Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 22:52

Маданият

Өзбекстандын белгилүү “Божалар” тобу Бишкекке келди

Өзбекстанда атагы таш жарган “Божалар” ("Бажалар") эстрадалык тобу 28-мартта Бишкек шаарында күйөрмандары үчүн концерт тартуулады. Концерттин уюштуруучулары бул топ ырчылыктан сырткары актерлук өнөрү менен да Кыргызстанга кеңири таанылган үчүн Бишкекке чакырылганын белгилешти.

x
Текст көлөмү - +
“Божалар”тобу өткөн жылы Тажикстандагы гастролдон кайтып келатканда жол кырсыгына учурап, андан топтун ырчысы Мумин Орипов каза болгон. Бирок каргашалуу окуядан соң бул топ өз мекенинде популярдуулугун жоготкон жок.

Топтун ырчылары Жахонгир Позилжонов жана Мумин Орипов ырчылыктан сырткары режиссер, актерлук өнөрлөрү менен элге таанылган. Алар рол жараткан «Бойвачча» жана “Нортой” тасмалары Орто Азия чөлкөмүнө кенири жайылган.

Эл арасында “Божалар” тобуна өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова колдоо көрсөтөөрү айтылат. Ал тургай бул топ президенттин кызы менен дует ырдоого да жетишкен.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Озгондук Нукура кыргыз каяктан: Москва
31.03.2010 22:59
Башка элдин маданиятына өзүнүн жолу менен көңүл буруш керек!!!! Ансыз деле Өзбекстандын фергана обласында көптөгөн кыргыз туугандарыбыз өзбек болуп кетишкен,биздин кыргыздардын ырчысы өзбекстанда концерт койгонун уга элекмин

кимден: Barsbek
31.03.2010 11:37
Bizdin yrchylar da Ozbekistanga baryp ushunday koncertter koyup tursa ansa madaniyat jagynan karym katnash bolmok. Azyr bolso bir madaniyattin ustomdugu bolup jatkanday sezilip turat emnegedir?

кимден: Nur каяктан: Bishkek
30.03.2010 19:36
Ushundaj madaniyat zhagynan da karym-katnash ishterdi alyp baruu kop-kop bolup tursa en jakshy bolot.Bul top bir ele Bishkekke emes, Kyrgyzstandyn bashka shaarlaryna da baryryshsa jakshy ele bolmok.

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)