Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:42

Илим, билим берүү, IT

Кыргызстан-Түркия: билим тармагындагы кызматташтык

Бишкектеги кыргыз-түрк кыздар лицейи жаңы окуу жылында 50 кыргыз кызын кабыл алды. Түркия менен Кыргызстандын билим берүү кызматташтыгы, эл агартуу көйгөйлөрү тууралуу аталган лицейдин жетекчиси Хасан Дурсун "Азаттыкка" маек курду.

Түркияда билим алган кыргызстандык студенттер.
x
Түркияда билим алган кыргызстандык студенттер.
Текст көлөмү - +
- 2010-жылдагы окуу жылы башталды. Бул жылды кыргыз-түрк кыздар лицейи кандай даярдык менен баштады?

Хасан Дурсун: Жаңы билим берүү жылы үчүн ашкана, жатакана, сабактар - бардык шарттар түзүлдү. Жаңы мугалимдер келди. Эч бир проблема жок.

- Быйыл канча кыз кабыл алдыңар, канча кыз окуйт?

Хасан Дурсун: Жыл сайын биз сынак менен 50 кыз кабыл алабыз. Ар бир жылы марттын аягында гезит, журнал, радио аркылуу элге билдиребиз, апрелдин аягына чейин бизге документин тапшырат, майдын аягында экзамен болот. Бул сынак боюнча жыл сайын 50 окуучу кызды лицейге кабыл алабыз, эмне болсо баарын бекер беребиз, эч кандай көйгөйлүү маселелер жок. Алыс жерден келгендер үчүн жатаканабыз бар.

- Сиздердин окуу жайды бүткөн кыздар да билимин өркүндөтүү үчүн кайсы окуу жайларга тапшырышат?

Хасан Дурсун: Биздин лицейибизди бүтүргөн кыздар кааласа Түркияга барышы мүмкүн. Ал өлкөгө барганда да Түркия өкмөтү тарабынан бүт бардык акчасы төлөнөт, кааласа компьютер жана тигүү бөлүмү боюнча Түркиядагы бардык университеттерде окушу мүмкүн.

- Мындан сырткары Кыргыз-Түрк "Манас" университетине да кабыл алынышы мүмкүнбү?

Хасан Дурсун: Кабыл алынышы мүмкүн. Бул жакта кааласа "Манас", же "Ата-Түрк Ала-Тоо" университеттеринде алардын сынак беришине жеңилдиктер болот, документ тапшырышы керек. Түркиядагы университеттерде экзамен болбойт, кааласа Түркияга барып окуйт.

- Канча жылдан бери кыздар кесиптик лицейи иштеп, анан канча окуучу билим алып тарбияланып чыкты?

Хасан Дурсун: 1993-жылы лицейибизде билим берүү башталды. Бул жылы 17 жыл болду. Өткөн жылы 15-бүтүрүүчүлөр окуп чыгышты. Жыл сайын 35, же 40 бүтүрүүчүлөр бүтүрүп кетет. Булар чогуу Түркияга барат, ал жактан билим алат, бирөө Түркияда калып жашашы мүмкүн, чогуу кайра Кыргызстанга келип жашайт. Биз алар менен жыл сайын көрүшөбүз. Түркияга барып келгенде лицейибизге келип азыркы окуучуларга маалымат беришет.

- Түркиядан канча мугалим келип иштеп атышат?

Хасан Дурсун: Азыр лицейибизде 20 мугалим иштейт, булардын он төртү Түркиядан келген мугалимдер, алтоо кыргыз тарабынан берилген мугалимдер. Түркиядан келген мугалимдер бул жакта 5 жыл иштейт, 5 жылдан кийин кайра Түркияга барат, башка жаңы мугалимдер келет. Өткөн жылы 5 мугалим Түркияга кетти, келишим боюнча иштөө убактысы бүттү. Буйруса сентябрдын биринчи жумасында жаңы 5 мугалим келет.

- Кыздарга кайсы багыттар боюнча билим бересиздер?

Хасан Дурсун: Алгач даярдоо класстан кийин үч жыл, бардыгы 4 жыл окуу болот. Даярдоо класста англис тили, түрк тили жана маданият сабактары бар. Даярдоо классын бүтүргөн кыздар кесибин тандайт. Биздин лицейде эки кесип бар, биринчиси – компьютер бөлүмү, экинчиси – тигүү бөлүмү. Эки бөлүмгө 25 окуучу кыздардан кабыл алабыз.

- Ошол окуучулардын жатаканасы, тамак-ашы бекерби?

Хасан Дурсун: Баары бекер. Биздин жатаканабызда 82 окуучу жашайт. Жатакана тар болууда. Кыргыз өкмөтү тарабынан башка жер, имарат берилсе биз көп окуучу кабыл алат элек. Бирок азырынча №4 техника лицейинин жатаканасынын экинчи кабаты бизге убактылуу ижарага берилип жүрөт. Ошондуктан жер жетпейт. Биз жыл сайын 82 окуучубузду жатаканабызда жаткырып тарбиялайбыз. Киймин, тамак-ашын, эмне керек болсо баарын бекер беребиз.

- Сиздерде чечилбей аткан эмне көйгөйлүү маселе бар?

Хасан Дурсун: Билим берүү боюнча эч проблемабыз жок. Мугалимдерибиз үчүн Бишкекте жашоо кымбат. Түркияга учак менен барыш-келиш мугалимдер жана үй-бүлөлөрүнө кымбатка турууда. Ошондуктан Түркиядан мугалимдер Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга барып, иштөөнү каалайт. Кыргызстан аларга кымбатчылыкка турууда. Бишкектен түркиялыктарга жашоо үчүн ижарага турак үйлөр кымбатка табылууда. Чет өлкөдөн келген адамдар үчүн аябай кымбат сурашат. Азыр үч бөлмөдөн турган бир турак үй үчүн 400 доллар ай сайын төлөп жатабыз. Бир мугалим учак менен үй-бүлөсү менен Түркияга барып келишине 2,5 – 3 миң доллар каражат кетет. Мугалимдер үчүн да колдон келген жардамдарды берип, окуучуларга да жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: aygul каяктан: kazakstan
16.09.2010 15:13
bashka olkodo, bashka elde ata ene, tuugandardan uzakta jashoo albette kiyin. buga ar kim ele kono berbeyt ,saginganda bara albaysin, ar kimdin materiyaldik jagdayi ar turduu. zaman ozgorup adamdar akcha jana paydadan bashka ech nerse oyloboy kalgan ushul kundordo kiyinchiliktarga chidap bashka elderdin baldarin okutup jardam berip jurgon bul adamdar jonundo jaman oylogondor tilekke karshi kop kezdeshet. sebebi alardi ozdoru siyaktuu oyloshot, a birok bul duynodo beker berilchuu nerse jok dep oylogondorgo aytaar elem beker berilchuu nerse bar, eger jurogundo iyman bolso jana bergen nersen uchun soop alarindi bilsen jana ishensen gana beker bere alasin. ishenbesen oshentip baarinan kumon sanap oturaberesin. Kudayga shugur duynodo dagi ele soop ish jana Allah jolunda kizmat kilsam degen adamdar bar. bolboso alar emne oz paydalarin oylono albay turganchalik sabatsiz adamdarbi. mamleket alarga kop akcha tolop bayip ketishken jeri jok uyloruno da baara albay oturushat. anan dagi ayta ketchuu nerse kirgiztanda sapattuu bilim beruu boyuncha birinchi orunda turk litseyleri turat munu ech kim tana albayt. oshonduktan bularga iraazichilik aytishibiz kerek

кимден: Isken
03.09.2010 20:45
Урматуу туyгандар!
Ойлөнуп койгулачы!
Эмне себептен булар келип бекер билим алган жайларды ачып жатышат? Жана бекер билим таратып жатышат?
Бул дуйнөдө БЕКЕР нерсе барбы? Эмне учун түркияда жашаган калктын билим боюнча Кыргыздын дээнгелине жеткиришпейт? Болгону 87,4 пайзы!

Менин ойумча: - булар орусча айткандай – готовят лояльных түркияга адамдарды (алар айткан нерсени жасагандар, алардын кызыкчылыгын ойлөгондор). 1993 жылдан баштап түрк окуусун бүткөн адамдар чоңоюп бара бара бийлике келишет. Ошондо булардын, ал адамдар аркылуу өз кызыкчылын жасашат!
Кыргыз жеринде көрүнгөндөрдүн билим окуу жайлары жайнагына – мен опаской карап турамын! Анткени булардын баары өз кызыкчылыгын издешет!
Эмне себептен жалаң кана түркчө суйлөш керек экен?! Бул Кыргызстанбы жээ туркиябы?
Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлогон аткаминерлер барбы? Эмне учун ушуну ойлөншпойт?!  Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы акчага сатылып калганбы?!

Ушул суроолорго жооп берген бирөө баарбы? Жооп күтөм!
Терең урмат менен,

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.09.2010 15:24
Tuykiyede kvartira baası 800-100 dollar. Bıshkekte jashoo Turkter uchun arzan, emne uchun jalan kızdar okuyt Turk lisey, Universitetterinde, kelip ozulorunun kızdarın okutsa bolot ele. Antkeni Stanbulda okugan kırgız kızdardı turk kızdar kızganuuda silerge biz stipendiya toloybuz a biz bolso surunuyoruz diye...Stipendiyanı Amerika beret bolush kerek Turkiyege bizge tolosun dep...

кимден: tariel каяктан: bishkek
03.09.2010 15:13
Almatidan oturup oozuna kelgendi suyloi berbe , Sen emne uchun Kyrgyz uchun paidasina karabai ,kyrgyzdar da bilimduu ilimduu bolsun iymanduu bolsun dep kelip kyzmat kylyp jatkan adamdardi tukurasin. Biskekte kvartiralar chinida ele kimbat, aviabilet turkiyaga bir adamga barip keluu 850$ esepte emi uy buloluu bolgondo kanca ketet. Alar dele bizge okshosh adamdar ata enesi tuugan tuushkani bar.Urmattuu kalayik kalk Ushuga okshogon nerselerdi jazip jatkanda biraz oylonsok kim bizge dushman kim dos. Aytkilachi kim bizge jakshilik kildi tarihti karap turup oy chigarsak. Turkiyadan kelip Lisey achip kizmat kylyp jatkan Baardik Kyrgyz Turk tuugandarga taazim kilam Sizderdin kizmatinizdar abdan chon...

кимден: Аламатыдан
02.09.2010 20:00
Бул эмне калп айтат. Казахстанда Кыргызстанга караганда жашоо 3 эсе кымбатка турат. Кыргыз жеринде арзанчылык бар. Айлык акы Кыргызстанда аз беребиз деп эле айтпайсынбы?

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)