Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:21

Саясат

Кооптондурган курултай кармоо менен аяктады

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов 5-августта Балыкчы шаарына кетип бараткан жеринен бир нече жакын адамдары менен колго түштү. Алар кетип бара жаткан унаалардан курал-жарак, ок дарылар табылган. У.Барктабасовго кылмыш иши козголуп, учурда сурак бере баштаганы маалымдалды. Ал эми анын тарапкерлери курултай учурунда бийликти тартып алуу, башаламандык уюштуруу пландалбаганын айтып жатышат.

Текст көлөмү - +
У.Барктабасовго карата "массалык башаламандык уюштурду", "бийликти күч менен тартып алууга аракет кылды", "куралдарды мыйзамсыз алып жүрдү" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Анын кармалышы жана алар уюштурган курултай боюнча президент Роза Отунбаева, Башкы прокурор Байтемир Ибраев жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 5-августта журналисттерге маалымат беришти.

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева өлкө парламенттик шайлоону өткөрүү алдында турганда башаламандык уюштурууга, экинчи ирээт бийликти тартып алууга аракет кылган У.Барктабасовду кармоо туура чечим болду деп эсептейт. Ал коомчулукка тараган түрдүү имиштерди четке кагып, кооптонууга негиз жок экенин белгиледи. Буга чейин Бишкекте дагы бир толкун болуп кетиши ыктымал деген имиштер тараган болчу.

- Шайлоого баралы деп турабыз, шайлоо жакшы өтсүн. Эл азыр кандай болот деп бизден да сурап атат. Биз коопсуздукту камсыз кылабыз. Андан кам санабай эле койгула. Анын өзү кылмышкер экени боюнча бизде иштери бар. Бул экинчи жолу ушундай жолго барып атат. Беш жыл бир жерде жүрдү, бир жактан учуп келип эле анан “бийлик мага арналган, мен бийликти алышым керек, отуруп калышым керек” десе эле биз аны алып келишибиз керекпи? Бийликти күч менен тартып алам деген аракеттерине биз ушундай жооп бергенибиз туура деп эсептейм.

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасав 5-августта Бишекте өзү жана жактоочулары
 тарабынан уюштурулган курултайга Ысык-Көлдөн келе жатканда атайын аракеттердин
натыйжасында кармалды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматы боюнча, У.Барктабасовду кармоого аталган кызматтын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. К.Дүйшөбаев аны менен бирге 27 адам кармалып, алардан курал-жарактар алынганын кошумчалады.

- 27 эң активдүү деген адамы кармалды, алардын 12си уюштуруучулары. Арасында Урмат Барктабасов да бар. Ысык-Ата - Санташ айылында тоонун этегинен жүгөрү талаасынан кармадык. Анын жактоочуларынан 8 даана курал алынды. Алар автоматтар, пистолет жана мергенчилик мылтыктары. Мындан сырткары аскердик граната, 200дөн ашуун ок-дары алынды.

5-августта түшкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарындагы Горький аянтында чогулган Урмат Барктабасовдун 3000 чамалуу тарапкерлери жогорку бийлик өкүлдөрү отурган Жогорку Кеңештин имаратына келишкен. Алар Урмат Барктабасовдун Канттан Бишкекке киргизилишин талап кылышкан.

- Урматтын бул жакка келишине уруксат беришсин. Элдин атынан Урмат Барктабасов эл башы, премьер-министр болуп дайындалсын.

Мына ушундай талап менен чыккан курултайдын уюштуруучулары Р.Отунбаеванын эл алдына чыгышын, Убактылуу, техникалык өкмөт өкүлдөрүнүн кетишин талап кылышкан болчу.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев курултайга чогулгандарга акча таратылганын жана У.Барктабасовго каражат мындан үч күн мурда Бакиевдердин жакындарынан келгендигин белгиледи:

- Буга Курманбек Бакиевдин туугандарынын түзмө түз байланышы бар. Каражаттар ошол тараптан келген. Бизге анын кайсы жол менен келгенин, ким алып келгенин жана кантип таратылганы маалым. Биз азыр бул боюнча атайын иликтөө ишетрин жүргүзүп жатабыз. Анын бардыгы тергөө иштери учурунда ачыкка чыгат.

Буга чейин У.Барктабасовго карата Казакстандын тиешелүү органдары коррупциялык иштерге жана
экономикалык кылмыштарга катышы бар деген шектенүү менен кылмыш ишин козголгону айтылган. Ошол себептүү ал кармалса Казакстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экени белгиленген болчу. Кыргызстандын Башкы прокурору Байтемир Ибраев Казакстандан У.Барктабасовдун кармалышы боюнча гана сураган кагаз келгенин белгиледи. Анын белгилешинче, эми алар У.Барктабасовдун Казакстан жараны экенин тастыктаган баракча менен бирге, өткөрүп берүү боюнча катын жөнөтүшү керек.

- Бул маселе боюнча да казакстандык прокуратура менен талкуулайбыз. Азырынча бул маселе жок. Биздеги иштер боюнча Кыргызстанда да тергөө жүрүшү керек. Андан кийин гана каралышы кеерк. Анктени мурда тергөөчү алты жолу расмий түрдө чакырган, бирок У.Барктабасов келбей койгон.

Б.Ибраевдин айтымында, “Мекен Туу” партиясынын лидерине 2005-жылдагы Ак үйгө киргүүгө жасаган аракеттери үчүн кылмыш иши козголгон.

Ал эми У.Барктабасовдун тарапкерлери курултай учурунда башаламандык уюштуруу же бийликти тартып алуу пландалбаганын белгилеп жатышат. Алардын айрымдары партия лидеринин Казакстандын жараны деген маалыматка да ишенбейт. Урмат Барктабасов өзү так талашпай эле, элдин таламын талашып жатканын “Азаттыкка” 4-август күнү мындай деп билдирген:

- Биз элдин таламын талашып жатабыз, так талашкан жокпуз. Элдин каалоо-тилеги бар, аны эске алыш керек да. Элдин тынчы кетип, түштүктө, түндүктө болгон окуяларга кыжалат болуп турат. Эл бүгүнкү күндө калыстыкка, адилеттикке муктаж. Ушул маселелер орду-орду менен турса эле кырдаалдан чыгып кетебиз.

“Мекен Туу” партиясынын лидери кармалганга чейин анын жактоочулары өз талаптары аткарылышына катуу турушарын айтышкан. Эми алар кандай аракеттерди көрө турганыдыгын ачыкташа элек.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: КЕНЯ каяктан: Бишкек
11.08.2010 09:34
Кыргыз элим азыр абдан кыйналып турат,у.Өкмөт деле жалаң өзүнүн кишилерин коюп жатат бийлике,ошон үчүн Урматты деле байкап көрсөк болмок,бизге азыр кыргызстандын байлыгына кол салбаган бай адам керек болчу ал Урмат болуш керек.А азыркы бийликтегилер тойгончо дагы канча жыл күтүш керек,кайра революция болот.

кимден: amantur каяктан: kitai
09.08.2010 16:08
men, kirgizdin, militsiasi ,jana, armiyasina, qong,irakmat, aytam, okumet, uxulardin, turmuxuna, ayligina, kongul,boluxu, kerek, uxular, bolboso, kirgiz,istanda, tiniqtik, bolboyut,

