Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:08

Спорт

Ванкувер Кышкы олимпиадасы аза күтүү менен башталды

Ванкувердеги 21-кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Кыргызстандын туусун бишкектик лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.

x
Текст көлөмү - +
12-февралда Канада убактысы боюнча кечки саат алтыда 21-кышкы олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи Ванкувер шаарындагы 59 миң 800 орундуу башкы стадион Би-Си Плейсте өткөрүлдү.

Кышкы олимпиаданын ачылыш салтанаты тарыхта алгачык ирет жабык стадиондо өткөрүлүп, Канада жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнө басым жасады.

Салтанаттуу ачылыш аземинде 16 жаштагы таланттуу ырчы Ники Леновски Канаданын гимнин аткарды.
Андан кийин арип ирети менен 82 өлкөнүн командалары 50 мүнөт аренадан параддан өтүштү.

Ванкувер олимпиадасынын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын туусун тоо лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.

Аны менен кошо параддан бишкектик лыжачы Ольга Решеткова, өлкөнүн кышкы спорт боюнча башкы устаты Эркин Усубалиев, машыктыруучу Леонид Борисов жана Улуттук олимипада комитетинин жооптуу кызматкери Саламат Эргешов өтүштү.

Ал эми Ванкуверге өлкөнүн делегациясын баштап барган Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов стадиондо сыйлуу меймандар олтурчу жайда салтанаттын күбөөсү болушту.

Олимпиада оюндарынын ачылышынан мурда грузиялык чана спорт чебери Нодар Кумариташвили машыгуу маалында саатына 150 чакырым ылдамдык менен кетип баратып, кырсыктап, ооруканада каза тапты.

Стадиондогу ачылыш аземде аны бардыгы аны бир мүнөт эскерип, аза күтуп турушту. Бул Олимпиада оюндарынын жалпы ачылышындагы жагымсыз окуя болуп калды.

Ванкувер олимпиадасынын дагы бир жаңылыгы - биринчи жолу Гана, Габона жана Багам аралдарынын командалары катышып жатат. Жылдан жылга кышкы спорт менен машыккан мамлекеттердин саны өсүп баратат.
Ванкувер кышкы оюндарынын ачылыш салтанаты жогорку деңгээлде өткөнүн спорт адиси Касымкул Оболбеков белгиледи.

Кышкы олимпиаданын оту да салт боюнча Грекиянын Олимп шаарынан 2009-жылдын 22-октябрында тутандырылып, эстафеталык жүрүш баштаган.

21-кышкы олимпиаданын отун грекиялык лыжачы Василиас Димитриадас күндүн нурунан олимпиада отун тутандырып, күздүн ысык күнүнө карабай кышкы лыжалык кийимдериди кийип, эстафетаны баштап берген.

Олимпиаданы уюштуруучулардын айтымында олимпиадалык от 45 миң чакырым аралыкты басып өтүп, 12 миң эстафетачынын колунан колго берилип, 12-февралда Ванкувердеги Би-Си Плейс стадионуна алынып келинет.

Олимпиаданын тарыхында алгачкы ирет Ванкуверде үч спортчу бир убакта олимп отун тутандырды.

Мелдештин алгачкы күнү тоо лыжасы, биатлон, фристайл түрлөрүнөн мелдештер башталып 6 комплект медаль ойнотулат.

Бул олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргошот. Дмитрий Трелевский тоодон лыжа менен ылдам түшүү боюнча мөрөй талашса, бишкектик Ольга Решеткова лыжа жарышында намыс талашат.

Тоо лыжа жарыштарына катыша турган кыргызстандык Дмитрий Трелевский он жылдан бери тоо лыжасы менен үзбөй машыгып келет. Дүйнө чемпионаттарына да катышып, өлкө намысын коргогон. Лыжа тебүүнү атасына үйрөнгөн. Эки агасы Андрей менен Александр дагы тоо лыжасы менен машыгып, Дмитрийге бул спортун сырларын үйрөткөн.

Соңку үч айда Европа жана Орусиянын лыжа базаларында машыгууларын өткөргөн. Дмитрий кесиби боюнча архитектор. Жакында 26га чыгат.

Л
ыжа спорт чебери Дмитрий Трелевскийдин айтымында, Кыргызстанда тоо лыжасына көңүл бурулбагандыктан Европа өлкөлөрүндө машыгууга аргасыз болуп жүрөт. Кыргыз тоолорунда лыжа спортун өнүктүрүүгө ыңайлуу болгону менен мамлекеттик деңгээлде маани берилбей келатканына өкүнөт.

- Кышкы спортчуларга мамлекет көңүл бурбагандыктан биз өз каражатыбызга спорт жабдууларын сатып алууга аргасыз болуп жүрөбүз. Себеби учурда тоо лыжасынын наркы 1 миң евродон баштап 5-6 миң еврого чейин бааланат. Ар бир спортчу 3 жуп лыжа алып жүрүүсү зарыл. Себеби машыгуу учурунда лыжаны сындырып, керектен чыгарып алуу коркунучу да бар. Олимпиадалык таймашууларга Европа өлкөлөрүндө даярдык көрдүм.

Кыргызстандык Дмитрий Трелевский алгач ирет олимпиадалык таймашууларга катышканы турат. Анын негизги атаандаштары Европа өлкөлөрүнүн спортчулары болмокчу.

Ванкувердеги 21-кышкы олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземине кийин Кыргызстандын чакан делегациясы Ванкуверден 126 км аралыкта Уистлер тоосунда жаңы курулган Олимпиадалык айылга жөнөп кетишти. Себеби бул жердеги Уистлер Криксайд лыжа базасында тоо лыжа спорт мелдештери өткөрүлмөкчү.

Дүйнөдөгү эң атактуу лыжа борбору катары таанылган аймак 1966-жылдан бери иштейт. Түндүк Америкадагы башкы лыжа базасы катары таанылып, 7 миң 700 күйөрман мелдештерге күбө боло алат. Тоо лыжа мелдештери үчүн Блеккомб чокусу кызмат кылып келет. Деңиз деңгээлинен 2 км бийиктеги бул тоодон 1,5 км лыжа жолу менен мелдештер өткөрүлөт.

Кардарларды бийиктикке жеткирүүдө 24 көтөргүч тейлейт. Кыргызстандык тоо лыжа жарыштарына түшүүчү Дмитрий Трелевский ушул жерде 19-февралда алгачкы таймашууга чыгат.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун пикиринде, бишкектик Дмитрий Трелевский Ванкувердеги олимпиадалык оюндарда байгелүү орунга жетүүсү күмөн.

Ошондой эле ушул аймактагы Уистлер олимпиадалык паркы 2008-жылы пайдаланууга берилген. 12 миң күйөрман эң кызыктуу биатлон, түрдүү аралыктарга лыжалык жарыштар, лыжанын эки таймашы, бийиктиктен лыжа менен секирүү (трамплин) спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык күч сынашууларга күбө болот. Бир мезгилде спорттун төрт түрү боюнча мелдештерди өткөргөн мындай спорт база жокко эссе.

Кыргызстандык Ольга Решеткова да ушул жерде 10, 15 жана 30 км лыжалык жарыштарга катышат. Ольга 15-февралда алгачкы таймашууга чыгат.

Төрт жылда бир өтчү кышкы олимпиадага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн беш жарым миңдей спортчу күч сынашканы турат. Олимпиадалык мелдештер 16 күнгө созулат.

