Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:56

Кыргызстан

АКШ - Кыргызстан: жардам, анан расмий таануу

АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда. АКШ азырынча Кыргызстандын жаңы бийлигин расмий тааныбаганы менен экономикалык жардам берилээри айтылды.

АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева менен журанлисттер алдында, Бишкек, 2010-жылдын 14-апрели.
Текст көлөмү - +
14-апрелде Бишкекке эки күндүк иш сапар менен келген АКШнын мамлекеттик качысынын орун басары Роберт Блэйк (Robert O.Blake) алгач убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева менен жолугушту. “Мамлекеттик катчы Клинтон мени Кыргызстанга жиберип, убактылуу өкмөттүн демократияны калыбына келтирүүгө карата кадамдарын колдоого, өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүү, Конституцияны кабыл алуу иш-тартибине көмөк көрсөтүүгө АКШ даяр экендигин билдирет”, деди ал журналисттер менен болгон маалымат жыйынында.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле демократиялык өнүгүү менен ажырагыс байланышта экендигин айткан Роберт Блэйк, “убактылуу өкмөттүн демократияга ык коюшу үмүттөрдү пайда кылат”, деп кошумчалады.

Убактылуу өкмө башчы Роза Отунбаева эки тарап тең Кыргызстандагы абалды толугу менен кылдат түшүнөөрүн жана АКШ көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады. Бул тууралуу АКШнын мамкатчысы Хилари Клинтон менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө да сөз болгонун билдирди:

- Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Азыркы абалдан тезирээк чыгып кетүү үчүн жетишээрлик жардам берилээрине ишенебиз.

Расмий Вашингтондун өкүлү ушул эле күнү Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен дагы жолугушту. Министрдин милдетин аткаруучунун орун басары генерал-майор Кубанычбек Орузбаев жолугушуу маалында кыргыз тарап аскердик кызматташуу жаатында эмес, учурдагы өлкөдөгү абалга байланыштуу каржы-экономикалык көмөк көрсөтүүнү суранганын маалымдады.

7-апрелден тарта мамлекеттик башкарууну колуна алган убактылуу өкмөт Бишкектин “Манас” эл аралык аба майданында жайгашкан коалициялык күчтөрдүн Транзиттик борборун өлкөдө калтырабы же жокпу деген суроо байма-бай берилүүдө. Коргоо министрлигинде өткөн маалымат жыйынында журналисттердин “Манастагы” Транзиттик борбор тууралуу маселе каралдыбы? - деген суроосуна, генерал-майор Орузбаев, “Чынын айтканда каралган жок. Себеби бул базанын [Транзиттик борбордун] өзүнүн милдети, аткара турган жумушу бар”, - деп жооп кайтарды.

Буга чейин кыргыз-америка алакасы коомчулукта “баалуулуктардан кызыкчылыктар жогору” деген мүнөздө жөндөлүп, анда АКШ тарап өз аскерий базасын кармап туруу максатында Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсүн көз жаздымда калтырганы үчүн кескин сынга алынып келген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Кимберли МакДональд (Kimberly McDonald) “Азаттыкка” берген маегинде, америкалык тарап кайсы өкмөт болбосун демократия менен адам укуктарын туу тутуп кызматташа берээрин жашырбады:

- Бул жаатта биз мурдагы өкмөт менен дагы иштешкенбиз жана жаңы келген өкмөт менен дагы мурдагыдай эле кызматташа беребиз. Убактылуу өкмөт гуманитардык көмөк көрсөтүү, демократиялык өнүгүү багытында биз менен кызматташкысы келсе, биз өз программларыбызды чын ыкластан уланта беребиз.

14-апрелде убактылуу өкмөт Бишкектеги Кытай, Иран, Түркия элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушканы маалымдалды. Ушул эле күнү убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев Москвага экинчи жолу иш-сапар менен кетсе, ага улай орусиялык бир катар маалымат каражаттары расмий Кремль кезектеги ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга 20 млн. доллар өлчөмүндө грант, 30 млн. долларлык жеңилдетилген насыя, 25 миң тонна күйүүчү май жана жазгы айдап-себүүгө 1,5 миң тонна үрөн көмөк көрсөтө турганын жазып чыгышты.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: kyrgyz каяктан: EU
21.04.2010 01:10
Vazir jakshi han jakshi, vazir jaman han jaman. Bugunku ubaktiluu bijliktegiler kecheegi kachkan, esin tappai oturgan, handin amalkoi vazirleri. Andiktan uchkul oiluu jashtarga jol bolsun! Jashtar kandai deisiner: kaitchu mezgil kelgen chigar?

кимден: Omurgul каяктан: Chicago
18.04.2010 11:30
Kirgizdarda eskiden beri ele ayaldar kuchtuu bolgon! Kurmanjan datka, Kanikey, Saykal jana bashka koptogon ayldar bashkarip kelgen! Uydo dele ayaldar bashkarat! Ayal jakshy er jakshy deyt! R.Otunbaeva da azamat ushuncha eldi intimakka chakirip atkanina.

кимден: Omurgul каяктан: Chicago
18.04.2010 11:25
Emne ele baarynar ele chet jerde jurup kiyin ele bolo beret ekeniner anday Kirgizstandi oiloit ekensiner mina men barmin dep aranardan biroo chykpaby? Kirgizstandin biyiligine jash, ulutchul, kirgizmin degen biroo kerek bular bary ele eskiler. Dagy ele Amerika dagy ele Rossia jardam beret akchalarin korsotup..anan alar ozdorun ele oilop atyshat kirgizstandin usul akibalinan paydalanip jatishat. Kelecektegi jashtar kariz bolup butot bularga! Kim toloit alarga munu oilogon barby?

кимден: Ая каяктан: USA
15.04.2010 20:03
Жардам алып эле атасынар ал акчаны кай жака жумшайсынар анын дайыны жок, Россия 50 милион жакдам бериптир 82 адам каза болгон болсо 82 адмдын уй булоосуно 1 милиондон жардам бердинер калганычы!? эмне мынча акча дегенде артынарды ойлобой ишкыласынар.бийлик акча дей бербестен карапайым элди , 1 сомго зар болгон элди ойлосонор болмок!? Кыргызда айал адам эл байшкарган эмес! Президенттике талапкер эл башкара турган "Атамекен" партиясында татыктуу адам жок деп айлоймун.

кимден: Kyrgyz Patriot каяктан: Amerika
15.04.2010 18:33
Birinchiden, azyrky ubaktiluu okmottun jumushu Kyrgyzstanda bolup jatkan Tunduk jana Tushtuk suurosuna toluk joop berish kerek, Bul suro MVD ministirligi tarabinan legitimduu jol menen eki tarapka bolgon insandardi karmap, Jogorku Sot tarabinan karalish kerek.
Ekinchiden, Azyrky bir kop lider ozunun kelechegi emes Kyrgyzstandyn kelechegy uchun kyzmat kylysh kerek. Eski liderlerden misal alsak, biylike kelbesten murun Kyrgyz ele uchun kyzmat kilaarin ant kilip, biylige kelgenden kiyin ozunun uy bulosuno kyzmat uchun ant kilganina kuboo bolup olturabiz. Oshonduktan, azyrky liderler oshol ele ubaktagi liderler menen ele birge ishtep kelgender, birok alardi eski liderlerden dep aytsak kancha tuura bolorun aldyn ala aytish kancha tuura bolorun Kuday bilet. Otkon ubakyttan misal alyp, Kyrgyz kalky ubaktiluu bolup turgan okmottun 6 aylik kizmatyn jakshilap sinap j.o.e mumkun bolso chet olkodo bilim algan, jurogu KYRGYZ degen, MEKENIM degen jash muundarybyzdy koldop jana osholordun jogorku kyzmattarga keltirishi kerek.
Akyrkysy bolso, Kyrgyzstandyn politikasi ech kachan bir taraptuu bolush kerek emes, ar dayim kop taraptuu birok 1 ok menen 2 koyon atpash kerek. Ar bir olko menen bolgon mamile mumkun bolushuncha jogorku dengelde bolush kerek, Azyrky globabalizmde, ech bir olko bir tarptuu bolo albayt, alsa dagi kelechegi uzun je onuugugo jol tartpayt. Misali, Turtsiyanin tyshky politikasin karasak bolot, bardyk olkolor menen birdey mamilede, Washignton jana Moskva menen bolgon sayasaty abdan tuura.

кимден: Tagaiby каяктан: Soul
15.04.2010 17:38
Алакандай кыргыз элим экеге болунбогонго аракет кылалы, мына Бакиев ушулга алып келмек акыры, бирок Кыргыз элим акылду мындай акылы жок адымдын кылганын колдобойлу. Бул чала олтурулгон жыландай болуп кайра тирдене баштады буга эртерек чара корбосок, тундук менен туштуктун ортосуна орт койюп жибербесин. Жакынкы кеебир коншу мамлекеттер ошону кана кутуп турат, Америка менен жана СССРдин да политикасы мурун ошондой болуп Кореаны экиге болушкон тундук менен туштук Кореага. Мына ушундан сабак алалы, жана провакацияга баш бербей биримдиктуу бололу. Акаевди кетиргенде Кемин району озу туулган жери Кыргыз элем менен бирге Акаевга каршы чыккан.

кимден: Айжамал каяктан: Россия
15.04.2010 16:00
Мен бул жактан баарын коруп билип турам.Озум Россияда болсом Журогум Кыргызстан деп согот.Аял киши бийликте деген Кыргызда болгон эмес.Бакиевге тоскоол болуп жатат оппозиция.Алар кимдер баягы эле Текебаев,Отунбаева,Сариев,Бекназаров.Эски чиновниктер... Өздөрун гана ойлогон,бийлике жетпей калган адамдар. Биздин чондор эмнеге бийлик байлык дегенде баарын унутуп коюшат.Карапайым элдин колунан эмне келет.Чондордун оозун карап эле олтурушат. Кыскасын айтсам 7олчоп 1кес кыргыз элим.

кимден: Marat каяктан: Kyrgyz Rep.
15.04.2010 14:06
Көмөк көрсөтүүгө даяр дей бербей, Россияга окшоп көмөгүн дароо көрсөтпөйбү. АКШнын саясаты ушундай дайыма, жардам беребиз деп коюп, артынан зыян берип келет...

кимден: Asel каяктан: Kyrgyzstan
15.04.2010 13:11
Jany svejiy litso kerek,azyrky bashtagylardyn baary ten okshosh,bular dele jeshset , taptakyr bashka biroo kerek.Zarubejden alyp kelish kerek,chynygy patriot eldi oylogon elin chin jurokton suygon,mamlekettin ar beyish jagyn barktagan biroo.
Azattykta ishtegim kelet ;) emne jumush bolso hot chay dele kaynatkan biroo bolup

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.04.2010 13:00
Жаны бийлик Бакиевдерди ертереек кармап жоопкр таркыла,тундук,туштук деп болгон адамдарга кандайдыр бир чара корулсун,КТР ден Кыргызча кинолорду оз тилибизде корсоткуло.Бактыбек
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)