Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:40

Кыргызстан

Д.Медведев Грузиядагы сценарийди кайталагысы келеби?

Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясаты, өлкөнүн келечеги тууралуу “Азаттыкка” саясат таанучу Улан Жуманаев маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан ушул тапта толук кандуу мамлекет эмес экенин, өлкөгө күчтүү президент зарылдыгын айтты. Кремлдин мындай көз карашына сиздин пикириңиз кандай?

Улан Жуманаев: Албетте Дмитрийдин айткан сөздөрүн Кыргызстандын жараны катары аябай орой, Кыргызстанды сыйлабагандык катары кабыл алдым. Дмитрий президент болуп гана Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кыргызстанды билбейт окшойт.

Экинчиден, бул эмнени билдирет? Эки нерсени айтса болот: Орусия баягы эле СССРдин аймагында өзүнүн үстүмдүгүн көрсөтүп, аң сезими ошол бойдон калган. КМШнын бир мүчөсү эмес, эмнегедир үстөмдүк кыла турган өзүнүн комплекси менен кала берген. Бизден, башка КМШ мамлекеттеринен өзүн өйдө койгон жана Евразия аймагында “эмне кылсам ошону кылам” дегендей кабар берилип жатат.

Үчүнчүдөн, Кыргызстандагы бул ыңкылап алардын азыркы диктатордук режимине чоң коркунуч келтирип жатат. Алар Кыргызстанда Батышты караган жаңы муун пайда болуп жатканын билип атышат. Албетте ушул факторлор азыркы Орусиянын президентин жана тоталитардык режимди кооптондуруп жатат.

- Д.Медведев Кыргызстандагы славян тилдүү элдин өмүрүнө коркунуч туулганын айтып, аларды коргоо тууралуу Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковго тапшырма берди. Ушуга сиз кандай дейсиз? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чынында эле ушундай кооптуу жагдай түзүлдүбү?

Улан Жуманаев: Биз көрүп жатпайбызбы, эч кандай кооптонуу жок. Кандайдыр бир коркунуч болуп жатат баарыбызга, бул орустарга эле эмес, кыргыз, дунган, баарында эле кандайдыр бир тынчсыздануу болуп атпайбы. Бирок мен ойлойм, Д.Медведев ушуну менен баягы Грузияга эки жыл мурунку агрессиясындай ой менен, ошондой көз караш менен Кыргызстанды карап атат.

- Буга чейин ЖККУнун аскерлери Кыргызстанга киргизилет экен деген божомолдор айтылды эле. Эгерде орус жоокерлери Кыргызстанга киргизилсе абал кандай болмок?

Улан Жуманаев: Анда Кыргызстан кооптуу абалда болмок. Анткени Кыргызстанда көп адамдар буга каршы туруп, бул өзүнчө дистабилизацияга алып келмек. Албетте бул жерден карама-каршылык пайда болмок. Эртеси эле Орусиянын аскерлерине элдер каршы чыгып, таш ыргытылып, башка дагы коркунучтуу абал түзүлмөк.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: askar bay каяктан: kg
28.04.2010 06:59
eee biyliktegyler eldu aldaap ele olturat
kyrgyzstan dep suyloit byrok medvetyftyn aldyna barganda tim ele baary karchy chykbay kaytat maakul degen boidon
kuchkachy Medvetyf kaalaganun kulat byrok az da bolso tek n turat al Amrikan da moskvadan urkot liboi mamileket korkot karwy syga albayt
demek byz moskvanu karabasak and autulabyz bardyk jagunanal buzge jardam bere alat

кимден: Акылбек каяктан: Ош
26.04.2010 10:53
Ажымат менен патриот туура айтат. Азаматсынар!
Грузияда эмне учун согуш болду - орустар Европага мунай сатууну монополизациялоого аракет кылганы учун. Азербайжан орустарсыз эле оздору Грузия аркылуу сата берсе болбойбу?
Бакиев да акыркы убакта баары менен тен ата суйлошуп калдык деп коп айтчу. Мына орустар "тен ата" суйлошкон дешти.
Славян тилдуулор учун орус армиясы кириши мумкун болсо, анда аларды алып чыгып кетишсин.

кимден: JalalKG каяктан: Jalalabad
26.04.2010 10:44
Туура айтасыздар! Бул жерде башка маселе бар.Мен сиздердин пикириниздерге 100% кошулам "патриот","Улан Жуманаев".Ушундай жаштар Кыргызстанга суудай керек.Биз эми кийинки кележегибизди,улутубузду ойлошубуз керек.Биз эч кимге ишенбешибиз керек (Россия,Америка)мамлекеттер сыяктуу.

кимден: Бек каяктан: Бишкек
25.04.2010 19:43
Чынында ар ким ар түрлүү пикир айтууга укуктуу. Эң башкысы АКШга караганда Орусия тарап менен мамиле бир топ эле ыңгайлуу. Ишки иштерге түздөн түз кийлигишпесе дагы, кайсы бир деңгээлде биздеги стабилдүүлүк аларга абдан керек. Анткени бизде болуп өткөн ыңкылап эпкини Татарстанды же башка Сибирь мамлекеттерин козгоп койушу толук мүмкүн.

кимден: Ажымат каяктан: Бишкек
24.04.2010 13:40
Патриот сен чындап патриот экенсин. Туура айтасын! Ким кимди женгенин, ким кимге ок атканын азырга чейин билбейбиз. Окко учкан Жигиттерибизди баатыр атадык! Алар бизди кайсы душмандан коргогондугу учун баатыр болуш керек? Милициябызды ур-токмокко алып, генералыбыздын жыланач, кок-ала кейпин дуйного жар салганы учунбу?! Милиция кызматкерлери эмнеге баатыр эмес? Алар да октон учту. Алар да Атажуртум деп окко учту... Бул жерде 3-кучтун "кызматы" оркоюп эле корунуп турбайбы? Корунуп турса деле кормоксон болобуз. КАЛЫСТЫККА ТИКЕ КАРАЙ АЛБАГАН КЫРГЫЗ ЭЛИН АР КИМ КЕЛИП ОЗУНУН ЭТИН ОЗУНО ЖЕДИРИП, КЕНЕШИН БЕРИП, АКЫЛДУУ КОРУНУП ЧЕТТЕ КАРАП ТУРА БЕРЕТ.

кимден: Патриот каяктан: Ош
24.04.2010 13:05
Бакиевдин акыркы билдируулору улуттук кайра жаралуу тууралуу ачуу чындыкты айта баштаган. Бул аракет албетте Улуу Орустарга жаккан жок. Бугунку чиеленген саясий лабиринтти да орустар эле тузуп берди. Биз байкуш эл экенбиз. Улуттук кайра жаралуу тууралуу кеп кылуу азыр бизге эрте экен. Озубуздун колубуз менен озубуздун бутка чаап, бирибизди бирибизге душман кылып коюшту. Теренирээк караганда, бизде талаша турган, атыша турган эч нерсе деле жок болчу. Эми азыр Бакиев да, утурумдук окмот да орустардын оозун карап, сагалап туру. Мына биздин "досторубуздун" акылмандуулугу. Ар кандай тыянак ошол кырдаалдын максат-мудоосун аныктайт эмеспи. Демек, кийинки кыргыз лидерлерине да кулак кагыш кылып койду: БИЗДИН ТИЛДИ АЛБАСАН ТЕРИНДИ ТЕСКЕРИ КЫЛАМЫН!

кимден: Rysbek каяктан: Rysbek
24.04.2010 12:54
Men da Ulan Jumanaevdin pikirin koldor elem! Kyrgyzstandagy azyrky byrdaal birinchiden kyrgyzdarga kooptuu oshondoy ele bashka orus siyaktuu uluttarga da kooptuu bolup turat bul albette ubaktiluu korunush birok men aytar elem eger oshol bashka uluttar (orustar) oz mekenin suyushso (kyrgyzstandi) mintip TVden men kiynaldim jardam ber Dmitriy dep kayrilmak emes jana alardan jakshilik kutup da bolboyt. Kyrgyzsatndin jarani bolgon son, olko butundoy oor abaldi bashinan otkorup jatkan son emnege alar jabir tartpoosu kerek pust alarda kiynalsin. Dmitriyge kelsek kyrgyzstan tuuraluu oyun aytuu menen al ozunun pastigin jana adamdik kasiet jok eknin korsottu bashka echteke jok!

кимден: Alina
23.04.2010 19:06
Men Ulan Jumanayevdin pikirine koshulam - Orusiya dagy ele ozun Borborduk Aziyanyn eesindei korup atat.
Eger Kyrgyzstanda orustardyn jashoosun chyn ele kyrgyzdar tarabynan korkunuchta bolso dele, Orusiyanyn korgoo ministrliginin kiyligishkenge ukugu jok. Kaysy ulut bolbosun, eger kyrgyzdardyn baskynynda bolso, bul maseleni Kyrgyzstan jana uluttar aralyk uyumdar chechishi kerek.
Medvedev chyn ele Kyrgyzstandagy orustar uchun korkup jatkanyn oyloboim, al Kyrgyzstandyn Orusiyanyn aldynda turganyn ele korsotkusu kelet.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
23.04.2010 19:02
Кечиресиздер,журналисттин "Кыргызстан кандай абалда болуп калмак?" деген суроосу толук суроо эмес экен.
Ага жооп да толук эмес.Эмне деп айткандарын толук тушуно алган жокмун.
Макала жазганда айта турган ойду толук,кенен чагылдырсаныздар жакшы болот эле.

кимден: nurlanbek каяктан: moskva
23.04.2010 18:55
Бирок Медведевдин мындай сүйлөшүнө, ушуга жол берген биз өзүбүз. Биз улуттук мамлекет боло албадык, дайыма жагынуу менен "пастык" комплекс менен орустарга мамиле кылдык, жада калса кошоматтык кылабыз деп өз тилибизден чандык. Мына эми, эгинге эмнени эксең ошону аласың..

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)