Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

И.Исаковдун 85теги апасы Анипа эне да ачкачылык жарыялады

Маалымат жыйынында. Оңдо - депутат Р. Отунбаева, ортодо - Э.Турганбаева. Бишкек ш.  2010-жылдын 25-январы.

Маалымат жыйынында. Оңдо - депутат Р. Отунбаева, ортодо - Э.Турганбаева. Бишкек ш. 2010-жылдын 25-январы.

25.01.2010
Жаркын Темирбаева

Мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун камалышына нааразы жактоочулары бүгүн Бишкектеги жана Алайдагы саясий акциялар тууралуу маалымат беришти. Бул жыйын “Бакиев репрессияны токтот, саясий туткундарга боштондук” деген ураан алдында өттү.

Маалымат жыйынында алгач депутат, оппозициячыл Социал-демократиялык партиянын парламенттеги тобунун жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, Алай районуна барып келгени тууралуу жыйындын катышуучуларын кабардар кылды:

-  Карапайым эл деле Исмаил Исаковдун соттолушун түшүнүп жатышат. Калыстык жок, каралоо иш болуп атканын эл сопсонун түшүнөт экен. Эл билип, колдоп атат. Керек болсо жолду бууйбуз дешип ачууланышууда. Биз мыйзамсыз жолдорго барбагыла, кереги жок дедик. Анан ачкачылык акциясын тыйып атсак да болбой, кармап жатышат...

Депутат айым ошондой эле Алай районунун тургундары жол тосууга чейин барышканын, андай кадамдарга барууга аргасыз болушкан жарандардын ар биринин үстүнөн кылмыш иш козголгонун айтты.  Бул маселе депутаттар арасында кайчы пикирлерди жаратып жатканына токтоло кетти.
 Бакиев бул өлкөнү оңдойм деп бийликке келген да. Акаевдин бийликтен кетишинен сабак алса болот эле...

Бишкекте ачкачылык жарыялап отургандардын бири өзүн тааныштырып, революциялык жол менен бийликке келген Бакиев, мурдагы президент Акаевдин бийликтен кеткенинен сабак алса болот эле деген пикирин айтты:

- Мен Боромбаева Сайрабүбү, Кеминден болом, жетимиштемин. Исмаил Исаковдун камалышын, угуп үйдө отура албай, аябай нааразы болуп келдим. Акаев кеткенден кийин Бакиев бул өлкөнү оңдойм деп бийликке келген да. Акаевдин бийликтен кетишинен сабак алса болот эле. Элдин укугун коргойм деген болчу.

Нааразылыкка чыккандар Исмаил Исаков боюнча сот өкүмү акыйкат жагына өзгөрбөсө, мындан башка да ар кандай саясий нааразылыктарды уюштура тургандыктарын да билдирди.

Бул маалымат жыйынында Алай районундагы Исаковдун азаттыгын талап кылып нааразылык акциясын өткөрүп жатышкандардын бир өкүлү Элмира Турганбаева сөз алып, ушу тапта Исмаил Исаковдун жердештеринин кыймыл-аракеттерин, алардын күч органдарынын зомбулуктарына кабылышкандарын тастыктады. Бирок күч органдары канчалык нааразылыкка чыккандарды күч менен токтотууга аракет жасашпасын, Исаковдун камактагы абалы оң жагына чечилмейин, токтотулбайт деди:
Канчалык коркутуу болгон сайын, элдин жүрөгү жалтанып, тыйылып калган жок. Күндөн-күнгө нааразылыкка чыккандардын катары көбөйүүдө...


- Бизди кар күрөгөндөй эле күрөп салды. Керек болсо кол көтөрүштү. Ага жооп кайтарганыбызда канчалаган адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралмак. Ушундайча ызы-чуу болдук. Канчалык коркутуу болгон сайын, элдин жүрөгү жалтанып, тыйылып калган жок.

Күндөн-күнгө нааразылыкка чыккандардын катары көбөйүүдө. Алай районунда Исмаил Исаковду коргоо боюнча алты комитет түзүлдү. Ал эмес Исмаил Исаковдун 85 жаш курактагы апасы (Анипа Маматисаева) уулунун азаттыгын талап кылып, ачкачылыкка отургандардын катарына кошулду.


Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Алайдын Сопу-Коргон айылында уруксатсыз нааразылык чара уюштургандарга жана Ош-Эркеч-Там жолун тоскондорго мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдирди.

- Бардыгы мыйзам алкагында болот. «Алайлыктарды Ош облусунун райондору колдоп атат. Башка жерлерде да чыгып жатыптыр» деген жалган маалымат. Абайлап карасаңар, массалык маалымат каражаттарында жалаң бир жактуу кабарлар жайылтылууда.

Кайсыл аймакта кимди колдошпосун, ар бир кадамы укук нормасынын чегинде болушу абзел. Дагы бир ирет кайталаймын, соттун ишине кийлигишүүгө бир дагы инсандын, мамлекеттик кызматкердин же органдын акысы жок.

Биринчи инстанциянын өкүмүнө канааттанбагандар кийинки тепкичтеги сотторго даттанып, маселеге чекит койдуртса болот.

Ал эми жол тоскондор, курулай кыйкыргандар, коомдук тартипти бузгандар, иши кылып чектен чыккандар тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан сөзсүз жазаланууга тийиш.

Бирок ага карабай оппозициячыл лидер, генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлери өз талаптары аткарылмайын нааразылык чаралары токтотулбасын билдиришүүдө.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Акыйкат каяктан: Москва
02.02.2010 03:04
Эгерде арткы дүйнө жок болсо бул дүйнө адилетсиз болоор эле дейт улуу окмуштуу.
Элдин наазары тийсе эч бир саясйи ачкачылык, мезгилсиз митинг же башка окуяларга карабай Бакиевдердин жер карай турган мезгили да заматта жетип келээр...

кимден: A
29.01.2010 01:50
Зарлатпа бүгүн кыргыздын кары ак чачын.
Чамаңды сезип өзүң да ойлоп турасың,
Камандар бүгүн чачты го элдин акчасын.
Карагым КУРМАНБЕК айланам сенден каралдым,
Башкалар сага мылтыктын огун ачпасын!

кимден: Aidai
28.01.2010 16:01
Baarynan da Chachtarachtyn anekdotu jakty da

кимден: Бакыт каяктан: Москва
27.01.2010 23:14
Жыландын баласына дагы жамандык каалабаш керек. Өмүр тез эле өтөт эгер чачтын агарганын карасаңыз...

кимден: Алайгул каяктан: Алай
27.01.2010 19:19
Ак ийилет, бирок сынбайт. Исаковдун актыгына баарыбыз ишенебиз жана билебиз. Исаковду Алай элинин 98 % и колдоп турабыз.2 %ти баардык эле жерде кездешчү ич-күйдүлөр, көрө албастар. Исаковдой тайманбас, от жүрөк, чыныгы элдик генералыбыздын бардыгына сыймыктанабыз. Көчөгө чыгып ызы-чуу кылбасак анын азаттыгын кудайдан тилегендер көп. Кудай алардын да ыйын, сөзүн, тилегин угаар. Жогору жактагы атка минерлер күнөөнү койсо да окшоштуруп коюп, бул жалганга түбөлүк түркүк болчудай болбой кичине кудайдан коркуп коюшса боло. Ал эми М. Бакиров сыяктуу "Арзыматтар" Алайга келип эл кыдыраарын ойлоп коюшсун. Жаныңарда 5-6- ак үйдөгү кошоматчылар колдоп жүргөнү менен эл силердей эки жүздүү, кошоматчыларды жек көрөөрүн эсиңерден чыгарбагыла. Исаковго ИЙГИЛИК!

кимден: rat каяктан: tushtuk koreya
27.01.2010 18:48
Elim oigon !!!Jerindi da satty, svetindi da satty,emi elin kaldy!!! Isakov chynygy patriot,men aldagy politikterge koshulbaym,general Isakovdu kop politikaga aralashtyrbagyla.Bul chynygy general kanday sottolbosun generaldyk naamga akysy any Akaev da,Bakiev da bergen emes,chynygy emgek sinirip algan.Menin kuigonum ushul kyrgyzstanga korunuktuu chynygy generaldy ushintip tup tamyry mn jok kylabyz dep araket kylyp jatkanyna ichim kuiot. General Isakov ozunuzdu kolgo alynyz salgylasha turgan ubak keldi akyryna cheyin turunuz el siz mn anan janyndagy koshomatchylarga ishen bei ,ozunuzdun oiunuzga ishenip ish kylynyz. Kuudai buirusa sizdi kerek bolso Prezidentke tatyktuusuz!!! Azyrky ubakta kyrgyzstanga ushundai askerdik kishi kerek!!! Elim alga!!!

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
26.01.2010 20:43
Урматтуу Мамасадык Бакиров сиз элди эч качан коркутбаңыз. Мыйзам чиновнике да, карапайым элге да бирдей болсо кана. Кана ошол бирдей мыйзам. Сиздер карапайым элди коркутуу жана үркүтүү жолу менен жазалап жатасыңар. Сиз ошол кабинетиңизде эмне билип отурасыз кайдагы жалган маалыматтарды алып отурасыз да. Сиз элди кайдан билесиз пикетке чыгам десе элдер керек болсо бир күндө да чыгып кетет. Ошон үчүн жогорку органдарга туура маалымат жибергиле. Кайдагы жалганды жибербей.

кимден: Кайрат каяктан: Казакстан
26.01.2010 20:07
М.Бакиров ошентип алайлыктарды коркутпастан отставкага кетип калбайбы. Кудай улакты жаратканда деле шыбагасын кошуп жаратат ишсиз деле күнү өтөт. А бирок ага духу жетпесе керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.01.2010 13:31
Анекдот.
Бакиев чачтарачка келип чачын кыскартып атат дейт.
Чачтарач Бакиевден Исаков жөнүндө сурай берет экен.
-Исаков чындап эле бюджеттин акчасын жептирби-?
-Сот ошондой чечим чыгарыптыр го ошондой болсо керек...
-Сиз ошого ишенесизби-?
-Ай чачтарач сен өзүңдүн ишиңди эле кылбайсыңбы ,сага баары бир эмеспи,же сен эмне Исаковдун тууганы болосуңбу же алайлык болосуңбу?-деп ачууланыптыр.
Чачтарач:
-чындап эле мага баары, бир мен алайлык да эмесмин, исаковдун тууганы да эмесмин, бирок Исаков жөнүндө сураганымда сиздин чачыңыз тик туруп кетип атат, мага кыскартканы оңтойлуу болуп жатат.

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
26.01.2010 11:29
Кантсе да адам уулу эмеспизби, кар жаады, из жашырылды дегендей өткөндү тез эле эстен чыгара коебуз.Сайрабүбү эне эң туура айтыптыр, өткөндү унутканды келечек кечирбейт. Качанга чейин таза, адилет иш туткан адамдарыбызды соттоп, камап, миллиондорду омургандар сайрандап жүрө берет. Манастын урпактары, Кыргыз деген атка татыктуу бололучу. Карылардын каргышын албай, алкышын алган эле жакшы. Исмаил Исаковду соттосоңор да ал жалпы Кыргыздын уулу. Нак алтынды дат баспайт. Учкундан жалын тутанат деген орус революционерлеринин сөзүн да унутпай жүргөнүбүз жакшыдыр. Бизде учкун эмес өрт башталып калды окшойт... Аман эле болсунчу жыргалдан кууралы көп, тогунан ачы көп Кыргыз элим.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)