Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат / Кыргызстан саясаты

"Манас" аба базасы: Эки келишимди ээрчиген акча

'Манас' аба майданына конгон АКШ унаа учагы.

"Манас" аба майданына конгон АКШ унаа учагы.

23.06.2009
Бекташ Шамшиев

22-июнда Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын өкмөтү Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча транзиттик борбор түзүү боюнча келишимдерге кол койгон. 23-июнда аталган келишимдер парламенттин тиешелүү комитеттеринде жактырылып, Жогорку Кеңештин чоң жыйын талкуусуна сунушталды.

Быйыл 3-февралда Москвада президент К.Бакиев “Манас” абамайданындагы антитеррордук коалиция күчтөрүн чыгаруу жөнүндө билдирүү жасап, айдын аягына чейин базаны кетирүүгө байланышкан мыйзамдык жөрөлгөлөр соңуна чыккан.

Анан эми 22-июнда эки өкмөттүн апыл-тапыл жаңы келишимдерге кол коюп, анын сыясы кургай электе парламенттин жактыруусуна алып чыгышынын себеп-жөнүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Ооганстан менен анын жанындагы Пакистандагы абалдын уламдан-улам курчуп баратканына байланыштуу түшүндүрдү.

- Келишимдер тууралуу кеп кылганда мына бул жагдайды баса көрсөткүм келет. Келишимдер экөө болгону менен алар бир маселени жөндөөгө арналган. Анда “Манас” абамайданындагы транзит борборун пайдалануунун шарттары менен эрежелери көрсөтүлгөн. Сиздердин кароого коюлуп жаткан жаңы мыйзамдарды кабыл алуунун себеп-жөнүнө токтоло кетейин. Тилекке каршы, Ооганстан өкмөтүнүн, эларалык аскер күчтөрүнүн аракетине карабастан, бул өлкөдөгү абал, өзгөчө Пакистандагы Сват өрөөнүндөгү жагдай курчугандан курчуп баратат. Кырдаал ушинтип күчөй берсе анын салакасы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч алып келет.

Эки өкмөттүн атынан кол коюлуп жаткан келишимдерге ылайык “Манас” абамайданын пайдаланыш акысына АКШ буга чейин төлөп келген 17,4 миллион доллардын ордуна 60 миллион доллар төлөп берүү милдетин алууда. Мындан тышкары АКШ өкмөтү ошол эле “Манас” абамайданына келип конгон учактар менен жүктөрдү сактоого атайын жай курууга 36,6 миллион доллар акча бөлмөкчү.

Анан да “Манас” абамайданына 30 миллион долларлык аэронавигациялык жабдууларды сатып келип коюу милдетин да америкалык тарап өзүнө алууда. Мындан тышкары экономикалык өнүгүү фондуна 20 миллион доллар, террорчулук, баңгизаттарды ташууга каршы күрөшкө 31,5 миллион доллар бөлүнмөкчү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри жаңы келишимдер негизинде Ооганстанга кандай жүктөр ташыларын негедир тактаган жок. Комитет жыйындарынан кийинки журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырып, министр К.Сарбаев сыртка шашылды. Ал үчүн парламенттин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, депутат Рашид Тагаев жооп берди.

- Аскердик жүктөр болбойт. Ташылып өтчү жүктөр үчүн аянтча болот. Аны куруш үчүн америкалык тарап 36 миллион ашуун доллар жумшайт. Ал биздин жерде болот. Ал жерде жарандык учактар турушат. Алар абамайдандан башка жакка курулат. Ошол курулган жерде борбордо иштегендер турушат. Бул кишилер аскердик эмес жүктөрдү ташуу менен алек болушат. Келишимдер бир жылга гана түзүлгөн.

Ал убакыт өткөндөн кийин тараптардын келишимдердин мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Жыл башында америкалык аскерий базанын чыгышын жапырт дегидей колдоп берген комитет мүчөлөрү ошондой эле ынтаа менен жаңы келишимдерди жактырышып, парламент жыйынына алып чыгууга макул болушту. Жогорку Кеңештин эларалык байланыштар комитетинен жалгыз социал-демократиялык фракциянын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов гана жаңы келишимдерди колдогон жок. Анын ырасташынча, жазында Ооганстандагы абал турукташып калганын айтып, АКШ базасын чыгарууга шашылган өкмөттүн жайында жаңы келишимдерди ашыгып көтөрүп келишинин себеп-жөнү Кыргызстандын өзгөрүлмөлүү тышкы саясатына байланышат.

- АКШнын коргоо күчтөрүнүн учактарынын конушу, навигациясы, учуп өтүшү, токтоп турушу, Кыргызстандын аба жолдору менен катташына акы алынбайт. Алар текшерилбейт дагы.

Жаңы келишимдерге ылайык АКШ транзиттик борборунун ишин аткарган Кыргызстандын компангия, фирмалары төлөмдөр менен салыктардан бошотулат. Бакыт Бешимов мындай келишим “үй-бүлөлүк” бизнеске ыңгайлуу шарт түзөрүн белгилеп, февраль айында эле Ооганстанда абал турукташып калганын айтып базаны чыгарууга ашыккан кыргыз өкмөтүнүн төрт айдан соң жаңы келишимдерди көтөрүп келиши өлкөнүн тышкы саясаты туруктуу эместигин көрсөткөндөн башкага жарабастыгын айтты.

Москвадан жарыя кылынган К.Бакиевдин билдирүүсүнөн аз өтпөй парламент база боюнча келишимдерди жокко чыгаргандан бери эле эки өкмөт ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалып келген. Кыргыз өкмөтү гана аскер база боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн ырастап келип, минтип жыйынтыгында 60 миллион болларга байланган жаңы келишимдерге кол коюп олтурат.

Видео тасма:

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.




АКШ базасы: Сын жана жүйө

2009-жылдын жазында Орусиядагы сыналгы каналында  А.Мамонтовдун “База” аттуу даректүү делген программасы көрсөтүлүп, анда Ооганстандагы анти-террордук иш-чараларга таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” аскер аба базасы тууралуу бир катар сын маалыматтар камтылган. Бирок база жетекчилиги жана айрым ала-тоолуктар бул тасмадагы сын менен макул эмес.   АКШ аскер аба базасы жөнүндөгү бул карама-каршы ойлор тууралуу "Азаттыктын" видео кабарчылар тобу чакан баян сунуштайт.  ES, MiT, SA.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Тунук
26.06.2009 12:08
Ар ким акча көрсөтүп койсо эле ошого алданбай сөзүнө туруш керек. Кыргызстан кичинекей мамлекет, Америка, Кытай, Россия сыяктуу чоң өлкөлөрдү жакшысың деп баарын колго алып жүрүш керек.
Биздин чоңдор акча үчүн баарын сатып калышпадыбы. Бул дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетишет да. Баарын ала кетчүүдөй болуп эле жулуна беришет.Кудайдан коркуп, Туулган жердин кусуру урат деп ойлобойбу... Чет өлкөлүктөрдүн идишшин жууп калбадыбы кыргыздар .Так что Кыргыздар ойлонгула.Эрте ойлонуп тыңыраак болбосоңор орустар айтмакчы поздна болуп калат.

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
24.06.2009 18:28
АКШнын аскери Кыргызстанда биздин кыргыз өкмөтүбүздүн чечими менен калса эч кандай карышылыгым жок алардын зыйанынан пайдасы көп ал эми Орусиянын аскери таракандар чыгып кетиңиздер деш керек

кимден: Т.Кадыров(тарыхчы) каяктан: ОшМУ
24.06.2009 14:54
Гансинин кала турганын Бакыт Бешимов качан эле айткан. Эми эмне болду. Кана намыс. Бешимовго даңк, Акжолго дүңк. К.Бакиевге сөз жок. Алгалай бер Кыргызстаным Бакиевдин доорунда.

кимден: Жоробаев СС каяктан: РФ
24.06.2009 12:04
Бакиев бул чечимин кандайдыр негиздеш керек. Ачык эле Кыргызстандын кадыр-баркын басындырган окуя.

кимден: Марат каяктан: Бишкек
24.06.2009 10:14
Биздин ажообуз менен депутаттар кополок кыздардан айырмасы деле болбой калды: Мурун, экооно тен "берип атам" дешчу эле. Москвадан акча ала койуп,аларды алдап: "Сага гана берем,башкага бербейм"- деп чечим кабыл алышты. Вашингтон акчасын коргозуп койду эле: эми "сага да берем,кемип калмак белем, макул" дей башташты.

кимден: Абдумомун каяктан: Рф
24.06.2009 07:14
Бул биздин бийликтин жана депутаттардын корупция же болбосо комерческий уюмга айланып кеткендигин билдирет. Бизде ар бир закондун наркы бар акчасын толоп каалаган жака бурмалап койсо болот.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)