Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:53

Кыргызстан

Т.Сариев: Каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом берилет

Жаңы убактылуу өкмөт М. Бакиевге түздөн түз бай ийген жана башка банктарга тышкы башкаруучу коюп, капиталдын чыгып кетишине бөгөт коюуда. Ал эми кандуу демонстрацияда каза болгондордун үй-бүлөсүнө мамлекет эсебинен бир миллион сомдон жардам берилет. Бул жөнүндө Убактылуу өкмөттүн башчысынын каржы жана кредиттер боюнча орун басары Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди.

x
Текст көлөмү - +
- Финансы маселеси кандай жүгүртүлүп, жер-жерлерди каржылоо кандай жүргүзүлөт?

Темир Сариев: Биз 8-апрель эртең мененден баштап бардык аймактарды толук көзөмөлгө алдык. Каржы министрлигинин атайын буйругу менен айлыктардан башка төлөмдөрдүн баарын убактылуу токтоттук. Анткени бюджеттен көп уурдоолор болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн баарын токтоттук да, бүгүндөн баштап биз эң зарыл болгон каржыларды бере баштайбыз. Экинчиден, кечээ беш банкты жаптык эле. Тышкы башкаруучу киргизгенбиз, “Азия универсал банк” дейт, ошонун тегерегиндеги банктар болчу. Анткени көп акчалар болуп, булар Максим Бакиевге түздөн түз баш ийчү. Алардын баарына тең Улуттук банктын атайын башкаруучу адамын коюп, толук көзөмөлгө алдык.

Бүгүн эртең менен Улуттук банктын башчысынын милдетин аткаруучу телефон чалып, башка да банктарга тышкы башкаруучуну койдук. Анткени алар башка банктар менен да акчаны чыгарып кетиши мүмкүн. Мындан башка бажы жана салык комитеттеринин башчылары кечээ толук алмашып, убактылуу милдетин аткаруучулар коюлду. Алар сырттан келген жок, иштеп аткан адамдардын орунбасарларынын милдетин аткаруучуларды коюп атабыз. Анткени азыр көзөмөл катуу. Бирок бажы кызматы да, салык кызматы да толук иштеп, алардын баары тең бүгүндөн баштап төлөмдөрдү жыйнап, бардыгы тартип менен кетет.

Мен айтып коюшум керек, финансалык банк системасындагы иш аракеттердин баары тең толук көзөмөлгө алынды. Тиги банкта жакшы которуптур, тияктан сыртка чыгарып атыптыр деп элде ар түрдүү сөздөр чыгып атат.

Кечээ күнү аэропорттон 4 жарым млн. доллар алып бараткан, бирок декларациясы бар бардык кагаздарды толтурган адамдарды кармагандан кийин Улуттук банктан мен суранып, анткени алар көз каранды эмес да, алар убактылуу акчаларды чыгарууну да токтотуп турат.

Тартипке салып иликтеп алганга чейин кээ бир ыңгайсыздыктар болот. Мен кыргызстандыктарга, ишкер адамдардан суранып кетет элем, бул 2-3-4 күндүк иш чаралар. Кудай буюрса, шаардагы турмуш калыптанып, банк системасындагы иштердин баары тең көзөмөлгө алынып калгандан кийин бул чектер алынып салынат.

- Социалдык фонддун акчалары кандай болот?

Темир Сариев: Улуттук банктын буйругу менен Соцфонддун бардык банктарда турган эсептери токтотулуп турат, баары көзөмөлдө. Эч кандай кыжалат боло турган иштер жок. Мен өкмөт башчысынын орун басары болуп, Финансы министрлигин башкарып атам, бардыгы тең көзөмөлдө.

- Айлык, пенсия ала албай калуу коркунучу бардыгын айтышууда?

Темир Сариев: Соцфонддо, бюджетте акча бар, эсибинде 2 миллиардга жакын акча, бул күнүгө түшүп тура турган акча. Бул акча бизде жакынкы арада бардык айлыктарды, пособиелерди бергенге жетишет. Соцфонддун да акчасы бар. Ар түрдүү ушакты жүргүзүп атышат. Андай болбосун.

Эң негизгиси биз азыр Кыргызстан боюнча тартипти жөнгө салып, бардык мамлекеттик органдардын иштешине шарт түзүп берип, анан кийин бизнесмендерге кайрылып, бардыгы тең өздөрүнүн ишин баштаса төлөмдөр келе баштайт. Калганын баары тең ирети менен кетет.

Дагы бир айтып кое турган нерсе, азыр биз бюджеттин чыгаша жагын карап атабыз. Анткени президенттин администрациясы, президенттин өзү жоюлуп атат. Жогорку Кеңеш жоюлуп атат. Бир топ үнөм болот, акчанын чыгаша жагын тейлөөгө кандайдыр бир жеңилдиктерди алабыз.

Анын үстүнө ар түрдүү финансалык эл аралык уюмдарга да кайрылып атабыз, бул жактан да жардам келет. Ошентип кыска мөөнөттүн ичинде бардык эрежелерди сактап алып, тартипке салып алсак, убактылуу өкмөт өзүнүн бийлигин, жоопкерчилигин сезип, экономикалык, финансылык тармакты толук колго алып, көзөмөл менен ачык-айкын саясат жүргүзөт.

- Ал эми каза болгондордун жакындарына, жаракат алгандарга кандай жардам көрсөтүлөт?

Темир Сариев: Кечээ күнү кечинде убактылуу өкмөттүн жыйыны болуп, 1 млн. сомдон төлөп бермек болдук. Саат кечки тогузда 75 адам кайтыш болгон. Ар бирөөнө үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү катары өкмөттүн, мамлекеттин атынан 1 млн. сомдон берилет. Оор жарадар алып ооруканада жаткандарга 100 миңден, ал эми жеңил жарат алгандарга 20-30 миңден берилет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Gul каяктан: KG
12.04.2010 13:34
Menin suroom , Amerikanetssterden tushkon $17.000000 kai jakka ketip jatat?
emnege Bakievdi surakka albai jatasingar!?

кимден: Роллан каяктан: Москва
11.04.2010 17:28
КареяданТагай деген жигитибиз айткан сөзүнө кошулам.Туура айткан,Менээт ошолордуку эмгегин баалаасын унутуп койбой.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.04.2010 00:45
а дейбиз бу дейбиз, кыргыз эли кырылып, болунуп, жарылбай душмандарды куштарлантпай аман эсен болуп, бакс макс дегенге окшогондордон кудай куткарып....., кыргыз элинин жузу боло турган эр азаматтар бийликке келип, элдин оозун ачырып койсо абдан сонун болмок..........,

кимден: патриотка каяктан: москва
10.04.2010 01:25
кыргыздар неге онугуп осо албайбыз? себеби дагы деле тушунугубуз тайкыраак 21 - кылымда жашап жатканыбызга карабай, оппозиция жыргатабы жыргатпайбы биз кыргыз эли озубуз да ойгонушубуз керек , анча мынча эски тушунуктордон арылыш керек..........., аракты азыраак ичип, бирибирибизге ичибизди азыраак кйгузуп, жана адам олсо азыраак жылкы сойуп же болбосо сойбой деле койуш керек себеби куранда жазылган эмес........, башка элдер абдан тан калат кыргызда ушунча жакыр болуп алып ушунча жылкы сойосунарбы деп......., анда кыргыздар: эл эмне дейт? бул куру намыс деп койобуз...........,

кимден: Нази каяктан: Бишкек
10.04.2010 00:56
Эмки президент ким болсо да ок атылбайт деп соз берип туруп анан президент болсун, акча колго тийгенде кутуруп, кооп кетип 7- апрелди унутуп койбой. Элге тынчтык керек.

