Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:45

Экономика

Убада кылынган акчаны үч жыл күтөт

Өткөн аптанын аягында Москвада кыргыз-орус өкмөттөр ортолук комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Анда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды, тиешелүү документтерге кол коюлду.

Кыргыз премьери Данияр Үсөнов менен Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко өкмөттөр аралык комиссия жыйынынан кийин. Москва, 27-февраль, 2010-жыл.
x
Кыргыз премьери Данияр Үсөнов менен Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко өкмөттөр аралык комиссия жыйынынан кийин. Москва, 27-февраль, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Маалкаттан кредиттин маани-жайы

Өткөн жылы 3-февралда Орусия Кыргызстан бюджетин колдоого 450 миллион, «Камбар-Ата -1» ГЭС курулушуна деп 1 миллиард 700 миллион доллар акча берүүгө макул болгону кабарланган. Ага улай кыргыз өкмөтү “Манас” абамайданындагы америкалык аскер базаны чыгаруу чечимин кабыл алганын президент К.Бакиев ошол эле Москвадан журналисттер алдында жарыя кылган. Андай чечим Орусиясыз эле эгемен Кыргызстандын өз алдынча бүтүмү экенин Орусия президенти да ырастаган.

Бирок да жыл ортосунда кыргыз бийлиги америкалык аскер базаны Транзиттик борборго айлантып, ижара акысын көбөйтүү шарты менен калтыруу чечимин кабыл алды. Парламент эгемен Кыргызстан өкмөтүнүн бир жылда эки ирет өзгөрүлгөн токтомун колдоп берди.

Саясат таануучу А.Князевдин пикиринде, “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна бөлүнчү орусиялык кредиттин бөлүнбөй жатышынын себеби дагы бир маселеге байланыштуу.

- Кеп бул жерде Кыргызстандын өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатканына байланыштуу кредиттин бөлүнбөй жатышы жөнүндө болууда.

Орусиялыктарга карыз акчанын эмнеликтен коммерциялык максатка жумшалып кетишин ырастап берүү кыргыз өкмөтү үчүн кыйынга туруп жатканын буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виталий Скринник да ырастап чыккан. Анын үстүнө жыл башында Бээжинге барып келген президенттин уулу М. Бакиев Кытай өкмөтүнө биртоп энергетикалык долбоорлорду сунуш кылып, аларды чоң курулуштарга тартынбай катышууга чакырып келген. Анын жөн-жайын А.Князев моминтип түшүндүрөт.

- Азыр булар болгон каржы агымдарынын баарын бир жерге чогултуу аракетин жасап жатышканы байкалып эле турат. Өнүгүү фонду, “Азия универсал” банкы аркылуу.

Маселелер көп болду, бирок...

Москвадагы эки өкмөт ортолук комиссиянын иши ийгиликтүү өткөнүн, башынан сырдакана өлкөлөрдүн ортосунда салкын-суз мамиле болбостугун, кайсы бир узункулактын сөзүнө ишенип уу-дуу кеп чыгаргандар бир күн ичинде 12 маселени талкуулап чыккан отурумдан соң кабыл алган чечимдерден деле көрүнөрүн өкмөт башчы Данияр Үсөнов айрым маалымдоо каражаттары аркылуу жарыя кылды. А бирок ал эмнеликтен Орусиянын өкмөт башчысы же кайсы бир орунбасары эмес, энергетика министри менен гана керели-кечке Москвада олтурушунун жөн-жайын кабарлаган жок.

Орусиянын энергетика министри “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушун каржылоо маселеси анын техника-экономикалык негиздемеси даяр болгондон кийин гана чечилерин айтуу менен тим болду. Маселенин антип арабөк калышын айткысы келбеген Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдовдун сөзү андан да кыска болду.

- Турат го баары Интернетте, телекөрсөтүүлөрдө, ачып караңыз. Анда биздин өкмөт башчынын айткандары бар. “Камбар-Ата” жөнүндө да бар. Мунай-газ маселеси да козголгон. Кызматташуу маселелери, өнөр жай жана башкалар. Окуңуз ошолорду. Азыр менде кеңешме жүрүп жатты эле, кечиресиз.

Өткөн жылкы башкаруу реформасынан кийин Өнүгүү фондуна агылган акча каражаттарын кайда, кантип сарптоо милдетин Өнүгүү борбордук агенттиги өзүнө алып, негизги экономикалык саясаттын эки тизгин бир чылбыры өкмөттөн президент уулуна өткөн.

- Акча кана?! Акча кана?! Анан ыйлайбыз да, кыргызбыз, кедейбиз, акчабыз жок, эчтемебиз жок. Калп! Акчабыз көп! Акчабыз бар! Кеп башкада. Ал акча кантип иштеп атат? Ошол акча кимдин колуна тийди? Акчаны көбөйтө турган, колунан келе турган адамдарга бериш керек. Ошондой адамдарды табыш керек,- дейт өкмөт башчы Данияр Үсөнов.

Бирок да бюджетти колдоого, экономикалык кыйчалыш чакта социалдык аялуу катмарга көмөк көрсөтүүгө бөлүнгөн каражаттын акчаны кантип иштетүүнү билген адамдарга берилип калышы, кыязы, орус өкмөтүнө түшүнүксүз калды окшойт. Ошондон “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна ири кредиттин бөлүнөр-бөлүнбөсү бүдөмүк, ортолук жыйында козголгон топ маселенин ишке ашар-ашпасы арабөк калууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Карыбек каяктан: Бишкек
02.03.2010 16:44
Россия бул акчаны бербейт,анткени мундан эле билсе болот ПМ барып Министр менен жолугуп калпеле автомаш деп ошого кол койуп келе берди эмне үчүн Путин кабыл алган жок Кыргызстандык кесиптешин,жок дегенде Вице ПМдер кабыл албайт УЯТ эле болду биздин бийлик дубанага окшоп.Өздөрү күнөөлүү да...

кимден: synchy omar
02.03.2010 12:42
urmattu okurmandar, sizderdi jonokoi nersege konul burdurgum kelip atat. bul byilyk elden alystady. elden alystaganda el kuup iichu ele. misal uchun jogorudagy makalda daniar usonov rossia ish sapary jonundo maalymat toluk chagykdyrylbai kalgan. sebebi okmot bashchy maalymat jyiyn kurgan jok keterde je kelgende. bul jashyruun ish jasap atkandai sezilet da. makalada tigil je bul kishilerden maalymat toptolgon. energetika ministri dele ech nerse cheche albait. internetten karagyla degeni bir ministrdin dengeelinin tomondogu bolup eseptelet. kep akchada emes kep byilyktin elden alystagany bolup jatat. presidentte da ushundai korunush bar. achyp karanyzdar www.president.kg bakiev akyrky jyldary emne ish kylgany. ShOS Evrasez degen jyindardy esepke albaganda chet mamleketke bolgon ish sapary dele jok. bul presidentti afrika olkoloru da rasmi taanybait. Bolgonu aimaktarga baryp achylysh jasoo. sadik, mektep, arak zavod, kok boru aianty. anan aida bir filarmoniado otuuchu ar kandai kesiptik mairamdar.
biz kandai mamleket bolup baratabyz. kygyzdar oilonup otura berbei. unubuzdu chygaraly. bir nerse dagy aitain. svet 21 marttan bashtap ochpoit eken bul janylyk emes. bul eldik kurultaidyn aldynda mr. presidenttin doklad okup jatkanda ''energetika tarmagy onugup osup, mal maaly menen ochurulor toluk toktotulagnyn basa belgilep ketkim kelet'' dep aitakanga jakshy boldu da. ansyz dele 1 aprelden bashtap ochpoit deshchy ele 9 kun jyldyrdy.ishi kylyp bash dele ailanyp kaldy. saiasyi serepchilerdin dele bashy ailaanyp kaldy. bul byilyk emne kylyp jatat.

кимден: CHORO каяктан: Moscow
02.03.2010 12:01
Кремльдегилер көрдү да, биздин өкмөттүн стабилдүү эместигин. Айткан сөздөрү менен кылган иштери туура келбей атпайбы. Орустар эртеңкисин ойлойт. Балким бийлик алмашып калса эмне болот- деп, көрүп атышат да биздин мамлекеттеги обстановканы.
'' Жети ченеп, бир кес'' дегендей, орустар азыр ченеп атышат. Берсекпи акчаны, же бербей эле койсокбу -деп.

кимден: Баки каяктан: Баткен
02.03.2010 11:58
Акчалар өнүктүрүү фондунда, АУБда иштетилип жатат, Россия берген кредитти да ошолор иштетип жатат, анадан сырткары чет өлкөлүк банктарда айланып жүрөт деген кеп бар. Д. Үсөнов башында турган өкмөт, өнүктүрүү фондунан кредит да ала албай олтурушат, бул эмне деген өкмөт, кеткиле иштей албасаңар, элдин төлөгөн налогдорунан мамлекет, силер жашасаңар, байкуш элге кыйын, биз билбейбиз, депутаттар, өкмөттө иштегендер, керек болсо Президент канча маяна алат, башка өлкөлөрдө баары ачык-айкын. Россиянын кредитисиз эле күнүбүз өтөт, берсе талап-тоноп жок кыласыңар.

кимден: Узулбогон умут каяктан: Качан чыгат
02.03.2010 11:43
Шерменделер! Калпыңар ачыкка чыга баштаган го. силерди Орусча айтканда (изменник) государства,күнөөсүз адамды камакта кармап жатасыңар,миллиарддап жесеңер боло берет деп ойлойт окшойсуңар,жооооооок жооп берчү күнүңөргө аз эле калды-күтө тургула.

кимден: Башат каяктан: Тоолор
02.03.2010 11:37
Эй,кыргызбайлар! Ушул улуттук ар-намысы жок адамдарды башчы кылып алып жүрөбүз да темселеп. Эшегине жараша тушоосу дейт. Мына тажиктерди карагыла орус, кытай, америка деп жалдырап нетпей эле Рогун ГЭСин өздөрү эле эптеп куруп жатышат. Чоңдор ар кайсы чет өлкөгө барган чыгымдарын, алган параларынын агымын эле курулушка буруп койсо бүтмөк да. Анан калса, кыргыздардын аш-тойлорго кеткен 1 жылдык чыгымы эле миллиарддаган долларды түзөт экен. Андай той-топурдун көпчүлүгүнн майда жана чоң чиновниктер кылып жатышат. Кыскасы койчу көп болсо кой арам өлөт болуп, шорубуз катты. Ушул кантип болсун, бу бийлик келгенден бери эч нерсени жасаган жок, кыйратып жатат. Монорхия кылам дейт

кимден: Meder каяктан: germaniya
02.03.2010 07:53
Kyrgyz premer ministry Usenovtu Possiya premer ministri tosup algan jok. Putin Usenov menen jolugushgan jok. Bul ekki okmottun arasinda chatak bar okshoyt. Al kreditke bizdin eks orus premer ministribiz Chudinov astynda kol koyulgan ele...

кимден: Куйом Элиме! каяктан: КР
02.03.2010 06:17
Акча кана? Бакиевдин экинчи шайлануусуна 50-60 млн.$ кетти, политтехнологдордун акысы менен, калгандары 'АУБ'да иштетилип жатат деген маалымат бар. Ошол РФнын кредиттерине эле Северэлектро,Телекомдор бир туугандар түзгөн компанияларга сатылып алынды. Д.Үсөнов калп эле жерим дебей эле койсун!Булар бир аздан кийин ачыкка чыгат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)