Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:14

Спорт

Сингапур олимпиадасы Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду

26-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын мелдештери жыйынтыкталып, жабылыш салтанаты болду. Кытайлык спортчулар биринчи орунду ээледи.

x
Текст көлөмү - +
26-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарында спорттун 3 түрү боюнча таймашуулары болуп, кечинде салтанаттуу жабылыш аземи өттү.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун Сингапурдан билдиргенине караганда, кыргызстандык 8 спортчунун үчөө байгелүү орунду ээлеп, олимпиадалык таймашууларды ийгиликтүү жыйынтыктады.

- Сингапурда Биринчи жаштар олимпиадасы 204 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда салтанаттуу жыйынтыкталды. Кыргызстандын командасы үчүн Сингапур олимпиадасы ийгиликтүү болду. Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачыдан үчөөнүн таймашууларына өтө жогорку баа берсек жарашат.

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаштык” спорт коомунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин пикиринде, кыргызстандык үч балбан үчүн Сингапур олимпиадасы олжолуу болуп, алар 1 алтын, 2 коло байге жеңип алышканы менен башка жаштарга үлгү.

Биринчи жаштар олимпиадасында жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча Кытай эл республикасынын командасы алдыга чыкты. Сингапурда алар 30 алтын, 18 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Кытайлык суучул кыз Тан И Сингапурда 5 алтын медаль утуп алуу менен биринчи олимпиаданын рекордун жаңыртты.

Экинчи орунду ээлеген орусиялыктар 20 алтын, 17 күмүш жана 12 коло медалдын ээси болушту. Орусиялык гимнаст кыз Виктория Комова да 3 алтын медаль жеңип, келечегинен үмүткөр кылды. Орусиялык кылыч чабышуучу Яна Егорян менен суучул Андрей Ушаков экиден алтын байгелүү болушту.

Үчүнчү орунду камсыз кылган Украина өлкөсүнүн жаштары 10 алтын, 9 күмүш жана 16 коло байгени жеңип алышты.

Шериктеш өлкөлөрдөн Азербайжан айырмаланып, алардын 12 спортчусу 5 алтын, 3 күмүш байге утуп алуу менен 9-орунду камсыз кылышты.

Борбор Азиядан Казакстандын жаштар командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байге утуп, 20-орунда турду. Казакстандык балбан Жаныбек Кандыбаев менен оор атлетчи Жазира Жаппаркул жаштар олимпиадасынын чемпиону аталды.

Өзбекстандык жаш спортчулар учурда 3 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, 55-орунда.

Тажикстан өлкөсү 1 күмүш жана 1 коло медаль утуу менен 65-орунду ээледи.

Сингапур жаштар олимпиадасына катышкан кыргызстандык 8 спортчудан үчөө мөрөй алып, 1 алтын жана 2 коло медалы менен 45-орунду ээлеп, өлкөнү дүйнөгө таанытты. Алар: грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медаль тагынып, жаштар олимпиадасынын чемпиону аталса, грек-рим күрөшүнөн Шадыбек Сулайманов жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло байге утуп, өлкөнү даңазалады.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Сингапур жаштар олимпиадасы ийгиликтүү аяктап, балбандар ишенимди актап, улан-кыздарга өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу керектигин далилдеп койду.

Чоң спортчулар арасындагы олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн АКШнын жаштар командасы Сингапурдагы таймашууларда 10-орунга жылып, 6 алтын, 9 күмүш жана 10 коло байге утуп алууга жетишти.

Биринчи жаштар олимпиадасынын отун жандырып, оюндарды өткөргөн Сингапур өлкөсүнөн таймашууларга 130 спортчусу катышканы менен алар 2 күмүш жана 4 коло байгени өздөрүнө калтырышты.

Сингапурда эки жүз төрт өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 531 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып, достук байланышта болушту.

26-августта Сингапур жаштар олимпиадасынын мөрөй талашуулары жыйынтыкталып, кечинде жабылыш салтанаты өткөрүлдү. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге биринчи жаштар олимпиадасы жаркын маанайда, ийгиликтүү өткөнүн, Сингапур өлкөсү мыкты уюштурганына ыраазычылык билдирди.

Экинчи жаштар олимпиадасынын эстафетасын Кытайдын Нанкин шаары алып, 2014-жылы өткөрмөй болушту.

Жаштардын арасындагы биринчи кышкы олимпиада оюндары 2012-жылы Австрия өлкөсүнүн Инсбрук шаарында 13-январдан 22-январга чейин өтөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: бирөө каяктан: Жунго
12.09.2010 21:09
Азаматсыңар кыргыздын баатырлары!
Силер бар кыргыз элим бар!

кимден: Tolkunai каяктан: Bishkek
07.09.2010 10:40
Дайым АЛГА кыргызымдын жигиттери!!! Биз силер менен сыймыктанабыз!!!! Силердей эр жигиттер элибизде көбөйсүн!!!

кимден: meder
04.09.2010 07:05
azamatsyng Urtmatbek!!!! myndan kiyin da Kyrgyzstandyn atyn duynogo taanytkan jigitterden bol....

кимден: Isken
31.08.2010 23:03
Урматуу кыргыз журтум!!!

Биз Улуу элбиз, Улуу тарыхыбыз бар, Улуу Рухубуз бар!
Кыргыз элимдин баатырларга ийгилик калаймын жана чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем! Кыргыздар Алга!!! Биз силер менен сыймыктанабыз!!!

Туугандар САПАТЫ боюнча кыргыз жаштары кайсынчы орунда болуш керек? 8 адам барып 3 байге алып келиптир! САПАТЫ боюнча 30 пайзыга барабарго! Туурабы?!
М: орустар экинчи орун алыптыр, бирок БААРДЫГЫ канча адам барып ОШОГО салыштырмалы канча болду экен САПАТЫ?!

Ракмат, терең урмат менен, Искен. :)

кимден: Урмат Аматов каяктан: Бишкек
30.08.2010 14:39
Урматтуу "Азаттыктын" окурмандары!

Мени колдоп жазган пикирлериңер үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бул жеңишимди Кыргызстанга арнайм. Алдыда дагы ушундай ийгиликтерге жеткенге аракет жасайм. Жерибизде тынчтык болсун!

Бардыгыңыздарга жакшылык каалап,

Урмат Аматов

кимден: Жолдошбек Дооталы уулу каяктан: Каракол
30.08.2010 12:08
2005 мамлекеттен Кыргызстан 45-орун орунду ээлеген чон жетишкендик! Эгемен мамлекет болгону биринчи олимпиадалык алтын медаль уткан Урматбек Аматов анык азамат экен. Эми ушул женишине маашырланып, кыргызча кооп, дардаландап, мактанып кетпей дагы ийгиликтерди жарата беруусун каалайбыз. Чондордун олимпиадасында дагы байге алып, олимпиада чемпиону болгун! Кыргызды кыргыздар эле, достор бузат. Андай жолго тушо корбо! Ырыс, доолот которгон жигит бол!

кимден: Абдварыс каяктан: China
30.08.2010 12:06
Ардайым бар болгула кыргыздын туусун желбиреткeн жаштар жана ошол балбандарды катарга кошуп кележаткан баатыр енелерге терен тазим`````````силерди```мамылекет коп акча менен сыклыктабаганы менен силерди буткул дуйнодоку кыргыз ели журогундо сактап журот`````

кимден: Адилет
28.08.2010 14:01
Азаматчынар! Кыргыз элинин туусун желбиреткенинер учун терен ыраазылычык!!!

кимден: kolduk kyz
28.08.2010 08:08
Jigitter azmatsynar!!! Iigiliginer elge bir top dem- kuch berdi.

кимден: Кыргыз жигит каяктан: ГЕРМАНИЯ
28.08.2010 02:56
Алга Кыргыз элим!!!Кудайым озу колдосун силердей атуулдарды жана элибизди!!!Бул жараткан зрдигинерди кыргыздын тарыхына алтын тамга менен жазса дейм!!!Кыргызды дуйного тааныткан жигиттерибизге терен ыраазычылык билдиребиз!!!Ар дайым ак-жол силерге!!!!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)