Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Коом жана турмуш

Кыргыз аялдары үчүн молдо улукпу, же мыйзамбы?

Кыргыз аялдары (Бишкектин көчөлөрүнөн тартылган сүрөт.)

Кыргыз аялдары (Бишкектин көчөлөрүнөн тартылган сүрөт.)

07.03.2010
Элеонора Бейшенбек кызы, Венера Сагындык кызы

Кыргызстандагы кризистик борборлор аларга кайрылган аялдардын саны күндөн күнгө өсүп баратканын билдирүүдө. Жардам сурап бараар жери калбай калган кыз-келиндердин көбү - көп аялдуулук, расмий катталбаган нике, күчкө салып үйлөнүү өңдүү көрүнүштөрдүн курмандыгы.



Ажынын аялынын арманы


Айнагүл айым азыр 58де. Мындан 34 жыл илгери окуусун жаңыдан бүтөөр замат турмушка чыгып, төрт баланы өстүрүп тарбиялап, эми небере жетелеп, балдардын сый-урматын көрөбүз го деп үмүттөнүп келген. Жолдошу мурдагы заманда чоң кызматтарда иштеп жүрүп, кийин ишкерликке өтүп кеткен. 1997-жылдан тартып беш маал намаз окуп, жума сайын мечитке каттап, бир нече жыл мурдараак досторунун шары менен Мекеге чейин барып келген. Баары эки жыл мурун өзгөрдү. Айнагүл айымдын жолдошу беш-он күн үйдө туруп эле анан бир-эки жума жок болуп кетчү болду. Окуяны өзүнөн уксак.

- Менин жолдошум ыйман жолундагы киши негизи. Беш маал намаз окуп, шарыят жолунда жүргөн киши. Ажыга барып келген. Анан менден уруксатсыз эле бир өзүнүн баласы менен тең келин менен жашап жатат. Ал келинди керек болсо, турмушунан бузуп алып, нике кыйдырдым деп жашап жатат. Ыйман жолунда жүргөн кишиден ушундайды күтсө болобу?

Айнагүл айым күйөөсү ага бир ооз айтпай туруп эле дагы бир аял алып алганын уккандан бери ал жаңылыкты балдарынан, жоро-жолдош, туугандардын баарынан жашырып, жеке өзүн ичтен жеп келет. Колдору титиреп, түнкүсүн уктай албай калганда, өзүнүн бир тууганы Бишкектеги кризистик борборлордун бирине жеткирип келген.

А
Күйөөм уктап жатканда үстүнө кайнак суу куюп жибергим келет дечү...
л борбордун жетекчиси, көп жылдардан бери кыйын абалда калган кыз-келиндерге жардам көрсөтүп келаткан укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишип, аны оңдоо жолдорун таап берүү алардын да колунан келбей турган иш экенин айтат.

- Эми биз мындай кыл, тигиндей кыл деп кеңеш бере албайбыз. Биз бул аялдын турмушун чогуу анализдеп чыгып, туңгуюктан чыгуу жолдорун издейбиз. Биринчи бизге келгенде акыбалы өтө оор эле. Күйөөм уктап атканда үстүнө кайнак суу куюп жибергим келет дейт. Ушунчалык жек көрүү сезимине ууланып, келгенде колдору калтырап, жашагым келбейт, жанымды кыям деп калган экен. Туугандары алып келди бизге. 60ка чыкканда ушундай болот белем, турмуштан ушуну күттүм беле деп өзүн кыйнай берген экен.

Андан бери бир нече ай бою Айнагүл айым күн алыс кризистик борборго келип, ал жердеги психологдор менен маектешип, көңүлүн эзген жаман ойлордон алыстап, турмушун улантууга бел байлай баштаган кези. Жаңы аял алгандан бери айдын жарымын анын үйүндө өткөргөнү менен, күйөөсү акча-тыйындан дээрлик каралашпай калган. 34 жыл иштебей балдарын, кийин неберелерин баккан Айнагүл эже эми өзүн-өзү багууга да үйрөнүшү керек.

Бүбүсара Рыскулова
Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова экинчи-үчүнчү аял алган эркектердин көбү ислам ага жол берет деп динге жамынганы менен, кыз-келиндер андайга айрым учурда социалдык-экономикалык себептерден улам макул болорун айтат.

- Исламдашуу болуп атат, өзүңөр көрүп тургандай. Аялдардын коомдогу орду гана эмес, жалпы үй-бүлө институту, үй-бүлөдөгү карым-катнаш өзгөрүп баратат. Анын бир тамыры ошол исламдашууда болсо, дагы бир тамыры социалдык-экономикалык кырдаалда. Ар кандай кыйын тагдырга туш болгон аялдар, бизге кайрылгандардын саны күндөн-күнгө өсүп баратат. Биз секулярдык өлкөдө жашап атсак, анда мыйзамдар сакталып, көп аялдуулукка тыюу салынышы керек эле да. Деги кандай өлкөдө жашап атабыз?

Бүбүсара эже айткандай, жаш кыз-келиндер бирөөнүн экинчи, же үчүнчү аялы болууга айрым учурларда социалдык-экономикалык, атүгүл демографиялык шарттардан улам моюн сунуп жатканы жашыруун эмес. Демография дегенибиз, ал-күчкө толуп турган миңдеген жаш жигиттер чет өлкөлөргө миграциялап кеткен, же үйлөнүп түтүн булатканга шарты жок бойдоктор армиясынан качан бошоноору белгисиз.

Зомбулук курмандыктары

Биздин экинчи каарманыбыз – Бишкекте төрөлүп өскөн, алдыңкы университеттердин бирин бүтүргөн Гүлнара. Ал азыр 27 жашта, өзүнүн мурдагы кызмат жетекчиси, оокаты жетиштүү, колунда бар, 50гө чыгайын деп калган кишинин экинчи аялы. Нике кыйдырып жашап аткандарына 3 жылдай болуп калды. Ортодо 1 уул бар. Гүлнара өзү биз менен маектешкиси келбейт, кызганчаак жана шекчил күйөөсүнөн коркот.

Бирок Гүлнаранын энеси Кайыргүл айым кызынын акыбалына зээни кейип, ага канткенде жардам берем деп адистерден жардам сурап жүргөн кези.

- Эч кандай каттоо күбөлүгү жок эле жашап атышат. Ооба, колунда бар экен, өзү кыйын неме экен деп убагында кызыбызга атасы экөөбүз айла жок макул болгонбуз. Дароо кызыма өзүнчө чакан квартира алып берди. Бир жарым жаштагы уулу экөө ошол жакта турушат. Күйөөсү каалаган маалында, каалаган күнү келет. Баласы аны жакшы тааныбай, таятасына “ата” деп жабышат. Кызым жаштарга окшоп, бир жакка барып көңүл ачпайт, конокко да барбайт. Кечкисин дайыма үйүндө камалып отурат. Майрам күндөрү чалсам, кайда болмок элем, балам экөөбүз телевизор тиктеп отурабыз десе жүрөгүм тилинет.
Исламда экинчи же, үчүнчү аял алууга уруксат берилет, бирок милдеттүү түрдө эмес.

Кыргызстандагы билимдүү динаятчылардын бири, Мисирде билим алып келген молдо Абдышүкүр Нарматов экинчи, же үчүнчү аял алууга кайсы бир зарыл себептер болгондо жол берилет деп тактоо киргизди.
Абдишүкүр Нарматов

- Ислам дининде экинчи, же үчүнчү аял алууга уруксат берилет, бирок милдеттүү түрдө эмес. Дагы башка аял алам деген адам кайсы бир шарттарда, мисалы, биринчи аялы оорулуу болуп калса, же төрөбөсө, же дагы бир олуттуу себеби болсо, ошондо гана уруксат берилет. Андайда биринчи аялынан уруксат суроо шарт эмес. Уруксат сураса, бир да аял ыраазы болбойт.

Жума күнү Бишкекте өткөн жыйында үй-бүлөдө аялдарга каршы зомбулук соңку жылдары 40%га өскөнү айтылды. Бараар жери калбай, жаш балдарын кучактаган айрым келиндер кризистик борборлордо ушул азыр да баш калкалап отурган кез. Бүбүсара Рыскулованын айтымында, былтыр Бишкектеги кризистик борбор аркылуу 1500ден ашуун аял өткөн. Алардын жарымынан көбү – никеси расмий түрдө катталбаган, күйөөсү үйдөн кубалап чыкканда айла жок укук коргоочуларга эшик каккылагандар. Арасында 18ге чыга электе ала качып кетип, нике кыйдырып жашагандар, зордоп турмушка чыккандары да бар.