Ванкувердеги 21-кышкы олимпиадалык оюндар спорттун 7 түрүнө ылайык 15 дисциплина боюнча мөрөй талашуулар болот. Жеңүүчүлөргө 86 комплект байгелер ыйгарылат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Oshol
15.02.2010 12:11
бизде намыс деле, бет деле жок экен. Карасаң алдагы чиновниктерди! Ой ушулар коштогондон көрө ошол байкуш 2 спортсменге көбүрөөк шарт түзүп беришпейби. видеокамерага да тартып жүрүшөт, көп болсо небере-чөбөрөлөрүнө көрсөтүшөт ушинтип атаң барып келген деп, кыйратып койгонсуп. тиги трибуна жакта да 2 отурат деп жазылыптыр макалада, ой тобоо! булар деги канчоо барган?

кимден: салта каяктан: кыргызстан
15.02.2010 11:23
кыргызстан алга!!! ийгилик силерге. экөө эле болсо да эки орунду ээлеп келериңерге ишенебиз. кыргыздар силер менен

кимден: Барболот каяктан: Москоу
15.02.2010 02:08
Карагылачы-эки спорсменди үч чиновник коштогонун!Бирөө жетишпейби-же бюджетте профицит акча барбы?Түшүнөт элем 10-15 спортчу болгондо!Эй чиновник сөрөйлөр бир аз намыска келгиле,бекер акча экен деп ар жака эл эсебинен чыга бербей!!!Күпүлдөгөн Д.Усоновго айтар элем,бул эмне бардак?Элдин акчасын сарамжал пайдаланган ушул болсо-сөз жок.А тиги чиновниктер силерге сөз жок!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.02.2010 22:46
Кыргызстандын атынан барган спортсмендерге ийгигилик! Кыргызстандын намысын алдырбагла! Удачи!

кимден: Nurlan каяктан: TR KG
14.02.2010 16:38
Ей КЫРГЫЗЫМДЫН шумкарлары...
Кок тиреген Алатонор...
Манас Атабыздын арбагы колдосун..
Туубуздуу Ал жерде жениш менен жербиретеринерге ишенебиз....
Буткул кыргыз ели силерге ишенет....
Аман болгула Жолунар байсалдуу жолдошунар кыдыр болсуннн.
Омийин...
Кыргызымдын шумкарлары

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
14.02.2010 16:28
Ээ Канат байке, кичине оптимисттик коз карашта болуп, алдыныздагы спортсмендерди кикчне суроп сен кыйынсын, сен биринчи болосун деп котормолоп моралдык жактан шыктандырбайсызбы, женишек жетеери кумон деп шагын сындырбай.
Болмок беле ушунунуз. Аны коштоп анда неге жайнап бардынар ал жакка?

кимден: немис каяктан: Германия
14.02.2010 16:13

Кыргызстандын атынан Ванкувердеги олимпиялык оюндарга бироо жарым (орус улутунан болсо дагы) барып катышып атат, бул да болсо жакшы жоролго, Кыргызстан деген олко бар экенин билгизип. Бирок окунучтуусу, кышкы оюндарынан кыргыздардан чыккан спорт оюнчулардын жоктугу. Олкобуздо элдин турмушу начар болгон себептенби, же кыргыздын улан-кыздары озу эле ушундай кышкы спортко кызыкпайбы, ким билет? Бирок орус улутундагылар, жашоонун кыйынчылыгына карабай, энтузиас болуп, озунун каражатына спорт эмеректерин сатып алып, чон кызыгуу менен машыгышат. Ушинтип Кыргызстандан аракет кылып, жогорку денгелдеги имидж жасап алып, чон ийгиликке жетип алып, Кыргызстанды таштап качып кетепесе эле болду. Бир чети, дагы жакшы, Кыргызстандын атынан чыга турган спорт оюнчуларынын бардыгы.

кимден: Бекен каяктан: Чуй
14.02.2010 15:50
Ийгилик каалайм.Аманкулов спортсмендерге дух бериштин ордуна кайдагы суйлоп жатат.

кимден: nurbek каяктан: seattle
14.02.2010 08:14
Kyrgyz sportsmenderge iigilik

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)