Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык, 1-чыгарылыш

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү

Кыргызстандагы эң узун адам үйлүү болду

30.01.2010
Жаркын Темирбаева

31 жаштагы Жеңишбек Райымбаев - Кыргызстандагы эң узун бойлуу киши. Анын боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр. Ушул күндөрү ага Бишкек шаар мэри тарабынан бир бөлмөлүү үй берилди.

Жеңишбек Райымбаевге Бишкек мэриясынын алдынан жолуктук. Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев ага бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.

Жеңишбек Райымбаевге микрофон сунуп, үй алганы жана саламаттыгы боюнча берген суроолорго толук жооп алалган жокпуз. Анткени Райымбаев ден соолугунун начарлап жатканынан көп сүйлөгөндү каалабай турганын айтты:

“Азаттык”: Жеңишбек мырза, быйыл канчага келдиңиз?

- Быйыл 31 жашка чыктым. Үй бүлөдө бешинчи баламын.

“Азаттык”: Ден соолугуңуз кандай?

- Кант диабети менен ооруп калдым.

“Азаттык”: Мектепти бүткөнсүзбү?

- Жок. 9-класска чейин гана окудум.

“Азаттык”: Андан кийин эмне себептен окубай калдыңыз?

- Партага батпай калдым. Эже, көп сүйлөй албайм.

Кыргыз эли кайрымдуу адамдарга бай

Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев Жеңишбек Райымбаевге батирдин ачкычы менен дарылануусу үчүн деп 20 миң сом каражат кошуп берди. Ушу тапта Жеңишбек Курортология институтунда дарыланып жатканын кошумчалады. Аталган институттун башчысы Шермамат Сатыбалдыев Каржы полициясынын кызматкери Конок Өскөнбаевдин жардамы менен Жеңишбек Райымбаев оор абалда ооруканага жеткирилгенин айтты:
Ал боюмда бар кезде эле өзгөчө бала экендиги сезилген. Эми оорубаса экен дейбиз.


- Жеңишбек Райымбаев оор абалда биздин клиникага түштү. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери дарыланууда. Бул жигиттин боюна биздин керебеттер чак келбей, үч керебетти бириктирип, атайын орундук жасап жаткырдык. Мындай айтканда, үч адамдын ордун ээлеп жатат десек болот. Жеңишбекке үй жагынан шарт түзүп берүү аракетибиз текке кеткен жок.

Дарыгер Шермамат Сатыбалдыев Жеңишбектин ден соолугу абалкы күндөргө караганда оңоло баштаганын кошумчалады. Каржы полициясынын кызматкери Конок Өскөнбаев буларды айтты:

- Мен иштерим менен Казарманга барып калып, Жеңишбек Райымбаевдин үйүнө кирип калдык. Кокусунан десем болот. Жеңишбектин ооруп калганын айтып, анын апасы ооруканага жеткирүү аргасын көрүп жатыптыр. Бизге ушундай мааниде кайрылды. Ошол жерден алып жөнөп, Бишкектин эки ооруканасына алып бардым. Дарыгерлер чынында чочулашты, оорусу катуу экен деп. Ошентип Курортология инстиутуна алып барып, кудай жалгап кабыл алышты.

Деген Конок Өсөнбаевдин сөзүнө журналист Мамат Өсөров кошулду:

- Буйрук менен мен ошол жерде дарыланып жаттым эле. Жеңишбек Райымбаев коңшу палатага келип калды. Чынында абалы оор эле. Бул жигит дүйнөдөгү эң узун бойлуу адамдардын катарына кирет. Анын салмагы мурун 150 килограмм болгон. Азыр ооруп 136 килограммга түшүп калыптыр. Бул Кыргызстандагы өзгөчө жигит. Мунун ооруп калганы, анын айылдагы ал-абалы тууралуу президентке жазган катыбыз жетип, мына үйлүү болуп отурат. Аракетибиз текке кеткен жок.

Жеңишбек Райымбаев ата-энеси менен
Жеңишбектин ата-энеси да кубанычын жашырышкан жок:

- Мен Айылчы Райымбаев, Жеңиштин атасы болом. Уулум үйлүү болду. Өзүнө буйруп, өмүрү узун болсун. Бактылуу болсун. (Күлүп) Эми үйлөндүрөбүз деген тилегибиз бар. Балдарыбыздын бардыгы тыңып-тынчып дегендей, ушул Жеңишбегибиз эле калды.
Бул жигиттин боюна биздин керебеттер чак келбей, үч керебетти бириктирип, атайын орундук жасап жаткырдык.


- Мен Жаңылкан Көбөбекова, Жеңишбектин апасы болом. 61ге чыктым. Кичинекейинде эл катары эле болчу. Сегизинчи класска барганда эле негедир бою өсүп, мектепке баралбай калды. Бирок ал боюмда бар кезде эле өзгөчө бала экендиги сезилген. Эми оорубаса экен дейбиз. Катуу ооруп жатканда тиги Конок деген балам барып калып, Жеңишбектин багын ачып, өмүрүн сактап калгандай эле болду да. Эмне дейт элем, бардыгыңарга ырахматыбызды гана айтабыз.

Жеңишбек Райымбаевдин ата-энеси жана жакындары ага үй берилип, камкордук колун сунгандардын бардыгына, бийлик бутактарына да катма-кат ыраазы экендиктерин айтып жатышты.

Жеңишбекке ылайыктуу кийим-кечекти дүкөндөрдөн издеп табуу кыйын. Тикмечилер арасынан да кайрымдуулар чыгып, Жеңишбек кышын-жайын өзүнө чак кийимдер менен камсыз. Ал Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну болот.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Рома каяктан: Ош
31.01.2010 21:07
Абдан жакшы болуптур, Жеңишбек бар болгун. Өмүрүң узун болсун ылайым айыгып кеткин. Ушундай жигттерибизди ар дайым колдошубуз керек.
     
Текст көлөмү - +

Эл үнү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)