Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:34

Саясат

Бакиев баштаган ыңкылап, Бакиев барбаган салтанат

Бүгүн опера жана балет театрында өткөн Элдик ыңкылаптын төрт жылдыгына арналган салтанатка президент Курманбек Бакиев катышкан жок. Жыйында сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жаңы бийликтин келиши менен өлкөдө нукура демократиялык процесс жүрүп, экономикалык жана социалдык жактан өсүштөр болуп жатканын белгиледи.

Текст көлөмү - +
Элдик ыңкылаптын төрт жылдыгына арналган салтанатта мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу мурдагы президент Аскар Акаевдин мезгилинде авторитардык башкаруу, коррупция күч алып, бийлик эл менен эсептешпей калганынан улам караламан калк теңсиздикке, мыйзамсыздыкка каршы түп көтөрүлүп чыгышканын белгиледи.

Курманбек Бакиев башында турган Кыргызстан элдик кыймылы 2005-жылы 24-мартта өлкөдө элдик бийликти орнотуп, нукура демократиялык багытка бет алган туруктуу жолун бекемдоо менен Кыргызстандын эл аралык саясий жүзүн чыңдадагынын билдирди:

-Курулай кагазда жазылган демократиядан, нукура реалдуу демократиялык процесстер башталды. Жаңы бийлик бул реалдуу кадамды өзүнүн конструктивдүү жасаган кадамдары менен ачык-айкын далилдей баштады.

Мамлекеттик катчы төрт жыл аралыгында экономикалык жактан кыйла өсүштөр болуп, ички дүң продукция эки эседен ашуун жогорулаганын, бүджет эки жарым эсеге көбөйгөнүн, саламаттык сактоо, билим берүү тармагына ири көлөмдөгү каражаттар бөлүнүп, кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсе көбөйтүлгөнүн айтты.

Ал ошондой эле мамлекеттин мындан дагы өнүгүүсүнө тоскоол болгон, ыңкылаптын жеңишин көрө албагандар дагы эле болсо бар экендигин баса белгилеп кетти.

-Төрт жылдан бери элдин жеңишине, өлкөнүн мүлкүн талап-тоноп, капчыгын толтургандар, бийликтен шыпырлгандар элибиздин тынч жашоосуна бүлүк түшүрүп, ызы-чууну токтотпой тополоң салып келе жатышат, - деди Досбол Нур уулу.

Мындан төрт жыл мурда Акаевдин бийлигин кулатууга активдүү катышкан саясатчылардын алдыңкыларынын бири Топчубек Тургуналиев 24-мартта Кыргызстанда нукура элдик ыңкылап болгонун белгилеп, бирок эл ишенип шайлаган президент Курманбек Бакиев айланасына Акаевдин кадрларын топтоп, ашынган коррупциялык, тоталитардык система түзүп, саясий-экономикалык кризиске алып келди деп эсептейт.

-Курманбек Бакиев өзү үй-бүлөсүн бийликтен четтете алган жок. Ал түгүл баласы, туугандары президенттик бийликтин далай жагын тартып кеткен. Ал эми өзүнүн элге берген убадасын, антын аткара алган жок. Бир сөз менен айтканда, тарыхый элдин тагдырын чече турган революциянын бир дагы максаты ишке ашкан жок.

Тургуналиев белгилегендей өлкө башчысы Курманбек Бакиев март ыңкылабынын талаптарын тез эле эсинен чыгарып, ички жана тышкы саясатта туура эмес иш жүргүзүп жатканынан улам күндөн-күнгө эл ишениминен кетип баратат. «Анын эл арасында кадыры кандай экенин 27-мартта болуучу митингде көрөсүңөр»,-дейт Тургуналиев:

-2005-жылы Курманбек Бакиевди элдин 90-95 пайызы колдоп жатса, азыркы күндө тескерисинче 95 пайыздын айланасындагы элдин көпчүлүгү нааразы.

Бир катар саясатчылар мындан төрт жыл мурда 24-мартта мамлекеттик төңкөрүш болгонун айтып келишсе, талдоочулар бийлик элден алыстап жеке адамга сыйынуучулук, үй-бүлөлүк башкарууга өтүп, катардагы калк менен эсептшпей калганынан улам элдик ыңкылап болгонун айтышууда.

