Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Ош: Кулчулукка сатылган үй-бүлөнүн тагдыры

07.10.2009

"Азаттык плюс" бүтүндөй үй-бүлөсү менен Орусиянын Тюмен шаарында кулчулук торунан кутулуп чыккан оштук тургун Абитжан Муралимов менен маек курду.

"Азаттык": Абитжан, сиз кандайча чет өлкөдөн жумуш таап, ал жакка ким аркылуу кеттиңиз эле?

Абитжан Муралимов: Карындаштарым айтып калышты "Орусияда жакшы маяналуу жумуш бар экен" деп. Сураштырсам ал жумушка оштук бир аял жөнөтөт экен. Аты Уулкан. Ал менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алгач карындаштарым, анан мен, жубайым, уулум, кызым болуп бармай болдук.

Мен ал аялдан кайра-кайра сурадым, "бизди алдап койбойсуңарбы" деп. “Жок, сизди мыкты жумушка жөнөтүп жаткан адамды да ошентип ойлойсузбу? Орусияга барсаңар жумушуңар даяр, тамак-ашы, батири акысыз, жашоо шарты абдан мыкты”,-деди. Кызым менен уулум желим бөтөлкөлөрдү сортировкалап беш миң рублдан, аялым да ушундай эле иште иштеп он миң рубль, өзүмө "жүк ташуучу машина айдайсың, күнүнө миң рублдан аласың" деди. Мен дароо макул болуп, үй-бүлөм менен Орусияга жөнөдүм.

"Азаттык": Сиз жумушка орношуп жатканда эмгек келишимин түздүңүз беле? Өзүңүздүн кулчулукка сатылганыңызды качан билдиңиз?

Абитжан Муралимов: Эмгек келишим түзгөн эмесмин, аны ойлонбоптурмун да. Бул жактан кичинекей эле машинага он төрт адамды салып барышканда кичине күмөн кыла баштадым. Барсак, Ошто айткан убадалардын бири жок. Таштанды төгүлгөн жерден, бөтөлкө чогултуп иштейсиңер деди. Бизди кул катары кагып киришти. Барган жерибизде үч полигон бар экен. Ар биринде жүз элүүдөн адам иштесе, анын көбү кыргызстандыктар экенин көрдүм.

Бардыгы таштанды төгүлгөн жерде, желим бөтөлкөлөрдү чогултушат экен. Аларга "күнүнө мынча кап чогултасың" деп, талап коет экен. Мен барып үч күн иштегенден кийин ал жерде иштеп жаткан бир аял "документтериңер жаныңардабы?" деп сурады. "Ооба" десем бир жылдан бери жанында документтери да жок, айлык акы албай иштеп жүргөнүн, кул катары аны сатып жиберишкенин айтты.

“Кызыңызды азербайжан улутундагыга сатып жиберет, бул жерде жаш кыздар ошондой жолго мажбурланышат. Качып кетиңиз эртерээк" деп кеңеш берди. Ошондо гана биз кандай күнгө туш болгонубузду билгендей болдум. Тез эле он чактыбыз ал жерден качып чыгып кеттик. Ит көрбөгөн күндү көрдүк, жаныбызда акчабыз жок, тамак-ашсыз, жата турган жерибиз да жок. Акыры эптеп Кыргызстанга келдик. Чек арадан өткөндөн кийин эле ыйлап жиберчүдөй болуп, атам менен учурашкансып, "ассалом алейкум" деп Кыргызстаным менен учураштым.

"Азаттык": Абитжан, сиз ал жакты өз көзүңүз менен көрүп кайттыңыз. Тюмендин өзүндө эле тагдыры сиз сыяктуу кыргызстандыктар көппү?

Абитжан Муралимов: Менин билишимче эле беш жүздөй экен. Бизден мурун барган ошол жердегилердин бардыгы кулчулук тагдырга туш болуп, сатылып кеткендер. Бул жактан алып барган аял биз сыяктуулардын үстүнөн акча алып турат экен. Оштук, өзгөндүк, кара-суулук жаш кыздар да ал жакта таштанды терип жүрүшөт. Паспортторун алып коюптур.

Мекендештеримдин таштанды арасынан чыккан тамактарды сугунуп жеп жатканын өз көзүм менен көрдүм. Мен качарда жаш кыргыз кыз кеңеш берди эле, аны мени менен сүйлөшүп турганын көрүшкөн, эми анын тагдырына бушайман болуп жатам.

"Азаттык": Сиз эми өз укугуңузду кантип коргойун деп турасыз?

Абитжан Муралимов: Мен адегенде эле Кыргызстанга келгенден кийин Кара-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылдым. Андан соң бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарына да кат жолдодум. Бирок ошол бизди сатып жиберген аял телефон чалып, менин колумда сенин туугандарың бар экенин билесиңби, мен сенин арыздарыңды бүт жаап койдум деп коркутуп жатат.

Туугандарымдын тагдырын ойлоп, артынан деле түшпөй туруп калдым. Мен кичине тиричилигимди оңдойм деп азыр кайра карызга батып, үйүмдү да сатыкка койдум. Азыр эмне кылышты деле билбей турам, бул ишти ачышка «Азаттыкка» да чоң үмүт артам.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: rat каяктан: tushtuk koreya
18.10.2009 09:28
Emne demekbiz tugandar!bul bir kishinin mynday akybalga kabylgany, syrtta kanchalagan mindegen jarandarybyz kul bolup kelalbai jatyshat, bir kishinin kolunan emne kelmek ele. kaysyl jerge kayrylbasyn, barybir jyiyntyk jok munu baardygybyz ga maalym. Abitjan baykebiz kutulganyna , kelgenine suyunsun. Maml.kolunan ech temke kelbeyt, azyr oz alapaiyn tabalbai turgan kezi. Prezidentibiz bolso kantip dagy kaysyl jerin satyp iysem, emne kylp akcha tapsam dep turgan kezi tuugandar. biylike bir jurogu chynynda ele elim, jerim , kyrgyzym dep sokkon insan kelmeyinche onolboyt. Anan kudaydan onolup ketishibizge, biylike chynygy kyrgyz kelishine men ishenem, bizde bar mynday jigitter.

кимден: Kirgizdar каяктан: Germaniya
11.10.2009 22:48
byl kiwinin abali ötö oor eken .Abitjan baike egerde sis ywyndai kiin4ilikti bawihisdan ötkysöhys emne jogorky jakka tys kairilbaisis?Owondoi ele 500 kirgizdai sis aitkandai Tymende kyl bolyp jyrsö sis emnege 1 jaman elin jerin satkan ayaldin kalip sösyn ygyp oltyrasis,bawtagan iwihisdi ylanta beris korkpoi al ayaldan .Sisdin ykygys bar K .Bakievke 4eiin kairilganga ,byl jerde bir jalgis sisdin yiblöhys emes Tymende kiin4ilik kyl bolgon , al jaktada sis aitkandai 500doi kirgizdar bar eken owondyktan sis tys kairiliwihis kerek .byl menin pikirim......

кимден: Матазим каяктан: москва
10.10.2009 23:57
Ал аял сотторду сатып алган болсо кыйын аял екен.Абыджан аке эки рекет намаз окуп Кудайдан суран буйруса баары жакшы болот.Ак ийилет бирок сынбайт.Бул окуя башкаларыбызга сабак болотко.Ошондуктан жаштарды илим,билим алууга чакырат элем.окусаң чокуйсуң дейт,Ал аялга Кудай өзү көрсөтөт.

кимден: надир каяктан: абакан
10.10.2009 17:51
рысбектин жоктугу берсе бир ошол жардам бермек.

кимден: Meerim каяктан: Deutschland
10.10.2009 14:18
Adam balasu ittey bolup sattulup ittey bolup olturulup ele kaldu okschoyt. Uschu Uulkanga okschogon beti zhok akmak adamdar chettinen, turmuschtun kuynalup zhatkan adamdardu kayra malayluka satkan, ADAM dan tuulbay itten tuulgan okschoyt!!!
Bizdin biylik da echak ele Uulkanga okschogon kischilerge sattulup ketken...

кимден: Айтурган каяктан: Москва
10.10.2009 12:32
А. Муралиевтин абалы өтө оор экен. Биздин мыйзамдын күчү алсыз. Бизнес кылган Уулкан карапайым адамдарды эле эмес, столдогу чоңдорду дагы сатып алыптыр да. Адам азына эмес, көбүнө көнөт дейт. Акыры акыйкатчылык болоор.

кимден: mahabat каяктан: usa
10.10.2009 05:31
Russiada men da ishtegen elem 4.5-5 zhylcha birok al mezgilde mynday kulchuluk degen nerse zhok ele Kuday saktasyn. Eger orus tilin zhakshy bilsen kichine zhanynda akchan bolso ozun ele kelgenin zhakshy biroolorgo zhaldyrabay. Ozun zhalgyz bolson bashynda 1-2 ai kyinalasyn birok ech kim bilbeit senin zhalgyz ekenindi, kul da bolboisun. Azyr bir kozuno ishensen bir kozuno ishenbe degen zaman, ech kimge ishenboo kerek Alladan bashka. Urmattuu Abitzhan Muralimov kop oilonup kabatyr bolbonuz, Alladan umut kylynyz, Allah sizge zhardam bersin Inshallah. Men bul makalany okup ozumdu ayabai zhaman sezip zhatam, kyrgyzdar ne degen kalkpyz biribizdi-biribiz satyp zhatsak,,, ??? Bizde namys uyat degen barby??? Zhanybarlardan aiyrmabyz zhok bolup baratabyz astagfirullah, zhanybarlar da mynchalyka barbait .. :(( Berki sizdi satkan ayaldyn kozun oup albaisyzby, olumdon korkponuz, baryp eki kozun chukup oup alynyz Allah sizge zhardam bersin olturup koushsa Allanyn koluna barasyz olbogon bolsonuz zhashaisyz! Ushintip zhashagandan koro olup kalgan dele artyk, bara beriniz, Allaga amanat!

кимден: Назира каяктан: Германия
09.10.2009 03:21
Албетте, бул окуя ар бир адамды кайдыгер калтырбаса керек. Урматтуу кыргызстандыктар, массалык маалымат каражаттарында канча ирет миграция, кулчулук, адам сатуу боюнча маалыматтар жарыяланып турат. Бул жаатта кыргыз журналисттери көп эле макалаларды жазышты, ошентсе дагы кыргыздар иш издеп чет өлкөгө болгон агымы токтобой келүүдө. Бул учурда кайдагы биздин өкмөт жардам бере алат, алар эч убакта Россияда мынча кыргыздар кул экен деп айтышмак беле, анда Орусия менен болгон мамилесин бузуп алабыз дешет менимче. Ошондуктан айтаарым чет жерде кор болуп жүргөнчө, макул өз элинде аз акча болсо дагы иштеп аракет кылыш керек. Урматтуу Абитжан Муралимов, абалыңыз өтө оор экен, Бишкектеги эл аралык миграция уюмуна кайрылыңыз МОМ, балким алардан жардам болоор. Акыры акыйкат болушу керек.

кимден: Oshtuk jigit каяктан: Osh
08.10.2009 13:48
Kechee kechinde bul adamdy tort bala ur-tokmokko algany maalym boldu. Aga cheyin Abitjan Muralimov ozunun ukuktaryn korgop migraciya komitetine kairylgan eken. Birok janagy kulchulkka aidap jibergen ayal bir jeringdi kyspasan jaman bolot, sot arkyluu ech nerse cheche albaisyng, men alardyn baaryn satyp algam dep eskertken eken kiyazy. Anan mintip eskertkenden kiyin tokmotolup jatat.

кимден: Ainazik каяктан: osh
08.10.2009 13:07
Toobo adamdyn uroonun uchuratko.Oozu kiyshık bolso da baidın uulu suylosun degen zaman boldu da.korguluktu korup kelgeni az kelgensip arızdansa akcha menen zjaap koiso bul emne degen shumduk a? Azattyk silerden suranych ushul ish boiuncha milsiya kızmatkerleri chaara korup ataby taktaialasyzdarby? Aial adam Ene degen attan ailansyn oshol aial kancha adamdi satty eken.oz elin satkan akmak! chet zjaka zjırgagan adam ish izdep barbait Meesi zjok aial kıskası saga soz zjok.ALLAHYM KORUP BİLİP TURAT ZJAZAANDY OZU BERSYN AAMİN.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)