Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Айтибай Тагаев Баткен облусунун губернатору болуп дайындалды

Айтибай Тагаевдин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалышы күтүүсүз окуя болгон.

Айтибай Тагаевдин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалышы күтүүсүз окуя болгон.

17.12.2009

Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Баткен обулусунун губернатору болуп дайындалды. Бул тууралуу 17-декабрда парламент жыйынында Президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев билдирди. Жороев өлкө башчысы Курманбек Бакиев Айтибай Тагаевдин депутат, төрага катары ишмердигин жогору баалай тургандыгын белгилеп, Баткен аймагын жакшы билген киши катары аны бул кызмат ордуна бекитип жаткандыгын айтты.

Айтибай Тагаев 1958-жылы Ноокат районундагы Эски Ноокат айылында туулган. Анжиандагы гидротехникалык курулуш техникумун, Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Кызыл-Кыядагы курулуш материалдар комбинатында финансы-экономикалык маселелер боюнча иш алып барган. 1993-2001-жылы Кызыл-Кыядагы “Нур-Км” акционердик коомунун коммерциялык директору, кийинчирээк директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

2005-жылы Кызыл-Кыя шайлоо аймагынын №17 шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин III чакырылышына "Алга, Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. 2007-жылдын декабрында парламентке “Ак жол” партиясынан депутат болгон.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Момун каяктан: Баткен
20.12.2009 14:25
Бакиевке катта рахмат!!!

кимден: Конок
20.12.2009 13:30
Тагаев эмне мен барам барбайм демек беле Урматтуу Президентке. Керек болсо аким кылып же болбосо айыл өкмөтү болосуң десе деле ХОП АКА деп кете берет, анткени Партиянын желдети. Мындан кийин эч ким мен спикер болот элем дебесе керек.

кимден: Ысанали каяктан: Баткен
19.12.2009 15:04
КР ЖК депутаттары намысыңар болсо таркап кеткиле. Тагаевди төрага шайлаарда кантип добуш бердиңер эле уят сапсим уят. жаш бала да силерге караганда кичине жооптуураак чечим кабыл алат. чынында уят

кимден: Omurbek каяктан: Batken
19.12.2009 13:07
Кызык губернатор болуш үчүн канча $ бериш керек Баткендиктер оозуңарды ачып отура бергиле жеп жеп кете берсин бир (комбайнга) жедирип бүттүңөр эми............жашасын Бакиев жашасын Ак-жол! Бизде Шадиев Бурханов дегендер бар эле алар эмне өзүнө иштеп жатабы элинерди ойлосоңор ал жерде эмне кылып отурасыңар тарыхта кала турган болуп иштеп бергиле бирок түшүнөм силер деле АТАбыздын бийине бийлейсиңер да СЕН МАГА ТИЙБЕ МЕН САГА ТИЙБЕЙМ УРАА!

кимден: Нурбек каяктан: Баткен
19.12.2009 12:47
Баткенге болбоду дегенде Мамат Марипович Айбалаевди коюп берсеңер Чек ара маселеси оңоюраак чечилээр беле?Тагаевдин келиши акылга сыйбаган нерсе уят уят!!! Баткен эли президентти урматтап келдиңер мына силерге жооп пикеттке чыкпагыла десе чыкпай жүрө бергиле жакында Баткен жок болот УЯТ УЯТ Ак-жолго

кимден: Нургазы каяктан: Баткен шаары
17.12.2009 18:40
ЖКдагы, президенттик аппараттагы ж.б.жогорку бийликтердеги Баткен облусунун өкүлдөрү каякты карап жүрөсүңөр, кичине болсо да күйө турган жер күйүп коюш керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.12.2009 18:36
Атамбаевке даңк деген наамды мойнуна илип туруп дүңк кылды эле, эми билбейм кандай болот тагаев

кимден: Акыйкатка
17.12.2009 18:32
Ааламга жол айылдан, Кыргызстанга жол Баткенден башталат. пайдубал бекем болуш керек

кимден: Нургазы каяктан: Баткен шаары
17.12.2009 18:26
Дуракам везет к нашему сожалению в нашем Баткене

кимден: Акыйкат
17.12.2009 18:25
Нургазыга: Тагаевге Баткен эле эмес бийлик бутагындагы экинчи орунду берип жаткандан кийин таң калып кереги жок го. Бул жерде Баткен эле эмес Кыргызстанды кантип көтөрөбүз деген маселе туруп атат.
    Кийинки 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)