Саясий лидерди тескеген “технологдор”
Сиз күн сайын сыналгыдан көрүп, гезит бетинен окуп жаткан саясатчылардын сахна артында түйшүгү чоң. Маселен чет өлкөдө бир эле саясий лидердин баскан-турганы, кийингени, сүйлөгөн сөзү үчүн ондогон пиар адистер, имиджмейкерлер, саясий технологдор иштешет.
Кыргызстанда саясатчылар арасында имиджмейкерлерди колдонуу тажрыйбасы анча жайыла электиги айтылып келет. x
Кыргызстанда саясатчылар арасында имиджмейкерлерди колдонуу тажрыйбасы анча жайыла электиги айтылып келет.
Жарыяланган учуру: 17.08.2010
Саясий технологдор жөнүндө түрдүүчө кептер айтылат: мисалы күчтүү технологдорду жалдаган саясатчылар шайлоолордо алардын жардамы менен жеңишке жетиши толук мүмкүн, ал эми ошол эле технологдордун “кара пиарына” кабылгандар кашыктап топтогон кадыр-баркынан заматта арылып калат.
"Азаттык плюс" телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы саясий технолог, имиджмейкерлер тууралуу болуп, ага саясат таануучу Бакыт Аманбаев, пиар кеңешчи Элира Турдубаева жана стилист Таттуу Айдекова катышты.