Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:23

Кыргызстан

Ынтымак курултайын кимдер жандап калды?

“Ак шумкар” партиясы айрым саясий жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн, эксперттерди чогултуп, президент чакырып аткан Ынтымак курултайы тууралуу талкуу өткөрдү. Айрым талдоочулардын пикиринде, аталган партиянын жетекчиси Темир Сариев жаңы оппозициялык күчтү айланасына топтоого аракеттенгендей.

x
Текст көлөмү - +
Президент демилге кылган Ынтымак курултайы алгачкы жыйынына 23-мартта чогулмакчы. Ушул тапта жер-жерлерде даярдыктар көрүлүп, ага делегаттарды көрсөтүү иштери жүрүүдө.

“Ак шумкар” партиясы да бул маселе боюнча талкуу өткөрүп, Ынтымак курултайына катышуу-катышпоо маселесин көтөрдү. Талкууга катышкан эксперттер, коомдук жана саясий ишмерлер бул боюнча түрдүү пикирлерди айтышып, соңунда төрт чечим кабыл алышты. Биринчиси, Ынтымак курултайы боюнча талкууну кеңейтүү. Экинчиси, ага катышууга ниеттенип аткан күчтөрдүн чечимдерин колдоо. Үчүнчүсү, Ынтымак курултайына катышпай турган учурда альтернативдик жолдорду иштеп чыгуу жана акыркысы Ынтымак курултайынын иштөө жобосун өз алдынча иштеп чыгып, сунуш кылуу.

Темир Сариев
“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында
, алар Ынтымак курултайына катышуу демилгесин көтөрөрдөн мурда башка саясий күчтөр, эксперттер менен кеңешүүнү туура көрүшкөн. Бул маселе боюнча “Ак шумкар” партиясы өзү - саясий кеңеши кандай чечим чыгарса, ошондой багытта аракеттенмекчи.
Ошондой эле Т.Сариевдин пикиринде, соңку саясий-экономикалык процесстер, энергетика тармагынын сатылышы, тарифтердин көтөрүлүшү, “Ак жол” партиясынын эл арасында аброю жоктугу сыяктуу көрүнүштөрдөн улам, көпчүлүк абалды өзгөртө турган жаңы бир күч чыгаар бекен дегендей үмүттө турушат:

- Биз азыр кандайдыр бир мейкиндик болсун дейбиз, биз чогулуп сүйлөшүп турган. Анан кийин көрсөтөт да сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Бирок азыр көптөгөн саясатчылардын, коом таануучулардын талабы, биз азыр өлкөдө жаңы күч пайда болуунун алдында турабыз. Муну биз сезип турабыз.
Курултай боюнча мына Т.Сариев демилге көтөрүп атат. Менимче бул капсынан болуп аткан жок. Ал ошо анча аша кетпеген оппозицияны башкарат.
Марс Сариев

Белгилүү саясий серепчи Марс Сариевдин божомолунда, Ынтымак курултайына катышуу-катышпоо демилгесин бекеринен “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев көтөрүп жатпаса керек.

Талдоочунун пикиринде, Ынтымак курултайы элди алаксытууга гана багытталган саясий технологдордун долбоору жана жазында абал курчуп кетпеси үчүн шашылыш уюштурулууда. Анын үстүнө, бул курултай радикал оппозицияны тап-такыр четке сүрүүдө, анча аша чаппаган күчтөр менен жең алдынан сүйлөшүүдө чоң рол ойношу ыктымал:
Марс Сариев

- Азыркы бийликке эски оппозиция, баягы ыңкылапта чогуу келгендерди, Акаевдин убагында оппозиция болуп жүргөндөрдү четтетиш керек да. Ошондуктан Темир Сариев, Жеңишбек Назаралиев сыяктуу кишилерди колдойт, көтөрөт. Бул жерде катчылык жакшы иштеп атат.

Анан Ынтымак курултайы аркылуу көтөрүлүп келаткан урууларды колго алышат. Байкап көргүлө, ошол уруулардын бардыгынан жок дегенде бирден делегат кирет. Ошентип, элиталардын жең алдынан сүйлөшүүсү жүрөт. Бирок анда оппозиция алсыз болуп калат. Анткени башкарыла турчу оппозиция болуп калат. Мына курултайга аз эле калды. Курултай боюнча мына Т.Сариев демилге көтөрүп атат. Менимче бул капсынан болуп аткан жок. Ал ошо анча аша кетпеген оппозицияны башкарат...

Элдик лидерлер, элдин мыкты уулдары келет деп жазылып турат. Демек, ошол эле “Ак шумкар” жергиликтүү курултайлар аркылуу жер-жерлердеги өкүлдөрүн алып келсе болот.
С.Жумагулов

Президенттин катчылыгынын Эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси, Ынтымак курултайы тууралуу жобону иштеп чыккандардын бири Султан Жумагуловдун айтымында, аталган курултайга түрдүү көз караштагы абройлуу адамдар чогулмакчы жана аны түзүүдө эч кандай административдик ресурстар колдонулбайт. Ошол эле оппозиция өз өкүлдөрүн киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр бар:

Султан Жумагулов
- Элдик лидерлер, элдин мыкты уулдары келет деп жазылып турат. Демек, ошол эле “Ак шумкар” жергиликтүү курултайлар аркылуу жер-жерлердеги өкүлдөрүн алып келсе болот. Андан сырткары президенттин квотасында жазылып турат, “белгилүү саясий-коомдук ишмерлер, илим-билимден, медицинадан чыккан устат адамдар” деп. Анан ошолордун арасында сөзсүз оппозиция өкүлдөрү да каралат. Бул жөнүндө сөз болгон.



Ошентсе да оппозиция катарындагы бир катар саясатчылар, Ынтымак курултайы президентти көкөлөтүп мактачу, анын сөзүн гана сүйлөчү уюм болорун айтып, ага такыр эле катышпай коюу туура болорун айтышууда.

Курултай боюнча талкууга катышкан “Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын пикиринде, аталган курултайга катышпай коюу да өзүнчө чоң каршылык болуп эсептелинет. Андыктан, альтернативдик жолдорду карап, өзүнчө курултай чакыруу идеясын да көтөрсө болчудай.

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова болсо, азыркы бийликтен такыр эле үмүтү үзүлгөнүн, бийлик баары жогун колго алып, эми жарандык коомчулукту алсыратуу аракетин кылып атканын, андыктан бийлик демилге кылган курултайга катышуудан пайда болбосун айтууда.

Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, президент өз жарлыгы менен курултай чакырганга укугу жок эле. Анткени баш мыйзамда курултайды эл өзү, жарандык коомчулук көтөрүп чыгары жазылган:
Абдыганы Эркебаев

- Президенттин мындай укугу жок. Ошондуктан жанагыдай суроолор туулуп атат да. Президенттин өзү ушундай жарлык чыгарып, өзүнүн аппараты уюштуруу комитети болуп, тээ айыл өкмөттөрүнө чейин делегаттарды тандоону уюштуруп атат. Тагыраак айтканда, президенттен тартып тээ төмөнкү органдарга чейин өздөрү чечип атат. Ал эми тарых-тажрый боюнча эл өзү демилге кылып, эл өзү чогулуп шайлашы керек эле.

Президенттин алдындагы стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун директору Сергей Масауловдун буга чейин “2010-жылы элиталардын алмашуусу болот” деп айтканы бар. Талдоочу М.Сариевдин баамында, дал ушул алмашуу Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева сыяктуу радикал оппозициянын четке сүрүлүшү, Т.Сариев баштаган жаңы, анча аша чаппаган оппозициялык күчтүн аренага чыгышы болуусу мүмкүн. Т.Сариев өзү да жакынкы арада “жаңы күч” чыгаарын айтууда. Ал эми Ынтымак курултайы окуянын ушундай нукта өнүгүшүнө өбөлгө болушу ыктымал дешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Тоштук каяктан: Чуй-Токмок
09.02.2010 11:22
Чүйлүк Баялыга. Мен да Чүйлүкмүн, а бирок Чүйлүк саясатчылар
бир топ уят кылып коюшту,аркы өйүзгө, берки өйүзгө секирип атып, аны моюнга алабыз. А жанагы Абдылдаев Мыктыбек деген генералыбыз өз көлөкөсүнөн өзү корккон жигит. Ушунча жылдан бери бир сөз айтып койгонго жарабайт, анын араң эле жаны бар.Жердеш болсо да чындыкты айтып коеюн. Оппозицияга лидерди башка жактан издебесек болбой калды. Сариев да аркы өйүздү сагаалап турат.

кимден: Талант каяктан: Талас
07.02.2010 17:53
бийлике сариевке ишенип болбойт андан көрү буларды сүрүп салыш керек

кимден: Акылбек каяктан: Аламудун
07.02.2010 17:23
Эми туугандар мен дагы Темирге капачылыгымды жазып койоун, ушул Кыргыз элинин кенедей болгон байлыгын сатып жерин сатып, эми элди сатат болуш керек, бийликти колдоп, анын кол баласы болгон сага жакса, анда бара бер. Темир ошолордун арыгын жакшылап чап, анан алар Тош-Булака келет сатабыз деп, ошондо дагы жардам бер, ошолорго. Мелис досунан алыс кете албапсын корсо.

кимден: Азамат каяктан: САЯК
06.02.2010 23:22
Москолук Сабырды колдойм!
Бүгүнкү оппозицияда (жумшак айтканда) "Бүркүт" жок.
Өзүм болоюн десем - иштен колум бошобойт!

кимден: Баялы каяктан: Чүй
06.02.2010 19:00
Сариевтен чынында абдан түңүлдүм ушу макаланы окуп алып, Марс Сариев айткандай Бакиевдин клон оппозициясы болсо мен чүйлүк жердеши катары мен эле эмес бүткүл эл кечирбейт,төмөндө жазылгандай Чүйлүк чыныгы саясатчы жокпу деп жазып жатат ,бизде бар ал Мыктыбек Абдылдаев деген чыныгы генерал оор басырыктуу,чынчыл таза Генералдардын бири ошону көтөрүш керек Чүйлүктөр анан Атамбаев, Өмүркулов деген көк жалдар бар, а жанагы Куловдон эл түңүлүп бүткөн.

кимден: Маке каяктан: Кара-Балта
06.02.2010 17:54
Темирдин ким экенин туугандар шайлоодо көрбөдүкбү, анан азыр муну Мелис көндүрүп кызмат беребиз деп жаткан окшойт же болбосо көрбөдүкбү Бакиевди кандай экенин,элден коркуп ушундай жагдайда же шайлоолордо ар демкени ойлоп чыгат элдин башын айлантып эми курултайды ойлоп чыкты ,эмне Темир жаш балабы ушунун сөзүнө ишенгендей,мен ойлойм бул жөн эмес Сариевке бир нерсе беребиз деди көрсө Темирге кызмат эле керек экен.

кимден: Маадалбек каяктан: Москва
05.02.2010 22:14
Сариев сизге да орден керек окшойт. Сизге окшогондор Бакиевди күчтөнттү. А бийлик силерди пайдаланып оппозицияны талкалайт да, анан силерди жок кылат. Мисалдар толуп атпайбы: Кулов,Атамбаев, Исаков, Мадумаров,Субаналиев, Эшимканов. Бийлик силерсиз, жалгыз башкаргысы келет. Ага карабай эле жарык көргөн түнкү көпөлөктөй чимирилесиңер...

кимден: Баягы каяктан: Бишкек
05.02.2010 20:57
Сариев өзү ким? Адамдын ким экенин билгиң келсе анын басып өткөн жолун көр. Нар жагынан кыйын болбогондон кийин, болбой эле кыйынмын дей бериштин не пайдасы бар.

кимден: Жакып каяктан: Талас
05.02.2010 17:20
Бакиге кошулам туура жазган, Сариевдин чыныгы жүзүн көрсүн Эл.

кимден: Жаныш каяктан: Ош
05.02.2010 17:16
сариевдин досу Эшимканов аны баардык кыргызстан кандай экенин билет Сариев ошондон үлгү алып Марс Сариев айткандай Бийликтин айдап кели болгусу келип жаткандыр
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)