Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:38

Эркиндик

Т.Акун: Тергөө иштеринде мыйзам бузууларга жол берилген

Ош облусунун комендатурасынан маалымдалгандай, Оштогу башаламандыктар боюнча 1045 кылмыш иши козголду. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ош коогалаңына тиешеси бар делип камалган адамдардын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

x
Текст көлөмү - +
Турсунбек Акун: Биринчиден, мен Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен сүйлөшүп атайын бир топ жибердик. Нарындан башка региондун өкүлчүлүгү, борбордук аппараттан атайын топ барып, көп күндөн бери иштеп атат. Алар адегенде Ош шаарына барып, азыр Жалал-Абад шаарына келишти.

Биринчи максат – УККнын убактылуу кармоочу жайында жана СИЗОдо жаткандар менен жолугушуу. Алар облустун убактылуу кармоочу жайына кирип чыгышты. Ал жерге буга чейин укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Азиза Абдрасулова кирген экен. Алар “кыйноолорго жол берилген” деп айткан үчүн биз ошолорду текшерүү үчүн кирдик.

Убактылуу кармоочу жайда 39 адам кармалып турат. Ошонун 80 пайызга чукулу өзбек улутундагылар, 20 пайызы кыргыздар. Бирок бул маалыматты так айтуу үчүн мен балдар менен байланыша албай атам.

Азиза Абдрасулова 39 адамды атайын журналга жазып кеткен экен, 9 адам катуу кыйноого дуушар болгон дептир, бирок алардын аты-жөнү жазылган эмес. Бирок андан бери бир жума өтүп кетти, балким көптөрү кетип калган. Бирок биздин балдар кыйналган балдарды толук тапкан жок. Биз алардын кийимдерин көтөрүп, бардыгын текшерип көргөндө алардын ичинде кыйналгандар дээрлик жокко эсе.

- Аларды тергеп, иликтөө иштеринде мыйзам бузууларга жол берилбептирби?

Турсунбек Акун: Мыйзам бузууларга жол берилген. Анткени аларды кармаганда көбү "катуу күч колдонуп кармаган деп” айтышууда. “Бирок убактылуу кармоочу жайда турганда кыйнаган жок” дешти. Ал эми укук коргоочу айткан мурдагы келгендердин кыйналганы тууралуу толук маалымат, аты-жөнү жазылбагандан кийин биздин балдар тапкан жок.

- Ош, Жалал-Абад окуяларын уюштурган ана башчыларынан кармалгандар бар бекен? Же карапайым калк күнөөлүү болуп чыктыбы?

Турсунбек Акун: Ана башчылар деп бөлө албайбыз. Ал жерде дээрлик карапайым эле адамдардын, өзбектин да, кыргыздын да өкүлдөрү. Анан КГБнын СИЗОсуна кирип чыгышты, анда 22 бала кармалып турат. Ошолордон Даутов Аваз деген жигитти катуу сабаган экен, денелеринин баары көк, биздин балдар көрүптүр. Азиза Абдрасулова, эл аралык коммиссия барганда “мени ушул жерден, түрмөдөн сабашты, кыйнашты” деп айтыптыр. Биздин балдарга болсо “кармаганда карама-каршылык болду” деп эки түрдүү айтып атышат. Биздин балдар текшергенде да түрмөнүн жетекчилери ээрчип жүрөт, анан алардын көзүнчө балким жалтанып атабы.

- Базар-Коргондо да камакта укук коргоочу Азимжан Аскаров жатпады беле. Аны менен байланыша алдыңызбы?

Турсунбек Акун: Биздин балдар СИЗОго да кирип чыгышты, алардын акыбалын көрүштү. Ал жакта көбүнчө өзбек балдар, бир гана кыргыз бала бар экен. Азимжан Аскаров боюнча атайын коммиссия Базар-Коргонго жиберип, кечээ эки жолу кирип чыгышты.

Мен телефон аркылуу Азимжан Аскаров менен байланыштым. Ал киши “менин бул жерде эч кандай күнөөм жок. Милиция өлгөндө эки километр алыс тургам, мониторинг кылганы келаткам, анан мени кармап алып, сабап, ушунча күндөн бери кармап жатат” деп арызданды.

Бүгүн да колунан кагаз алат, кечээ да алышты. Бүгүн балдар келсе эртең биз атайын маалымат жыйын өткөргөнү атабыз. Азимжандын өзү менен сүйлөшсөм ал ыраазычылыгын билдирди. Мен да бүгүн Азимбек Анаркулович жана башка жетекчилер менен сүйлөшөйүн деп атам. Анткени мага жеке Роза Исаковна ишти текшерип, аныгын бил деп тапшырган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нургазы каяктан: Москвадан
05.07.2010 22:18
Укук коргоочулар силер тергоочулорго мишайт эте бербей бизге келгилечи Москвага. Ошондой эле коргогунар келсе биздин укугубузду коргоп бергиле, канчалаган кыргыз жарааны орус мелисаларынан токмок жеп, канчасын камап салышты бейкуноо эле. Канаке колунардан не иш келет экен коргозгулочу бизге.

кимден: капа каяктан: Нарын
05.07.2010 20:50
Туке сен чалдым жибердим эле дейсин анда уйундо эле отурчу убактын келип калган го?? Жаштарга откор анда алар оздору эле барып укук коргойт!!! Азизи толойкан жылдыз дегендер да кимдин укугун коргоп журушот? Фергана руга береге информациясынын кийин буларга кыргыздын укугун коргогонду ким коюпур!!! Бул азиза = толойкан укук кордоочулар деп айтаар элек!! Кыргыздын укугун ким коргойт деген суроо озунон озу туулат???

кимден: Олжобай
05.07.2010 16:42
УККнын убактылуу кармоочу жайында жана СИЗОдо жаткандар менен Т.Акун озу суйлошуусу заарыл!Балдар эмнени чечет?Ал жердегилер улуту кыргызбы озбекби баарына тен кароо заарыл!Т.Акунга кайрылат элем,урматту акыйкатчы Т.Акун байке ишинизге тын болуунузду суранат элем,бул инт-а сиздин кылган иштеринизден мыктылык байкалбай жатат! Сиздин мусулман бир тууганыныз катары эскертип элем.Жараткан куранда мындай дейт: ( وَذَكِّرْ فَإِنَّ الذِّكْرَى تَنفَعُ الْمُؤْمِنِينَ)"Эскерткин!Албетте эскертме момундарга(мусулмандарга) пайдасы бар!"Т.Акун сиз акыйкатчысыз!

кимден: Аспирин каяктан: Кара-Кулжа
05.07.2010 16:30
Кара-Кулжалык ыраматылык (жайы жанаттын болсун) хирург жердешибиздин укугун кайсы акыйкатчы коргоп жатат?
Азаттык ушуну билип бергилечи!

кимден: Патриот каяктан: Ош
05.07.2010 16:07
Турсунбек мырза! Туштуктогу трагедияда айрым атка минерлер Кыргызды кемсинтип чет олкодон аскер алып келууга шашылышты.Сиз башка олконун аскерин Ошко киргизууго каршы болдунуз.Сиздин бул чечиминизди Оштуктар толук колдошту.Коз карандысыз мамлекет болгондон кийин ар кимдин козун караганыбыз туура эмес!

кимден: Комиссар ОК каяктан: Ош
05.07.2010 15:21
Азиза, Токтайым андан коро тополондо бейкуноо олгон, жоголгон адамдардын укугун коргобойсунбу?! Ушу силерге окшогон "патриоттордун" аркасынан кыргыз эли дуйного жаманатты болуп жатат. Нариманда канчалаган адамдарды олтуруп, уйлорунон курал, жардыргыч заттар табылып жатса, Толойкан ошол жерде укук коргоп журот.

кимден: Асангайгы каяктан: Тенир-тоо
05.07.2010 13:41
өзүңүз барып текшериш алып барыүыз.балдарды жүмшадым еле алар андай дейт анан мундай екен десеңиз туура болбой калат. ликин сурак барышта аргандай иштерден оолак болуу кыйынго. ал жерге жандан тойгон жан гечтилер басымдуу кылышы мүмкүн. каршылык кылгандарды кантүү керек. жалынса баардыгын айтып берерби. андай оңой иш болсо сый көрсөтүү керек ал жерде.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)