Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:46

Саясат

Ата журт үчүн жан кыйгандар "Ата Бейитке" коюлду

Кыргызстанда 9-10-апрель аза күтүү күндөрү. 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 78 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган. Каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү бүгүн Чоң-Таштагы "Ата Бейитке” коюлду.

7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, "Ата-Бейит", 2010-жылдын 10-апрели
Текст көлөмү - +
9-апрелде Бишкектин түштүк тарабындагы Байтик айлынын бейитине Ак үйдүн алдында ок тийип, курман болгон төрт жигит жерге берилди.

Алардын бири «Замандаш» партиясынын мүчөсү, 52 жаштагы Жылдызбек Огонбаевдин сөөгүн коюу жөрөлгөсүнө маркумдардын тууган-уруктары, жакындары катышты.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн өкүлдөр аза күтүүгө барышкан жок.

«Дордой» ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбековдун пикиринде, жалпы журттун эркиндиги жана келечеги үчүн жанын бергендерге «Кыргыз Эл Баатыры» деген ардак наам ыйгарылып, алардын ысымдары түбөлүккө унутулбашы керек.

Журналист Курмангазы Кыдыршаевдин эскерүүсүндө кудасы Жылдызбек Огонбаев мекенчил, кыргыз мамлекетинин келечегин ойлогон мээнеткеч инсан эле:

-Жаңы бийликке ишенели туугандар, ишеним болсо гана ийгилик жаралат. Курман болгондордун арты кайырлуу болсун. Аларды аткан бийлик өзүнүн өтө төмөндүгүн көрсөттү. Бир топ гана адам кыргыздын тагдырын чечип калышкан болчу. Жылдызбек мекенчил жигит эле.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун айтымында кандуу демонстрацияда 76 киши каза таап, миңден ашуун адам жаракат алган. Каза тапкан адамдардын дээрлик көпчүлүгүнүн аты-жөнү такталганы менен 12 адамдын аты, дареги тактала элек.

-Учурда маркумдардын сөөктөрү сакталуучу сот-медэкспертизалык борбордо 21 адамдын сөөгү алынып кетпей турат. Алардын он экисинин аты-жөнү эмдигиче тактала элек. “Ата-Бейитке” 5 адамдын сөөгүн коюуга даярдап бердик. 

9-апрелде аза күтүү расмиси Өкмөт үйүнүн алдында өтүп, ага эки миңден ашуун киши чогулду. Алар шейит кеткендердин арбагына багыштап куран окуп, кан төгүлгөн жерге гүл коюп, эскеришти.

Курман болгондордун айрымдарын жакындары туулуп-өскөн айылдарына, райондорго алып кетишкен. Айрымдары жогоруда айтылгандай 9-апрелде жерге берилди.

Курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев кандуу демонстрацияда каза тапкандарга Ала-Тоо аянтына алар үчүн эстелик тургузуу жөнүндө маселе каралууда деп билдирди. 

-Бакиев бийлигинин кандуу колунан чырактай өмүрлөрүнөн ажырап, Ата Журттун тагдыры, жаркын келечек үчүн жан кыйгандардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, арбагына башыбызды ийебиз. Кандай болгон күндө да мамлекеттин келечеги, эртеңки жарык күн үчүн ажалга төш тоскон азаматтарыбыздын ар бир тамчы каны кыргыз журту үчүн ыйык. Эрдик деген ушинтип күтүүсүз жаралат.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Ата Бейиттеги аза күтүү жөрөлгөсүнө катышары маалымдалууда. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин милдетин аткаруучунун орун басарларынын бири Темир Сариевдин айтымында 7-апрелде каза болгондорго убактылуу өкмөт 1 млн. сомдон төлөп бермек болду:

-Ар бирөөнө үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү катары өкмөттүн, мамлекеттин атынан 1 млн сомдон берилет. Оор жарадар алып ооруканада жаткандарга 100 миңден, ал эми жеңил жарат алгандарга 20-30 миңден берилет.

9-апрелде “Ак шумкар кут” жаштар бирикмесинин өкүлдөрү Мамлекеттик тарых музейинин алдына боз үй тигишип, окко учкан жаштардын арбагына куран окушту.

Кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 1937-жылдагы репрессияда курман болгондордун сөөгү жаткан “Ата Бейит” мемуралдык комплексине 7-апрелде каза болгондорду кимдер экенин тактап, ылгабай туруп койгонго нааразы болгондор да бар. Бишкектин тургуну Ислам Ысрайыл уулу “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди.

“Ата Бейитке” барууну каалагандар үчүн саат тогузда Ала-Тоо аянтынан автобустар сунушталып жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
13.04.2010 11:43
Мен убактылуу бийликтин өкүлдөрүнө сунуш кылат элем: Экс - президенттин агасы "Жусуп Бакиев" атындагы фондду "7-апрель" атындагы фонд деп которуп, ал фонддогу болгон акчаны жана азыр чет элден, демөөрчүлөрдөн келе турган акчалай жардамдарды ошол фондго которуп, курман болгон жигиттердин үй-бүлөлөрүнө , жаракат алган адамдарга жардам берүү фондуна айлантыш керек. Ал жигиттер кыргыз элинин эртеңки жаркын келечеги үчүн баштарын окко тосушту. Ал эми Ж.Бакиевдин кайсы эмгеги үчүн ачылды эле? Жөн гана президенттин агасы болгон үчүн акча топтоо максатында ачылган да. Ошентсе да акырында Ж.Бакиевдин ыйманы саламат болсун демекчимин. Азыр эртерээк камынып фонддун жетекчисин кармап, акчаны алып калбаса , кийин кеч болуп калат.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
12.04.2010 15:24
Шейит кеткен жигиттерибиздин арты кайырлуу болсун, калган өмүр жаштарын бала-чакасына, бир туугандарына берсин. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун.

кимден: Эмиль каяктан: Санкт-петербург
12.04.2010 14:20
Бул жигиттер кыргызымдын чыныгы патриоттору бул жигиттерди кыргыз элимдин баатыры деген наам берип тарыхка жазыш керек ошондой эле кыргызым азаматсынар ойгондунар мындан кийин заман онолот

кимден: Азамат каяктан: Бишкек
11.04.2010 02:22
is kg ге: сен биринчи кезекте өзүңдүн ким экениңди жана өзүңө татыктуу бир орун таап туруп, пикириңди жазчы!!!

кимден: Avazbek каяктан: Japan
10.04.2010 21:58
Kyrgyz elim jerim dep janyn ayabai kokurogun tosup Er juroktyk kylyp kaza bolgon jerdeshterdin jatkan jeri jailuu bolup,topuraguu torko bolsun, kudaiym sizderge beiishten oorun bersin!!! Sizderdin erdik kylganynyzdardy Kyrgyz eli Tuboluk unutbait!!! Al emi elge ok atyp Kyrgyz elin ushul abalga alyp kelgenderdi ertebi kechbi sozsuz Joobko tartysh kerek demekchimin!!!Andai kylbasak kaza bolgon markumdar tynch jata alyshbait!!! Oshonduktan jany kelgen biilikten suranaarym iine jibine chein izildep Kunookorlordun tybyno jetish kerek!!!

кимден: ulan каяктан: korea
10.04.2010 21:57
is kg ге:
эмне учун алардын эмгегин баалабайсын? алар КРдын келечеги учун эн кымбат нерсесин -омурун да аяган жок. атылган окко карабай, артка качпай туруп беришти го??
Бакиевди оз убагында токтотпосо билбейм дагы эмне кылып жиберет эле. ансыз деле казнаны бошотуп буткон турбайбы..

кимден: Сулайман каяктан: Москва
10.04.2010 21:49
Апазиция элдин тагдырын ойлоп эл учун күйүп бышып жатышса мейли дейли Бийлик учун дунуйө учун озулорунун кызыкчылыгы учун карапайым элди пайдаланган болсо анда алар эртеби кечпи сөзсүз жазасын алышат.

кимден: Damir каяктан: Iraq
10.04.2010 21:29
Kyrman bolgon Kyrgyz baatyrlarybyzdyn jatkan jeri jailyy bolsyn,Topyragy torko bolsyn,arty kairryluu bolsun!!!Ata-ene,bir tyygandaryna konyl aitam,Kairattylykty kaalaim!!!Kydai byursa baardygy jakshy bolot!!!!!!!!!!

кимден: Ulutchul каяктан: Tr
10.04.2010 21:26
Kurban bolgondordun uy-bulooloruno kuday sabir bersin. Pikirin bildirgen ayrim jerdeshter oppozitsiyani kunooloptur. Men bul oygo koshulbaym. Kirgizstandagi jashoo abdan oorlogondo, senzura kuchogondo oppozitsiya unun biylikke jetkiruu uchun kurultay uyushturuuga argasiz boldu. Tekebaev, Isakov, Otunbaeva, Beknazarovdordun ech kanday kunoosu jok. Bul azamattar bolboso Kokon handigina aylanip ketmekbiz. Kizil kanduuluk kilbay, okuyani realduu baalaganga araket kilalik. Isakov, Tekebaev, Otunbaeva, Sariev, Beknazarov simal TAJRIYBALUU insandardin jol bashtoosu, birimdigi menen olkobuzdun onugooruno ishenemin. Baardik jerdeshterimi birimduuluk jana intimakka chakiram. Er jurok jashtar, tajriybaluu, akilman kariyalaribizdin salimi menen Kirgizstan onugot buyursa!

кимден: kay каяктан: eu
10.04.2010 21:06
Jatkan jeriner jailuu bolsun kyrgyzymdyn azamattary!!!
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)