Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Өмүрбек Текебаев: Ач көз капитализмден - жаңы социализмге

01.07.2009
Айданбек Акмат уулу

Өткөн жумада Россиянын “Справедливая Россия” партиясынын курултайы болуп, ага “Ата мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башында турган делегация конок катары катышып келди. Эки партиянын лидерлеринин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болду. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаевди “Азаттык” кепке тартты.

- Өмүрбек мырза, алгач “Справедливая Россия” партиясынын курултайы жана анын учурундагы жолугушуулар тууралуу айтып берсеңиз?

- Жакында Москвада “Справедливая Россия” – “Адилет Россия” партиясынын төртүнчү съезди болуп өттү. Съезддин алдында эл аралык социалисттик форум болуп, ага 28 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бул съездде “Справедливая Россия” Совет Федерациясынын төрагасы Миронов жетектеген партия өзүнүн жаңы программасын, жаңы концепциясын жарыялады.

Ал концепция “Жаңы социализм” деп аталат. Мына ошентип официалдуу түрдө Россиянын официалдуу бийлигинин деңгээлинде жаңы социализм идеологиясы айтылды. Өзгөчө Советтер Союзунун мурунку өлкөлөрүндө социализм жок болгон эски нерседей болуп көрүнүп келген. Бирок акыркы он жылдагы дүйнөлүк жана регионалдык кризистер фундаменталдык базар, радикалдык рынок экономикасы туура эмес экендигин көргөздү.

Рынок экономикасынын родинасы болгон Американын президенттери дагы тобо дешип, азыр социалисттик, социал-демократиялык методдорду өз өлкөсүндө пайдаланып жатат. Мына ушунун өзү социал-демократиялык, социализм традициялары жаңы заманда жаңыча керек экенин коом, тарых далилдеди.

-“Справедливая Россиянын” лидери Сергей Миронов партиясынын максаты социлизмди куруу деп атады. Сиздердин партиянын максаты да ушундай. Сиздер курууну каалаган социализм СССРдин убагында социализмден эмнеси менен айырмаланат?

- Жок, бул социализм 70-жылдардагы Европадагы социализмден дагы айырмаланат, анткени 21-кылым бул жаңы кылым. Бирок анын негизги максаты ач көз, тойбос капиталдан качышыбыз. Бүгүнкүгө чейин Бакиевдин желеги дагы ушул, мамлекет шал туруп, колунан келбеген кожоюн, коом өзүн өзү башкаралбайт, жеке кызыкчылык гана башкарат деп туруп идеологиянын туу чокусуна жеке кызыкчылыкты койгон.

Мына биз азыр “Ак жол” жетектеген партия РЭСтерди, Бишкек ТЭЦин, Бишкек суусун, Бишкек газын, жер байлыктарын баарын сатыш керек деп атат. Анткени жеке менчик гана, жеке кызыкчылык гана коом үчүн прогресс алып келет деп атат. Ал эми социалисттер айтат: жок, жеке кызыкчылык эмес, жеке кызыкчылык менен бизнес коомдун көзөмөлүндө болуш керек, байлык менчик ээсине гана эмес, жалпы коомго иштеш керек, бизнес социалдык жоопкерчилик болуш керек деген негизги принциптерди коет. Бул ушунусу менен бүгүнкү ачкөз, тойбос капитализмден айырмаланат.

-“Справедливая Россия” бийликтеги партия. Анын лидери Россиянын Федералдык Кеңешинин төрагасы. Сиздер оппозициядасыздар. Кыргызстан менен Россиянын бийлиги болсо достошуп жатканын айтууда... Кызматташуулар кандай болот?

- Ушул кезге чейин Россия өзүнүн эл аралык мамилелеринде, өзгөчө СНГ өлкөлөрү менен эл аралык мамилелеринде өзүнүн моделин кармап келген. Ал модель бийлик менен гана сүйлөшмөй болгон, оппозиция менен таптакыр контакт болгон жок. Бул окуя Россия өзүнүн кыркы карым-катнашында моделин өзгөртүп жатат.

Анткени анын айланасында демокартиялуу өлкөлөр пайда болду. Бул Прибалтика, Украина, Грузия, Молдова. Россияда анын эски модели иштебей калды, бийлик менен гана сүйлөшүп, эли менен сүйлөшпөй коюшту. Ошондуктан менин оюмча Россия дагы өз мамилесин өзгөртүп, Кыргызстанды бийлеген үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен гана сүйлөшпөстөн, кыргыз элинин өкүлү болгон оппозициянын өкүлдөрү менен жана башка социалдык-саясий топтор менен байланыш кармап туруу жагына өтөт болуш керек деп ойлойм. Мына ушул жагы менен бул жолугушуу символикалык мааниге ээ.

-Өмүрбек мырза, Манаста Транзиттик борбор түзүүнү курултай кандай кабыл алды?

- Россияда көптөгөн кылымдык мамлекет башкаруу тажрыйбасы, сырткы саясатты жүргүзүү маданияты бар. Алар эч качан оюн "балп" эттирип айтпайт, анткени биз официалдуу адамдар менен жолуктук. Алардын баары бул маселени айланып өтүштү. Бирок негизинен башка коллега официалдуу адамдар менен жолуктук. 

Украинадан ж.б. өлкөлөрдөн келген коллегалардын айтышы боюнча, албетте, бул жакшы эмес, алдап кетти деп атышат. Алдап кетти деп ачык да айталбайт, анткени оозэки жүзүндө биздин президент менен Россиянын президенти эмне деп сүйлөшкөнүн билбейбиз. Официалдуу каагаз жагын карасаң баары жайында, биз суверендүү өлкөбүз, каалагандай чечимди кабыл алабыз. Бирок иш жүзүндө бул Россия менен болгон бейформал сүйлөшүүлөр деп бизге Украинанын социал-демократтары айтышты.

- Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Капиталист каяктан: $$$$$$$$$$$$
04.07.2009 19:39
Өмүке, бул жерде шайлоо болоюн деб жатса, сен социализимиң менен эмне кылыб жүрөсүң бул жерде ?

кимден: Kyrgyzbai каяктан: Ordodo
03.07.2009 23:15
Сариевдин эмнеси лидер экенин түшүнбөйм ?.
Жаштар - кылычтай Жеңишбек Назаралиевди ээрчисе жарашат.
Тилекке каршы - Жеңишбек Назаралиев ГЕНИАЛДУУ адам экенин бардыгы эле түшүнө бербейт.

кимден: Акбар каяктан: РФ
03.07.2009 16:11
Биз, жаштар, Сариевди лидер кылып Бийлик үчүн күрөшөбүз! Силерсиз!

кимден: Cherikchi Baatyr каяктан: Tokio
03.07.2009 15:33
Andan da syrtqary Politekonomika ilimi (Political Economics) qyzyqqan "Emnege Globalizacija Terengdese dagy Onukkon Olkolordo Politikalyq da Ekonomikalyq da oqshoshuu zharalbajt" degen suroonun zhooptorun izdegender negizinen ar turduu tezisterdi ajtyshat, biroq biri dagy Liberal Demokratijalyq modeldin krizisi zhe artyqchylygy deshpejt. Oshogo, Social Demokratijaby zhe Liberal Demokratijaby bular zhon gana "tabittin problemasy" emespi eken zhe "problem of preference." ajyrmasy bolgonu almany satyp alyp atqanda aqcha tolop zhegen zhaqshyby zhe ajlyqtan salyq qatary aldyn ala tolop qojup, kijin beker zhegen zhqshyby degendej ele nerse, birinchisi liberal demokratijalyq model bolso kijinkisi social demokratijalyq model. Oshogo ech negizi zhoq ele P.Lavelldin biastalgan (bir taraptuu) koz qarashynyn negizinde bergeningerge da zhol bolsun.

кимден: Адамбек каяктан: Бишкек
02.07.2009 17:20
"Россияда көптөгөн кылымдык мамлекет башкаруу тажрыйбасы, сырткы саясатты жүргүзүү маданияты бар. Алар эч качан оюн "балп" эттирип айтпайт",- деп Азаттык белгилеп жатпайбы. Анысы сыңарындай Өмүрбек Чиркешовичтин болгон нерсени "балп" деп айтып салуусу мамлекет башкаруу тажырыйбасынын жоктугунан кабар берип жүрбөсүн. Текебаев биздин тарыхта чыгаан депутат боюнча калат, бирок эч качан жакшы жетекчи катары тизмеге илешпейт деген эл арасында айтылган сөздөр туура экенине ишенсе болчудай.

кимден: Марат каяктан: Бишкек
01.07.2009 21:03
Өмүрбек байке, орустун социалисттери азыркы орустун бир партиялык, бир кишиге (Путинге) баш ийген (президенти Медведев да) бийлигин, көз каранды сот системасын, оозу жабык сөз эркиндигин, өнүккөн коррупциясын жана импердик умтулуусун кантип сындады жана ушул системадан чыгаар жолу бар бекен, ошону айтып берсеңиз. Же орустардын социалисттери азыркы, сиз айткан "ач көз, тойбос капитализмди түзгөн" путиндик авторитардык бийликти жок кылабыз, анын ордуна социализм курабыз дейби? Же аны колдойбуз дештиби? Түшүндүрүп берсеңиз дурусураак.

кимден: Cherikchi Baatyr каяктан: Tokio
01.07.2009 16:20
Omukem ozu aqylduu kishi. Principialduu zhaqtary dagy zhaqshy, biroq kapitalizmdin turloru degen tushunuktu zhaqshy baamdaj albaj zhurgondoj qyjazdanat. Antkeni dujnodo kapitalizmdin turu kop, misaly Shvecija, Finljandija, Avstrijada social-demokratijalyq modeli ornogon bolso Amerika, Anglija, Zhaponijalarda liberal-demokratijalyq modelderi ornogon. Ekoonun teng artyqchylyqtary zhana kemchilikteri bar, oshogo myndaj suroogo zhaqyndagan uchurda, kim qandaj modeldi zhaqtyrat zhon gana tabittin problemasy-problem of preference ekenin unutpasaq. B.a. az salyq tolop ajabaj ishtep nan tapqan zhaqshyby zhe kop salyq tolop az ishtep tapqan zhaqshyby degen syjaqtuu. Ushul kungo chejin Zhaponija Norvegijany zhaman dep zhe Shvecija Amerikanyn modelin zhaman dep ech kim ech qachan ajtqan emes. Ar kim oz tabitine zharasha tandoosun zhasaary belgiluu. Oshogo Socijal-demokratijalyq model gana baardyq uchurda zhaqshy eken degendin ozu chong zhangylysh. Tuura, bul model dujnoluk finasylyq krizistin uchurunda salyshtyrmaluu stabilduurook sezilgeni menen, Zhaponijanyn liberal-demokratijalyq modeldegi kapitalizmi zhapa chekken zhoq. Demek liberal-demokratijalyq modeldin kunoosu zhoq ekenin baardyq ele politekonomistter dalildep atyshat.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)