Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:21

Кыргызстан

Жаштардын жаңы бийликтеги ролу

Өлкөдө болуп өткөн окуялар 80 адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын көпчүлүгү жаштар. 8-апрелде шаарда каракчылыкка жана талап тоноочулукка каршы чыккан жаштар биригип, өз ыктыяры менен топ түзүшкөн. Чет өлкөдөгү жогорку билим алган жаш кыргыздар “Эгемендик” коомдук бирикмесин түзүп, утурумдук өкмөткө кайрылуусунда өлкөгө кызмат кылууга даяр экендигин билдирди. Жаштардын жаңы бийликтеги орду кандай?

x
Текст көлөмү - +
Кыргызстанда болгон окуялар "жаштардын жаңы бийликтеги орду кандай?" деген суроону өкмөткө кабыргасынан койду. “Ак Шумкар Кут” жана “Эгемендик” аттуу жаштардын коомдук бирикмелеринин жаңы өкмөткө болгон кайрылууларында бийликте жаштардын да өкүлдөрү болгону жакшы болот эле деген билдирүүлөр чагылдырылды. Мындай көрүнүштү жаш жарандар жаштардын талап тоноочулукка каршы күрөшүүдө да, Ак үйдү басып алууда да болгон салымы чоң болгондугу менен байланыштырат.

Кыргызстандын "Жаштар" корпорациясы билдиргенине караганда, 8-апрелде шаардын тургундарын талап тоноочулуктан сактап калуу максатында демилге тобун түзүп, ал жакка өз ыктыяры менен келген жаштарды каттап, шаарды түнү менен коргогон.

- Биз бүгүн курман болгондорго аза тартып жатабыз. Алар айрыкча жаштар болчу. Биз Кыргызстандын "Жаштар" корпорациясы тарапкерлерин чогултуп, кечээ түнү шаардын коопсуздугун камсыз кылдык. Түнү бою жаш уюмдардын  өкүлдөрү телефон чалып, бизге кошулуп жатты. Эгер кошуундар болбосо, эгер эч нерседен корпогон активдүү жаштарыбыз болбосо шаарыбыз таланып тонолгон объекттерге айланмак.

Айрымдар жаштардын бийликте болушу туура эмес деген ойдо. Эгер чынында эле жаш саясатчылар берилген алты айдын ичинде мыкты экендигин далилдеп, өздөрүн жакшы жактан көрсөтө алса анда аларды эл өзү эле тандап алат, деди Аскарбек Тойгонбаев.

- Роза Отунбаева жаштарга 60 пайызга чейин орун берилерин айтты. Азыркы учурда да президент болобуз деген жаш балдар көп экен, бирок жаштар быша элек. Мен деле жаш саясатчылардан эч кимди тааныбайм. Тажрыйбасы бар балдар албетте эртеби кечпи бийликке келет. Азыр барына алты ай мөөнөт берилет. Алты айдан кийин эл өзү керектүүсүн тандап алат. Азыр Роза Отунбаева Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Владимир Путин жаштар менен албетте антип иш алып барбайт да.

Айрымдар бийликте жаштардын да өкүлдөрү болушун толук колдойт. Бишкектин жаш тургуну Мухаммед Алинин пикиринде, жаштар эл үчүн кызмат кылат, ошондуктан алар депутат болушу керек.

- Бийликке оппозиция бара берсин, бирок парламентте сөзсүз түрдө жаштар отурсун. Депутаттыкка жаштарды көрсөтсүн, улуулар менен аралашып жүрүшсүн. Убакыт өтүп, бышкандан кийин алар дагы өкмөткө барат.

Бишкек шаарынын дагы бир жаш тургуну Жыргалбек жогорудагы пикирлердин бирине да кошулган жок. Анын айтымында, бардык нерсе өз убактысы менен болот жана бийлик башында турган улгайган саясатчылар жаштарды үйрөтүп, таптап, күчтүү саясатчыларды даярдашы керек.

- Баары өз убактысында болушу керек. Азыркы саясатчылар бизге – жаштарга жол көрсөтүп, эл аралык мамилелерди түзүүнү үйрөтүшү керек. Мамлекетти башкаруу оңой иш эмес да. Бир күндүн ичинде эч нерсени чечүү мүмкүн эмес.

