Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:15

Саясат

Кыргызстандагы коопсуздук жагдайы АКШда талкууланды

27-июлда АКШдагы Хельсинки комиссиясы Кыргызстандагы кырдаал боюнча атайын талкуу өткөрдү. Анда АКШ мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал дале кооптуулугу, күздө өлкөгө экстремисттик топтор кол салышы мүмкүндүгү тууралуу билдирүү жасады.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 15-апрели.
x
АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 15-апрели.
Текст көлөмү - +
Роберт Блейк 18-19-июлда Ошту кыдырып келген. 27-июлда Вашингтондо жасаган расмий билдирүүсүндө ал Оштогу абалды сүрөттөп, «АКШ кыргыз бийликтери аракет кылып жаткан элдешүү жараянын колдойт жана толугу менен көмөк көрсөтүүгө даяр» деп белгиледи.

Кыргызстандын түштүгүндө үйсүз калган, же ар кандай себептерден улам башка жерлерде баш калкалап жүргөн 75 миңдей адам үчүн баарынан башкысы - гуманитардык жардам. Алардын үйлөрүнө кайтып баруусуна, мектептердин кайра ачылышына шарт түзүлүшү керек. Ушул убакка чейин АКШ Кыргызстанга 48 миллион долларлык жардам көргөздү, - дейт Роберт Блейк.

Шаршембиде Вашингтондо өткөн жолугушууда АКШнын Мамлекеттик Департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроули да Кыргызстанга көргөзүлгөн жардамды ырастады. 

- Биздин жардамыбыз инфраструктураны калыптандырууга, тамак-аштын жетишсиздигин жоюуга, демократиялык жараяндарды колдоого жана үйлөрүнөн көчүп кеткен адамдарга жардам көрсөтүүгө жумшалат. Андан тышкары биз дыйкандарды жер семирткич жана күйүүчү май менен камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын күзүндөгү түшүм жыйноосуна көмөк көрсөтөбүз. Ал каражат дагы көчөдө калгандарды башкалканч менен камсыздоого жана башка иштерге жумшалат.

Хельсинки комиссиясынын жыйынында Роберт Блейк Кыргызстандагы кээ-бир көрүнүштөргө кабатыр экенин белгиледи. Анын айтымында Кыргыз өкмөтүнүн маалелерди жою иш аракеттери кырдаалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

- Азыркы өкмөттүн өзбек конуштарындагы салттуу үйлөрдүн ордуна заманбап көп кабаттуу үйлөрдү куруп, алардын жашоочулары бир улутта болбошу керек деген пландары айрым жашоочулардын жарандык укуктарына щек келтириши мүмкүн.

Ал Кыргызстанга ЕККУнун полицайларынын киргизүү чечимин колдоорун айтты. Роберт Блейк басым жасаган үчүнчү маселе – Кыргызстандын укук сактоо жана сот институттарынын тазалыгы менен кесипкөйлүгү. Блейк мырза учурда Ошто бул жаатта көйгөйлүү, тез арада чечүүнү талап кылган маселелер бар экенин кошумчалады:

- Мен Ошто адам укуктарын коргогон активисттерди, өзбек лидерлерди камакка алуу учурлары, аларды сурак учурунда кыйнагандыгы жөнүндө көп маалымат уктум. Айрымдар мага Оштун мэри бейтарап болбой жатканын айтып, улутчул максаттарды көздөп жатат деп даттанышты. Мен өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкандымда, бул маселени тез арада чечүүсүн сурандым.

Акыркы жана эң маанилүү маселе деп Роберт Блейк эл аралык иликтөөнүн зарылдыгын белгиледи. Окуялар боюнча иликтөөлөр жаңы башаламандыкты алдын алууга гана эмес, Оштогу кандуу окуяларга күнөөлүүлөрдү таап, жаза колдонуу үчүн зарыл экенин айтты.

Роберт мырза расмий билдирүүсүндө «Манас» аэропортунда жайгашкан АКШнын аскерий базасы жөнүндө да сөз кылды. «Кыргызстандагы базада АКШнын улуттук кызыкчылыгы бар жана ал Ооганстандын коопсуздугуна таасири чоң, - дейт Роберт Блейк.

Роберт Блейкти кооптонткон дагы бир нерсе бул оогандык ашынган исламчылардын Тажикстандын чек арасынан Кыргызстандын түштүгүнө кирип кетүү мүмкүнчүлүгү.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин убактылуу башчысы Арслан Анарбаев да мындай коркунуч бар экенин мойнуна алып, Кыргызстандын түштүгүндө исламдык радикализм опурталдуу маселе экендигин айтты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: debi каяктан: bishkek
29.07.2010 12:13
Жардамдарына рахмат айтышыбыз керек го, бирок "тезирээк чечүүнү суранып", бизге бизден да күйүмдүү болуп жатабы чын эле? Же бизге баш-көз боло башташтыбы? бул билгенди Текебаев, Отунбаева, Атамбаевдер билбейт бекен? күзүндө эмне болорун буга ким айтыптыр. булар бар болсо экстремисттер ого бетер жардырышпайт бекен? Чындап ниеттери карага кетсе, Кудай жол берип койсо, булар эмне кылып бизди "коргой" алышат экен? Кудай сактасын, Кудайга эле таянабыз. Келбей эле коюшса экен. каршымын.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)