Айрым жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар Аскар Акаевдин учурунда жетишилген демократиялык баалуулуктар азыркы бийлик тушунда жоголуп баратканын белгилешип, Шайлоо кодексинин терс жагына өзгөрүшү, пикет, митинг өткөрүүгө, сөз эркиндигине чектөөлөрдүн киргизилиши, жарандык коомдорго кысым көрсөтүлүп, буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн көбөйүшү эл арасында нааразылык жаратып жатканын айтышууда.

Байкоочулардын баамында опера жана балет театрында өткөн 24-март ыңкылабынын салтанатына арналган жыйынга президент келбегендиктен өкмөттүн курамы дагы толук катышпай, театрда бош орундар көп болуп, балкон бош турду.

Жыйын соңунда 24-марттагы окуяларды чагылдырган видео тасма көрсөтүлүп, кыргыз көркөм өнөрлөрүнүн чеберлеринин жана балдардын катышуусундагы бий ансмблдеринин концерти тартууланды.





Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Керим каяктан: Баткен
25.03.2009 03:16
Калпычы Досболго бешиктеги бала деле ишенбейт. Бийликтин жүзү ДОСБОЛ болсо, бул бийликтин түгөнгөнү.

кимден: Cholpon каяктан: Bishkek
24.03.2009 21:36
"Uluu urmatuubuz" kaida degi ozu? Oshol kunu jashynyp jatkandai, azyr da jashynyp kalganby?

кимден: Buka каяктан: Pamirden
24.03.2009 21:11
Tuura aitasyng torpok...Al kunu revaliutsya bolgon jok... Jon gana A-B almashty... Birok B biylikke keleerde tushtuktogulor menen chogulup bir jashyruun kengeshme bolgon jok deim... Al kengeshme shailoonun 1 turunan otpoi kagan kandidattar chogulushkan... Al jyiynda biylik tundukko otup ketti degen oi tuura emes chagyldyrylgan... Biylik Akaevdin ui-buloosu kaptap ketti desek tuura bolot ele... USAdin kaalaganyndai ish onguna chykkan jok... Bul jerde USA rol algan ele... Birok bizdikilr oz bilgendik menen oz tagdyrybyzdy ozbuz burmalap aldyk... Kandai bolgon kundo da biylik janglanysh kerek... Birok bylikke oppozityadagylar da tatyktuu emes... Jangy muun kerek... Jashtar kelish kerek...Jashtar USAnin, Rossiyanin kozun karagan emes...Chynygy kyrgyzdyn kozun karagan jashtar kerek.

кимден: Торпок каяктан: Тянь-Шань тоолору
24.03.2009 20:10
24-мартта эч кандай ынкылап болгон эмес! Уюшулган кылмыш тобу мыйзамсыз түрдө бийликти алып алган болчу. Мен эчкандай алакандай кыргыз элин бөлүү деген арам оюм жок. Жалан фактыларды айтып жатам. Казыркы бийликтин элдин турмушун ондойлу деген ою жок. 2003-жылы Жалалабад шаарында кыргыз элинин атактуу билинген кишилердин жашырын жыйыны болгон. Ошол жашырын жыйында бир атактуу аке Акаевди кантип жыгабыз, бийликтин баары түндүктүн колунда, биз бийликти качан колго алабыз деп сөз баштаган. Түштүктөн биргелешкен жеке кандидатын чыгаралы шайлоого деп сөз кылган болчу. Анан ошол киши бийликтин эн жогорку жактарында отурду. 24-март төңкөрүштөн кийин президенттик администрациясында иштеген кеминдик, нарындык, чүйлук балдарды иштен айдаган болчу. Кыскачасы, менин айткым келген сөз, урматтуу туугандар, кыргыз элин ойлогон кишилер бийлике келген эмес болчу 24-мартта. Алар болгону чөнтөктөрүн толтуруп баса берчу кишилер. Кордукту байкуш кыргыз эли көрүп жатат түндүгүндө да, түштүгүндө дагы. Баткен-Ош- Нарын-Чүй деп жөнөкөй кыргыз элин бөлбөй, жалпы элдин тагдырын ойлогон киши жок бийликте.

кимден: Мирбек каяктан: Бишкек
24.03.2009 19:17
Президент - "айта турган сөзүм деле жок да негизи" - деп уялды го....

кимден: TALAS каяктан: TALAS
24.03.2009 18:47
PIR VO VREMJA HCUMU DEJBI BIJLIK

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине