Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:28

Кыргызстан

Р.Жээнбеков: Баяндама К.Бакиевдин легитимсиздигин көрсөттү

АКШнын Мамдепартаменти Адам укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу боюнча 2009-жылдык баяндамасын жарыялады. Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө адам укуктарынын бир катар көйгөйлөрү белгиленет. АКШда жашаган оппозициялык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков жарыяланган баяндамадагы Кыргызстанга берилген баа тууралуу өз пикири менен бөлүшөт.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсү боюнча Кыргызстандагы азыркы абал абдан кыйын
Текст көлөмү - +
- Бул жолку баяндамада Кыргызстанга мурдагы жылдарга караганда башкача мамиле болгон. Жаңы эки көрсөткүч кошулган, биринчиси биздин бийликтин оппозицияга болгон мамилеси, экинчиси Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын абалын өз-өзүнчө бөлүк кылып беришкен.

АКШнын мамлекеттик департаменти К. Бакиев жеңип чыккан президенттик шайлоону тааныбай тургандыгын дипломатиялык жол менен билдирди
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсү боюнча Кыргызстандагы азыркы абал абдан кыйын. Алар өзгөчө И. Исаковду, Э. Бөлөкбаевди жана аны менен жаткан эки кыргыздын Петровкадагы жигитин, А. Жекшенкуловду бөлүп карап, өзгөчө көңүл бурушкан. Мен атын атаган адамдарга биздин бийлик тарабынан атайын токулган кылмыш иши тагылганын эл аралык укук коргоо органдарынын маалыматына таянып тастыкташат.

Алар биринчи кезекте 2009-жылы өткөн Кыргызстандагы президенттик шайлоого көңүл бурушкан. Президенттик шайлоого көзөмөл жасаган эл аралык уюмдарга таянып, Кыргызстанда шайлоодо оппозицияга мүмкүнчүлүк берилбегенин, оппозиция өкүлдөрүнө жалган кылмыш иштери ачылып шайлоо таза өтпөгөнүн билдирет.

Муну менен АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өткөн К. Бакиев жеңип чыккан президенттик шайлоону тааныбай тургандыгын дипломатиялык жол менен билдирди.

- Мамкатчы Клинтон адам укутарын коргоо жаатында маалымат каражаттары жана бейөкмөт уюмдар негизги күчтөр деп баса белгиледи. Сиз буга кошуласызбы?

- Х. Клинтон бул жолку сөзүндө дагы эки нерсеге басым жасады: биринчиси, күзүдө Улуттар Уюму тарата турган Адам укуктары боюнча билдирүүгө АКШ дагы өз көз карашын кошо тургандыгын; экинчиси, ар кайсы мамлекеттердеги бейөкмөт уюмдарга көбүрөөк көңүл буруп, колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.

- Кыргыз коомчулугу Мамдепартаменттин ушул жарыялаган баяндамасын талдап, андан жыйынтык чыгаруусу зарылбы?

- Х. Клинтон жаңы эле сүйлөгөн өзүнүн 5 минуталык сөзүндө бул доклад Америка коомчулугу, өзгөчө өкмөтү, мамлекеттик кызматкерлери, дипломаттары үчүн негизги көрсөтмө болот деп айтты.

Буга кошумча, биз-Кыргызстандын оппозициясы көтөрүп жүргөн маселе – К. Бакиевдин легитимсиз президент экендигин дүйнөнүн башка мамлекеттерине минтип дипломатиялык жол менен билдирип жатышат.

- Рахмат, Равшан мырза!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Медет каяктан: Ош
13.03.2010 19:13
Азаматтыгын көрө элекмин.

кимден: Мелис каяктан: ош
13.03.2010 18:25
Равшан азамат жигитерден ага тийшпегиле

кимден: Мурат каяктан: Нарын
13.03.2010 17:56
Равшан эч убакта өз элинин патриоту болгон эмес, жана болбойт дагы. Кылмышы жок болсо Исаковдой болуп акырына чейин күрөшпөйбү? Алтымыштагы генералча болгон жок. Эртең бир нерсе башталса бакырып келет "мен бармын" деп. күзүндө эле Бакиевдин реформасын мактап чыккан, эми кайра легитимсиз деп чыгыптыр. Ата мекен партиясынан бир чыктым дейт, бир бармын дейт.

кимден: Марс каяктан: Бишкек
13.03.2010 12:42
Равшан ал жака өзүнүн күнөөсүн билип качып кеткен.Министр убагында Айдарчик менен түрдүү махинацияларды жасаса керек. Азыр деле кедей эмес. Бул жака келем деген көзү төрт.Бирок келсе да бир кызматка, желательно министрлик керек буга.

кимден: Турат каяктан: Бишкек
13.03.2010 11:33
Равшан 2005-жылы Талас элин көтөргөн эмес тескерисинче жүрөгү түшүп элдик бийлик орногон жалалабадка барып жатып алган. таласка барып коюппу? ал азыр келе албайт бийлик алмашканда келет калп эле ыйлап көрөсүңөр го. атамекен ушундайларды арасына кошуп алып атын булгап элдин ишениминен чыгып атат

кимден: Talant каяктан: Kazakstan
13.03.2010 11:26
Ушу равшан америкага жатып алып кыйын болбой эле койсо болмок андай кыйын болсо эмнеге качып кетет? келбейби? кокус Кыргызстанда бир нерсе болсо биринчилерден болуп жетип келерине ишенем. Равшандын гуревен эч айырмасы жок, акыл үйрөтпөсүн кыргызга.

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
13.03.2010 11:17
2005-жылы 24-мартта элдин толкушуна Равшан байке чоң таасир берген.Ал киши Саакашвили эмес.Билимдүү жана оор басырыктуу.Равшан мырза, Сизди күтөбүз.Азыр Кыргызстанга келбесеңиз, Кыргыз эли биротоло Сизден үмүтүн үзүшү мүмкүн.

кимден: микаэл каяктан: грузия
13.03.2010 02:34
бул киши американын адамы, Саакашвили-кыргыз

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
12.03.2010 22:05
Урматтуу Равшан Жээнбеков! Мен Сизден суранам, тезинен Кыргызстанга кайтып келиңиз.Павлюк деле өмүрүнө коркунуч туулса да, Орус болсо да, өмүрүнүн акырына чейин Кыргыздын таламын талашып жүрүп, киши колдуу болуп кете берди. Азыр кырдаал абдан курчуп турат.Сиз келсеңиз элиңиз кубанат. Кыргызга керексиз.Орустар "В нужное время в нужном месте" деп туура айтышат.Эгер бийлик сизди каматса, 3 сааттын ичинде Таласта элдик бийлик орноруна ишенем.Сиз азыр элге керексиз. Кийинчерээк элге такыр керек болбой калышыңыз мүмкүн.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)