Ар кимдин ою ар кандай болгону менен бардыгы кыргыз элине тынччылык каалап, азыркы учурда өлкөгө эң биринчи биримдик керек экендигин белгилешти.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Burul каяктан: alystan
17.04.2010 01:55
Патриоттун жана Азамат эконордун оюнарды толугу менен колдойм!
Азаматсынар! менин силерге сунушум: Биздин жаштардын арасында акылдуу,элин жерин барктаган патриоттор коп экендигине ишенемин.убакыт жетиштуу,жаштар уюмун тузгуло,бул уюм тест аркылуу тузулсо, мен мучо болом дегендер коп болот,бирок,эн акылдуу,жондомдуу,озун башкара билген,высоко интеллектувльный,чынчыл жана эки жуздуу эмес жаштардын тобун тузгонго аракет кылгыла.Жаштар,силер кыргызстандын келечегисинер! Силер жаштар,озунор чуркабасанар убактылуу окмот жаштарга шарт тузуп берээрине козум жетпейт.Кыргызстандын теле беруусу эмне болуп жаткандыгын...А дегенде эле эркиндиктин жолун тосо башташыптыр, абдан окунучтуу.!
Кыргызымдын Улан Кыздары ойгонгула! Убакыт силердики! Туз эле барып президент болуп калам деп ойлобогула,уй курганда да фундаменттен башталат эмеспи.Бирок парламенттин мучосу болгонго аракет кылгыла.
Кыргыз эли- жаштар,силерге чон умуттонот!
Силерге таазим кылам,ишенем!Эртеби кечпи кыргызымдын акыл эстуу,ар намыстуу уланы,жээ кызы эл башкарып,элинин кызыкчылыгын,жана эркиндигин ойлоп,элибиздин оркундоп осушуно чын дили менен берилип оз салымын кошуп,талыкпай эмгектенген президент келээрине ишенем жана умуттоном!Ак жол силерге,Жаштар!

кимден: Кыргыз каяктан: Чуй
15.04.2010 08:47
эмнедеп эле дөөрүп жатасынар. Жаштарыңа деле бийлик керек да. Алардын арасында да ыймансыздары барда. Пара берип окуп алышат дагы бийлик жаман дешет. жаштар максимум жардамчы болуп иштеши керек. мурдун аарчыйалбаган жаштар саясаттын эмнесин тушунөт йа. айткылачы, көрсөткүлөчү чыныгы мурдатан бери белгилүү, иштеп келе жаткан жаштар уюмун. "Ыйык ата журттан" башка ким бар? 2 кундун ичинде түзулгөн уюмдар жонундө эмне деген ой келет анан? Бийлик эле керек... Ар нерсени эле сүйлөй бербегилечи ойлонбой туруп

кимден: Aisulu каяктан: Malayziya.
13.04.2010 18:28
tuuura..azir,garantiya jok da,jani biylik kelgen kundo dele jashoo onolup ketet degen.sebebi,murdagi ele akchasy bar chinovnikter,oz janin korgop,kayra ele bashka jerge kelip oturat.kiynalgan ele el.akiykattik kerek..korrupciyani tup-tamiri menen joyup,el uchun ishtegen jashtarga jol berish kerek

кимден: патриот каяктан: Кыргызстан
12.04.2010 13:57
"Асыл таштан, акыл жаштан дейт" кыргызда. Билимдүү, чет жерине барып келген, салыштыра алган жана сынчыл ойу бар жаштар кайдасыңар? Лидердик шыгың болсо, ишти так аткара алсаң, шашылып чечим чыгарып же бирөөнүн жетегине басып кетпесең, тууганыңа же досуңа "Жок" деп айткандан коркпосоң, көп сүйлөбөй көп иштесең, конструктивдүү сын-пикир айтканды жана кабыл алганды билсең, дүйнөлүк практика жана саясат тууралуу маалымат билсең, бир гана жактуу ойлобой же ак-кара деп 2ге гана бөлбөсөң, мен кыйынмын деп көкүрөгүңдү койгулабай улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасаганды билсең, бирөөнүн сөзүнө кирип экинчисине жаман мамиле жасабасаң, энең, эжең, карындашың, жеңеңе жакшы мамиле жасап жардам берсең, атаңды, агаңды, иниңди сыйласаң, элдин арасында көп болсоң, алжактап арак ичип түкүрүнүп көчөдө олтурбасаң, сасып уктап жатпасаң жаңы өкмөткө өтүш үчүн кошматтанып акча чачпасаң анда Кыргызстандагы жаңы өкмөт мүчөсүнүн бири сенсиң!

кимден: Aske
10.04.2010 22:51
Жаштар башкарууда болуусун каалайм. Адис жаштар. Моралдык жактан бекем жаштар. Конкурс аркылуу.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
10.04.2010 22:13

Урматуу Азаттык ушул кабар жонундо билги берип койсонор абдан суаранам.
Кабарда жазылгандар туура болсо анда ыйлап-сыктап комгон Кыргыз атуулдары эмне учун олду?

Новое временное правительство Кыргызстана принялось фильтровать эфирную сетку всех основных телеканалов республики.

По сообщению бюро информагентства «Фергана.Ру» в Кыргызстане, эфир частных телеканалов стал непонятным, сюжеты, изготовленные одним телеканалом, тут же демонстрируются по другому каналу и наоборот, иногда продукция одного канала прокручивается в эфире всех ТВ-станций.

Исследовав странное явление, наши журналисты выяснили, что в редакциях всех телеканалов страны находятся представители новой власти, которые фильтруют сюжеты, касающиеся апрельских событий. Неизвестные люди, которые не показывают своих удостоверений, предварительно просматривают подготовленные сюжеты и диктуют выпускающим редакторам телеканалов, что можно пускать в эфир, а что следует заменить другими сюжетами. Так, представителями новых властей с эфира одного из телеканалов было снято интервью с одним из официальных чиновников прежнего режима.

Напомним, что с 10 марта этого года прежние власти заблокировали на территории страны доступ к независимым СМИ, освещающим неугодные властям темы, в частности, это коснулось сайтов информагентства «Ферганы.Ру», справочника «Центразия.Ру», интернет-газеты «Белый парус», была прекращена трансляция программ радио Азаттык в эфире частных радио и телекомпаний.

Блокировка была снята после событий 7 апреля, однако уже три дня спустя новые власти начали цензурировать работу СМИ, начав с телеканалов.

Нынешние власти, будучи в оппозиции президенту Курманбеку Бакиеву критиковали его за давление на СМИ и блокировку доступа к объективной информации. Похоже, теперь они сами начали применять точно такие же методы работы.

кимден: Azamat каяктан: Karakol
10.04.2010 18:50
Ассалом алейкум, Кыргызстан!
Буга чейин Улуу муундагы адамдар "Олконун келечеги Жаштардын колунда" дешип эле сайрагандан сайрап, тилдери тешилип бутту! Ошентип отуруп, майда-чуйдо иш болсо эле жаштарды жасатып, митинг, которулуш болсо эле жаштарды алдыга сала берип минтип ЖАПЖАШ 75 КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИН олтуруп тынышты! Менин айтарым "Жаштар олконун Эртени эмес"! Жаштар - Биз БУГУНБУЗ! Биз барбыз! Биздин да колубуздан Чон иштер келет! 2005 жылдык тонкорушто кимдер чыкты эле, баягыле жаштар чыккан! Бугун Элге Адилеттуу Женишти ким алып берди? Баягы эле Жаштар! Анан Жаштардын иштерин кантип эске албай коесунар? Же дагы эле Жаштар биздин эртенибиз деп, акыр-чикир, былыктардын баарын жаштарга калтырып баса бересинерби? Бул кайрылуум азыркы учурда бийликти болушушо албай жаткандарга даректелет! Айтпаса да баарыбызга маалым, энсеген адилеттуу тонкоруш жасалды! Анан эле аягында бийлик болушуп, талашып, урушмай! Элди ойлогон жан калбады! Тушунбойм, бийликти алып асманга учушабы, же кандайдыр бир укмуш доолотко жетишеби? Анчалык элдин камын ойлошсо Бийликке барбай эле эл арасында журсо, эл менен бирге иш кылып, бир камырга бирге жуурулушса, элдин койгойун чечкенге жардам кылышса, ошол жетпеген айга, кунго Эл озу жеткирип, табалбай жаткан доолотту Эл бермек!
ТВ кабарларынан жана Интернет булактарынан алынган маалыматтар боюнча Жаштар эми озулорунун ордуларын таап жатышат! Бийликке дагы, Парламентке дагы жаштар барыш керек деген талаптар айтылып жатат. Бул менин оюман чыккан соз эмес, муну эл айтып жатат, жаштар айтып жатышат!
Азаматсынар Жаштар! Мен Силерди колдойм! Жаштар бири-бирибизди колдобосок, бизди ар-кайсы саясий иштерде "инструмент" катары колдонуп, алдап-соолап, жыргатабыз деп аягында биз унутта калабыз!
Андан коро Кыргызстан жаштары кайда болсонор дагы бириккиле! Баарыбыз бириксек мыкты Иштер аткарылат, Улуу Жеништерге жетебиз! Тундук-Туштук, орус-кыргыз ж.б. болуп болунбой, БИРИГЕЛИ! Олкобуздун бугуну да, Эртени да биздин колубузда! Ар кимдин ишеничине кирбей, озубуз биригип Олкону онуктуруу учун Зор иштерди жасайлы!
Менин оюмду колдогон Кыргыз Жаштары БАРСЫНАРБЫ?

Терен урматтоо менен,
Азамат, Каракол шаары.

кимден: Аскарбек Отонов каяктан: Москва
10.04.2010 17:46
Жаштаргада орун беруу керек деп ойлоймун анткени келечек жаштардыкы баарына тегиз мамиле кылалы .
Кыргызстан биздин келечегибиз!!! дагы деле умутум аябай чоң!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)