Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Спорт

Тогуз коргоол кантип тогуз кумалак болду?

23.07.2010
Жаңыл Жусубжан

16-18-июль күндөрү Чехияда тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү. Кыргыз-казактын акыл оюнуна быйыл Кыргызстандын командасы келген жок. Байгелүү орундар бүт казактардын энчисине тийди. Тогуз коргоолду тогуз кумалак деп атаган казактар аны эл аралык деңгээлде күжүрмөн сүрөөнгө алып жаткандыктан, Пардубицедеги мелдеште оюндун казакча аталышы үстөмдүк кылып кеткени байкалды.

Казакстандын тогуз кумакалчысы Шерхан Пардубицедеги мелдеште, 16-июль, 2010-жыл

Пардубице шаарынын жабык стадионунда ондогон үстөлдөрдө ар башка өлкөлөрдөн келген спортчулар алдындагы такталарга үңүлүп отурушат.

Манкала деп аталган тектеш оюндардын катарында тогуз коргоол боюнча мелдеш Чех Жумуриятында быйыл үчүнчү жыл катары менен өттү. 
 

Шерхан Битимбай тогуз коргоол боюнча чех жергесиндеги мелдеште 5-орунду алды. Казакстандан (Кызыл-Ордо) келген 10 жаштагы спортчу мелдештин алдында сүйөрмандар менен ойноду. 
 

Сүйөрман деген менен, алардын арасында чехиялык өспүрүм балдар Зденек, Яакуб Цасх, орусиялык Татяна Грачева өңдөнгөн бул мелдештерге башынан катышып келаткан, тажрыйбалуу оюнчулар да болду. 
 

Ага-ини Цасх тогуз коргоолдон мелдеште 6- жана 10-орундарды алышты. Пардубице, 16-июль, 2010-жыл

«Чех Опен» деп аталган Чехиядагы Акыл оюндарынын кароосунда тогуз коргоолдон тышкары шахмат, шашка, Рубиктин кубиги, бакгамон өңдөнгөн көп түрдүү оюндар боюнча мелдештер өтөт.

Тогуз коргоолду Чех Опен чемпионатына киргизүүгө Давид Котин жубайы Хана Котинова экөө демөөрчү болушкан, үч жылдан бери мелдештерди да ушул жубайлар уюштуруп келе жатышат. Давид Котин теги америкалык, акыл оюндары боюнча эл аралык федерациянын гроссмейстери, ар кыл оюндардын машыктыруучусу.

Коргоолдун саны ушунча көп болгондуктан, көп киши жүрштөрдү алдын ала эсептөөдөн кыйналат Давид Котин


Анын айтымында, шахмат менен тогуз коргоол эки башка оюн болгон менен, экөө тең стратегия менен тактиканы терең түшүнүүнү талап кылат. Котин тогуз коргоол менен шахматтын тигиниси же мунусу кыйынырак деп айтуудан тайсалдады.

- Тогуз коргоол чындыгында өтө татаал оюн, алысты көрө билген, логикалык ой жүгүртүү керек. Бир нече жүрүштү алдын-ала эсептеп, так ойноо зарыл. Aр бир оюнчуга сегиз «үй», эки «казаны» бар, бардыгы болуп 162 коргоол менен ойношот.

Тогуз коргоолго салыштырмалуу шахматта болгону 32 фигура бар:

- Шахмат кээ бир адамдар үчүн татаал. Анда оюн падышахты колго түшүрүүнүн айланасында жүрөт. Тогуз коргоолдо бир да коргоол башкасынан өйдө же төмөн эмес, баарынын макамы бирдей. Бирок коргоолдун саны ушунча көп болгондуктан, көп киши жүрштөрдү алдын ала эсептөөдөн кыйналат. Айтор экөө тең татаал оюндар.

Буга чейинки мелдештерде жалаң кыргыздар менен казактар беттешип, калгандар көчмөндөрдүн байыркы ойнуна суктанып, таалим алышчу. Ал мелдештерде кыргыздар "казактар дүйнөгө тогуз кумалак деп таанытып жиберген бул оюнду тогуз коргоол деп аташ керек" деп талашып келишкен. Ошондуктан бардык жарыяларда оюндун эки аталышы тең, катары менен жазылчу. Быйыл Пардубицедеги оюнда тогуз коргоол деген аталышты эч жерден көрө албадык, мөөрөй талашка кыргыздар келбей калды.

2008-жылы Прагада өткөн мелдеште Кыргызстандын тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов кыргыздар өз укугун талаша берет деп айткан эле:

- Казактар бизден озунуп, биздин оюнду тогуз кумалак деп жайып жиберишиптир. Бирок биз бардык жерде биздин оюндун аты тогуз коргоол деп айтып жатабыз. 
 

Айдос Сейитжанов, Казакстан. Тогуз коргоол боюнча чех чемпионатынын жеңүүчүсү, Пардубиве, 16-июл, 2010-жыл

2008-жылдагы алгачкы мелдешти казактар утса, былтыр баш байгенин Кыргызстандан Нурия Султанмуратова жеңил алган. Бул жолку тогуз коргоол же тогуз кумалак оюнуна Казакстандан тышкары, Латвиядан, Орусиядан, Чехиядан оюнчулар катышып, байгелүү орундардын бардыгын казактар жеңип алды. Сеитжанов Айдос биринчи, Тулегенов Бауржан экинчи, Нуржанов Муратбек үчүнчү орунга ээ болду.
(оюндун жыйынтыгы)

Бирок кыргыздар тогуз коргоолдон ушул күздө күч сынай алышат. Казакстанда бул оюн боюнча октябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионат өткөнү жатат.

Тогуз коргоолдон интернеттен үйрөнсө боло турган оюндун программасын кыргыздар ойлоп чыгышкан. Бирок казактар бул улуттук мураска өзгөчө маани беришүүдө. Алар тогуз кумалак тууралуу казак, орус, англис тилинде окуу китебин чыгарышкан. Оюн Казакстанда орто мектеп программасына киргизилген. Азыр эми эң алгачкы эл аралык чемпионатка камылга көрүп жатышат.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.07.2010 22:37
"Оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн" сүйлөсүн дегендей Казактар кыргыздын болгон бай байлыктарын менчиктештирүү менен алектенип келе жатышат. Хабар жана КТК деген каналдары Бишкекте эртеден кечке тартат. карап олтурсаң бүт эле кыргыздын тээ байыркы байлыктарын "казактыкы" кылып көргөзуп жатышат. Сөздөрүн уксаң кыргыздын кадимки эле сөздөрүн сүйлөп жатышат. Сөздү айтуу жагынан эле өзгөчөлүк болбосо, сүйлөм куроо жана интанациялык жактан опокшош. Ишенбесеңер бир күн кечке тиктеп көргүлө. Анан мен ичим күйүп олтуруп, казактын эски тарыхын, салт санаасын иликтеп көрүүгө дилгирлене баштадым. Себеби, билбей туруп жаңылыш сүйлөп алып жүрбөйүн деген принцип да. Кыргыздар тилибиз менен кошо дилибизди да тарттырып ийип олтуруп кала берет көрүнөбүз го дейм.

Ошол. Ой кошкула.

кимден: көк түрік каяктан: шығыс
24.07.2010 20:19
Бүркітпен саятшылық қылу, қымыз ашыту, көкпар/көк лақ тарту, айтыс - бұлар қазақ пен қырғызға тең мұра ғой. Сол сияқты тоғыз құмалақ/қорғоол та екі халыққа бірдей мұра. Сондықтан мұны басқалар еншілеп кетті деуге болмас. Бұл орайда айта кетер жәйіт: қорғоол сөзі моңғол тілінде де дәл осылай хоргол деп аталады. Бірақ та тек түйенікін ғана.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)