Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Саясат

И. Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды

И.Исаков Аскер сотунун залында, 10-февраль 2010-жыл
Жарыяланган учуру: 20.02.2010

19-февралдагы Кыргызстандын аскер сот коллегиясынын териштирүүсү ызы-чуу, талаш-тартыш менен аяктады. Келтирген өтүнүчтөрүнүн бирөө да өтпөгөнүнө нааразы болгон И. Исаковдун жактоочулары, келген эл залдан чыгып кеткенден кийин аскер сот ишти жабык улантып, кечке жуук өкүмүн угузду.

Келтирген өтүнүчтөрүнүн бир да бирөө өтпөгөнүнө нааразы болгон И. Исаковдун жактоочулары, келген эл залдан чыгып кеткенден кийин аскер сот жабык эшик артында ишти улантып, кечке жуук өкүмүн угузду. Аскер сот коллегиясы 11-январдагы гарнизондук сот өкүмүн күчүндө калтырып, И. Исаковду коопсуздук кызматтын абак жайынан Бишкек шаардык №1 абак жайына которду.

Президент кабардар болчу

Соттук териштирүүлөрдө 2 бөлмөлүү үйдүн Руслан Исаковго кантип жана кандайча берилип, кайра андан кандайча алынганы бир нече ирет текшерилгенин Азимбек Бекназаров такай белгилеп келатат.

- Себеп дегенде 2006-жылдын жай айынан баштап, 2008-жылдын 23-майына чейин М. Бекбоевдин арызы президенттин көзөмөлүндө турган. Эки жыл бою. Булар бир нече жолу бул факт боюнча текшерип, Исмаил Исаковдун аракетинде кылмыштын составы жок деп, иш козгоодон баш тартышткан. Президентке чейин беришкен. Иштин ичинде справкалары турат. Материал 122 беттен деп жүрүшөт.

Мына ушул улам-улам текшерилген материал а кездеги башкы прокурор Э.Сатыбалдиевдин, аскер прокурору Н. Турсункуловдун, президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүм башчысынын колу менен президентке кабарланып, 2 бөлмөлүү үйгө байланышкан иште кылмыш белгилери жоктугу ырасталып келген.
   Ушул жерде чыккан жаңы жагдайлар боюнча куралдуу күчтөрдүн биринчи адамы К. Бакиевди чакыруудан эмнеге баш тарттыңар?
И. Исаков

Улам-улам четке кагылган ал иш 2009-жылдын башында Исмаил Исаковго каршы кылмыш ишине айланып калышынын чоо-жайын мыйзам сактоо кызматтарын жетектеп отургандар сот залында айтып беришин Исмаил Исаков да талап кылды.

- Ушул жерде чыккан жаңы жагдайлар боюнча куралдуу күчтөрдүн биринчи адамы К. Бакиевди чакыруудан эмнеге баш тарттыңар? Министрди чакырып отургуздуңар. Менин колум жок. Бергиле деген квартираны. Менин буйругум жок. Менин суранычым жок. Бирок мен күнөөлүү экемин, атасы болуп калганым үчүн. А биринчи киши менин начальнигим эмне отурбайт анда?

Революция өз балдарын коргой албайт

И. Исаков сотко чакырып жаткан президент К. Бакиев экөөнүн мамиле-катышы мындан беш жыл илгерки элдик революция камылгасын көрүп жүргөн кездерден башталат. Ал иштин башында ушу тапта оппозиция өкүлдөрүнө каршы соттук иштерге адвокат болуп катышып жаткан А. Бекназаров да турган. Революциядан кийин 3 жыл коргоо министри, андан соң аз убакыт Коопсуздук кеңеш катчысы болуп иштеген И. Исаков саясий өнөктөшү президент К.Бакиевдин кадр, ички-тышкы саясатына каршы экендигин ачык билдирип кызматынан баш тарткан.