Ошентсе да, Бүбүсара эже келечекте исламда аялдар жөнүндө айтылган жакшы нерселер да коомго жуга баштайт деп үмүттөнөт. «Эгерде, мисалы, мусулман аялдардын "Мутакалим" деген уюму бар, ошолор кызыкдар болуп туруп, исламдагы аялдар үчүн жакшы жактарын алып чыкса мыкты болбойт беле. Ишенич деген жакшы нерсе да», - дейт укук коргоочу.

Молдо Абдышүкүр Нарматов да билими тайыз адамдар дин тууралуу түшүнүккө зыян келтирип жатканын моюнга алат: «Кээ бир тийиштүү билими жок молдокелер нике кыюуда канчалык жоопкерчилик жатканын аягына дейре түшүнө бербейт. Бирок ошондой молдокелерден улам бардык молдолор тууралуу жыйынтык жасоого болбойт», - деп эскертет ал.

Билимдүү динаятчынын айтканы туура. Исламдагы аял, нике тууралуу мыкты нерселерди үйрөнсө коом үчүн пайдадан башкасы жок. Азырынча айланадагы айрым терс көрүнүштөрдү да байкабай кое албайбыз.

Молдо нике кыйган соң, мыйзам тууралуу ойлонуп баш оорутпаган жаш кыз-келиндер кийин бармагын тиштеп, өкүнүп калууда. Бирок алардын баарына Кыргызстанда азыр мыйзам баарынан улук, күйөөгө чыгаарда, никени каттатканда, кийин үй-бүлөдөгү мамилелер жагынан да конституция, мыйзамдар аялдын, эненин укугун коргойт деп ким түшүндүрөт? Азырынча коомдогуу исламдашуудан Кыргызстанда эркектер көбүрөөк утуш тапкандай таасир калтырат.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
кимден: кайранэл каяктан: маскоо
10.03.2010 22:40
Ассаламу алейкум туугандар.Исламды жабынып алып эки-үч катын алган чала сабат агалар Исламды жашоосуна толук киргизип жашаган Пайгамбарыбыз с.а ж-а анын достору андан кийинки муун сиз м-н бизге окшоп напси калап жаш аял алып чоң байбичесин ара жолго таштап кеткен эмес.Алар аял алардан башта динди чоң аялына ж-а үй-бүлөсүнө толук үйрөтүшкөшкон.Керек болсо аялдары өздөрү аял алып берген күйөөлөрүнө.Динди үстүңөргө жамынып алып эле өткөндөрдүн жолу дей бербей динди жүрөгүңөргө толук орнотуп андан кийин аларга теңелейли.

кимден: Мурат
09.03.2010 16:50
Мен ошол 4-5 аял алгандарды көрүп жүрөм.Эч кандай жакшы жагын байкабадым.Бир гана ошол эркектин колунда бар болгону үчүн жашашат.Ал эркек өзүнүн эгоисттик сезими менен жүрөт.А аялдарынын бири да бактылуу эмес,акырын сураштырып көрсөң.

кимден: aziz каяктан: Egipet
08.03.2010 21:50
Urmattu okurman kyrgyz ayaldary uchun ekobu ten kerek, antkeni bir ayaly, toltura oinowu bar. Myndai abalga kandai karaibiz. Moldo menen myizam bir adilettuuluko kelgeni jakwygo.

кимден: Окумуштуу
08.03.2010 21:16
Мобул интервью берген киши, молдо, эшен калпа дегендер ошол ислам аркылуу акча алып жыргап жашап жаткандар, а силерге исламды жактап эмне жок дейм да. Силер отунсуңар булар үчүн. Башка диндерди да өз башыңар менен окуп көргүлө. Аларда аялдардын орду кандай, бейиш тозогу кандай, эмне үчүн сектанттар башкарган америка, корея, европага эл качып атат, ж.б. суроолор. Бирок башыңарды эски окутуудан бошотуп туруп, анан салыштыргыла. А то азыр башыңарды бир эле дин Исламдын агитациясы толтуруп салган. Башка диндерди исламдын ою боюнча чечмелеп жүрө берсеңер анда эч качан чындыкты түшүнбөгөн бойдон тозокко кетесиңер. Инжилде айтылгандай: "Булар бейиштин ачкычтарын уурдап алышып, өздөрү да кирбейт, кирейин дегендерге болсо бут тосушат". Иса Машиак айткандай, бейишке алып баруучу жол тар жана тикендүү, ал жолду тапкандар аз болот, ал эми тозокко алып баруучу жол даңгыр, кенен, ал жолдо бараткандар көп. Кимде ким мени тааныбаса, анда ал Кудайды да тааныбайт. Кудайга алып баруучу жол жалгыз менмин. Кимдин кулагы болсо угуп алсын.

кимден: Назира
08.03.2010 20:13
Назгүл, туура айтасың. Эркектер 4 аял алса, анда биз да 4 эркекке укуктуу болушубуз керек. Азыркы азамандын жүгүн аялдар көтөрүп атсак, анан эркектер 4 аял алып жыргайт экен да ээ.

кимден: Каке каяктан:
08.03.2010 18:46
Калича эже Сиз айтып жаткан билмсиз кыз Кудайдан коркот.Жана мен ойлойм ал кыздын билими сиздикинен жогору.

кимден: Oljobay
08.03.2010 16:18
Isalmdyn teren baalulugun ntushunboi turup isalm jonundo pikir aitudan saktanuunardy otunot elem!Isalm dininde eger adiletuu bolo albasnar biroo jetishtuu deit!isalm jashoodogu cjon glabalduu maselelerge teren konul burat,Jashoobuzda erkekter oz aialdar kop,bul chon maseleni kop aialduuluk menen gana chechilet.Aldegeni kim kaalagandai uilonup kaalagandai aialdardy kordoogo islam jol berbeit!Bir ejekebiz oiun kaltyrgan eken ,erkekterge 4 aial mumkun bolso aialdarga da 4 erkek:dos" kutuunu tuura korom dep!Urmattu ejeke baldarynnnyzdyn ata tegin kaidan tabasyz?kaisynysy kaiyl dostun balasy ekenin!Islam myna ushul nerselerge joop berip Uydun bashchysy bul erkek,al bardyk nersege joop berish kerek jana baldarga ata bolup ata tegin achyktash kerek!Islam bul keremettuu din!

кимден: Ainura каяктан: Bishkek
08.03.2010 16:00
Islam jkashy din eken, kachanga cheiin kuioogo chygamyn dep kutup juro berebiz, 2-si bolobu 3-su bolobu men makul bomokmun, yimanduu joldosh bolso boldu, bazarda ishtep jurgondon koro 2-si bolup bolsoda turmushka chygyp Ene bolgon kandai jakshy.

кимден: Eldar
08.03.2010 15:41
Moskvalyk Nazgyl eje siz aialdar da 4 erkekke turmushka chyksa b-t degen maanide aittynyz go, anyn misaly myndai eken: eger aial zatyn kymbat baaluu bir idish syiaktuu elestetsek aga 4 erkek syt kuigan b-so any aialga aiyrmalap ajyratuu kyiyn da, eger bala b-so kimisine tanuulait, a erkek 4 idishke kyigan sytyn aiyrmalap bilet. Oshol ychyn aialga yryksat emes shariatta

кимден: Allim каяктан: chet el
08.03.2010 13:03
Islamda 1- ayalinin uyundo 1 kun tunoso 2- ayalinikinda da 1 kun tunoo kerek.birine bir buyum alip berse 2-ne da oshol buyumduu aluu kerek,Kop ayalduuluktun sharttari ushul siyaktuu. Azirki uchurda islam aalimdari Buzukuchuluktu joyuunun bir gana jolu adilettuu karay alaturgan kudureti bar erketerge kop ayal aluunu buyruuda;sebebi kaysi bir ayal koynunda balasi,bashinda kuyoosu bolso jarim jalanach bolup alip kochodo tentibeyt ele,mossovetke barip turbayt ele,Orussiyaga barbayt ele. Albette kiyamatka jakin ayaldar erkekterden bir neche ese kop bolushat.Bulda kiyamattin belgisi.. Abdushukur akebiz islamdagi kop ayalduuluktun sharttarin toluguraak achigiraak tushundurup ketse jakshi bolmok..
    Кийинки 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)