Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:52

Экономика

Талас: электр баасы боюнча эл ичинде суроо көп

Электр кубатынын кымбатташы тууралуу Талас областында бийлик өкүлдөрү элге жеткиликтүү түшүндүрмө бере алышкан жок. Ошондуктан эл арасында бул тууралуу суроолор күндөн-күнгө көбөйүүдө.

x
Текст көлөмү - +
Бүгүнкү учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн баш ооруткан эң негизги маселелеринин бири элге электр кубатынын кымбатташын кантип түшүндүрүү керектиги жөнүндө болуп жатат. Баардык эле бийлик өкүлдөрү электр тармагындагы тетиктердин эскилиги жетип, аларды жаңылатууга каражат жетишпей жатканын жүйө тартууда.

-Ушул акчанын жетишсиздигинен бизде дагы сапаттуу капиталдык-техникалык ремонт болбой калды. Андан тышкаршы бардык оорчулук электр кубатына түшүп атат. Талас шаарын, районду кечинде карасаңыз, бир-эки үйдөн эл түтүн чыгат,- дейт Талас түндүк электро башкармалыгынын дирекору Алик Дүйшөкеев.

Бирок коомчулук арасында бул боюнча талаш көп болуп, карапайым элден тарта экономист серепчилерге чейин  сын көз караштарын билдиргендер бар. Талас шаарынын тургуну Нусуп Бектенов электр ишканаларынын талкаланышы ошол тармакта иштеген жетекчилердин өз ишине жасаган кайдыгеринен улам деп белгилейт:

- Райондук, шаардык электр тармактары пландуу түрдө бир дагы ремонт иштерин жүргүзбөйт. Бир подстанциянын, трансформатордун майы агып, жарылып кеткенде элден акча жыйнап коюп коюшат. Автомат күйүп кетсе дагы эч бир иштерди жасабайт.  Булардын шылтоосу техникалык жоготуулар болуп жатат. Жарыктын баасын кымбаттатып койгон менен азайта албайт, өкмөт иштеш керек бул жакта, мансапкорлор, кошоматчылар эмес, жакшынакай адистер иштеш керек.

Акыркы он жылдан бери Кыргызстандын энергетика тармагын оңдоп, жаңылатууга чет мамлекеттерден атайын кредиттер да берилип келүүдө. Ошол кредиттер кайда кетти? Бул тууралуу маселени "Азаттыкка" укук коргоочу Анара Давыталиева козгоду.

- Кыргызстанды каржылап келаткан уюмдар негизи эки банк. Азия өнүктүрүү банкы, биз аларга 900 миллион доллар карызпыз. Экинчиси, Дүйнөлүк банк, аларга дагы 900 миллион доллар карызпыз. Россияга аз эле карызпыз - 192 млн, Даниянын эл аралык өнүктүрүү агенттиги, Скандинавниянын, Германиянын банктары, Европанын кайра куруу банкы. Биз аларды өнүктүрүү банкы эмес, оюнчулар деп түшүнөбүз. Бул жердеги түпкү максат - приватизация. 

Бүгүнкү учурда Дүйнөлүк банктын такташы боюнча Кыргызстандын 60 пайыз калкы кедейчиликте жашайт. Айрым серепчилердин пикирлерине таянсак, базарларда барган сайын сатуучулар көбөйүп, сатып алуучулар азайууда. Элекр кубатынын кымбаташы менен башка оокат-аштар кымбаттап, кедейчиликтин саны мындан да өсүшү күтүлүүдө.

Баарынан таң калыштуусу, карапайым калк менен өндүрүштүк мекемелер үчүн электр кубатына болгон төлөмдөрүн бирдей болуп калганы, дейт "Талас турмушу" гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов.

-Элдин социалдык турмушун жакшыртып алып туруп, азырак-азыраактан көтөрсө болмок. Карапайым калк менен өнөр жай ишканаларынын төлөй турган баасы бирдей болгону дегеле туура эмес.

Кымбатчылык болбосун деген максатта, өкмөт элди ойлоп, ушундай кадамга барды дейт жакында Таласта электр кубатынын кымбатташы боюнча болгон жыйында отун-энергетика компаниялардын ишин башкаруу боюнча мамлекеттик департаменттин башкы адиси Айгүл Суланкулова:

- Бир дагы жеке ишкер чыгымга иштебейт. Эгер биз ага кымбат тариф койсок, ал чыгымын өзүнүн чыгарган товары аркылуу алып алат. Биз алардан ошол эле нан, колбаса, майды ошол кымбат баада сатып алабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Актилек
03.01.2010 11:15
Эй айланыйндар, бу Айгул Суланкулованын айтканын тушунсом эле буйрубасын. Кымбатчылык болбосун деп кымбаттаткан, бери эле болгондо жарым эстик. Азамат эле окмот экен элди ойлогон. Чындык байкуш чыркырап токко урунгандай болуп олуп калганбы? Жэ чын суйлогондор олгонбу? Энергетиктер оздору уурулук кылышат чынында. Муну элдин баары эле билет. Бирок айтышпайт. Себеби, эл озу да аргасыздан уурулук кылып атат.Тамак-аш бышырганы комур отуну жок,бар болсо да баарында эле эмес. Сатып алганы акчасы жетпейт. Анан счетчиктин кулагына пленка, козуно ширенкенин талын жэ шыпыргынын чобун тыгып токтотот. Электрик кармап акт жазып, очойгон штраф салып, уурулугу ачылган "азаматтын" отун эле эмес опко боорун журогу менен кошо жарып коркутат. Анан аке жакелеп, туугандыгын ортого салып атып электрик менен "мировой"го барат. Штрафтын жарымын электрикке берет. Анан азыраак суммага квитанция жазылат да иш бутурулот.
Мен союлган тоок, куюлган арак тууралуу айтпай эле коёун. Азыр электрик семире турган "сезон". Кимдин уйунун морусунан тутун чыгат, кимдикинен чыкпайт электриктин байкоосунда. Бул маселенин бир жагы. Негизги маселе элди, мамлекетти ушуга алып келген саясат кайдан чыгып атат. Олконун стабилдуу онугуп осушуно тоскоолдуктар кимдер тарабынан иштелип, кимдер тарабынан ишке ашырылып атат?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)