Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:49

Маданият

Салижан Жигитовдун мурастары жоголбойт

11-февралда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү коомдук ишмер, маркум Салижан Жигитовдун элесине арналган илимий жыйын өтөт. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, аталган университеттин түркология факультетинин мүдүрүнүн орунбасары Лайли Үкүбаева “Азаттыкка” маек курду.

Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов айтылуу Жаныбек казынын урпагы, Пакистандын атуулу Маматурайым менен.
x
Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов айтылуу Жаныбек казынын урпагы, Пакистандын атуулу Маматурайым менен.
Текст көлөмү - +
- Салижан Жигитовдун ишмердүүлүгү кайсы жагынан көбүрөк чагылдырылат?

Лайли Үкүбаева: Бүгүн белгилүү коомдук ишмер, адабиятчы, сынчы Салижан Жигитовду  ( 1936-2006) эскерүү күнүнө арналган кече болот. 11-февралда агайдын каза тапкан. Саат бирде университеттин мугалимдери үй-бүлөлөрү менен Салижан Жигитовдун бейитине гүл коюп, саат үчтө конференция башталат.

Салижан Жигитовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Кыргыз Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Осмонакун Ибраимов илимий баяндама жасайт. Ошондой эле университеттин Түркиядан келген мугалими Мухиддин Гүмүш “Салижан Жигитов жана түрк дүйнөсү” деген темада билдирүү жасайт.
Агайдын бизге калтырган адабий мурасы “Жаңырык” деген ат менен чыккан, ырлар топтому болгон.


Бул кечеге агайды жакшы билген кызматташтары, академик Бүбүйна Орозбаева, кыргыз эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, агайдын шакирттеринин бири, Түркиядан келип, учурда “Манас” университетинде иштеп жаткан Кемал Көз деген окутуучу өзүнүн эскерүүлөрүн айтып бермекчи.

- Лайли айым, азыркы студенттер Салижан Жигитовдун ким экендигин билишеби? Аларга ушул маалыматты жеткирүүгө кандай аракеттер көрүлүп атат?

Лайли Үкүбаева: Сөзсүз билишет. Маселен, Кыргыз Республикасында филологиялык багытта окуп жаткан студенттер агайдын китептерин, илимий эмгектерин сөзсүз окушат. Ошондой эле биздин агайдын ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Салижан Жигитов атындагы китепкана ачылган. Буга агайдын өздүк китепканасынан 3 миңден ашык китептер алынган.

Агайдын чыгармачылыгы боюнча университетте “Жаңырык” деген адабий ийрим иштейт. Агайдын бизге калтырган адабий мурасы “Жаңырык” деген ат менен чыккан, ырлар топтому болгон. Мен ойлойм, агайдын өлбөс-өчпөс мурастары кийинки муундар тарабынан дайыма окулат, эскерилет.
Келечекте университеттин өзүндө агайдын эмгектерин чыгаруу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү пландар бар.


- С.Жигитовдун көркөм чыгармаларын китеп кылып чыгаруу демилгеси да сиздер тараптан көтөрүлүп жүрдү эле. Анын тагдыры кандай чечилди?

Лайли Үкүбаева: Бүгүнкү күндө ушул жагдайда кичине өксүктөрүбүз болуп атат. Себеби агайдын кол жазмалары үй-бүлөсүнөн суралып, университет тарабынан чыгарабыз деген пикирлер болгон.

Биринчиден, кол жазмасынын чачкындыгына байланыштуу, экинчиден, дагы башка адамдар, агайдын окуучулары биз деле чыгарабыз деген ниеттер менен демилгени өздөрүнө алгандыктан азырынча бул иш ишке ашпай жатат. Бирок келечекте университеттин өзүндө агайдын эмгектерин чыгаруу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү пландар бар.



Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине