Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:44

Кыргызстан

С.Шерматова: Кыргызстан Казакстан менен Орусияга таянышы керек

Бул күндөрү Кыргызстанда орун алган соңку окуяларга карата орусиялык серепчи Санобар Шерматова өз пикири менен бөлүштү.

x
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Санобар айым, Кыргызстан 7-апрелдеги окуялардан кийин эми кандай өнүгөт?

С.Шерматова: Бул башкы маселе. Бийлик маселеси чечилди. Бир нече буйрук чыкты. Биринчиден, тарифтердин кризис болгонго чейинки калыбына келтирүү убадасын берди. Бирок жаңы бийлик анча каражатты кайсы ресурстан сузуп алат? Казна бош экенин айтпаса да түшүнүктүү. Дегинкиси, тарифтердин мынча арзандашына жеткидей кандайдыр бир каражат болуш керек да.

1-апрелден тартып Орусия жиберүүчү кара майга бажылык салыкты көтөрүп атат. Кыргызстан экономикасынын торолушу ошол майларга жараша болот. Ал салык киргизилгенден тартып баа 30 пайызга кымбаттайт. Аны кантип жабыш керек? Кеп ушунда.

“Азаттык”: Жаңы элдик бийликтин алдында дагы кандай өтө зарыл маселелер бар?

С.Шерматова: Бул - бийликтин легитимдүүлүгү. Ал өз эли үчүн керек. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулук алдында легитимдүүлдүккө жетишүү керек. Муну оңой эле чечсе болот. Себеби Кыргызстан чындыгында эки мамлекеттин өзүн таануусу ага жетиштүү болот. Аны Казакстан менен Орусия таанышы керек.

“Азаттык”: Бир нече убактан кийин калк ушул бийликке да нааразы болушу ыктымалбы?

С.Шерматова: Миңдеген жаш уландар колуна таяк алып, кесек кармап көчөгө чыгуу жагдай Кыргызстанда гана бар. Бирок аларды ыңкылапчылар деп айтууга болбойт. Алар кадимки эле Бишкектеги Ош базарында иштегендер. Бул окуяларды ошолор жасады. Кайдан жайдан келгени түшүнүксүз. Ким аларды уюштуруп, башкарганы белгисиз топтор.

Бирөө аларды жалдадыбы же бир нерсе убада кылдыбы – белгисиз. Дал кайдан чыгып кайда кеткени белгисиз күч. Ошол масса Бакиевдин өкмөтүн тебелеп жер менен жексен кылышты.

Ооба, ыңкылапчылар да көчөгө чыгышты. “Ата мекен” менен СДП чыкты. Бирок Өмүрбек Текбаев, Роза Отунбаева же Алмазбек Атамбаевдин төрт, беш, ал тургай алты миң тарапкерлери чыкканда да бийликти кулатуу колдорунан келмек эмес. Ал эми көчөгө чыккан көпчүлүктү эч бир күч тыя албай калды. Бул ыңкылаптын таң калычтуу жагы – башкы ыңкылапчылар кармалганда көчөдө колунда таягы, койнунда ташы бар сандаган уландар кожоюн болушту. Мына ошолор Бакиевди бийликтен оодара тартып, кууп жиберишти.

Алар эми кийин дагы бир ушундай учур болсо кимдин ойнун ойношот? Качан пайда болушат? Кимге болушат? Татаал маселе ушунда. Жаңы бийлик аны унутпашы керек. Жаңы бийликке мен жакшылык каалайм. Себеби мен аларды бери дегенде 20 жылдан бери тааныйм. Алар чындыгында Кыргызстандын жашоосун өзгөртүүнү каалашат. Бирок аны ишке ашыра алышабы? Мен мындан күмөн санайм.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Secret Man каяктан: Turkiya
12.04.2010 02:36
ooba bul aytkan sozdorgoda men biraz koshulam emnege degende alar kayaktan kuch algan ii arkasynda kim bolgon baary ele tan kalyp jatat kanday kuch dep jana kuraldarda bolgon al kuraldardy kaydan aldy dep baary ele tan-kaluuda da menda ech nerse tushuno albadym .Kyrgyzdyn makaly bar emesbi .....(biroogo kor kazsan ozun tushosun dep)Bakievta ubagynda emnelerdi jasasa ozuda kordu bularda korot albette bardyk ish nietke karayt el uchun kylsa el any baalayt bashka uchun kylsa anyda korot jana jazasynda alat

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.04.2010 01:17
иии ооба сиздики чын деген сыяктуу экен капа болбонуз...........кыргыздар ага буга таяныш керек дебей эн биринчи ынтымакка келиш керек , казак орустарын аран эле турат болуп жара албай ........., бизде кыргыздарда патриоттор аз ........., алакандай болгон элибизди жерибизд сактап калуу ар бирибиздин милдет,,................, элибизде тынчтык жана стабилдуулук орносун!

кимден: nur каяктан: europa
10.04.2010 01:03
sanobar aiym.osh bazaryndagy ele adamdar dep aitypsyz.alardy osh bazarynyn ele adamy kylgan kimder ekenin unutpaily.anan da osh bazarynda oltursa da biz, siz katary adam ekenin bile jurolu.myndai suilogon tuura emes dep oiloim.
ooba kazyna bosh.birok al kazynany bosh karmap,bizde 5 jildin ishinde en sonun jylysh bolup atat dep,eldi aldap tonop oltursa oshol osh bazar emes ak uido olturgan kishi chykkysy keldi tash kotorup.sizdin aitkandardyn bir asy tuura emi kymbattait bashka degeni,birok bashkasyna koshula albaim.eldi ech kim jaldap chygargan jok.el tajagandan,kuigondon chykty.buga bekter dagy kunoluu emes.baary bijliktin ajynan

кимден: Айсалкын каяктан: Бишкек
09.04.2010 20:13
Кыргыздар оздоруно жана демократияга гана таянса келечеги болот.

кимден: yrysbek каяктан: kg
09.04.2010 18:22
men kyrgyzmyn, senkyrgyzsyng bul olko saga maga gana kerek
sebebi biz kyrgyzbyz kyrgyzdan bashka bul olko kimge keregi bar oshol sebepten biz gana KG ny sakatap kalyp onuguu zholuna otushubuz kerek zhetet talashyp tartyshkanybyz biylik uchun kuroshkondor dagy deke tabylyp zhatpaiby Zharym kunduk biyliging bolso zhorgo chaap zhatyshat tuugan urugun oturguza koiup a bul ayal zharymyn kalp zharymyn akyikatka salyp ozunun gana korgonun bilgenin ukkanyn sogup zhatat chala moldo din buzaar bolup

кимден: daki каяктан: TR
09.04.2010 16:30
sanobar aiym en tuura kozomoldogon. bardyk nerse aiagynda kelip ekonomikalık kozkarandısızdıkka takalat. sanobar aiym aitkandai kaidan ekendigi belgisiz tolpa kelip bakievdi tonkordu deit. bul kaidan kelgendigi belgisiz tolpany biroo uiushturgan, aibai jakshy uiushturgan. bul tolpadagynyn baary jumushsuz jashtar, oshonduktan az bir akchaga makul bolushat. al emi jany okmotko kelgenderdin ansyz da akchasy jok, kaznada akcha jok, bir jerden-olkonun sırtınan bir finansalyk karjyloo bolgonu anyk. azyrky market ekonomikasında kim kimge beker jardam beret!?!? negizgisi bul catalyser kuchtun planı...

кимден: Кыргыз каяктан: Сибир
09.04.2010 15:17
Салыктарды томондотуп салып акчаны кайдан алып толойбуз деген туура суроо болмок эгерде алынган салык мамлекет казынасына тушуп аткан болсо. Салыктар Бакиевдин жана жакын туугандарынын чонтогуно тушуп атса, салыкты азайтсан да кобойтсон да толой турган киши ошол сен айткан базардан айласы кетип тайагын которуп алып окко учкан бир тууганыбыз да. Силер болсо ошол тайагын ташын айла жоктон которуп чуркаган базарда тонуп отуруп тапкан 5 сомун зордук менен алган зордукчусунар. Ал 5 сомду казынага токсонор мамлекет ушул абалга келет беле.....

кимден: Муса
09.04.2010 15:08
Бул аялдын айтканы болсо кээ бир жерлери туура деп ойлойм себеби айрым партиянын адамдарычогулса мынчалык кырдаал болмок эмес бул кочодогу адамдарды же америка же орусия колдоп кучотуп атат. Эч качан кыргыз эли тундук туштук дебей биримдикте болушубуз керек. ошондо гана кучтуу жана туруктуу мамлекет боло алабыз.
Тоноолор токтотулсун. Оппозициянын окумдору чгып айтуусу керек ал тоногон сындыргандар баардыгы эле мамлекеттики мындайча караганда элдин эле мамлекетке берген акчасынан алынган. Ошондуктан талкалабашыбыз керек...

кимден: Малик
09.04.2010 12:46
Дайыма кыргызга каршы жазат ушул аял.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)