 17:21
УШИНТЕП ЭЛЕ НААЛЫЙ БЕРЕБИЗБИ, КАТЫНДАРГА ОКШОП.

кимден: Жээнбек каяктан: Нарын
15.01.2010 15:09
Буюрса Бакиевди кудай урганы калды. Анткени ал элине кас болду да калды. Ошон учун Бакиев озун токтоосуз Кокон Хан деп жарыялап, АКШ, Россиянын базаларын кетириши керек. Болбосо былтыйып Бишкекте Ак Сарайда олтурбасын. Бакиев озун-озу Хан деп жарыялагандан кийин алайлыктар тарап кетиши керек.

кимден: USA каяктан: USA
15.01.2010 14:52
EE kalaiyk kalk bir jagynan jol toskon tuura,birok al koptogon biznestin jolun tosot.Bakiev bayke da tuura emes kylyp jatat,meili kyrgyz elim eger Isokovdu da jygaryp aldyk deili anan kimdi shailaibyz?emne Isakovdubu?je bashka tatuktuu syimyktangan liderin barby?baarybyz tuulgandan beri korups9nyn tamagyn jep chonoiduk,dagy ele oshol ele karups9 kaitalana beret.kyrgyz elimdi tabi9 kyrsyktarynan sakta ee ALLAHYM.ozun sabyr ber!!!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине