Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:52

Маданият

Сүрөтчүнүн чуусу Султан Раевди кызматтан алып түштү

“Ак жол” фракциясы бүгүн америкалык фотограф Сергей Мельникоффту колдогон Маданият агенттигинин жоопкерчилигин кароо сунушун өкмөткө жолдоп, ушул эле күнү президенттин буйругу менен агенттиктин башчысы кызматтан кетти.

Сергей Мельникофф, америкалык фотографф
x
Сергей Мельникофф, америкалык фотографф
Текст көлөмү - +

Фотограф Сергей Мельникоффко байланыштуу маселени “Ак жол” фракциясынын отурумунда депутат Кубанычбек Исабеков көтөрүп чыкты:
 

 


- Сергей Мельникоффтун көргөзмөсүн Улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөргөнү жатасыздар. Ал киши: “Орусия – кулдардын өлкөсү... Бүгүнкү мыкты орустар – өлгөн орустар...” – деп жазып атат. Орусия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Орус мамлекети менен карама-каршылыкты күчөтөлү деп атасыңарбы?

Сергей Мельникофф тууралуу Маданият боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Султан Раев депутаттарга маалымат берди. Аны 2009-жылы 3-мартта академик Асылбек Айдаралиев чакырган. Сергей Мельникофф “Кыргыз жери” деген фото-альбом чыгарып, 11-февралда ошол китептин жүзачары жана сүрөт көргөзмөсү өтмөк.

Жыйында Сергей Мельникофф тууралуу жана аны менен иштешкендерге байланыштуу чуу чыгаруу орунсуз экендигин депутат Бегалы Наргозуев белгиледи:

- Мельникофф бул жерде он жылдан бери иштеп жүрөт. Жанагы сөздөрүн Кыргызстанга келип айткан эмес. Ошон үчүн биздин атка минерлерди күнөөлөй бербесек. Ага Султан Акимовичтин кандай тиешеси бар? Көргөзмөнү болсо эл көрүш керек. Ал – искусство да.

 

Депутаттын сөзүнөн улам дем байлай түшкөн Маданият боюнча мамлекеттик агенттик деректири Султан Раев депутаттарга маалымат иретинде буларды кошумчалады:

- Биздин мамлекеттик тышкы иштер министрибиз деле, АКШдагы элчибиз деле билет да – бул кишинин кадыр-баркы кандай экенин. Интерполдон маалымат алдык – эч кандай кылмышка тиешеси жок экен.

Башкы маданиятчынын сөзүн депутат Айнура Кенжебаева актануу катары түшүнүптүр. Ал актангандын ордуна комиссия чечими чыкмайын бул чуулгандуу кишинин көргөзмөсүн да азырынча өткөрбөй, жарнамаларын да азырынча бербей туруу оң болорун айтты.

Ал эми жыйынды алпарып жаткан “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов депутаттарга мындай сунуш менен кайрылды:

- Эч кандай комиссиясы жок эле бул көргөзмөнү алып салыш керек. Ошондуктан мен добушка коём – биздин өкмөт башчыбыз бул маселелерди так изилдеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсын, Маданият агенттигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин карасын.

Улугбек Ормоновдун сунушу 55 добуш менен кабыл алынды.

Америкалык белгилүү фотограф Сергей Мельникофф 1955-жылы Советтик генералдын үй-бүлөсүндө туулган. Мындан 22 жыл мурда СССРден көчүп кеткен.

Биз учурда Кыргызстанда жүргөн ошол америкалык фотограф Сергей Мельникофф менен да байланышка чыктык. Ал Жогорку Кеңеш фракциясындагы талкуу менен толук кабардар экен:

- Мен так ошол маселе менен өзүбүздүн элчиге баратам. Парламенттеги кырдаал өтө эле таң калыштуу болуп атат. Парламент кыргыз жери жөнүндөгү америкалык сүрөтчүнүн көргөзмөсү тууралуу талкуу жүргүзгөндө – алар Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасы жөнүндө талкуу жүргүзүп жаткандыгын унутпашы керек эле. Ал эми мен Орусияга кандайча карайм – ал менин жеке ишим.

Ал эми Президенттин катчылыгынын жооптуу кызматкери Султан Жумагулов Мельникоффтун Кыргызстанга келип калышын – мамлекеттик айрым органдардын туура саясат жүргүзө албагандыгы катары баалады.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясындагы талкуудан кийин Президент Курманбек Бакиев Маданият боюнча мамлекеттик агенттик деректири Султан Раевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыгарды. 

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: baxa каяктан: moscow
08.02.2010 13:27
Бул маселе өтө курч чечилип калыптыр.Бул сүрөтчү Россияга терс көз карашын көздөсө Америкадан же болбосо Европадан көрсөтсө болмок.Ал эми Кыргыз эли Россия менен эптеп күн коруп жатат. Андан башка айла канча элди ойлош керек да, биздин эл сүрөттөргө анча деле муктаж эмес.Америка бул чоң держава ал өз саясатын жүргүзүп жатат.Россия кантсе дагы Кыргызстанга коңшу мамлекет жана чоң күчтүү держава. Американын бир сүрөтчүсү келип эки өлкөгө от чагып анан Американын жаранымын деп кетип калат.Россия менен Кыргызстандын канча эли күн көрүп жатат.Муну да түшүнүш керек.

кимден: Rysbek каяктан: Russia
06.02.2010 12:45
Sergey Melnikov al degen kyrgyzdardin ustunon kulup jatpayby kochmon kishi tigi bu degen surottoru menen anan kaydagy turizmge salim koshmok. Al orustarga karshy bolso amerikada ayta bersin al anyn ishi birok Kyrgyzstanda bizdi koldonup oz sayasatin jurguzgongo jol berbeybiz,ozubuzdun olko kizkchiligin oyloo kk. Bir jaginan Deputattar jakshy kiliptir, anday missionerlerdi olkodon kuup chiguu kerek. Demokratiyaluu olkonon da ozunun erejesi bolot demek kyrgyzstanga ziyani barbi al kishinin ishin toktouu kk.

кимден: Kyrgyz
05.02.2010 01:44
Melnikovdun surottoru:
http://www.gulag.ipvnews.org/article20061131.php

кимден: Расулбек каяктан: Москва
04.02.2010 20:23
Менимче биз Орусия менен жакшы алаканы ойлосок Мелникоффко окшогон кишилерди маданий болобу саясий болобу иштерин кубаттабообуз керек. Себеп дегенде Орусияда кандай режим башкарып жатканын билебиз да.
Орусиядагы мигранттарды ойлош керек. Менин угуп билишиме караганда Султан Раев жакшы эле иштеп келе жаткан Бирок азыркы учурда Орусия-Кыргызстан мамилесине ушундай окуялардын зыяны тийбеши учун Раевдей кишилерди кызматтан алуусу кадимки корунуш

кимден: Shom каяктан: Talas
04.02.2010 19:55
Бул нерсеге Акжолчулар эмне эле ызылдап жатат. Эгер КР Конституциясын жакшылап окусанар биз коз карандысыз демократиялуу мамлекетпиз. Коргозмосун коргозссо коргозот да. Каалагандар корсун каалабагандар корбой эле коюшсун.
Орус тууралуу абдан туура сын айткан Мельникоф, же биздин депутаттар тарыхты унунтуп калдынарбы? Канча деген мыкты патриот кыргыздарды так кырган Орустар болгон.
Бул нерсени саясатташтырып кереги жок. Андан коро президенттин баласы Акжолчуларды ж.б чиновниктерибизди кын эттирбей башкарып жатканын, мыкты лидерлерибиз саясий куугунтук жеп чет олкодо жургонун, электроэнергиянын кымбаттаганын дегеле жошоонун кыйындап баратканыны айтып ызылдабайсынарбы?

кимден: Ак Саамай каяктан: Кыргызстан
04.02.2010 19:13
Султан Раевдин иштен алуу - Парламенттин акылсыздыгын ашкерелейт. Ошол Улугбек Ормоновдун плебей экендигин корсотот. Ал киши искусствону тушунбойт, тарыхты тар тушунот, жогорку интеллигенциялык билим алган эмес, ой эркиндигин сыйлабайт экен.

Бул иш аябай кыжырды кайнаткан Кыргызстанды колхозго айтланткан жорук.

Журналисттердин оозун жабышты, башкаларга пример болсун деп Павлюктарды 6 этаждан ыргытышты. Эми даже музейдеги эркиндик, искусствону да кысмакка алып... Иштен алуу - булар учун эн оной нерсе - башкага баштары жетпесе айла канча. Жаны министр конушкучо - канча каражат, канча убакыт, алардын чонтогунон кетпейт да, алар озунун популизм, эгосун кандырса, бай-манап болуп купуйсо - ошол рахат.

Туркменистанга кулуп маскарлачу элек. Эми озубуз уят болуп атабыз. Атаганат!

кимден: askarchik каяктан: bishkek
04.02.2010 15:31
Melnikofftun aitymyna karaganda al bizdi,Kyrgyzstandy korkutup jatkandai da,aitymyna toktolsok, Amerikanyn kandaidyr bir Rossiyaga karshy jasagan sayasatyn kyrgyzdar arkyluu jurguzguusu.Oshondoi ele kyrgyz sayasatchylarynyn tieshesi bolgon jer.Ulamdan ulam chondordun almashuusu Kyrgyzstan uchun paidaluu nerse emes,bul jerde biyiliktin joopkerchiliginin abaly korgozuluudo.

кимден: Гүлчө
04.02.2010 15:21
Мелоьникофф деген ким экенин интернеттен издеген киши деле таап окуса жерге түкүрчүдөй. Мен бул немеден тээ 2002-жылы эле Аксылыктар Акаев бийлигинен акыйкаттык көрө албай, атылган алты баласынын кунун сурап Бишкек-Ош жолун тосуп тургандагы кылган акмакчылыгынан кийин эле түңүлгөм. Ошондо жол тосуп турган элди "автоматым бар, атып салам" деп коркутса, Бишкекке келип алып, "жапайылар" деп пресс-конференция берген. Ушундай кишиге 100 миң доллар короткон туризмчилерди соттош керек. Ага спонсор болуп аткан Азия Универсал Банктыкы го түшүнүктүү...

кимден: Жума каяктан: Бишкек
04.02.2010 15:08
Президентке Россиянын элчилигинен Сергей Мельниковдун көргөзмөсүн эмнеге өткөрүп жатасыңар деген кабар түшкөн имиш. Президент дароо чара көрө турганын айтыптыр. Муну менен ал Россияга жагынып уулу Максимдин башына түшкөн мүшкүлдү жеңилдетем деген экен. Ушундай достор, Максимдин ишине бир аз да болсо жардамы тиер деген кыязда бир бакыйган мамлекеттик чиновник садага чабылып кетти...

кимден: Аян каяктан: Бишкек
04.02.2010 15:05
Булар менин депутатым эмес
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)