Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:16

Эл үнү / Коом

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!”

Кыргызстандын аймактарында улуттар аралык араздашууну басаңдатууга жана элди биримдикке, сабырдуулукка чакырган акция өтүп жатат.

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” акциясынын уюштуруучулары маалымат жыйынында, 22-июль 2010-жыл
Текст көлөмү - +
Бул акция элди ксенофобия, же кайсы бир улутту жаман көрүүгө каршы туруп, биримдикке үндөөнү максат кылат.

Улуттар аралык ынтымак жана биримдик гана ксенофобия жана улутчулдукка каршы туруп, элде туруктуу абалды сактайт. Бул ойдун айланасында өткөрүлүп жаткан акцияда Кыргызстандын бир катар аймактарында тегерек үстөлдөр өткөрүлөт. Эл ичинде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери менен бирге биримдик, сабырдуулук, ынтымактын белгиси катары сары түстөгү тасмалар калкка таркатылат.

Акциянын уюштуруучуларынын бири “Интербилим” борборунун мүчөсү Жибек Койчукулова белгилегендей, мындай акциялар улуттар аралык араздашууну басаңдатуунун бирден бир жолу:

- Биз жарандарды урааныбыз жазылган сары тасмаларды жүрөктүн тушуна, же автоунааларга тагып жүрүшүн өтүнөбүз. Жарандар бул жол менен улуттар аралык ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка жана Кыргызстанда жашап жаткан улуттардын достугуна болгон мамилесин билдире алышат.

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” аталышындагы акция Бишкек шаарында жана Кыргызстандын айрым аймактарында 18-июндан бери өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын уюштуручулары, Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуялардан кийин элдер элдешип, ынтымакта болушу үчүн мындай акциялар өз салымын кошоорун билдиришет.

“Интербилим” борборунун мүчөсү Назира Абдылдаеванын айтымына караганда, бул иш-чара Кыргызстандын аймагындагы абалдын жакшырышына аз да болсо жардам берет:

- Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаал биринчи себеп болду. Биз башында ойлондук. Интернет сайтта отурганда көп эле кишинин ой-пикирлерин окуйбуз. “Гуманитардык жардам жетет, жетпейт. Алып жатабыз, алган жокпуз” деген ой-пикирлерди окуп, анан ойлондук. Ишкерлер гуманитардык жардамды берип жатышат. Биз бул абалга кандай жардам берсек болот деп ойлонуп, анан ушул акцияга келдик.

Иш чаранын жүрүшүндө элге таратуу максатында 21 миңге жакын сары тасмалар даярдалган. Учурда тасмалардын бир бөлүгү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө да калкка таркатылып жатат. Ал эми бул ишке каалаган ыктыярчылардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Акциянын катышуучусу ыктыярчы Эркин Рыскулбеков азыркы кырдаалда жаштар кайсы бир саясий кыймылдын алдында эмес, “Биримдик! Сабырдуулук! Жана Ынтымак!” деген ураандын алдында биригүү туура болоорун белгилейт:

- Мен бул иш-чарага жаран катары катышып жатам. Себеби саясий уюмдарга, саясий кыймылдарга бириккенден көрө жалгыз “Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” деп бириккенибиз оң эмеспи. Акциянын башталганына мына бир-эки эле күн болду. Жаштар жакшы көп келип жатат. Анан бардык каалоочуларды чакырып кетем. Бул акциянын эч кандай саясий же идеологиялык максаты жок. Жалгыз бир багыт - тынчтык жана биримдикке келели деген багыт.

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” акциясы июль айынын жарымына чейин өткөрүлмөкчү. Уюштуруучулар бул убакыттын ичинде сары тасмаларды таркатуу жана элди биримдикке үндөө менен улуттар арасындагы ынтымактын өсөрүнө ишенимин билдиришет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Mura каяктан: Ist
23.06.2010 22:49
Албетте окуяларды корбогон билбегендер бул жакта олтуруп ар кайсынын башын айта беребиз... Бирок чындык кайсы жакта азыр айтыш кыйын. Бироо айтат "боору оруса боорго тээп жатат" деп, экинчиси башканы айтат. Менимче ар бир адам жогорудагы сабыр, ынтымак жана биримдикти эсинен чыгарбашы керек. Бирок сары ленталарды таратып коюп эле абалды ондоо мумкун эмес. Менимче Кыргызстандын азыркы абалында чооон иштер жасалышы керек. Бирок кандай иштер, азыр башым катып олтурат...

кимден: NOZBEKKE ЖООП каяктан: КЫРГЫЗСТАН
22.06.2010 20:22
NOZ озун уялбайсынбы ушуларды айтканына, маалыматты кайдан аласын озун. Биякта 10-июлда эмне болгонун, кайсы тарап баштаганын билбейт окшойсун

кимден: Noz каяктан: Turkiya
22.06.2010 18:18
Salam Aleykum Tuugandar.
Bizdin kalkıbız chyndygynda bul kılıngan nerselerden uyalıshı kerek.Bul okuya biz kırgıztan jana kırgız kalkı uchun choong bir jara boldu bul jara ech ayıkpayt dep oyloym.Munu az kelgensip keebiroolor dagy ele ozbek tuugandarıbızga kılıngan nerseni tuura korup jatyshat.Bul tuura gorgondor menin jeke oyumcha duynodo eng tomon jaratık dep oyloym.Antkeni bul kılıngan nerseler men adammın degen kişilerdin baary ele booru ooruyt.Men musulmanmın degen kişi echkachan mınday nerslerdi kılbashy kerek.Bizdin kalkıbız kırgız eli iymandan alistap jana bilimden alistagany uchun mynday korkunuchuu jaratyktar payda bolup jatat.al jaratyktar bizdin kyrgyz elibizdi artka tartyp dunuyodo uyat kılıp jatat.Oshonduktan tuugandar azir bizdin kylyshybyz kerek nerseler bul Kudaydan tilenishibiz kerek bolunboy eptep septep onoloyun degen mamleketibze jardam berip argandday tyshtan kelgen provokacialarga aldanbay.Ozbek tuugnadarga jardam berishibiz kerek.Munu kylgan jana kildirgan oto tomon ish kyldy.Allahım bizdin jardamchybyz bolsun..
Kudaydan tilegim batyraak bizdin kalkımız ıymanduu bolushu..
OOmin
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу