Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:20

Саясат

Алайлыктар 23-февралды “Ата Мекенди кордоо күнү” деп жарыялашты

23-февралда И. Исаковдун Алайдагы жүзгө чукул таламдашы райакимчиликтин алдында пикет уюштуруп, Ата Мекенди коргоо күнүн Ата Мекенди кордоо күнү деп жарыялашты. Алар ошондой эле мындан ары ачкачылык жана башка нааразычылык акцияларын улантышаарын билдиришти.

Текст көлөмү - +
Гүлчө кыштагында, Алай райондук акимчилигинин алдында, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жүзгө жакын таламдашы чогулуп, азыркы бийликти генералды ак жеринен каматкандыгы үчүн катуу айыпташты.

- Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусу жоголсун!

- Акаевден ашып түшүштү.

- Кетсин Бакиев!

- Генералга – боштондук!

14-январда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондугу үчүн камалып, акчалай айыпка жыгылган Аскалы айылынын тургуну Шайназар Оторов буларга токтолду:

- Биз жалгыз эле Исаков эмес Кыргызстандын жаркын келечегин ойлоп жатабыз. Атчан, жөө жана машина жүрүш жасап Бишкекке дейре барабыз. Мурда бийликти алмаштыруу оюбузда жок эле, эми муну кылууга аргасыз болуп атабыз.

Ал эми эмчектеги баласын көтөрүп чыккан Эллада Мырзакулова энелердин нааразычылыгын төмөнкүчө туюндурду:

- Куловдун темирдей генерал экенин билбеймин, бирок Исмаил Исаковду жолборстой күчтүү, эрки бекем, накта элдик генерал катары эсептейм. Аны туура эмес камашты. Сотторго – наалат! Курманбек Бакиев, Исаковду бошотуп коюңуз, антпесеңиз, мендей энелер толтура, аны коргоо үчүн бала-чакабызды жетелеп алып революцияга аттанабыз.

Жашы сексен экини таяган Ороз Мусаев аксакалдардын президент Бакиевге капачылыгын мындайча ачыктап, акыйкат режимди орнотпогондугу үчүн алар эртедир-кечтир жазаланаарын кошумчалады:

- Ушундай мамлекетти, ушундай бийликти кайсыл эл колдойт? Эл бүтүндөй Курманбек Бакиевге нааразы. Анын өзү жана үй-бүлөсү амалдан кетмейинче, заман тынчыбайт.

Ушуга улай Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев санаалаштары 23-фераль – Ата Мекенди коргоочулар күнүн Ата Мекенди кордоо күнү деп жарыялашкандыгын билдирди:

- Кыргыз армиясынын башында турган адамды себеби жок камашты. Бул кыргыз армиясын, ал аркылуу бүтүндөй кыргыз элин кордогондукка барабар. Мындай зордук-зомбулукка мындан ары чыдай албайбыз.

Айтпай Жээналиев ушундай кырдаалда кыргыз армиясында кызмат өтөгөндөрдү эл тарапка кошулууну суранды.

Кепти улаган Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Курманжан Сапарбаева ар кандай опузалоо алардын мизин майтара албастыгын ачыктады:

- Баш көтөргөндүн бардыгын чекеден атабыз деп атышат. Биз түрмөдөн дагы, өлүмдөн дагы коркпойбуз. Биз атылсак мейли, бирок чындык үчүн ага дагы кайылбыз. Биз кечээ жаралган калк эмеспиз. Биз илгертеден акыйкатчылык үчүн күрөшүп келгенбиз. Биз ушул күрөштү эч качан токтотпойбуз. Бизди эч ким коркута албайт!
Айтпай Жээналиев "Азаттыктын" кабарчысы Алишер Токсонбаевдин суроолоруна жооп берүүдө.

Кайрадан сөзгө аралашкан Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиевдин айтымында, алардын тарапкерлери мындан ары бийлик менен элдешпейт:

- Мындан аркы күрөш катык болот. Эми бийлик менен чындап кармашабыз! Бакиев режими куламайынча, Алай эли тынчыбайт.

Айтпай Жээналиев бүгүндөн тарта Сопу-Коргондо он чакты адам генерал Исаков бошотулмайынча, ачкачылыкты улантаарын белгиледи.

Ошентсе да, пикетке абай салган Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Равшан Сыргаевге жолукканыбызда, бүгүнкү акция учурунда мыйзам бузуу болбогондугун, эл тынч гана чогулуп, бугун чыгарып тарап кеткендигин маалымдады.

Ал эми Алай районунун акими Алмазбек Осмонов пикетчилердин талаптары мыйзамсыздыгын белгиледи:

- Чоң чиновникке дагы, көчөдө жүргөн адамга дагы мыйзам бипбирдей. Бардыгыбыз ага баш ийишибиз абзел. Эч кимдин, анын ичинде элүү адамдын элдин атынан сүйлөөгө акысы жок. Ар бир жаран өзү үчүн жооп берүүгө тийиш!

Райондун башчысы Алмазбек Осмонов нааразычылык акциясынын катышуучулары чектен ашып баратса, аларга карата чара колдонулаарын эскертти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Руслан каяктан: Москва
25.02.2010 02:46
Урматтуу калайык калк, биз бул бойдон калбашыбыз керек. Биз акыйкатка жетишибиз керек,болбосо бийлик. И.Исаковту емес .Исаковтон башка канча,чыгаан.Эр азаматтарды жок кылып жатат.Азыр биздин жашоо,шахмат сыйяктуу болуп турат.Демек ойлонуп адашпай кадам таштоо керек, аркага чегинбейли, бироо бары үчүн баары бирөө үчүн .Алайга колдоо көрсөтөлү

кимден: Эрлан каяктан: Кыргызстан
24.02.2010 18:05
Алай эли кыйын экен. Жекшенкуловду камаганда мынчалык ызы-чуу болгон эмес. Генерал Исаков ак экенин, анын мыкты иштегенин кыргыздын баары билет. Нарындыктарга рахмат. Тоонун аркы-бетиндеги Алайлык туугандарын колдоп Исаков акталсын деп айтып чыгышты. Эмне деген шермендечилик жон жерден 8 жыл деп, чинин алып салып... Мен да 23-февралды Мекн коргоочуларды кордоо куну катары тарыхта калтырууга макулмун. Эми кайсы офицер ак иштеп генерал болом дейт, Ак, адал иштегендерин камап жатса.

кимден: Азамат каяктан: Ош
24.02.2010 17:58
Оозу менен орок оруп, Аксы - Алай деп биринен-бирин кыйын санабагыла кыргыздар!!! Кыш чилдесинде адилеттүүлүк үчүн чыгып жаткан Алайлыктарга кайрат тилеп, катарына кошулгула! Алай, Аксы, Нарын... тоолор козголгондо иш чатак болот Жамгыр да тоодон башталат Тоолуктар жоош-момун, ачык-айрым келебиз. Бирок акыйкатсыз нерселерге чыдайбай кетебиз. Элүү, алтымыш адам чыгып жатабы кеп анда эмес, кеп ошол намыс үчүн чыккан элдин деминде!!!

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
24.02.2010 17:05
Урматтуу генерал Исмаил мырза! Мага азыр ойлонуп олтуруп бир идея келди.Мен келечекте 1991-жылдын 31-августундан баштап ушул күнгө чейин Кыргызстандын чек арасы кандайча чечилип келе жатат, ким качан кимге канча жерди сатты, кайсы өкмөт парламентке сунуш кылды, кайсы депутаттар колдоду, же былтыйып калыс болду,чек ара боюнча чындыкты сүйлөп камалган, соттолгон, куугунтукталган адамдарды, карапайымынан баштап депутат генералына чейин, түстүү сүрөттөрү менен, гезит,журнал, телевидениеге чагылдырылган маалыматтарды да кошуп китеп кылып чыгарам.Ошол китепке Сиздин сүрөтүңүздү сыймыктануу менен чыгарамын. Бул китеп жер сатарлар боюнча урпактан урпакка кала бере турган болгудай. Бакиевге кыйын болуп калат го....Үзөнгү кууш, Аксы...Каркыра...

кимден: Кыргыз каяктан: Мигрант
24.02.2010 16:55
Жакырчылыктан түштүктөгү кыргыздар массалык турдо чет өлкөгө кетип атышат.Өлкөнүн чек ара бүтүндүгү дегенде ичкен ашын жерге койгон Генерал Исаковду ички душмандар камашты! Эми эмне кылабыз? түштүктөн кол жууп калбайбызбы? Кошуналар түштүктөгү жерлерге көз артып жүргөнү жашыруун эмес.Ойлонолу.Кыргызстаныбыздан айрылып калсак, саясат бир тыйынга арзыбай калат.Төмөнкүдөй сунуш кылам: 1) Генерал Исаков акталсын 2) Бакиев кетсин 3) Элдик бийлик орносун 4) чек ара маселеси тезинен такталсын(талаш маселе канчалык көпкө узаса ошончолук кошуналардын пайдасына чечилет)

кимден: Доорон каяктан: Ош
24.02.2010 16:51
Аты-жөнүн жазалбаганга, бир жерде олтуруп алып баары эле жаза берет мындай тигиндей деп. Азыр барчы Алайга кандай суук экенин көрөсүң, биз Генералды баарибир чыгарып алабыз күн жылысын

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
24.02.2010 15:09
Алай эли токтоо, салкын кандуу, акылдуу, оор басырыктуу, салт-санааны билген улуу эл.Бул эл Ошко атчан келип, көп жыл мурун мыйзамды бузуп, Ошту алабыз деген айрым туугандардын жети атасын үч коргондон тааныткан эл .Бул эл бир толкуса мыйзам бузгандарга көрсөтүп койчу эл. Анан таза кандуу Нарын да Исаковдун бошотулушун талап кылууда.Абдан кубандым.Кем болбогула, Нарындык боордошторум!!!

кимден: ЖОЛОМАН каяктан: МАНКУРТТУН ҮЙҮ
24.02.2010 14:54
Молодежь Кыргызстана-трудовые миганты России, вынужденные покинуть свою страну потому что нет работы на родине решили объединиться в движение "БИРДИК".

Мы будем вместе выступать против того беспредела. что творит Посольство Кыргызстана в России в отношении наших мигрантов,на слезах и поте которых они делают свой черный бизнес.

Мы будем вместе выступать против того беспредела, который творится у нас на Родине, когда любого, кто выступает против власти начинают преследовать.

Движение "БИРДИК" отлично понимает, что 70 заказных убийств и более 40 нападений на журналистов в течение 5 лет правления К.Бакиева наводит на определенные выводы. Мы имеем дело не с политическим оппонентом, мы имеем дело с хунтой.

Мы будем оказывать свою помощь всем, кто будет преследоваться властью за свободу слова, кто будет преследоваться за отстаивание прав человека.

Сегодня мы вместе с теми, кто отставивает права И.Исакова, А.Джекшенкулова, Э.Булекбаева, балыкчинцев, ноукатцев. Мы поддерживаем все лоунги выдвинутые алайцами, аксыйцами, молодежью-кыргызстанцами в Америке, в Европе.

Движение "БИРДИК" не претендует на власть, свой кусок хлеба мы зарабатываем без властных кормушек.
Движение "БИРДИК" за справедливость!
за права человека!
за единство нашего народа!
за сохранение нашей Родины!

Мы ВМЕСТЕ - мы СИЛА.



кимден: Асамидин каяктан: Ош шаары
24.02.2010 14:18
Алайдагы элдин ырайын көрбөй туруп эле сого бересинерби? Ал жактагылар керек болсо Исмаил Исаков үчүн эмес жалпы Кыргызстандын болочогу үчүн каны-жанын аябай, кашык каны калганча салгылашканга даяр турушат.
Эгерде силер эр болсоңор Алайга барып, ошолорго бир эле күн кошулуп олтуруп көрбөйсүңөрбү?
Алайлыктар деле арыстандан, а түгүл аксылыктардан кем эмес.

кимден: Толкун каяктан: Мухит
24.02.2010 14:04
Жок, Алайлыктар ынтымактуу эле азырынча. Күндүн жылышын күтүп жатышат. Алайдын географиялык шарты да катаалыраак. Исаковду колдогондор ар бир үй-бүлөдө бар. Мен өзүм алайдан болгон үчүн айтып жатам. Түгөнгөн сайын түтөп, акыры Исаковду бошотуп албасак элдигибизге шек келтиргендер чыгып жатат жердештерим. Биз түтөй беребиз. жаздын келиши менен дуулдап тоо-тоолордон, кокту-колотттон түшөбүз да, ошондо көрсөтөбуз Алай эли акыйкаттык үчүн кандай күрөшөөрүн!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)