Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:54

“Азаттык” TV

Той-аштарга канча каражат кетет?

“Азаттык плюстун” кезектеги сыналгы көрсөтүүсү Кыргызстанда той-аштарга канча каражат кетээрин иликтөөгө алат.

Текст көлөмү - +
Кыргыздар аш-той берүүнү эмне үчүн салтка айланткан? Андан материалдык пайда табабы же моралдык каниет алабы? Көп ысырапкорчулукка жол берген аш-тойду ким кантип өткөрөт. Кыргызстандыктар той-аштарды өткөрүүгө былтыр 40 млрд. сомдон ашык каражат жумшаганын Бишкек экономикалык институту аныктаган. Бул сумма - ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. “Азаттык плюстун” кезектеги сыналгы көрсөтүүсү “Кыргызстанда той аштарга канча каражат кетет?” - деген суроого жооп издейт.

Программа ушул шаршемби, 30-сентябрда, күндүзгү саат 10.30да “Манас жаңырыгы” телеканалында тартылат. Программабызга катышып, сунуш-пикир айткыңыз келсе, кошулуңуз.

Ага чейин 0550-530-555; 0550-532-555; 0550-536-555 номерлерине чалып же jashtar@azattyk.kg дарегине кат жазып, байланышыңыз. Ой-пикир, сунушуңузду жарыябыздын астындагы шерине бөлүгүнө да калтырсаңыз болот.

Сиздерди ар дүйшөмбүдө Бишкек убактысы боюнча саат 21:00де шериктерибиз “Манас жаңырыгы” (Бишкек) жана “Керемет” (Ош) сыналгы компанияларынын каналдары аркылуу обого чыгып жаткан "Азаттык+" сыналгы берүүсүн көрүүгө чакырабыз.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive