Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:48

Кыргызстан

Т. Акун: Кээ бир чиновниктердин туура эмес аракеттерин ачык айттым

Бүгүн акыйкатчы Т. Акун президент К. Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Акыйкатчы андан соң “Азаттыкка” маек куруп, өлкө башчы менен адам укуктары, Исмаил Исаковдун камалышы тууралуу сөз болгонун айтты.

x
Текст көлөмү - +
Турсунбек Акун: - Акыйкатчы катары Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында берген баяндаманы толук айтып бердим. Саясий укуктар, шайлоого болгон укуктар, тынч жыйындарга чогулуу укуктары боюнча, канча адам кабыл алдым, кандай проблема болду, кайсы чиновниктер маселелерди чечпей койду, ушуларды айтып бердим. Ноокаттагы, Петровкадагы окуялар, кээ бир саясатчылардын үстүнөн болгон соттук процесстер, кыскасы баарын айттым.

"Азаттык": - Президенттин реакциясы кандай болду? Сиз мына өлкөдө адам укугунун абалы начарлап кетти деп айтып келесиз.

Турсунбек Акун: - Президент албетте алгач, “докладыңар былтыркыга караганда сапаттуу болду”, деди. Депутаттар да айтышкан окшойт. Президентке мен киргенге чейин эле доклад тууралуу маалыматы бар экен.

Мен тынч жыйындарга чогулуу укугу боюнча айттым. И. Масалиевдин мыйзамы эл аралык стандартка туура келбейт деп айттым. Сиз берген көрсөтмө менен жаңы мыйзам иштеп чыктым, ошол боюнча жумушчу топтун башчысы болом. Аны Венецияга жибердик. Ошонун негизинде Венециядан корутунду келди. Жаңы мыйзамдын долбоорун парламентке киргизип жатабыз дедим. Президент “киргиз, колумдан келишинче колдоо көрсөтөм”, деди. Төлөкөн Исмаилованын арызы боюнча Консититуциялык сот чыгарган чечим тууралуу айттым. Аны “туура кылды” деди. Колдоду.

Ысык-Көлдө акыйкатчылардын эл аралык форумун өткөрбөдүм беле. Аны айтып бердим. Он сегиз акыйкатчы катышты, алардын баары Кыргызстан тууралуу жакшы пикирде кетишти дедим. Эл аралык уюмдардан үч жылга 820 миң доллар алуу боюнча кол коюп иштеп жатканыбызды айттым.

Ноокаттагы окуяда соттолуп кеткендер боюнча айттым.

"Азаттык": - Саясий куугунтуктар тууралуу кеп козголдубу?

Турсунбек Акун: - Мен акыйкатчы катары саясий куугунтук болуп жатат деп айта элекмин.

"Азаттык": - Шайлоодон кийин камалгандарга кандай деп баа берип жатасыз?

Турсунбек Акун: - Мен аларга саясий куугунтук катары баа бере элекмин. Мен бул алардын укугу тебеленип, тынч чогулууга карата, бир жерден экинчи жерге эркин жылуу боюнча укугу бузулду деп атам. Мен мисалы президентке Балыкчыдагы окуя боюнча эч кандай кылмыш ишин козгоонун кереги жок болчу деп айттым. “Курманбек Салиевич, аны жөн гана административдик кылмыш кылыш керек болчу”, дедим. Алар чыгышты, кичине кемчилик кетирип коюшту, мэрияга жүгүрүштүн кереги жок эле. Бирок алардын өзүнүн пикирин айтууга акысы бар. Курманбек Салиевичке президенттик шайлоодо бурмалануу болду, бирок сиз жеңдиңиз. Алмаз Атамбаев болсо тигинтип кетип калды. Бирок бурмалоо болгондугу чын. Анан алардын чыкканга акысы бар, аларга кылмыш ишин козгоонун зарылчылдыгы жок. Кыдыкбек Исаев деген губернаторуңуз бөрк ал десе баш алган неме экен дедим. М. Суталинов да КГБ болуп туруп алып адам укугун тебелеп атат деп айттым. КГБнын СИЗОсунун башчысы жөнүндө айттым.

Нурлан Сулайманов - унаа министрин айттым, беш гектер жерди элге берип алып, эми кайра кол койгон жокмун деп жер бербей атат. Жети миң киши жер алалбай атат дедим.

Президент менен Исмаил Исаков тууралуу сүйлөштүк. Өлкө башчысы “Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар",-деп айтты

"Азаттык": - Сизге маалым болгондой буга чейин эл аралык укук коргоочу уюмдар, мына бүгүн эле АКШнын мамлекеттик департаменти адам укугу боюнча баяндамасын жарыялады. Аларда бир ооздон Кыргызстанда адам укук боюнча абал начар деп айтылат. Ошол эле журналисттерге болгон кол салуулар, куугунтуктар боюнча. Сиз бул тууралуу президентти кабардар кылдыңызбы?

Турсунбек Акун: - Ооба. Павлюктун өлүмү, Сыргак Абдылдаевдин сабалышы, журналисттердин чет мамлекеттерге качып кетип атышы боюнча айттым. Президент Пвлюктун өлүмү боюнча Казакстан тергеп атпайбы, биздин кандай тиешебиз бар дейт. Бул эми анын пикири, мен макул боломбу же болбоймбу бул башка маселе. Курманбек Салиевич, Кыргызстанда журналисттердин сабалышы Кыргызстанга аброй алып келбейт дедим.

Мен АКШнын департаментинин баяндамасын туура эле көрөм. Адам укугу боюнча абал мурдагы жылдарга караганда көп тармактар боюнча артка кетти. Кээ бир гана тармактарда жылыштар бар.

"Азаттык": - Ошол абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө сүйлөштүңүздөрбү?

Турсунбек Акун: - Эми мындан ары Акыйкатчы менен тез-тез эки-үч айда бирден жолугушуп туралу деп сүйлөштүк.

Мен Нарынга барып келбедимби. Ошол жакта адамдардын укуктары тебеленип жаткандыгы тууралу айттым. Президент өзү ал боюнча билет экен. Жаңы эле менин алдымда, катчылыктын башчысы менен өкмөт башчыны кабыл алып катуу тапшырмаларды берди. Жакында кудай буюрса көп экономикалык маселелер чечилет окшойт.

Биз кызматташып туралы. “Курманбек Салиевич, көп кемчиликтер бар, аракет кылалы”, дедим. Жер-жерлердеги чиновниктериңиз, акимдериңиз, кээ бир губернаторлоруңуз аябай начар иштеп атат деп айттым. Жакшы иштеп аткандарды да айттым. Акыйкатчыга көп маани бербей жатышат дедим. Кээ бир Суталиновго окшогондор кабыл албай жатат, сүйлөшө албай жатабыз дедим.

"Азаттык": - Турсунбек мырза, акыркы күндөрдө "Азаттыкты" уктуруп жаткан айрым шериктери аны уктуруудан баш тартып, жогору жактан кысым болуп жатканын айтууда, маселен эки күндөн бери Бишкекте уктурулбай калды. Ушул боюнча маселе козгодуңузбу?

Турсунбек Акун: - Мен муну кечирээк угуп калдым. Албетте бул туура эмес. Бул боюнча мен Акыйкатчы катары президентке кат жазам, парламентке кайрылам, билдирүүлөрдү жасайм. Иши кылса колдон келген аракеттин баарын жасайм.

"Азаттык": - Ырахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Хан каяктан: Бишкек
24.03.2010 00:14
Илгери-илгери бир хан болуптур ал дайыма эң жакын досу менен аңчылыка (охотага) чыкчу экен, бир күнү ХАН досу жок чыгып, колун капысынан атып бир колунан ажырап калат, Хандын желдеттери келип досуна "Уктуңбу сенин досуң Хан бир колунан ажырап калды десе, ал ой эч нерсе болбойт, жаманчылыктын арты жакшылык болот" деп коет, ал сөздү кошоматчылар ХАНга жеткирип барышат, анда жини келген ХАН "досумдун бул айтканы эмнеси, мени өлүп калсын"дегениби деп аны Зынданга салып коет. Ошентип бир күнү Хан кайра аңчылыка чыгат, ал жерден киши жегичтер Ханды желдеттери менен кармап алып, "мүчөсү бүтүн, алты-саны амандар оң жака", ал эми бир мүчөсү жоктор сол жака тургула дейт, баары тургандан кийин, Хандын колун көрүшүп Сиз үйүңүзгө кете бериңиз, калганын жейбиз дегенинен, хан сүйүнүп келип, Досум туура айткан турбайбы деп андан кечирип сурап зындандан кое берет, анда досу дагы Ханга ыраазы болуп, "ЭЭ Досум сага дагы Рахмат, сен мени зынданга салбаганда киши жегичтер мени дагы жеп коймок экен дептир, анысы кандай Кубанычбек Кадыровко айтаарыбыз, арты жакшылык менен бүтөт демекчибиз.

кимден: Чындык каяктан: Балыкчы
17.03.2010 00:34
Урматтуу окурман Балыкчы, Көл десе биз Кубанычбек Кадыров деп түшүнөбүз, Кубанычбекти Көл эли, өзгөчө жаштар абдан колдоп жатышат, себеби ал эркек экен, Бакиев, Кыдык Исаев бийлигине баш сунуп берген жок. Биз аны дайыма колдоп келгенбиз жана колдой беребиз, Турсунбек Акун агабыз Балыкчы окуясы деп жылмалабай эле "Кадыровко кылмыш иши мыйзамсыз козголгон, токтотуш керек Курманбек Салиевич!!!" деп айтса, эмне болмок, же президенттин жардамчылары киреерде Кадыров жөнүндө сөз козгобо деп айтышса керек, түшүнбөйсүң.

кимден: Кумар каяктан: Чолпоната
17.03.2010 00:18
Турсунбек Акун ага!!! Сизге Көлдүктөр ыраазы болуп жатабыз, кеч болсо дагы Балыкчы окуясы боюнча туура чындыкты айтканыңыз үчүн, бул окуя кылмыш иши эмес административдик иш деп, Күндө президентке кирбегенден кийин биздин жердешибиз Кубанычбек Кадыровдун ишин айтып чече чыксаңыз абдан жакшы болмок.

кимден: Ак уй каяктан: Бишкек
15.03.2010 22:11
Турсунбек байке, Кадыровду камаганга ким буйрук бериптир ошону президенттен сурадыңызбы?, а эмне үчүн Кубанычбекти сабагандар бүгүнкү күнгө чейин жоопко тартылбай келишет ошону сурадыңызбы? Өзү айтып жатпайбы "мени камаганга, президент өзү буйрук берген" деп калп болсо эмне үчүн, калп деп айтпайт?

кимден: Сан каяктан: Каракол
15.03.2010 22:05
Урматтуу Турсунбек ага, кеч болсо дагы президентке кирип Балыкчы окуясы боюнча чындыкты айтканыңызга ыраазыбыз, бирок биздин жердешибиз ЖК депутаты Кубанычбек Кадыровдун кылмыш иши боюнча айтсаңыз абдан жакшы болмок, себеби эсиңизде болсо керек, "депутаттарды сабаганы эмнеси, мен муну жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алдым, тийиштүү адамдар жоокперчилике тартылат" деп сөз бердиңиз эле, бирок ал сөзүңүз бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Айтып койбостон аягына чыксаңыз жакшы болмок.

кимден: Губернатор каяктан: Каракол
15.03.2010 21:59
Турсунбек Акун байке Кыдык Исаевди туура жамандапсыз колдуктор сизге ыраазы болуп жатышат, ачык эле кызматтан алыш керек деп айтсаңыз жакшы болмок.

кимден: Ринат каяктан: Балыкчы
15.03.2010 21:54
Балыкчы окуясы болгонуна 8 айдын жүзү болбодубу, же байкушту президент кабыл албай жатып Нарын окуясынан кийин ушак угайын деп эле кабыл алган болуш керек. Балыкчы окуясы дебей эле ачык эле депутат Кубанычбек Кадыровдун маселесин кабыргасынан койсо жакшы болмок. Бирок ага духу жетпейт да. Кадыров дегиче ордунан учуп кетет да.

кимден: Көл каяктан: Каракол
15.03.2010 21:46
Көл губернатору Кыдык Исаевди туура айтыптыр...

кимден: журналист каяктан: Ала Тоо
15.03.2010 16:43
Ботом Азаттык! бул маселе, тиги маселе козголдубу дегенден кийин "эмне деди? Эмне жооп алдыңыз?" деп сурабайсыңарбы? Т.Акун козгогон маселелерге тиги киши баш ийкеп отура бериптирби?

кимден: шумкар каяктан: Талас
14.03.2010 02:54
Бакиевтер уй-булоосу менен соттордун ишине кийлигишип заказ берип каматып жатканын откондо депутат КАДЫРОВ ачыка чыгарды, кордунуздорбу башка адам айтса ишенбейт элек, ошондуктан Талас эли тушунду баардык саяасатка аралашкан Кыргыздын чыгаан жигиттерин Бакиев кубалап Кыргызстандан чыгарып жана соттотуп жатканын.Ошондуктан Кыргыз Элим биз бирдикте бийлике таза журогу курч жигиттерди алып келишибиз керек,эч нерседен тартынбаган, туруп бере турган. Мисалы Кадыровдой азаматты, себеби биз жаштар билебиз Балыкчы окуясында БАКИЕВТИН бийлигине каршы чыгып,биздей жаш жигиттерди сабап жатканда балдарды сабабагыла андан корок мени сабагыла деп менттердин оозун ачырыптыр, чоголо десе чоголобой коюптур. Баракелде десе ушунун баары эркектик эмей эмне, Манастын урпактары КУБАНЫЧБЕК сени колдойбуз.
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)