кимден: almambet каяктан: kitai
09.08.2010 15:51
uurmattu, kirgiz, tugandar, kaqangaqa, deyin, biringerden, biring, biylik, talaxip, biribizdi, biribiz, koralbay, jerqildik, kilip, uuruqulduk, kilip, otoberebiz, putkul, duyno, aldinda, kirgizdardi, bax, kotoralbaz, kilip, koydingargo?, tugandar, namiz, kilale, bir, mamlaketti, baxkaruu, ongoy, ix, emez ,uurmatka, okxogon, kixiler, kirgiz, istanda, kop, ele, bar, alardagi,, biylikke, qikkisi, kelet, munday, adamdarga, jol, berbestik, kerek, munday, jaman, adamdardi, biri, qiksa, birdi, onu, qiksa, ondu, jogotux, kerek ,kirgiz, istanda, dimugiratiya, menen, diktaturani, teng, jurguzux, kerek, ak, uydeki, atka, minerler, kursakti, silap, jata, berbey, arkaysi, aymakka, barip, karapayim, eldin, abalin, suraxi, azirki, okomettin, sayasattarin, uguttoxu, kerek, eldin, turmuxun, ongdowoy, turup, kirgiz, istanda, tiniqtik, bolboyut,

кимден: narmat каяктан: batken
09.08.2010 12:51
Barktabasov Kazakstandyn da jarany ekeni anykpy?Anday bolgon bolso Kyrgyzga kyzmat kylamyn dese oshol jakta kanchalagan mekendeshteribiz ishsiz jurot osholorgo ele jardam berse biz uchun en chon kyzmatty kylgan bolot eele

кимден: akilbek каяктан: kitai
09.08.2010 11:19
urmat, bayke,kirgizdin, baxina, kun, quxup, alsirap, arang, turganda, emne, uqun, eldi, durbotup, mamleketti, kalaymahan, kilip, jurosuz, kirgizga, oxondoy, ele, kuyup, ketsengiz, azirki, jangi. okumetke, jardamdaxip, oxko, jalalabatka, batbay, kalgan, akqangizdi, jardamga, bersengiz, kirgiz, eli, ozu, ele, xayloodo, sizdi, xaylap, almak, men, kirgizdin, melitsiyasina, alkix, aytam, uxunday, er, jurok, bolup, kirgiz, mamleketinde, zakondun, kuqun, korsotux, kerek, bolboso, mamleket, ongolboyut

кимден: Рахат каяктан: Алмата
08.08.2010 20:40
Ушу мен торолгондон бери, бийликтен кетпеген, же жыргатып бир иш жасабаган, элди сайраган кызыл тилдери менен эле башкарган ЛИЦОлордон тажадым. Качан жанырып, жаныча ойлонгондор, жаштар, бийликке келип астыга жылуу болот болду экен КРда? Акчасы бар, астыга жылдырам, онуктуром деген Урмат Барктабасов сыяктууларды тим эле вахабистерден корккондой эле коркушат экен.! Же оздору жыргатпайт, же жыргатам дегенди жолотпойт ачкоздор! Казактарды коруп деле намыстансанар боло, 5 колунарды тен салып албай жок дегенде 3 элге берсенер боло!

кимден: Рахат каяктан: Алмата
08.08.2010 20:21
Ьаатыр-Москва, Азаматсын, так кесе, таамай айтылган! Мен кошулам, колдойм!

кимден: kolduk kyz
08.08.2010 06:24
U. Barktabasovdun kreslo suragany tuura emes, ish-araketteri da tuura emes bir karaganda, birok okmottun andan emnege mynchayk korkup atkanyn tushunboi koidum, bijlikti basyp alam degen dep otole asha chaap koyushtu. Urmat okmottogu ancha-myncha bilermandardyn ushun alyp koigon korunot, otole kooptonup turushat.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.08.2010 11:39
бир эле отунуч бийликке, Урмат Барктабасовту аман эсен койбергиле. ал кыргыздын баласы. жаман да болсо бир далай кыргыздын лидери. антпесе коп шок кыргыздарды олтуруп жооштор калды кынк эте албаган. ушинтип алсырап турганда ШОК кыргыздар керек

кимден: Асанбек каяктан: Бишкек
07.08.2010 11:29
Эмне, адамдар жинди болуп калышканбы?
Итти кеттик десе жонойт эле, иттен айырманар жок калды го, кыргызым. Андай болбойт да.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук