Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:24

Эл үнү / Коом

Кара-Сууда кыргыз-өзбек элдешти

Кара-Суу шаарындагы сейил бакта 5 миңден ашуун киши катышкан элдешүү жөрөлгөсү өттү. Анда чыгып сүйлөгөндөр Ош кооогалаңына саясий жана укуктук баа берүүнү тездетүү, тополоң уюштургандарды токтоосуз жазалоо талаптарын коюшту.

Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль.
Текст көлөмү - +
Кара-Суу районундагы элдешүү жумалыгынын алкагындагы иш-чара Ош коогалаңында каза тапкандарга куран окуу менен башталды. Ош облус губернаторунун милдетин аткарууучу Сооронбай Жээнбеков июндагы этникалык кагылышууну ички жана тышкы чагымчыл күчтөр уюштургандыгын белгиледи:
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль

- Кыргызстандын өнүгүшүн каалабагандар адегенде элди түндүк-түштүккө бөлүп-жарып көрүштү. Мунусу колдоо таппаганда, жанагинтип кыргыз-өзбек жаңжалын тутантышты. Мен ойлойм, алар кечиримсиз күнөө кылышты.

Облус башчысы Сооронбай Жээнбеков жыйындын катышуучуларын өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга чакырды.

Кепти улаган эмгек ардагери Абибилла Абдыгапаров эки улутту араздаштырган Ош окуясына саясий жана укуктук баа берүүнү тездетүүнү талап кылды:

- Жарандарга карата зордук-зомбулук жасап, бирөөнүн укугун тебелеп-тепсеп, кемсинтип, анан “Мен кыйынмын!” деп баш көтөрүп жүргөн адам жакшы эмес. Элди талаштырып-тартыштырбастан, аталган окуяга кириптер кылган шарттарды жана себептерди ийне жибине чейин териштирип, калкка жыйынтыгын жарыя кылган оң. Ал – мамлекеттин иши.

Ошол эле учурда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарды аркалаган коомдук жана саясий ишмер Абиджон Тажибаев жердештеринин атынан улуттар аралык тирешүүнү уюштургандарды токтоосуз жазалоону суранды:
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль

- Токсонунчу жылкы тополоңду эсиңерге сала кетмекчимин. Ошондо мен Кара-Сууга биринчи катчы катары жаңы дайындалган элем. Элибиз узакка араздашпастан, ыкчам тил табышып, бири-бирине мурункусундай ага-инидей мамиле жасап, республикада гана эмес, бүтүндөй Союзда пахтанын планын биринчилерден болуп 28-сентбрда толтурганбыз. Азыр деле болоору болду, боёсу канды. Эми тигил же бул тарап күнөөлүү дештин кажети жок. Мындан аркы кыйынчылыктарды чогуу-чараан көтөрүү милдети мойнубузда турат. Биргеликте аракеттенсек, башаламандык тыйылат, айыл-шаарлардагы бир дагы кишинин мурду канабайт.

Мындан тышкары Кара-Суу шаарынын мэри Ахматжан Рахимов июндагы кандуу калаба жумурияттагы бардык улуттарга сабак болууга тийиштигин айтып, жыйындын катышуучуларын аймактагы ынтымакчылыкты бекемдөөгө үндөдү:

- Ушул жерде, мына ушул Ата Журтубузда өзбектер жана кыргыздар миңдеген жылдар бою мамыр-жумур жашап келатабыз. Кудай буюрса, дагы ошол каада-салтыбызды улантып, Кыргызстанга жана кыргыз калкына кызмат кыла бермекчибиз. Онунчу июндан он бирине оогон түнү болгон окуяны Алланын бизге жөнөткөн катаал сыноосу сыңары эсептейбиз. Албетте, ал бизге ачуу сабак болуп калууга тийиш! Мындан ары андай жаман жорукка барбайбыз!

Өзгөчө кырдаал жарыяланган Ош аймагынын коменданты Бактыбек Алымбеков июнь тополоңун уюштургандардын айрымдары кармалгандыгын билдирип, алардын бардыгы жакын арада сөзсүз жазага тартылаарын убада кылды:
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсүнө келген эл, 7-июль

- Биз азыр тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз. Бирок жана мен айткандай, Ош коогалаңынын башында тургандар жана аны уюштургандар сөзсүз түрдө жоопкерчиликке чегерилет. Өзүңүздөргө маалым, мына Ош шаарынын айланасындагы айыл өкмөттөрү аймакка кыйла проблема жаратып койду. А жалпысынан Кара-Суу районунун эли тынчтыкты кармап калдыңыздар. Сиздер ынтымактуу болбосоңуздар, бул жерде дагы чыр-чатак чыгып кетиши толук ыктымал эле.

Жыйындын соңунда кыргыздар жана өзбектер элдешүүнүн каада-салтын жасап, бири-бирине чапан жаап, калпак жана топу кийгизип тарашты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жылдыз каяктан: ОШ
09.07.2010 14:18
Кыргызстанда жашаган ЭЛ мыкаачы,канкор БОЛБОЙЛУ!!! АЛЛАХтан наркы дуйнодон коркойлу!!!Бирир-бирибизге жакшы мамиле жасайлы!!!Баарынарга ЫЙМАН берсин!!!

кимден: Nur каяктан: Bishkek
09.07.2010 09:24
Кара-Суу шаарынын мэри Ахматжан "Онунчу июндан он бирине оогон түнү болгон окуяны Алланын бизге жөнөткөн катаал сыноосу сыңары эсептейбиз. Албетте, ал бизге ачуу сабак болуп калууга тийиш!" деп эн туура айтат.Бул ар бир кишинин башына келген чон сыноо болду.
Кудай биринчи адамды жаратканда эч кандай улутка, динге ,рассага болбой эле баарыбызды Адам кылып жараткан.Ошондуктан канчалык кыйынчылык башыбызга тушпосун ар бирибиз эн биринчи ошол АДАМ касиетибизди сактайлы.Ар кандай бузуку,айбандардын созуно кирбей,
оз акылыбыз менен болуп,ынтымакта жашайлы.Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт ко.Баарыбыздын ак тилегибиз кабыл болуп,жерибизде мындан ары тыншчылык,жайчылык болсун.Боодо кырсыктар бизден алыс болсун.

кимден: Мирлан каяктан: Орусия
08.07.2010 18:58
"Ийилгенге ийилгин, атандан калган кул эмес, какайганга какайгын, машайыктын уулу эмес". А мен теги болок дебей Алманбетти да кан дос кылган, ал эми катылгандын катыгын берген Манастын урпагы болом.

кимден: ozbek каяктан: OSH
08.07.2010 18:11
tilimiz bir ,dinimiz bir , xoliqimiz bir paygambarimiz bir , nima uchun urushyabmiz !!

кимден: Dake каяктан: Jurt
08.07.2010 18:04
Ushul maarekeni uyushturgandarga choong yryzychylygybyzdy bildirebiz, rahmat!

кимден: Kg
08.07.2010 17:13
Bul bolgon tragediyany musulman emes jirtkich aybandar jasady, alardyn ulutu da, iymany da, dini da jok aybandar alardyn jazaasyn Allah beret. kyrgyzdar jana ozbekter musulmansinar, musulmandar biribirine bir tuuganday bolush kerek. Unutpagyla!!!

кимден: Altynai каяктан: Germanya
08.07.2010 15:53
Adam balsy kechirimduu bolush kerek, kechirimduu adamdyn kylgan kunoolorun Kudai kechiret, jashtarybyzga yiman-ynsap,Kyrgyzstanybyzga tynchtyk,tokchuluk,jakyn adamdarynan airylgandarga sabyrkanaat, chondorubuzga akyl-es, chyndykty kaalap kelem.
Schaitanga azgyrylbai, jamandan alys bolup, jakshyga janashyp, jaman joldon adashyp, jaman- jakshyny,halal-haramdy ylgap jashaska araket kylily. Alla bergen omurdu ozubuz kyskarpastan, bergen beiishti tozokko ailandyrbastan, Allanyn bergen yryskysyna,bergen kununo shugur kyyp, tobo menen jashashka araket kylaly.

кимден: Internatsional каяктан: Bishkek
08.07.2010 14:50
Kyrgyz-Ozbek bir tuugan jana tubolukko intimak ichinde jashay beret,,,Kyrgyzstanga tinchtik-bereke, el bashchilarina iyman bersin....Baaribiz musulmanbiz,,,baaribiz birdeybiz....

кимден: Темиркылыч
08.07.2010 11:54
кыргыз озбек элине тынчтык

кимден: ramzan каяктан: yaponiya
08.07.2010 10:51
В г КАРАСУУ живушие кыргызы и узбеки всегда дружили и друг друга понимали,в данное время аким КАРАСУЙСКОГО района БАЙИШ ЮСУПОВ и мер города КАРАСУУ АХМАД ПАЛВАН РАХИМОВ родилис и выросли в г КАРАСУУ поэтому они оба до последного старалис что бы в КАРАСУУ не было безпорядков,они оба заслужили этим доверия народа,мы кто ныне проживает за границей блогадарим акима и мера г КАРАСУУ за их труды и сегодняшное примерение плоды их труда так держать ,,,и просим всевышнего АЛЛАХА что бы на земле КЫРГЫЗТАНА возцарилься мир ,что бы все люди проживаюшие в КЫРГЫЗТАНЕ были как братья и сестры ,и кто виноват в этом побоише пуст будет наказан самой жестокой карой всевышнего АЛЛАХА у таких зверей нет НАЦИОНАЛЬНОСТИ,,
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу