Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:55

Саясат

Өлкөдө абал курч бойдон

7-апрелдеги ыңкылаптан соң өлкөдө кырдаал курч бойдон калууда. Мындан улам серепчилер утурумдук бийликтегилер кызмат талашып, элдин коопсуздугун сактоого ойдогудай көңүл бурбай жатканы айтууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү абалды жөнгө салууда болгон иштер аткарылып атканын билдирди.

Маевка айылында бир нече үй өрттөндү.
x
Маевка айылында бир нече үй өрттөндү.
Текст көлөмү - +
7-апрелдеги ыңкылыптан бери өлкөдө абал тынчый элек. Бишкектин тегерегинде миңдеген адам шаар четиндеги жерлерди басып алууда. 19-апрелде Маевка айылында үлүш жерди басып алгандар менен үлүш ээлеринин ортосундагы кагылышуудан 33 адам ооруканага түшүп, бешөө каза тапты.

Жалал-Абадда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери бир нече күндөн бери митингге чыгып, 20-апрелде облустук ички иштер башкармалагынын жетекчилигине Кубаныч Төрөбаевди отургузду. Буга чейин аймак губернаторун да шайлап алышкан.

Айрым серепчилер ушундай кырдаалда утурумдук өкмөт башчылары өз ара кызмат талашуу менен алектенип, калктын коопсуздугун коргоого чарк-чамасы жетпей атат деген пикирин билдирүүдө.

Буга 19-апрелде ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязовдун тегерегиндеги окуя дагы бир мисал болду. 19-апрелде Бишкекте эки жүздөй милиция кызматкерлери Б.Шерниязовду министрлик кызматтан алуу, анын ордуна системаны жакшы билген адамды дайындоо талабы менен көчөгө чыккан. Утурумдук өкмөт өкүлдөрү Шерниязов кызматтан алынып, анын ордуна Бакыт Алымбеков дайындалганын маалымдаган. Мындан соң кечинде Б. Шерниязовдун 300дөн ашуун тарапкерлери убактылуу өкмөт жайгашкан Коргоо министрлигинин алдына барып, Шерниязовду өз кызматында калтырууну талап кылган. Убактылуу өкмөт чукул жыйын өткөрүп, Б. Шерниязовду кайрадан ички иштер министринин милдетин аткаруучу ордуна калтырганын кабарлады.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримов мына ушул өңдүү көрүнүштөр бийликтегилер кадрдык маселе боюнча бир ойго келишпей атканын тастыктады деген ойдо:

- Утурумдук өкмөттүн өз ара кызмат талашуусу, кечээги Шерниязовдун тегерегиндеги окуя эки кочкордун башы бир казанда кайнабасын дагы бир жолу көрсөттү. Бийликтеги үч ири партия Крыловдун тамсилиндегидей ар кимиси өз тарабына арабаны тартып атат. Эл коопсуздугу, мамлекеттүүлүктү сактоо маселеси четте эле калды.

Мындай пикирге “Ата мекен” партиясынын өкүлү Равшан Жээнбеков да кошулат. Анын оюнда, убактылуу өкмөттө жетекчилерди алуу жана бекитүү маселеси талаштуу болуп, көптөрдү нааразы кылууда:

- Жаңы бийликтин иштегенине он күндөй убакыт болсо да бийлик коомдук тартипти сактай албасын көрсөттү. Балким алар жакшы саясатчы чыгаар, бирок чабал өлкө башчылары, өкмөт мүчөлөрү экени билинип атат. Бирок дагы деле кеч эмес. Бийликке профессионал адамдарды алып келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштөө керек.

Ал эми утурумдук өкмөттүн өкүлү Алмазбек Атамбаев учурда өкмөттөгүлөр колдун келишинче иштеп атканын, кызмат талаш жок экенин айтат:

- Отунбаева, Бекназаров, Сариев, айтор утурумдук өкмөттүн башында тургандардын баары күнү-түнү иштеп атат. Ар кандай топтор келип алып кызмат алууга тырышып жатат. Буга жол берилбейт. Балдар бирөө кызмат алсын деп өлгөн жок. Алты айдан кийин бул өкмөт иштейби же бийликтен кетеби, аны калк өзү чечет.

Айрым адистер эгерде абал тез арада колго алынбаса А.Атамбаев айтып аткан алты ай аралыгында тополоңдор токтобой, өлкөгө, калкка бир топтогон зыян болоорун айтышууда.

Андыктан мындай абалдын чыгуунун бирден-бир жолу - утурумдук өкмөттү тез арада легитимдештирүү, дейт саясат таануучу Бакыт Мааткеримов:

- Утурумдук өкмөт мүчөлөрүн эл шайлбаган соң өкмөттү тез арада мыйзамдаштыруу зарыл. Болбосо Конституциядан тыш кабыл алынган мыйзамдардын баары жокко чыгарылып атпайбы.

Өлкөдөгү курч кырдаалдан чыгуу жолун 20-апрелде “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов сунуштады. Ал маалымат жыйынында 7-8-апрелдеги кан төгүүлөрдөн соң утурумдук өкмөт абалды турукташтырууда кескин чараларга баруудан чочулап атканын, бирок бул маселени сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигин айтты. Андыктан аталган партия атайын декрет даярдап, аны утурумдук өкмөткө сунуштаган. Бул тууралуу Ф.Кулов буларды айтты:

- Тополоң чыгарып, жер басып, бейкүнөө адамдардын мүлкүн тартып алып, кишилерди өлтүрүп аткандарды токтотуу зарыл. Ал үчүн элди дүрбөтүп аткан кылмышкерлерди аябастан катуу жазалоо керек. Биз милиция, элдик кошуун өкүлдөрү, өз мүлкүн коргогон жеке адамдарга баскынчыларга каршы курал колдонууга уруксат берүүнү сунуштап атабыз. Мындай жолго барбасак болбой калды.

Ф.Кулов мамлекеттүүлүктү сактап калуу үчүн жарандык коом, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдарды “Ар намыс” партиясы тарабынан иштелип чыккан декретти колдоп берүүгө чакырды.

Ал эми утурумдук өкмөт мүчөлөрү тополоңчулар менен жер басып алуучуларга азырынча күч колдонбой, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасалып атканын билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: КЫРГЫЗ ЖИГИТ каяктан: БИШКЕК
21.04.2010 21:11
Сабырдуу болгула элим.Баары акырындап жай жайына тушуп жатат.МАЙДА-ЧУЙДО ИШТЕРГЕ КОНУЛ БУРБАЙЛЫ.Куноолуулор май калкыгансып элден болунуп корунуп жатат.Кыргыз элинин жасаган УЛУУ ИШИН коралбагандар СНГнын президенттери кээ бири (Лукащенко сыяктуу) Кыргызстанда тартипсиздиктин болушун каалап турушат сыягы.Себеби алар бакиевдин кейпин кийип калбайын деп өз элинен коркуп турушат.Андыктан КЫРГЫЗ ЭЛИ БИРИМДИКТЕ БОЛОЛУ.УБАКТЫЛУУ БИЙЛИКТИ КОЛДОЙЛУ!!! БАЛДАРЫБЫЗДЫН КЕЛЕЧЕГИ УЧУН ОЗ САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШОЛУ!!!

кимден: Дагы бироо каяктан: Германия
21.04.2010 10:44
Туура айтасыз!! Эмне алар жинди болуштубу башка улуттагы адамдарга кысым корсотуп!!! Кандай деген келесоолук бул!!!

кимден: Жапар каяктан: Бишкек
21.04.2010 09:41
Текебаев Отунбайдын кызы,сариев,атамбаев.бекназаров силер озунор эле колунардан келбегенден кийин саясаттан кетишинер керек.себеби силерге четмамлекеттердин президентерри да ишеним корстопой жатканын ачык эле айта башташты уят кылдынар кыргызды.Чет жерде жургон мекедештерди да эске албайсынарбы.Ишенген Путининер да карабай койот эми.Москвада 50дон ашык кыргыз депорт болгонун билесинерби азыр подвалда жатышат,ага да силер куноолусунор.бекназаров сенин бейбурттугунду эл билет .Силердин ордунарда башка саясатчыларды коргубуз келет.Лукашенконун аракеттери мактоого арзырлык .илип да ойногон жок ко силерди

кимден: конго каяктан: бишкек
21.04.2010 09:29
Акырында баарына куноолу болуп убактылуу бийлик калаарын айтып койгум келет.Маевкадагы окуялар.улутчулдук,жалал абаддагы окуяларды убактылуулар эмне учун контролдой албай жатышат.колунардан келбегенден кийин бул ишке киришпей турбайсынарбы.атамбаевдин ноокат козголончуларын бошотом дегенин кандай тушунсок болот,Шерниязов эми тушундунбу?

кимден: бироо каяктан: биржакта
21.04.2010 09:11
убактылу окмотун колунан эчнерсе келбейт экен бир топтор келип ал десе алат экинчи топ кой десе кайра койот буну билип алгандар окмоту шылдындап ойной беришет каалаганын кызматка койуп чынында б шерниязов бул кызматка жарабайт экен.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
21.04.2010 08:18
Эч кандай гражданский согуш болот деп коркпой эле. Бакиевге жан тарткан адамдарды жана анын туугандарын камаш керек. Мурун Бакиевдер камаган адамдарды бошотуш керек. Революциядан кийин орун алмашуу керек.

кимден: КАЛЫС каяктан: БИШКЕК
21.04.2010 08:11
Урматтуу "Азаттык" кайрылууларды жарыялап турсаңар. Эл журтка кайрылам: Туугандар! Бүгүнкүгө чейин убактылуу өкмөттүн таш бакадай кыбыраган аракети кыжырланууну жаратып жатат. Башкы канкорлорду жылуу жумшак өлкөдөн чыгарып ийип жатышат. Ушундан улам булардан антын аткарышын талап кылалы. Калың эл талап кылбасак булар арбакты сыйлабай калышты.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
21.04.2010 02:30
Emne uchun ubaktyluu okmot dagy dele yzychuunu basbait, emne biyilil talashyp koldoru boshoiboi jataby? Silerdin charanar korulgoncho elder kyryplyp butmoi boldu. Emnenile jazap buto albai kyinalyp jatasyn ?aitor bilbeim.Bakievdida ketirip jiberdiner, elder dagy dele tynchyi albai yzychuu bolup jatat. Birinchi irette KG ni bir tynchdandyryp, bir iretke kelip anan,kalgandaryn kylbaisynarby? Silerde dele bashtaldy myna, ozunor bilgenin kyzmattan alyp, kaira koiup kaalashyncha, bilgen oiununardy ele kaira oinop jatasynar. Kg da kaira yzychuu bolgoncho ,kozunordu choon achym, erterek kyimyldasanar UBAKTYLUU Өkmөt go jetkirip koiuunuzdardy suranam!!!!

кимден: Рысбек каяктан: KG
21.04.2010 01:20
Кулов сегодня (для Кыргыза) символ - ПОЗОРА и предательства.
Почему так - спросите у НАРОДА.

кимден: Aicholpon каяктан: Kazakstan
21.04.2010 01:13
Kyrgyz eli kai jakka ketip jatabyz. Atambaev araket kylyp jatabyz dep ozu mn birge kotorulush bashtagan jaktashtaryn koldop juro bersin.bir birindi maktagandan tajabagyla.topolondu karabai emne kylyp jurosunor.sanaluu gana el bolsok bir birin olturup jok bolmoi boldukgo.eldi ortogo salyp biylikke koz artyp ozunor ushul abalga keltirdiner.emi butushuno da koz jetpei kaldygo.biroonun mulkun tartyp aluuga kandai ukugu bar.kolu butu bolgondon kn ak emgegi mn tappaiby jata berbei kunu otkonuno kubanyp,daiar tamakka koz artyp.bizge diktatorluk saiasat kk bolup kaldy okwoit.bashkalarga kulku bolduk go.silerdin kylgan jumushunarga uialyp univ.da bara albai kaldykgo.ozunordu emes eldi oilogulachy. Kyrgyzstan dep aitkanda tushunugu taiky adamdar esine tushposun.zombuluk araket jasap jatkandardyn baaryn abakka olturguzush kk andai bolboso eldin ishenimi da kalbady meni mamleket korgoit degen.korgop bermek turgai biylik mn ubara.kaidagy kara murtoz,tushunugu jok adamdardyn sebebinen kyrgyz atyna dak tusho turgan boldu.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)