кимден: Умарали каяктан: РФ
09.04.2010 21:49
Амансын.арбы кыргыз элим? Кыргыз элинин тагдырын он.дойбуз деп ко.з жумган жердештерибизге терен. кайгыруу менен ко.ну.л айтам! Маркумдардын жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун, калган о.мурлорун балдарына берсин, арты кайрылуу болсун. Каза болгондордун ата-энелерине, туугандарына да терен. кайгыруу менен ко.нул айтам. Белди бекем байлап, сабырдуу болунуздар. Алардын аткара албай калган иштерин Сиздер улантын.ыздар.
Бу.т кыргыз элинен сураарым, биримдуу болуп, бир жакадан баш чыгарып, бир жен.ден кол чыгарып, мамлекетибиздин о.рчу.шу.но аракет жасан.ыздар. Сиздерге ден-соолук, ишин.издерге ийгилик каалайбыз. Аман болунуздар.

кимден: Azat каяктан: Ala-Too
09.04.2010 21:09
Т.Сариев бир сабатсыз киши корунот, аны бийликте колдонуга болбойт.
Телевизордон суйлогон создорун уксанар бардыгын тушуносунор.
Деги булар кайдан келди?
Апрелдин жетисинде булар элдин арасында жок болучу, эми калп эле камоодо жатык деб Элди алдаб журбосун?
Мен булардын карактерин жакшы билем, мурунку болгон митингилерде да баштаб коюб, (кулов баш болуб) качыб, бекиниб калышчу.
Кыргыздар! Акылынар болсо бийликти оз колунарга алгыла, таладагы бекиниб жургон аферистерге бербегиле!!!!!!!!!!!!!

кимден: Gul каяктан: KG
09.04.2010 20:21
Salamatsizdarbi Jogorku keneshtegi ishtoochulor .
Birinchiden Markum bolgon Kirgizim el uchun Kirgizstandin kelechegi uchun , jashtardin kelechegin oilop ,kiynalgan jerdeshteribizdi estep Kirgizstandin ushul bpoyuncha jogolup ketishpesin , ar kimge aldattirip akiri tajagan elim menin Agalaribiz , Atalaribiz , Inileribizdin arkalari kairiluu bolsun , jatkan jerleri torpuluu bolsun , ar daim estep jurobuz .

Jogorku Keneshtegi ishtegenderge oi-pikirim .
Suranich dissiplina kerek , zakon boyuncha tartipti oshol boyuncha kolgo alishingizdar kerek , deldeip Millissialar emnege " chekeden atkila !!!" dese deldeip , ozubuzdun ele jerdeshteribizdi atkilap jurushot , osholordu surakka albaisizdarbi , osholordu turmogo kamattiringizdar , zakon boyuncha !
Ancha mincha internetke kirgizgen videolordu korduk , elder oz oilorun aitkani Ak yidun aldina barishsa , emne dein emi , baikush eneler, ejeler , studentterdi chekeden mashinaga salip alip barip turmogo kamap jatishkandarin , bul emnesi elibiz emi " Ii uyat bir nerse aitsak kamap koyushat " dep biri biribizdi kachankiga chein tiyishibiz kerek , oozubuzdu!!!
Deldiregen milissialar para alip jatishkandarina suyunushup , kaira kirgizip koyushpaibi , buttarinan , koldorunan karmap 4-5 milissia ayaldardi dese ayaldarin jash baldari menen koshup mashinege salip alip ketip jatishti , janindagi ayal " Ei kai jakka alip ketip jatasingar koe bergile , kilmish kilgan jokko " dese booru oorup , tigi milissia al ejege kele jatat " suilobo tirichilgingdi kilip basip kete ber , azir bolboso sen dagi ketesing " dep .

Bul emnesi !!! kachankiga chein jumushka ornosh uchun para berip , oorukanaga alip barsa para beri, joldo yi-byloong menen es algani ketip jatsang GAI toktotup kadimki ele jetimderdei bolup akcha alishat pravilani buzbasa dele , jon ele akcha alishat , shoferleor korkonunan , bilip kalishiptir , 200 -300 karmatip jolgo salishat . Pravilani buzssa kana je bolboso mashinasin teksherip nasha -pasha bolso osholordu gana teksherip degendei emnege tartip bolboit bizde , emnege osholordu karabaisingar!!!
Mektepte mugalimder okuuchulardi sabap jurushot al videonu korsong okuuchu bala boorum oorup opko opkomo batpai kaldim , emnege mugalimder okuuchularga kol kotorot!!! Mugalimdin kilaarga ishi osholbu !!! Mugalim !!! dep kim aitat , tartip jatkan bala bekinip tartkani korunup turat , internetke koigonu jardam suragani " Korgulo Kirgizdarim Mugalimder bizdi emne kilshat " degeni , ishten aidabaisingarbi oshogo okshogon mugalimderdi , baikush ata-eneler jumushtan koldoru boshoboi baldarim Mektepke barip bilim alsin dep jonotushot , barip Mugalimden " KELTEK " jep kel debei !!! Zakon boyuncha oshol Mugalim turmogo ketish kerek !!! bilim bergendin orduna okuuchulardu keltektep jurot !!!

Jumushka ornosh uchun !!! Universitetti butkon suyunup Diplomdorun koluna kotorup Jumushka ornoshoin je Univerdi butkongo chein suyunup kelechektegi , Vrach bolom je Sot , je Messestra , je jana bashka bolom dep tilekterin maksattarin aldiga koyup okushat . Okuunu butkondo emne?
Jumushka ornoshkonu barsa "$ 5000 berseng ponedel'nikten saat 8:00 den kechikpei kele ber " bul emnesi? Oshogo okshogon bashkarmachilardi kolgo albaisingarbi !!!

Jangi prezidentke aitaarim , suranaarim !!!
Jangi zakon chigarishingizdi , elderdi emes jogorku kreslodogu oturgandardi , Mugalimderdi , Milissialardi osholordu tartipke alsangizdar , elder dagi ongolot oshol tartip menen kinki kelechektegi jashtar dagi tartip menen chongoyushat , oshonu menen Kirgizstanibiz kaira aldiga jilat .

Jerdeshterim silerden suranaarim , kop ele "tigege kancha akcha beresing , buga kancha akcha tolop beresing "dep. betten algan tantip jazbai oyungardagi , kelechektegi oi-pikiringerdi jazssangar oilonup turup jakshi blot ele .

кимден: Тагай каяктан: Кореа
09.04.2010 20:04
Урматту жана копту умуттондургон убактылуу аткаруу бийлиги - мен сиздерден суранарым, элдин эркиндиги учун курошто каза тапкан мекендештерге 1 млн. сом берилгени жакшы, анан дагы уйбулоонун багычуусу болсо андан айрылган уйбулоолорго пособия болуштуруп беруунорду суранам. Андан кийин силерди кимдер бийлике алып келген - оздорунун омуру менен, ошолордун аты жонун унутпаш учун, борбордук аянтка атайн ташка, аты жонун чегип жазып, эстелик тургузуп койюшунарды суранам "Кыргыз элинин эркиндиги учун курошто каза болгон мекендештер" деп атап.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
09.04.2010 19:48
Эл учун окко учкан адамдардын топурагы торко болсун.
Жаны бийлик орной электе эле капкаяктагынын баарын жазыпсынар.
Баары жакшы болот деп ишенип умут кылалык.
Миллион сом адам омурун алмаштырбайт, бирок ушул учурда жакынын жоготкондорго жерге жашырууда бир аз болсо дагы материалдык жардам болот.
Ушул жаны орноп жаткан бийликтин бат чечип компенсация беребиз дегени дагы жакшы жылыш. Кичине оптимисттик коз карашта бололукчу. Жаны бийлик туура эмес иш кылгандан алыс болот деп ишенели. Элдин алдына чыгып Ак уйду карай баскан жок десек ал учурда камакта болушту го билишимче.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)