Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:00

Эл үнү / Коом

Көтөрүлгөн баалар, ыйлаган карылар...

Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясы ишембиде Бишкекте көчмө жыйын уюштуруп, электр кубатына жана жылуулукка төлөмдөрдүн көтөрүлүшү боюнча улгайган адамдардын пикирин укту. Жыйынга келгендер өкмөт дарегине катуу-сын пикирлерди айтып, а түгүл өкмөт башчы кызматтан кетсин дегендер да болду.

x
Текст көлөмү - +
Жаңы жылдан тарта электр кубатуулугунун 1 саат-киловаты 1 сом 50 тыйын, жылуулук энергиясы менен ысык суунун 1 гегакалориясы 1050 сом болду. Өлкөнүн айрым аймактарынан жылуулук кубатына болгон төлөмдөрдү көтөрүүгө чектөө-мораторий киргизүү өтүнүчү менен бийликке кайрылуулар болууда. 9-январда Жогорку Кеңештин коммунисттер фракциясы Бишкектеги Профсоюздар үйүндө көчмө жыйын уюштуруп, анда электр кубатына жана жылуулукка төлөмдөрдүн көтөрүлүшү, атайын жеңилдиктерге ээ адамдардын тобуна акчалай түрдө берүүгө өтүү маселелеси талкууланды.

 "Мындай өкмөткө уят!"

Өкмөттүн уяты барбы?! Эмне үчүн аксакалдарды баалабайсыңар?

 
Галина Иванова
- Мен кантип күн көрөм? Ооба, мен азыр жарыктын өчүрүлүшүн күтүп жатам. Анан үйдөгү жарыкты кыркып салам. Мен бир кезде ата-энем башынан өткөргөн Ленинграддагы блокаданы тосом. Өкмөттүн уяты барбы?! Бакиевге уят эмеспи?! Усөновго уят эмеспи?! Мен бул - УЯТ деп ойлойм. Мындай өкмөткө уят!!! Эмне үчүн силер өзүнөрдүн алтын казынаңарды - ушундай аксакалдарды баалабайсыңар? Эмнеге адамдарга ушундай мамиле кыласыңар?

Кара-Балтадан келген ардагер Галина Иванованын мындай жаны ачыган сөздөрү бүгүнкү жыйындын жалпы маанайын, анын үч жүздөн ашуун катышуучуларынын ой-мүдөөсүн билдирип турду. Чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары ачкачылыкка, ал тургай өзүн-өзү өрттөгөнгө чейин бараарын айтып үрөй учурса, дагы бирөөлөр эзелки СССРди эстеп кейиди.

59 жаштагы Бишкектин тургуну, 35 жылдык эмгек тажрыйбасы бар Базарбүбү айымдын пенсиясы бир жарым миң сом. Анын ишениминде, бүгүнкү жайындагы элдин үнүн бийлик, президент угуп туура жыйынтык чыгарат:
Эл-жер үчүн күйбөгөндөр бизди күйгүзүп жатпайбы...

- Биздин үнүбүздү жеткирет го дей ойлойбуз. Себеби, бул жерде көпчүлүк да. Элдердин, кары-картаңдардын бардыгы ыйлап жатпайбы. Буларды ушул заманга мына биз алып келдик го. Булар эл-жер үчүн күйбөгөн немелер болуп чыкпадыбы. Бизди күйгүзүп жатпайбы...

"Кыргызстан коммунисттери" партиясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коммунисттер фракциясы энергия-жылуулук кубатына төлөмдөрдү кайра карап чыгуу жана убактылуу чектөө коюу тууралуу жыйынга келгендердин нааразылыктарын президентке, өкмөткө жеткирээрин билдирди:

- Биздин дагы бир үмүтүбүз бар. Президентке кайрылып көрөлүчү. Шашпай туруп ченемдеп көрүш керек деген оюбуз бар. Аракет жасайбыз. Ал эми төлөмдөрдүн жогорулашын токтотконго президенттин укугу бар.

Жыйындын катышуучусу Орунбек Чондоевдун пикиринде, өкмөт өзү азыр төлөмдөрдүн кымбатташы тууралуу кайчы абалда, балким эл көтөрүлүп кетпесин деген тынчсызданууда. Ал эми Коммунисттер эми маселе эбак чечилгенден кийин кыйкырып жатышат деген көз карашта:

- Албетте, бул сөздөр ушул жерде эле калат. Мындай жыйындардын эчени болду деп өздөрү айтып жатышпайбы. Бул жөн эле чогулдук, талкууладык деген ишарат. Жыйындардын чечими ошол тейден эле калып калат, качанкыга чейин эле ушинте беребиз деп чыгып сүйлөгөндөрдөн деле айтышпадыбы. Бул чынын айтканда, жөн эле кезектеги өзүнүн бар экенин билдирүү аракети да.

Ооган согушунун эс алуудагы ардагери Орунбек Чондоев бийликтин элге карата мамилесин жыйынга министрлердин өздөрүн кой, орун басарлары дагы эмес, алрдын жардамчылары келгени менен байланыштырды.

Убада кылынган 200 сом кайда?

Ошондой эле жыйын учурунда электр-жылуулук энергиясына тарифтердин кымбатташына байланыштуу пенсия өлчөмү төрт миңге чейинки кары-картаңдарга айына эки жүз сом өлчөмүндө жөлөк пул кошуп берүү тууралуу президенттин жардыгы чыкканы менен январь айынын пенсиясынан 60тан 120 сомго чейинки акча кемиген. Бул болсо пенсионер мурда алган жөлөк пулдун эсебинен деп кармалган. Январь айында көптөр өкмөт убада кылган 200 сомдун ордуна алда канча аз акча алып калганы белгилүү болду.

- Мамлекеттик бюджетке тарифтердин жогорулашына байланыштуу жөлөк пулдарды төлөө үчүн бир миллиард эки жүз миллион сом киргизилген. Менин суроом – 200 сом менен пенсионерлер колуна алган акчанын ортосундагы айырма канча сомду түзөт? - деп кайрылды “Таза табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева.

"Эмне үчүн мындай?" - деген суроого Социалдык фонддун өкүлү жеткиликтүү жооп бере албагандыктан, чурулдаган элди депутат Масалиев бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин атынан өкмөткө суроо жолдоорун айтып тынчытты.

Жогоку Кеңештин Коммунисттер фракциясы уюштурган жыйынга негизинен эмгектин, согуштун ардагерлери, кары-картаңдар, ар кандай даражадагы жеңилдиктерге ээ топтордун өкүлдүктөрү катышты. Өкмөттөн болсо Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Назгүл Ташбаева баш болгон жылуулук-энергетика комплексинин, каржы министрлигинин, социалдык фонддун өкүлдөрү келишти.

Жыйындын катышуучулардын көбү өкмөт башчы Данияр Үсөновдун келбегенине нааразы болуп, ал тургай анын кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар да угулду. Арыз-муңга жык толгон жыйын соңунда залда отурган аксакалдардын бири кыяк тартып, теңтуш-курдаштарына аскердик маанай тартуулап да жибергенге үлгүрдү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: монгол каяктан: кыргыз
11.01.2010 09:03
Чыңгызхандын бирден бир закону:ханын саткан жоокердин башын кесүү,а бизде болсо Акаев менен иштеп жүрүп ал түшкөндөн кийин Бакиевге барып аны жамандап (даже анын башын кесип келиш керек) деген чоңдор,буйурса Бакиевдин өзүнө дал ошондой мамиле кылышат.Азыркы чоңдор ханын эмес, элин саттып жатышат,буларды аллахым соттойт.Бааны көтөрүү менен булар өзүнүн чөнтөгүнө кирүүнү көбөйтүүдө.Эгерде электроэнергияда потерялар 30% болсо маакул кошсун 70 тыйынга 21 тыйын болот та 91 тыйын.

кимден: bakit каяктан: Stockholm
11.01.2010 04:24
Бийлик энергияга, жылуулукка бааны көтөрдү. Бир аздан кийин карапайым калктын көпчүлүгү бул акыны төлөй албай карызга белчесинен батат. Өлкөнүн көтөрүлгөн баага пландап алган бюджети планы туура эмес чыгат. Анан бийлик башы түштөн кийин элди ойлогон болуп кайра бир аз бааны түшүрүүгө мажбур болот. Бийлик башындагы агабыз ошондо да элди ойлош керек деп, бааны түшүрүп өзүнө очко топтоого аракет кылат. Астындагы жооптуу министрлерди алмаштырып аларды күнөөлүү деп чыгат. Бирок эми компаниялар менчикке сатылып кеткенде бул вариант да окшобосо керек.

кимден: Большевик каяктан: Революция
10.01.2010 19:56
Долой - фальшивого коммуниста И.Масалиева!

кимден: Коммунист каяктан: Интернационал
10.01.2010 19:52
Уважаемые коммунисты!
Мне известно, что И.Масалиев давно предал идею коммунизма и работает на "Буржуа", свидетельство этому является всестороннее лоббирование (пробивание) их (буржуазных) интересов.
Нам (коммунистам) давно пора выбрать настоящего лидера - который будет работать на интересы простых людей.

кимден: KOMMUNIST каяктан: KYRGYZ.
10.01.2010 19:31
Урматуу кары-картандар, жаштар!
Искак Масалиев жалгандан эле коммунист болуб журот.
Ал бийлике САТЫЛЫБ кеткен - "Коммунист"-чыккынчы!
Буга окшогондор коммунистерди - "башын айлантыб", алдаб журушот.
Булардын максаты коммунистерди саясатан алыстытуу жана элди саясий карангылыкта калтыруу.
Чыныгы эр-журок, элим-жерим деген коммунистер кайдасынар?????
Баарыбыз буригиб чыныгы лидерди шайлаб алсак болбойбу?

кимден: Байжан каяктан: Кыргызстан
10.01.2010 17:37
Туура айтат соз ошол жерде калат Масалиев аны жеткизе албайт айтканга эрки жетпейт

кимден: samar каяктан: Osh
10.01.2010 15:09
Assalamu aleykum okurmandar, albette biyliktin bul kilgani tuura emes. Sebebi el 2005 martta kiynalip biylik almashtirip taza biylik eldik, biylik dep ushul biylikti alip kelgen ele. Tilekke karshi bul bylik menin oyumcha Akaev biyliginen da otup ketti okshoyt. Bakievdi ozubuz shayladik emi anin ushunday eki juzduulugun da emi ozubuz tartabiz.

кимден: Пенсионер каяктан: Бишкектен
10.01.2010 13:32
Мен мындай Президентти шайлаган эмесмин!Кайра Президенттик шайлоо учун кол топтош керек!!!Бул саясат болбойт,ажо!

кимден: Рудбек каяктан: Нарын
10.01.2010 11:47
Карапайым калктын эмгекчи элдин таламын талаша турган Кыргызстан профсoюздар кошуну кайда? эмне иш кылып жатышат деги сураган адам жок Бишкектин чок ортосунда орун алган жылуу кантордо отура бербей? болок бироолорго бериши керек. Кычыраган машине айлыкты кайдан кимдин эсебинен алып жатышат?

кимден: Shom каяктан: Talas
10.01.2010 04:01
Негизинен ар кандай жыйналыштарды, чогулуштарды, керек болсо ар бир айыл окмотундо откозуш керек. Азыр эн маанилуу убакыт болуп турат. Эгер биз озубуздун пикирибизди айтып электроэнергиянын баасын мурунку баасына тушурбосок, жабылган аяк жабылган бойдон калат. Бир эле коммунистер эмес, акжолчулар, атамекенчилер, ар кандай коомдук уюмдар да жон олтурбашы керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу