Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Маданият

Ж. Жекшеев: Сулайман тоонун ЮНЕСКО тизмесине кириши чоң өзгөрүүгө алып келет

29.06.2009
Айданбек Акмат уулу

Аз күн мурда Оштогу Сулайман тоосу ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Буга байланыштуу Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын баш катчысы Жыпар Жекшеевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.

 - Жыпар мырза, Сулайман тоонун ал тизмеге кириши кандай өзгөрүш алып келет?

- Бул кыргыздын тарыхында ЮНЕСКОнун тизмесине биринчи объект болуп кирип атат. Себеби өзүңөр билесиңер, Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен Тажикстандын гана объектилери кире элек эле. Чындыгында муну чоң дүйнөлүк белги катары баалашыбыз керек. Мындан ары дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстанда баалуулуктар бар экен деген түшүнүктү алып кире алдык. Демек Сулайман тоосуна түздөн-түз грант келип эле жардам берип иет деген сөздөн алыспыз. Бирок бизнес чөйрөгө дагы, экономикабызга дагы, туризмдин өнүгүшүнө дагы, кыскасы баардык багыттарда өзгөрүштөр, жакшы өсүш болушуна чоң түрткү берет бул.

- Тоо ЮНЕСКОнун тизмесинде туруп, туристтер ошол жактан таанып, бул жерде тарыхый-маданий мурас бар деген негизде туристтердин агымына шарт түзөт деген ойдосузбу?

- Албетте, мындайча айтканда дүйнөлүк бир схемага кирип калдык, ошонун бир бөлүгү болуп эсептелип калдык биз. Демек бүткүл дүйнө жүзү Кыргызстанды дагы бир жолу билди. Ошол маалымат тарады. Ал жерге өтүш өтө аябагандай зор эмгекти, чоң мээнетти, чоң аракетти талап кыла турган иш

- ЮНЕСКОнун тизмесине кириши күтүлгөн Кыргызстанда дагы кайсы объекттер бар?

- Азыр карала турган 5-6 объектибизди айтып кетейин, биринчи ирет, Чүй өрөөнүндөгү Ак-Бешимдин тегереги, Бурана комплекси, андан сырткары Ысык-Көл өзү маданий жаратылыш эстелиги катары киргүүгө абдан чоң даярдыгы бар, андан тышкары Саймалуу-Таш, Шахвазил Өзгөңдүн комплекси. Мына ушундай эстеликтердин баары азыр талапкер катары күтүп турат. Анын үстүнө биз чоң иш жүргүзүшүбүз керек албетте.

- Сулайман тоосу кандай себепте киргизилди? Бул өзү маданий-диний жер катары кирдиби, же тоо катары кирдиби?

- Ал жерде ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар борборуна кириш үчүн 2 классификацияга бөлүнөт. Биринчиден - маданий эстеликтер, экинчиден - жаратылыш эстеликтери деп. Албетте Сулайман тоосу маданий эстелик катары кирип атат. Себеби билесиңер канча миң жылдардан бери эл ушул жерде сыйнып, бир гана биздин мекендештерибиз эмес, жакынкы коңшу мамлекеттерден да келишчү. Эми албетте бул жерге дүйнө жүзүнүн кызыгуусу артылат. Бул жерге туризмдин баркын билген, накта туристтер делген, жогорку деңгээлдеги түшүнүгү бар адамдардын келиши да күтүлүүдө.

-ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинин картасы боюнча да кыдыргандар болсо керек өзүнчө?

- Ал карта - дүйнөнү кыдырабыз деп куштар болгон адамдардын колундагы компасы. Кайсы мамлекетке барабыз, ал жакта эмне бар дегенде, Кыргызстан да ошого илинип калып атабыз.

- Сулайман тоо ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилгенге чейин асма жол салабыз деген аракеттер болуп жатты эле. Бул иштер кандай болот эми?

- Ал иштер токтотулган. Былтыр президенттин 9-июндагы жардыгы менен ага чекит коюлган. Ага чейин республикалык, жергиликтүү бийликтин деңгээлинде асма жол салууга кызыкдар болгондор көп болгон. Биздин улуттук комиссия аябай катуу туруктуулукту көрсөтүп, ага абдан каршы болдук. Себеби бул талапка жооп бербейт эле. Эгерде асма жол салына турган болсо ЮНЕСКОнун мурастар борборуна өтмөк турсун жөн эле Сулайма тоосунун өзүнөн да айрылмакпыз. Тоо акыры жок болмок.

- ЮНЕСКО тизмесине киргизилгенге жараша эми кандайдыр бир иштер аткарылышы керекпи?

- Албетте, мамлекет милдетин алып жатат да. Ал жерге өзүн-өзү башкаруу комитети түзүлүш керек. Ошол иштердин милдетин алып, дүйнөлүк талапка жооп бере турган комитет түзүлүш керек.

- Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Нургазы&Назар каяктан: Москва
02.07.2009 02:16
Урааа!!!Чынында айтканда бул биз үчүн өтөө кубанычтуу кабар.Себеби башта бул маселе бир нече ирет көтөрүлүп аягына чыкпай жүрчү. Борбор Азияда гана эмес дүйнөдөгү эң бир ыйык жерлери болуп, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирбей калса,анда адилетсиздик болмок! Бактыга жараша,Ош дүйнөнүн маданий картасына киргизилип,туризм багытынын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктү пайда кылды. Ушул кабар менен жалпы Кыргыз элин куттуктайбыз!Жашасын Ош!Жашасын Кыргызстан!

кимден: Алтынай каяктан: ош
01.07.2009 14:04
Сулайман тоонун киргени жакшы болуптур, бирок колубуздагы алтыныбызды чет өлкөлүктөргө тарттырып жибербейли да, Бул кабарды уккан кыргыз калкым кубанат болуш керек

кимден: BBB
30.06.2009 10:51
jakshi boluptur,Kyryzstandan minday svyvnchu kabarlardi kutobuz.emi atayin orun bashkarip,iyik jerdin kutun kachirbasak deym.

кимден: Kiyalbek каяктан: Tunduk Kipr
30.06.2009 00:46
Bul kabardi ugup bir turizm Adisi katari jurogumdon kubandim.Duynoluk arenaga chilpay turup Mkeneibizdin turizm tarmagin onukturuugo bolboyt,Makul ichki jana tishki turizm dep bolungondo bizdin azir ichki turizm onugup jatkan bolchu.Chet jakadan kelgen turistterdin esebi kanchalik koboyso oshoncholuk kazinain esebi degnge barabar.Birok dagi kop ishter kelechek Kyrgyzstandin Turizmi uchun tatiktuu kadrlardi kutup turat.Ishinerge bereket.Kezektegi tizmedegi bayliktaribizdin da jolu bolup kirip kalsa anda da jakshi bolot.Emgek-araket-bilimdi talap kilat!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)