Аны менен эле тим болбой К. Бакиев түзгөн саясий системага каршы чыгып, оппозициялык кыймылга активдүү аралаша баштаган соң ага каршы аскердик техниканын сакталышына жакшы көзөмөл жүргүзбөй, бюджеттик каражаттарды ыксыз сарптоого жол бергендиги, аскер кызматындагы уулуна 2 бөлмөлүү үй алып берүүгө катыштыгы бар деген айып тагылган. Бишкек гарнизондук аскер соту ал айыптардын бирөөн гана калтырып, президентке кылмыш белгиси жок деп маалымдалып турган 2 бөлмө үй үчүн аны 8 жылга эркинен ажыратуу, генерал-лейтенант аскердик наамын алып салуу өкүмүн чыгарган.

И. Исаковдун жубайы Дарика Оморова аскер сот коллегиясында талаштуу маселе такталбаган бойдон калганын айтат.

- Чакырсын ошол Н.Турсункуловун, Э.Сатыбалдиевин, К.Бакиевин. Бардыгын чакырып туруп элдин алдында отчет беришсин. Болбосо азыр эл турат тикеме-тике. Себеби ак иштеген Исмаил Исаков бир эле Алайдын кулуну эмес, Кыргызстандын кулуну.

Мамлекеттик айыптоочу Данияр Эркинбаев ал өтүнүчтөрдү канааттандырууга негиз жок деп эсептейт.

- Биринчиден мына бул иш процесстин өтүшүнө менин дооматым бар эле. Мисалы мобул жерде коомдук тартипти камсыз кыла албай жатасыңар. Мобул жерде базар болуп жатат. Кое турсаңыз! Протоколго түшсүн! Биринчи...

Сот: - Өтүнүч боюнча айтсаңыз.

Мыйзам буйлаланган төөбү?
 Сот мыйзамга баш ийбей эле бир үй-бүлөнүн буйругун аткарып калган.
А. Атамбаев

Аскер сот коллегиясынын И. Исаков менен жактоочуларынын бир да өтүнүчүн кабыл албашынын себебин Бириккен элдик кыймылдын төрагасы Алмазбек Атамбаев жалпы Кыргызстандагы саясий жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Бул Кыргызстанда укуктук темел, укуктук негиз, укуктук мамлекет жок экенин далилдеп жатат да ушу өтүп жаткан соттор. Сот мыйзамга баш ийбей эле бир үй-бүлөнүн буйругун аткарып, угуп калган. Ушундай болуп калды.

2005-жылкы бийлик алмашуусуна активдүү катышкан саясий ишмерлердин көбү дагыле оппозиция катарын толуктап, бир даары баш калкалап чет жерге кетип, калгандары минтип бир четтен соттолууда. Революция өз балдарын коргой албайт жүйөөсү Кыргызстанда ушинтип чынга чыгууда.

Тасмада: 19-февралдагы сот жараяны

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
кимден: AİGERİM каяктан: turkiya
28.02.2010 08:25
urmattu İSMAİL İSAKOVİÇ!kırgızdın ar bır sozu bekerınen aytılbagan..ak iyilet birok sınabyt sozu dal sizdn dareginizge aytılganday tuylat...MIYZAM MIYZAM ele dewet azırkı uchurda bızdın kırgızstanda mıyzam degen nerse jok bolup ochup kalgan... bashta bakiev bolup anın butuna ılewıp jurgondordun ayınan... kachan gana kırgızda koro albastıktar bolboy kalchı ele...ata meken uchun el uchun ıshtegen (İsakov sıyaktuu)atuuldarga but tozuudan tajabagn bakiev jana anın chorosundogulordun ketuusunon kyın mumkun onolboso bashka tarap joktoy...bakiev taza bolso,choyrosundogulor taza bolso el dagy,koom dagy taza bolot dep oyloym...adılettuluk namıstuuluk,ıyman degen sezımder jok bolup baratkansıyt... el tarazalayt degen elıbızdın ıchınde soz bar ... baykuw karapayım eldın kolunan azırkı ubakta echnerse kelbeyt...



кимден: Зема каяктан: Тюмен
24.02.2010 21:02
Бакиев татыктуу президент эмес, ал бизди туңгуюкка алып барат

кимден: KATTA HALA каяктан: USA
24.02.2010 14:39
Menin jeke pikirim:
1. Mr.Isakovgo bul Allahtan bir sinoo, synoonu otuusu kerek, sabyrdyn tubu sary altyn.

2. Bul ishtin Alailygy, Oshtugu, Toshtugu, Orusu, Kyrgyzy bolboit, Baarybyz Kyrgyzstandyn atuuldarybyz.

3. Sotto kameranyn je bashka elektronniy apparattardyn koldonulganyn 1.jolu Kyrgyzstanda korup turam. Bul bizdin sot erejelerinde barby? Americada sottun salmagy(avtoriteti) bar, camera jolotpoit.

4. Mr. Isakov bul kunooloonu aktabait. Birok uuluna oshol kvartira berilip jatkanda toskool bolushu kerek ele.

5. Bul okuiadan bir sabak aluu kerek, KEEDE JIGIT JOO JUROT, KEEDE JIGIT TOO MINET.

кимден: Спартак каяктан: Казакстан
22.02.2010 04:20
И.Исаков мырза сиздин ак экениңизге ишенебиз артка кайтпаңыз биз сиз мененбиз. ОО кыргыздар кантип карап турабыз өлкөнү талап тоноп жатышса деле канчага дейре чыдайбыз.

кимден: Арапбай каяктан: Екатеринбург
21.02.2010 22:59
Исмаил ага башынызды бийик көтөрүңүз Сиз менен жалпы Алай элиңиз, мекениниз Кыргызстан колдоп турат.Бул күндөрүңүз да өтүп кетет.Сиздей азамат уулдарын бийликтегилер унутса да ЭЛИҢИЗ унутпай колдоп кетет.Өзүңуз айткандай Сиз аттанган кармашка биз бирге чогуу аттанабыз.

кимден: Shom каяктан: Talas
21.02.2010 20:14
Генаралды сыйлабаган Кыргыз жок ал эми сотторду сыйлаган Кыргыз жок. Ошондуктан сыйга татыктуу болуу оңой эмес. Мен Генаралдын керт башын эле сыйлабай анын 85теги энесин жана жубайы Дариканын кайртуулугуна ыраазы болдум, азаматсыңар эки айым, мен сиздер мененмин, сөзсүз жакшылык болот андан көрө ошого жетели.

кимден: Акылбек каяктан: Аламүдүн
21.02.2010 17:05
Бек болуң генерал мырза, бул күндөр дагы өтөт, бул бийлик бундан жаман жооп берет.

кимден: El-ENESI каяктан: France
21.02.2010 10:43
Бакиев жаны бийликке келген кундун эртесинде Акүйдүн астында элдин астында эркек башы менен -Мен эркекмин президенттик срокко 4 гана жыл иштеймин. Үй-бүлөөмдү өзүм башкарам бийлике эчкимиси киришпейт- деген сөзүн өз кулагым менен уккан элек. Айткан сөзүнүн бирөө аткарылган жок. Кыргыздын акыл эстүү тың балдарын... Эптеп ахбалы жеткени чет мамлекете качып жаны аман калды го...

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
20.02.2010 22:50
Кычанга- Саясатты динден алыс кармасаң. Эмне тиешеси бар ушул болуп жаткан окуянын сенин айтканыңа.
Андай жазалана турган болсо башка тоодой күнөөсү бар адамдар жүрбөйбү эчтеке болбостон эле.

кимден: Azamat Rashitov каяктан: Bishkek
20.02.2010 21:33
Kychan menen abdullah siler bakievdin .... okshoisunar. ISMAIL ISAKOV ECH KANDAI JAMAN ISHTERDI KYLGAN EMES.JOLDOSH GENERAL ISMAIL ISAKOV ISAKOV EL SIZ MENEN.SIZ KYRGYZSTANDYN PREZIDENTISIZ.
    Алдыга 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +